presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Парламент жыйынынан
10 миң долларлык лицензиялар, айыгышкан ажылык сапар же иштеп аткансыган депутаттар
Жогорку Кеңештин шаршемби, бейшембидеги жыйынында адаттагыдай эле түрдүү маселелер талкууланды.

Шаршембидеги отурум жарым сааттык ар түрдүү көйгөйлөрдү козгоо менен башталды. Андан кийин депутаттар күндүн негизги темасына өтүштү. Эл өкүлдөрү бул күнү Экономика жана монополияга каршы күрөшүү министри Темир Сариевди ортого алып "такалашты". "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов аталган министрлик коррупциянын очогуна айланып калганын, лицензия берүүдө жең ичинен соодалашуу жүрүп, ставкасы 10 миң долларга чейин жеткенин айтып: "Ушуну мыйзамдаштырып эле койбойсуңарбы?" деген суроону кабыргасынан койду. Ал эми Сариев бул сунуш эске алынарын, өзү жетектеген мекемеде коррупциянын тамырын кыркууга убада берди.
Темир Аргенбаевич лицензиялардын 40 түрүн кыскартуу демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, лицензия түрүнүн көптүгү иш ыргагын жайлатат. "Мурда булардын саны 500 болчу, азыр 280и калды. Эми алардын санын дагы кыркка азайтабыз" дейт ал. Мындай демилгени айрым депутаттар колдогону менен көпчүлүгү каршы пикирин билдиришти. Маселен, социал-демократчы Дамира Ниязалиева мындай маанилүү маселеде шашылыш чечим чыгарбай, "жети өлчөп, бир кесүү" керектигин баса белгиледи.
Ушул эле күнү "Кыргызстан жарандарынын кайрылуусу боюнча Казакстандын территориясында ишкерлик жүргүзүү" тууралуу токтом талкууга коюлду. "Ата журтчу" Жылдызкан Жолдошева коңшу өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибизге Казакстандын укук коргоо органдары жана жергиликтүү калк тарабынан кысым көрсөтүлүп атканын жарыялады. Ошондой эле муну тастыктоочу тасманы көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. Мындан улам жогорудагы маселе жабык эшик артында өттү.
Финансы министрлиги жоопкерчиликке тартылышы керекпи?
Парламенттин кечээги жыйынында негизинен ажылык сапар, бюджеттин абалы сыяктуу маселелер козголду. Вице-спикер Бакыт Төрөбаев стимулдук жана капиталдык салымды каржылоо токтоп тургандыгын сынга алып, анүчүн финансы министринин орунбасары Мелис Аттокуров баштаган аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын айтты. Кесиптешинин сөзүн кубаттаган "республикачы" Тынчтыкбек Шайназаров Мелис Аттокуров убадасын аткарбай атканын төмөндөгүчө шардана кылды: "М.Аттокуров Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө убада берген. Бирок ал аткарылган жок".
Бишкек шаарындагы аскер лицейинин аймагына имарат курууга тыюу салуу тууралуу токтом 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бирок Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ЖоКе токтомун тоготуп да койбоптур. Буга ачууланган социал-демократчы Мурадыл Мадеминов: "Министрдин өзүмбилемдигине чара колдонуу зарыл" деди.
Жыйын жүрүшүндө ажылык сапардын күңгөй-тескейи да ортого салынды. Эл өкүлү Акылбек Султанов былтыр ажылыкка барбай калган атуулдар кийинки жылы ажылыкка баруучулардын тизмесине кезексиз кирет деген убада аткарылбай атканына кейиди. Ал эми "ата журтчу" Надира Нарматова Чубак ажы Жалилов кызматтан кеткенден бери муфтиятта коррупциялык схемалар кайрадан тирилгенине кеңири токтолду. "Жакында ажылык сапар башталат, бирок алигиче топ башчылары дайындала элек. Дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн текшериш керек" деген Надира айым учурдагы муфтийдин короосуна таш ыргытып өттү.
Мурда мамлекеттик кызматкерлер деле жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлана берчү. Эми буга тыюу салынышы ыктымал. Себеби, "Ата мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анын белгилешинче, бул элдин жергиликтүү бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүүгө багытталыптыр. "Сунушталган долбоорго ылайык, өкмөттүн мүчөлөрү, кызмат адамдары, муниципалдык ишканалардын жана менчик түрүнө карабастан, жергиликтүү бюджеттен каражат алып кызмат көрсөткөн чарбалык субъектилердин жетекчилери, райондук администрация кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн башчылары менен катчылары, эмгек акы алган айыл башчылары, укук коргоо жана фискалдык орган кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлана албайт" дейт Текебаев. "Ата мекенчинин" демилгесин депутаттардын басымдуу бөлүгү жактырып, экинчи окууга жөнөтүштү.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





Кесипкөй
адис, олуттуу
саясатчы. Бирок ишичи?..
Бу жолу рубрикабыздын бутасында Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир САРИЕВ. Анын жана министрликтин жалпы иши боюнча пикирлерди төмөндө окуңуздар.

