кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Кредит алгандар да депутаттарды туурап банктарды басып алабы?

Эки күндөн бери өздөрүн Ата мекенди коргоочуларбыз деп атаган кредит алып төлөй албай калган 20-30 аялдан турган топ, "АйылБанктын" жана "Мол булак" кредиттик компаниясынын башкы мекемелерине барып ал жерде иштегендерди коколоп атат. Кечээ бул топ "АйылБанкынын" башкы мекемесине күч менен кирүүгө аракет жасаган.
Ага чейин карыз болгондор аталган банктын имаратынын жанына митинг уюштурган эле. Алар негизинен кредиттин үстөгүн азайтууну жана микрокредиттик компаниялардын иштөөсүнө тыюу салууну талап кылышууда.
Көптөн бери эле кредит алып карызын төлөй албай калган республикабыздын төрт бурчунан келген айыл тургундары баш калаабызга келип качкындар лагерин уюштуруп, жогорудагы талаптар менен нааразычылык акциясын өткөрүп келет. Серепчилер айыл элинин кайсы бир катмарынын аталган кредиттик компанияларга карызга белчесинен батып калганын, банк системасы мыйзам менен жөнгө салынбагандыгынан улам өздөрү каалагандай иштеп, айылдын энөө элин курмандык кылып атканын айтышууда.












??.??