presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Белгилүү маршруттардын белгисиз "схемалары"
Бишкектеги кичиавтобустардын айрым кожоюндары борбордун Транспорт башкармалыгын ижара акысын мыйзамсыз көтөрдү деп сотко берди. Ал эми аталган башкармалыктын жүйөсү такыр башкача. Бишкек шаарынын Транспорт башкармалыгынын башчысы Зайытбек Назырынбековдун айтымында, шаардык кеңештин депутаты Кеңешбек Жусупов баштаган айрым фирма ээлери жүз миңдеген сомдорду салыктан жашырып сол чөнтөккө солоп жатышат. Мына ушундай жагдайда коррупциялык схемалардын чоо-жайын, деги эле коомдук транспортко байланышкан чиеленишкен суроолорго жооп алуу максатында Зайытбек мырзаны кепке тарттык. Ал бизге фирма ээлеринин жемкорлугунун бетин ачып, беттырмаган маршрутка барондорунун "серый схемасын" алдыбызга жайды.

Зайытбек НАЗЫРЫНБЕКОВ,
Бишкек шаарынын
Транспорт
башкармалыгынын башчысы:
"Кичиавтобус ээлери жүз миңдеген сомдорду жеп жатышат"

- Алгач бир айлык рейд тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Бишкек шаардык мэриясынын буйругу менен 3-сентябрдан баштап бир айлык рейд жүрүп жатат. Рейддин алкагында коомдук транспорттун техникалык-санитардык абалы жана айдоочулардын калкты тейлөө маданияты текшерилет. МАИ кызматы, Транспорт инспекциясы жана биздин башкармалык биргеликте иш алып барып жатабыз. Өткөн жумада 400гө жакын кичиавтобустар текшерилип, алардын 178и талапка жооп бербегендиктен лицензиялары алынды. Биз бир гана жаман жактарын карап жаткан жокпуз. Абалы мыкты маршруттук таксилерге ишеним смайликтерин тапшырдык. Бул айдоочуларга жакшы иштөөгө түрткү болот. Октябрдын акыркы жумасында ушул рейддин жыйынтыгы менен мыкты айдоочуларды Ардак баракчасы жана акчалай сыйлык менен сыйлайбыз. Калкты мыкты тейлеген айдоочуларды даңазалоо максатында унаалары менен түшкөн сүрөттөрүн шаар көчөлөрүндөгү жарнамалык мамыларга илебиз.
- Жаңы троллейбустар келет дедиңиздер эле. Шаар жүргүнчүлөрү качантан баштап жаңы коомдук транспорт менен жүрө алышат?
- Европа өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнө турган 30 млн. доллар боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми өкмөт тарабынан кудай буюрса 10 млн. евро бөлүнөт. Бул акчалардын баарына жаңы автобустар алынат. Ошол эле Европа өнүктүрүү банкынан 15 млн. доллар акча бөлүнүп, троллейбус сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөнү жатат. 1-2 айдын ичинде 76 даана жаңы троллейбус келет. Троллейбустар келсе мурунку жабылып калган линияларды кайра ачабыз, жаңы кошумча линиялар да ачылат. Мындан тышкары түрк ишкерлери жакында эле линия сурап келишиптир. Алар Түркияда чыккан 22 орундуу автобустарды алып келебиз деп жатышат. Ушу тапта алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча канча коомдук транспорт кызмат кылып жатат?
- Кытай автобусунун жалпы саны 460. Алардын линияга чыкканы 205тин тегерегинде. Калгандары дөңгөлөгү жана башка тетиктери жок болуп токтоп турат. Жакында эле дөңгөлөк сатып алуу боюнча тендер өткөрдүк. Алар келип калса дагы 30 автобусту ишке чыгарабыз. Мэриядан 9 млн. 400 миң сом бөлүнгөн. Керектүү тетиктерди алып келгенден кийин дагы 70 автобус линияга кошулат. Бизде паркты пайдалануу коэффициенти (ППК) деген түшүнүк бар. ППК 0,75 пайызды түзөт. Ошондо паркта жалпы 100 автобус болсо, анын 75и ишке чыгып, 25и запаста туруш керек. Эми техника деген бузулат да. Ошондо 25 пайызы ремонтто туруш керек деген сөз. Ал эми троллейбустардын жалпы саны 103. Алардын 75ке жакыны кызмат көрсөтөт. Троллейбустун базасы начар эмес, эски базасы бар. Белоруссиядан келген 25 троллейбус иштеп жатат. Келишим боюнча бир күндө 2280 маршруттук такси жумушка чыгыш керек. Алардын жалпы саны 3300.
