presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кубат Оторбаев,
КТРК башкы директору:
"Ар бир адам мен тууралуу оюн айтканга укугу бар"
Кыргызстандагы бирден бир телеканал болгон КТРКнын иши алаканга салгандай көрүнүп турат. Андагы акыркы иштер жөнүндө анын башкы директору Кубат ОТОРБАЕВ айтып берди.

- КТРК 3-сентябрдан баштап күнү-түнү иштей баштады. Бул долбоорду кантип ишке ашырдыңыздар?
- Кыргызстандын аймагындагы эле башка мамлекеттердин телеканалдары күндүр-түндүр иштейт. КТРК эмнеге иштеген эмес? Ошол эле каражаттын тартыштыгынан. Биринчи кезекте биздин бюджетибиз болгону 400 млн. сом, анын 200 млн. сомун "Кыргызтелекомго" сигналдарды жер-жерлерге таратканы үчүн дароо которуп беребиз. Түнкү режимге өткөндө кошумча каражат талап кылынды, жалпы республикага чыгыш үчүн сигналды таратууга 10 млн. сомдой каражат кетет экен. Биз алгач Бишкек менен Чүй аймагынан баштоону чечтик. Акча кайдан табылды? Биз "Кыргызтелекомдун" РПО РМТР ишканасынын, ошондой эле өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттигинин кызматкерлери менен бирдикте жер-жерлерге барып КТРКнын берүүлөрү кандай көрсөтүлөт, уктурулат деген максатта мониторинг өткөрдүк. Анын жыйынтыгында айрым жерлерде биздин сигналдар начар же такыр эле жетпей тургандыгы аныкталды. Андан үнөмдөлгөн акчаны КТРКнын түнкүсүн Чүй жана Бишкектин алкагында чыгарууга жумшадык.
Бул жылы бюджеттен кошумча акча сураган жокпуз. Кийинки жылга кошумча акча сурап жатабыз 10 млн. сомдун тегерегинде. Буюрса анын арты менен Кыргызстандын бардык аймагына күнү-түнү чыгабыз. Негизинен түнкү каналда саат 12ден экиге чейин түз эфир болуп жатат, ага атактуу адамдар, артисттер чакырылат. Түнкү каналды көбүнчө жаштар көрөт, аларга ылайыктуу программалар коюлат, күндүз көрүүгө үлгүрбөй калгандарга жаңылыктардын кыргызча-орусча варианттарын кайталап коюп жатабыз. Түнкү канал өз ордун тапканча элдин пикирин эске алып өзгөртүп турабыз.
- Көрсөтүүлөрдүн канчасы саясатка, экономикага, канчасы социалдык проблемаларга, маданиятка арналган?
- Каналдын 25-30 пайызы саясат. Экономикалык маалымат аз болуп жатат. Дегеле Кыргызстанда экономикалык журналистиканын акыбалы оор деп ойлойм. Чыныгы журналистиканын милдетин өтөп, элге маалымат берген кабарчылар азайып бара жатат. Экономиканы жазгандар да аз. Журналистикалык иликтөө жаатында дагы өксүктөр бар. Социалдык темалар кудайга шүгүр деп эле айта алам. Саламаттык сактоо боюнча "Телеклиниканы" алсак болот, биз анын форматын өзгөртүп элге пайдалуу, актуалдуу темаларды козгогонго аракет кылып жатабыз. Кыргызстанда жакындарын жоготкондор көп, "Кайдасың?" программасы ошол азап тарткандардын тагдырына пайдасы тийет деп ачылган. Поп-музыкадан тышкары чыныгы искусствого таандык жакшы рубрикалар бар. Дегеле эл эмнени каалайт деген суроо турат жана башкы канал катары биз эмне беришибиз керек деген түйшүк дайыма бар. Ушунун ортосунда жакшынакай жолду табыш керек. Бизге чыныгы бир медиа иликтөө зарыл, элдин каалоосу жана биз сунуштаган нерсенин ортосундагы балансты карап көргүбүз келет. Ошон үчүн өзүнчө бир социологиялык иликтөө системасын киргизгени жатабыз.
- Азыркы учурда коомдук биринчи каналдын бирдиктүү бир стратегиясы барбы?