Бакыт ОРУНБЕКОВ,
"Кыргыз Туусу" гезитинин
баш редактору:
- Экономикалык мыйзам актыларын жана укуктук базаны чыңдоо боюнча биртоп аракеттер жасалып жатканын байкап жатам. Айрыкча тоо-кен тармагы боюнча ачык иш жүргүзүшүбүз керек деп жатышат. Инвесторлорго шарт түзүү жана аларга милдеттемелерди жүктөө боюнча жасала турган иштери мага жакты. Мисалы, социалдык пакет деп ар бир инвесторго жергиликтүү элдин маселесин чечип берүүсүн милдеттендиришет экен. Ал эми баалардын өсүшү, антимонополиялык саясат жагына көзөмөлдү күчөтө албай жатышат. Буга далил катары нан азыктарынын кымбатташын айтсак болот. Менимче бул тармакта көзөмөлдү күчөтүш керек. Жалпылап алганда аталган министрликтин ишмердигине 3 жарым деген баа берет элем.

Орозбек ДҮЙШЕЕВ,
коомдук ишмер:
- Азыркы убакта министрликте катачылыктар көп. Анткени тоо-кен тармагы боюнча иштер жолго коюлбай жатат. Бирок убакыт деген бар. Бул министрлик жаңы эле түзүлбөдүбү. Жеке Сариевге келе турган болсок, өндүрүштө аз иштеген жигит. Мүмкүн ошого байланыштуу жакшы иштей албай жаткан болушу мүмкүн. Экономика өндүрүш менен тыгыз байланыштуу. Өндүрүшкө, айрыкча тоо-кен тармагына көңүл бурбасак ишибиз алдыга эч убакта жылбайт. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрө турган бирден-бир тармак бул тоо-кен өнөр жайы. Бул тармакты министрлик жакшылап колго алыш керек.

Мавлян АСКАРБЕКОВ,
"Эркин эл" жаштар кыймылынын төрагасы:
- Биринчиден, Темир Сариевдин ишмердигине терс баа берем. Буга акыркы убактардагы экономикалык төмөн көрсөткүчтөр даана далил болуп бере алат. Сариевдин айрым гана ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон токтомунун негизинде биздин өлкөдө ундун жана буудайдын баасы кескин түрдө жогорулады. Бул түздөн-түз элге кыйынчылык жаратып жатат. Мындан тышкары бензиндин баасы акыркы жумаларда эле 2-3 сомго кымбаттап кетти. Эмнеге кымбаттап жатканы эч түшүнүксүз. Азык-түлүктүн, эттин баасынын өсүшү Сариевдин элге каршы кылган саясатынан кабар берет. Кыскасы, мунун баары аталган министрликтин ишинин кандай жүрүп жатканын көрсөтүп жатат.

Кубанычбек ИДИНОВ, экономика илиминин доктору:
- Сариев өзү катардагы эле экономисттердин бири. Кылган иштерине, сүйлөгөн сөздөрүнө караганда иштей турган жетекчи. Базар баасы өсүп жатат. Бирок анын баары Сариевден көз каранды эмес да. Монополияга каршы саясат жакшы жүрбөй жатат. Анүчүн монополисттерди ооздуктаган мыйзамдарды кабыл алыш керек. Ошондо инфляцияны туруктуу кармап турууга да мүмкүн болмок. Сариев өзү заманбап, өз ишин билген жетекчи катары билинип келатат. 5 баллдык система менен 4 жарым деген баа берем.

Асия САСЫКБАЕВА,
"Ата мекен" фракциясынын депутаты:
- Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жакшы деген баа берет элем. Бизге жакшы мыйзамдарды алып келип жатат. Темир Сариев өзү кесипкөй адис. Менимче, Сариев экономика тармагында болобу, министрлердин ичинде болобу олуттуу фигура. Экономика тармагы бир гана андан көз каранды эмес. Бирок экономикалык каатчылыктан алып чыгып кетерине толук ишенем. Анүчүн министрлер кабинети биргеликте иш алып барышы керек.

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
эркин депутат:
- Жалпысынан жакшы аракеттери бар, өзгөчө лицензияларды азайтуу, ишкерлерге жакшы шарт түзүү жана экономикалык маселелер боюнча жалпы координациялуу иш алып баруу багытында. Кемчиликтери дагы жок эмес. Мисалы, мамлекеттик банк түзүү, унга пошлина киргизүү туура эмес болуп, азыр зыянын тартып жатабыз.

Акылбек ЖАПАРОВ,
мурдагы Каржы министри:
- Негизи экономика тармагында жасалган иштердин жыйынтыктары 3 жылдан кийин билинет. Бирок экономиканы өнүктүрө турган инструменттердин баары өкмөттүн колунда. Болгону ошол инструменттерди туура пайдаланып фискалдык, монополияга каршы саясатты күчтөп, экономиканы өнүктүрүш керек. Министрлик баалардын өсүшү боюнча мониторинг жасап туруш керек. Баалар өскөндө пошлинаны азайтып бааны регуляция кылууга болот. Мен да бул министрликте иштеп кеткем. 2008-жылкы ушундай ыкмаларды колдонуп кризистен оңой өткөнбүз. Ыгы жок текшерүүлөргө мораторий жарыялагам. Ал эми Сариевдин жеке өзүнө менин баа беришим туура болбой калат.

Манас САМАТОВ,
айыл чарба адиси:
- Бул министрликти таптакыр жоюп салса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Кеп Темир Сариевде деле эмес. Өкмөт болбогон нерселерди ойлоп таап, проблема жаратып, анан аны кыйналып чечип жаткан түр көрсөтүмүш болушат. Ал жерде башка кыла турган иш деле жок.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??