- Коомдук транспорттун абалы мышык ыйлагыдай. Өзгөчө маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдүн көкөйүнө көк таштай эле тийип, желкемдин чуңкуру көрсүн дегенге чейин жетишти. Ушул маселени чечүү боюнча сиздер тараптан кандай конкреттүү иштер жасалып жатат?
- Эми маршрутканын баарын эле жаман дей бергенге болбойт. Жаңы автобустар келгенче алар да жакшы эле керекке жарады. Албетте люктары, отургучтары жок, санитардык абалы начар, эскилиги жеткен маршруттук таксилерди жүргүнчүлөр жакшы билишет. Кээ бир маршруттун ээлери эптеп акча тапсак болду деп эле отун тарткан маршруткалар менен догурунуп эл ташып жүрүшөт. Ошондой башаламандыктын айынан соттошуп отурабыз. Мисалы, "Акжолтой" ачык акционердик коому (ААК) 16 маршруттук линияны тейлейт. Бир күндө план боюнча 338 маршрутка чыгыш керек. Алар бирде көп, бирде аз чыгып тажатышты. Жөнөкөй эле мисал: 113 маршрут ошол линиядагы башка маршруттарды 80 пайыз кайталаган каттам болуп саналат. План боюнча 30 маршрут линияга чыгат. Ошондо ар бир 2 мүнөттө бирден. Анысы аз келгенсип алар линияга 37ни чыгарып салышат. Интервалы бир жарым эле мүнөт болуп калат. Ошонун айынан бирин-бири кууп, автобустун алдындагы жүргүнчүлөрдү алып, автобустун планы толбой калып жатат. Мына ошол 113-маршрутту Лермонтов көчөсүнө чейин чоелу десек алар бизди кайра сотко берип жатышат. "Акжолтой" ААКы элдин муктаждыгын эске албай эле акча табуу менен алек болуп жатат. Жаңы автобус, троллейбустар келип, материалдык-техникалык базабызды чыңдап алсак бул маселелердин баарынан кутулат элек. Маршруткалардын абалын жакшыртуу үчүн учурда атайын рейддерди уюштуруп жатабыз.
- Маршруттук таксилер мэрияга канча акча төлөшөт?
- Биринчиден, салык кызматына 1230 сомго айына патент алыш керек. Андан кийин бир жылга Транспорт инспекциясынан 1250 сомго лицензия жана бир айга 983 сом ижара акысын биздин башкармалыкка төлөш керек. Ижара акысы 3 категорияга бөлүнөт. 1-2-3-категориялар 983, 578 жана 347 сом өлчөмүндө.
- Маршрутка ээлери менен эмне болуп соттошуп жатасыздар? Сиздердин жүйөңүздөр кандай?
- Алар беттырмарлык кылып жатышат. Догурунгандын да чеги бар. Биз салыктан жашырып, фирма ээлеринин чөнтөгүнө түшүп жаткан акчаны эсептеп чыксак төлөгөндүн ордуна кайра бизди сотко берип жатышат. Мен транспорт тармагында көп жылдан бери иштеп келатам. Ал эми фирма жетекчилери транспорт жөнүндө түшүнүгү жок немелер. Маселен, "Акжолтойдон" линияга план боюнча 30 машина чыгыш керек болсо, алар 50ге чейин чыгарып жатышат. Мейли чыгара беришсин, бирок ижара акысын төлөш керек да. Патентке, лицензияга 50 машинанын акчасын төлөйт да, ижарага келгенде 30 эле машинага төлөп жатышат. Биз аларды сотко берсек алар алмашуу режими дегенге (режим сменности) такап жатышат. Негизи транспорт мыйзамында линияга чыккан маршруттардын саны ППК менен эсептелиши керек. Транспорт тармагында иштеген каалаган адамга барсаңыз, ППКны оңой эле эсептеп коюшат. А "Акжолтойдун" ээси Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кеңешбек Жусупов жеке кызыкчылыгын көздөп, мыйзамда жок алмашуу режимин киргизип койгон. Алмашуу режимин эске алуу деген бир да мыйзамда жазылган эмес. Ушундай "серый схема" менен "Акжолтой" ААКы 2011-жылдын майынан 2012-жылдын май айына чейин 483 миң 230 сомду өз чөнтөгүнө кымырып алган. Ушул эле схемага таянган "Кулатай компани" ЖЧКсынын ээси Чынара Ажиматова бир жылда 212 миң 328 сомду сол чөнтөккө сологон. Мындан тышкары ар бир айдоочу фирмага ай сайын 4500-5500 миң сомдон төлөйт. Ал суммадан лицензия, ижара жана патентке төлөгөндөн кийин фирма ээсине ар бир маршруткадан айына 2000 сомдон ашык акча түшөт. "Восточный экспресс" деген компания бир жылда 116 миң 977 сомду салыктан жашырып алган. Мына ушул кыңыр иштер боюнча азыр райондор аралык сотто каралып жатат. Тоскоол болуп жаткан жери укуктук жактан вакуум болуп жатат. Бишкек шаардык сотунун судьясы Антонина Рыбалкина бизди карап да койгон жок. Мына ушулардын баарынын кызыкчылыктарын Кеңешбек Жусупов шаардык кеңеште коргойт. Өзүнүн кызыкчылыгын канааттандырган токтомдорду кабыл алып жатат. Ижара акысы эч кандай көтөрүлгөн жок. Биз болгону сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды мэриянын бюджетине түшүрүү үчүн алышып жатабыз.