- Мурдагы Байкоочу кеңеш тарабынан кабыл алынган документ бар. Ал алты пункттан турат, айрымдары аткарылды, айрымдары объективдүү себептерден улам аткарыла элек. Азыр жаңы стратегияны жазууга кириштик. Байкоочу кеңештегилер дагы ушуну каалап жатышат. Эми азыркы стратегиянын эмнелери аткарылды? Биринчиден, санарипке өтүү. Ленталык технологиядан санарипке өтүү үчүн акыркы 2,5 жылдын ичинде өткөн шайлоолордон табылган акчага бардык керектүү жабдууларды киргиздик. КТРКнын имаратынан РПО РМТРге чейинки 4,5 чакырым аралыкка оптико-волокондук линия тартылды. Апрель окуясынан кийин талкаланган эле, азыр жаңы сервер койдук, ошого ылайык бул имараттын ичинде контентти бир бурчтан экинчи жакка ыргыта турган оптикалык кабелдер тартылды. Мындан тышкары 15 км кабель тартылды."Ала-Тоо" маалымат программасынын студиясы жана аппараттык студиясы толугу менен жаңыртылды. Мунун бардыгы санариптик көрсөтүүгө ылайыкташкан. "Ала-Тоо" маалымат программасынын бардык камералары жаңыланды. Баш-аягы акыркы бир жарым жылда 15 мыкты камера алынды, мындай иш КТРКнын тарыхында болбогонун бул жерде көптөн бери иштегендер айтып жатышат. Ошондой эле 3-4 видео-монтаждык аппараттарды койдук. Мындан тышкары толугу менен радионун 5-аппараттык студиясы жаңыртылды, бардыгы 70-80-жылдардан бери жаңыртылган эмес. Чоң камералык студия, кичи камералык студия жаңыртылды, адабий-драмалык блок деп коет, ошолор да жаңыланды. Азыркы учурда "алтын фондду" санарип форматка өткөрүү жүргүзүлүп жатат, муну буга чейин эч ким жасаган эмес. "Замана" студиясынын бүт камералары алмашты, жүгүртмө сапка тиешелүү нерселер жасалды, тартылган материалды архивге сактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ошол эле учурда биздин кызматкерлер санарипке өтүү боюнча чет өлкөлөрдөн тажрыйба алмашып келе башташты.
Стратегиянын экинчи пункту боюнча радио менен телени бириктирип студия түзсөкпү деген ой бар. Жаңы стратегияда булар такталат, анда канча канал болот, ошого жараша иштер жүргүзүлөт. 2015-жылы санарипке өтөбүз, биз жакын арада ушунун алкагында өзүнчө бир телеканал ачсакпы деп турабыз. Ал азырынча кабелдик операторлор аркылуу таратылат.
Кийинки пункт - "коомдук саясат" парламенттен түз эфир аркылуу алып көрсөтүү ниетибиз болгон. Парламент менен сүйлөшүү жүргүздүк, түз эфирге теле аркылуу чыгууга алар даяр эмес, азыр радиодон эле берилип жатат. Стратегиянын "коомдук кабылдама" деген пункту боюнча айтсам, атайын терминалды заказ кылып, ал аркылуу видео-кайрылууларды элден уюштуралы дегенбиз. Идея болгон, бирок буга чоң каражат керек экен. Бирок азыр каттар менен иштөө абдан күчөтүлгөн. Программалардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү каттардын негизинде даярдалат. Интернет-сайтта интернет-кабылдама ачалы деп атабыз. Эл сунуш-пикирин билдире алат. Бирдиктүү call-центр ачылат. Стратегиядагы алтынчы пункт - каржылоо. Аны колдон келишинче бийликтен көз каранды эмес кылып, коом үчүн ачык-айкын бюджет түзүү идеясы каралган. Мурдагы Байкоочу кеңештин курамы каналдын каржылоосун ички дүң продукцияга байлап коелу дегенбиз. Ал өскөн сайын каналды каржылоо өсүп турат, бирок эң ылдыйкы ченемин да аныктап коюу керек. Бирок парламент тарабынан бул сунушубуз колдоо тапкан эмес. Негизинен бул маселе күн тартибинде бар.
- Сизди менеджер эмес дегендерге эмне деп айтаар элеңиз?
- Эми менин башкаруум начар болсо акыркы эки жылда каналда мындай өнүгүү болмок эмес. Мен менеджер болбосом 2 млн. доллар эки жылда бюджеттен тышкары канал тарабынан табылмак эмес, 20-30 жылдап жаңырбаган студия, камера, жабдуулар алынмак эмес. Ал эми ар бир адамдын мен тууралуу оюн айтканга укугу бар. Ал сөздөр ар кимдин абийирине жараша айтылат. Мен өзүмдү менеджер катары да, жетекчи катары дагы өз ордумдамын деп эсептейм.
Сыягүл КАРАМАН, журналист





Бумеранг
Коррупция комитетинин башчысы коррупцияга каршы күрөштү беле?
"Атамекенчи" Туратбек Мадылбеков парламенттеги коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагалыгын уулу Элдар камакка алынган соң бошотуп берди. Муну айрым саясатчылар жигиттик кадам катары баалап жиберишти. Ал эми ага чейин Туратбек мырзанын бул кызматты ээлеп отурганынын себеби эмнеде болду экен?

Экс-"атамекенчи", учурдагы эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов мыйзамдуулук, коомдук тартип жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетин Өмүрбек Текебаев эки күн бою коалиция мүчөлөрүнө догурунуп атып экиге бөлдүрүп, өзүнчө комитет болгон коррупцияга каршы күрөшүүнү Мадылбековго алып бергенин "Алиби" гезитине баяндаган. "Мунун баары өздөрүнүн коррупциялык иштерин жаап-жашыруу аракети. Ошол эле чиновниктерди коркутуп, коррупциялык иштерин чукумуш этип, өз жумуштарын бүтүрүү деп эле түшүнөм" дейт Абдрахманов. "Кыздын сыры төркүнгө маалым" демекчи, аз эмес убакыт партиялаш болуп калган депутаттын айткандарында чырылдаган чындык жаткандай. Ага болбой эле "Ата мекендин" анабашы баш болуп, калгандары төш болуп, Мадылбековдун уулун камоо саясый заказ болуп калды деп тызылдап жүрүшөт. Бирок Бакиевдерге тиешелүү имараттын Элдардын колу менен "ата журтчу" депутат Садыр Жапаровдун сатып алганы ачыкка чыкканы талап-тоноочулуктун болгонун далилдеп турбай эмне болду? Бул иштин башы эле болушу керек. Чукуй келсе даана кызыктар алдыдан чыгышы мүмкүн.
Эми болсо "ата мекенчилердин" мародерчулукка тиешеси бар-жогун иликтөө үчүн атайын парламенттик комиссия түзүлүп иштей баштайын десе, Текебаев мырза "ар-намысчы" Анвар Артыковдон чочулап, комиссиянын курамына киргизбөө аракетин жасады. Оппозицияда үзөңгүлөш бирге жүрсө да, чын сөздү бетке айтуудан жалтанбаган эл өкүлү Бөдөш Мамырова "Өмүрбек Чиркешович, эмне эле ызы-чуу кылып жатасыз? Эгер сизге жаккан гана депутаттар комиссияга кирсин десеңиз мен кирейин, Г.Садырбаева, С.Нышанов кирсин. Болбосо ошол сизге жакпаган Анвар Артыковдун ишти кылдат карап, күнөөңөрдүн жок экендигин далилдеп бериши сизге имидж алып келет" деп "Ата мекендин" анабашын боз ала кылганын көрдүк. Мародерчулукка тиешеси бар деп айыпталып жаткан депутаттардын айынан аймактардагы "Ата мекендин" мүчөлөрү көчөдө баскандан да уялып калышканын гезиттер жазып жатышат. Өмүрбек Чиркешовичти лидерликтен кетирип, ордуна Жоомарт Оторбаевди алып келүү аракети жүрүп атканы сөз болууда. Ал эми КТРКнын "Ыңгайсыз суроолорунан" премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди Текебаев апендинин кызындай мактаганына күбө болгонбуз. Өмүкебиздин тилегине каршы Жантөрө мырза "атамекенчилерге" ичи чыкпай атканы тууралуу кеп кетти. Буга премьер-министрдин Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилери менен жолугушууга барганындагы маанайы күбө. Көрсө бул министрликти "атамекенчилер" эбак эле менчигине басып алышыптыр. Тактап айтканда, жетекчилердин бардыгы - министр, орунбасарлары, департамент башчылары аталган партиянын адамдары болуп чыкты. Бул биринчиси. Экинчиден, министрликте канааттандырарлык иш аткарылбаганы себеп болгон. Демек, Жантөрө мырза эгер акыйкат жетекчи болсо министрликтин гана ишин теске салбай, "ата мекенчилерди" да бир теске салып коюу парзы бар. Бир партиянын менчиги болуп алдыңарбы деп агынан жарылды го премьер-министр.
Базар-Коргондо кароолчудан тарта акимине чейин "ата мекенчилер" болуп кетти деп Текебаевдин өзүнүн жердештери да Бишкекке чейин келип даттанып жүргөндөрүн көргөндөр бар. Бир учурда Бакиевдин депутаттардын сынын көтөрө албай парламенттен чыгып кеткенин сындап жүргөн Текебаев, бүгүн өзү айрым парталаштарын жакалап коркутууга чейин барууда. Айтор, акыркы кезде "Ата мекен" партиясы жөнүндө коомчулукта түрдүү пикирлер жаралды. Жыйырма жылга жакын тарыхы бар партия азыркыдай абалдан кантип чыгар экен?
Талантбек СЫДЫКОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??