- Маршруттук таксилердин айдоочулары да фирманын жетекчилерине арыз жазып жүрүштү эле. Ошол боюнча кандай чаралар колдонулду?
- Былтыркы жылдын декабрь айында "Кулатай компани" ЖЧКсынын жетекчиси Чынара Ажиматованын дарегине 50гө жакын айдоочунун колу коюлган доо-арыз келип түшкөн. Алар Чынара Ажиматованын айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултканын жазышкан. Ал 5 жыл бою №218 маршрутканын 40 айдоочусунан соцфондго деп 320 сомдон акча чогулткан (40х320х12х5=768000 сом). Ушул жылдар аралыгында соцфондго барган айдоочулар ал жактан өз фамилияларын таба алышкан эмес. 2011-жылдын август айында бир жылдык келишимди узартуу үчүн деп 52 айдоочунун ар биринен 3500 сомдон мыйзамсыз чогулткан (3500х52=182000 сом). Мындан тышкары ар бир айдоочуну жумушка аларда 300-500 доллардан акча алчу. Ушундай эле арыз менен "Акжолтой" ААКнын айдоочулары да кайрылган. Алар шаардык кеңештин депутаты "Акжолтойдун" ээси Кеңешбек Жусуповдун дарегине жемкорлукка байланышкан фактыларды жазышкан. "Акжолтой" ар бир айдоочудан айына 5000 сомдон чогултчу. Мындан сырткары ар айда бригадирге деп 1000 сомдон "взнос" төлөшчү. Аталган арызда бир айда эле Кеңеш Жусуповдун чөнтөгүнө 2 млн. 300 миң сом түшүп тураары жазылган. Айдоочулар жумушка орношкондо 1000 доллардан "шапке" төлөшчү. Булар боюнча тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Тилекке каршы азырынча эч кандай чара колдонула элек. Мындан сырткары айдоочулар эмгек кодексинде жазылган 8 сааттык жумуш күндүн нормасын бузуп жатышат. Маршрутканын айдоочулары саат таңкы 6да чыгат да, кечки 6га чейин иштешет. Көбүнчөсү күнүнө 14 саатка чейин иштеп жатышат. Менимче муну тиешелүү органдар текшериши керек.
- Жең ичинен сатылып кеткен сиздердин автобаза 7-апрелге чейин сатылды беле же кийинби?
- 5 гектарга жакын автобаза 7-апрелге чейин 9 млн. сомго сатылып кеткен. Башында муниципалдык башкармалыктын менчигинде болчу. Жасалма түрдө банкрот делип уюшкандыкта сатылып кеткен. Сатып алгандар быйыл келип айына бизден 1,5 млн. ижара акы сурап жатат. Эптеп атып 600 миң сомго түшүрдүк. Бир нерсе болсо ызы-чуу болот деп алар да бизге тийише албай жатышат. Болбосо 600 миң сомдон ижара акы төлөйсүңөр деген келишим түзүлгөн. Базадагы имаратты бузуп туруп кирпичин эле сатса 10 млн. сом болот. Мындан тышкары Кустанай көчөсү 121де да бир базабыз бар. Аталган базадагы имараттардын эшик-терезелерин, керектүү жабдыктардын баарын тоноп кетишкен. Ошол жакты оңдойлу деп 50 млн. сом сураганбыз. Тилекке каршы бюджетте акча жок ошол боюнча турат.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??