presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кан кое береби?
Садыркуловду Закиржан өзү түздөн-түз Жанышка жайлатканбы?

Маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан сот ишине дагы деле чекит коюла элек. Мындан 15 күн мурун жабырлануучу тараптын адвокаты Леонид Лужанскийдин "Азаттык" үналгысына берген маалыматында сот ишинин акырына чыгарына эки аптадай убакыт калганын айтып, Жаныш Бакиев баштаган адамдардын күнөөсү соттун жүрүшүндө далилденип атканын белгилеген.
Лужанский жана башка күнөө-лөнүп аткандар мында Жаныш Бакиев окуяны уюштуруп, Садыркуловду өлтүрүүгө өзү катышканын айтат. Буга чейин айып мөөнөтү аяктады деген негиз менен сот Жаныш Бакиевдин жансакчысы Абдыкалык Жапаровду жана айдоочусу Алтынбек Амракуловду мунапыс менен бошотуу чечимин чыгарган. Ошондой эле оор эмес кылмыштар үчүн айыпталып жаткан Тынычбек Маматовго карата кылмыш иши токтотулган. Ал эми азыр камакта алты адам жатат. Бул иш боюнча айыпталган Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошев болсо тилкат менен үй камагына бошотулган.
Ал эми негизги айыпталуучу Жаныш Бакиев, ошондой эле Садыркуловду өлтүрүүгө катышкан делген Тахир Рысалиев менен Рустам Сайдуев Минскиде жүргөндүгү жакында белгилүү болгон. Бирок беларусь бийлиги Кыргызстандын Жаныш Бакиевди кайтарып берүү өтүнүчүн өткөн аптада дагы бир ирет четке каккан болчу. Булардан башка да бир нече адам азыр издөөдө.
Бул ортодо Жаныш Бакиев жетекчи болуп турганда Мамлекеттик күзөт кызматынын бөлүм башчысы болуп иштеген Марат Турдукулов сотто көрсөтмө берип жатып, былтыр жаңы кармалганда берген билдирүүлөрүнөн баш тартып келет. Учурда ал 2011-жылдын 12-сентябрында ИИМдин кызматкерлери аны өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн короосунан кармап кетип, башына мүшөк кийгизип ур-токмокко алганын, ошондон кийин тергөөчүлөр талап кылгандай көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун айтууда. Ошондой эле бул кылмыш ишине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин да түздөн-түз тиешеси бар экени айтыла баштады.
Ал ортодо маркумдун агасы Болот Садыркулов Бакиевдер андан башка депутаттарды да өлтүрүшкөнүн билдирди. Айтмакчы, Бакиев бийлигинин тушунда Садыркуловду өлтүрдү делген Өмүрбек Осмонов аттуу айдоочуну өлтүргөн Садык Борбуев гана азыр күнөөсүн толук моюндады.





Эре-форма
Атамбаев "А" десе, бери жактагылар "Б" деп жатабы?

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен президенттин алдында Сот реформасы боюнча кеңеш түзүлдү. Кыргызстандагы сот реформасын жүргүзүүдө мамлекеттик мекемелердин карым-катнашын жакшыртып, реформаны тездетүүнү көздөгөн бул кеңешти мамлекет башчы өзү жетектейт. Кеңешке президент аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Данияр Нарымбаев, парламенттеги фракция лидерлери, Жогорку соттун төрагасы Феруза Жамашева, Башкы прокурор Аида Салянова баштаган 23 бийлик өкүлү, министрлер мүчө болушту.
Ал ортодо Кыргызстанда сот реформасы башталбай жатып каржылык кыйынчылыктар жаралып жатат деп билдирди "Коомдук анализдөө институту" бирикмесинин директору Рита Карасартова. Анын айтымында, Каржы министрлиги сот корпусун каржылоо боюнча болгону айлык акылар жана соцфонддор үчүн гана бюджет ачкан. "Эгер соттор мамлекеттен болгону айлык алып, соцфонд үчүн эле акча төлөнүп атса, анда соттук процесстер үчүн чыгымдалган акчаларды кайдан алып жатышат? Мисалы, картридждер, көчүрмөлөр ж.б. канцелярдык каражаттарды өз маяналарынын эсебинен алып жатабы? Анда алар пара катары алган акчалары менен камсыздап жатат деп айтууга болот" деди Карасартова.
Ал белгилегендей, мыйзам чыгаруучулар сот корпусун реформалоого өздөрү жол бербей, түшүнүксүз мыйзамдарды кабыл алышууда. Муну менен бирге Карасартова эгерде каражат жетишсиз болсо, соттордун көрсөткөн кызматы сапаттуу болуш керек деп айтууга мүмкүн эмес экендигин айтат.


Тең шерик
Боз үй менен "Айтыш" өнөрү кыргыз-казак менчиги болгону калды

Жакында "Айтыш" өнөрү менен "Боз үй жабдууларын жасоо салттары" номинациялары ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз жана Казак республикаларынын атынан катталышы мүмкүн.
Азырынча бул боюнча түзүлгөн долбоор эки өлкөнүн жумушчу тобу тарабынан макулдашылып, Кыргызстандын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов тарабынан кол коюлуп, ал документ Казакстан республикасынын маданият жана маалымат министрине жөнөтүлдү. Бул боюнча КР Маданият жана туризм министрлиги менен КР ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын катчылыгы макулдашып, ал демилге ушул жылдын жаз айында Казакстан республикасынын Маданият министрлигине сунушталган.
Бул маселеде "Айтыш" номинациясы боюнча биз тараптан жумушчу комиссияда Садык Шер-Нияз, академик Абдылдажан Акматалиев, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, Элмирбек Иманалиев, Дастан Сарыгулов ж.б. бар. Ал эми "Боз үй жана боз үй жабдууларын жасоо салттары" номинациясы боюнча жумушчу топто КР Баатыры Бексултан Жакиев баштаган аксакал, көксакалдар бар.
Материалдык эмес маданий мурастар жаатында мындан ары Казакстан менен кызматташуу жөнүндөгү меморандум кыргыз тараптан иштелип чыкты. Эми ага казак туугандар өз кошумчаларын кошушат. Андан кийин гана материалдык эмес маданий мурастар жаатында мындан ары кыргыз-казак кызматташуусу тууралуу меморандумга эки өлкөнүн маданият министрлери кол коет.





Малга көрүнсүн
Чечекке каршы вакцина экономикалык чабуул эмеспи?

Айылдын эли кышында жуттан кыйналса, жайында дагы бир балээге кабылып бир нече үй-бүлө капысынан колундагы малынан айрылып калды. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар айылдарында чечекке каршы вакцинациялоодон улам койлордун жапырт кырылышы бүт өлкөгө дүң болуп, бул тууралуу ЖК атайын токтом кабыл алды.
КР өкмөтүнө караштуу Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орунбасары С.Алиевдин айтымында, жергиликтүү тургун, ветеринардык дарыгер Талып Ташполотов 4000 доза чечек вакцинасын Зия аттуу өзбек улутундагы жарандан сатып алган. Бирок чечек оорусуна вакцина сатып алуу зарылчылыгы жок болчу. Себеби атамекендик "Алтын тамыр" мал ылаңдарына дары камдоочу ишканадан жетиштүү көлөмдө вакцина алууга мүмкүнчүлүк бар эле.
Чү деген эле жерден шек санаткан көрүнүш эгер зарылчылыгы жок болсо ал дары эмне үчүн сатып алынды жана эмне үчүн малды дарылоого уруксат берилди? Ошол эле учурда Алиев Өзбекстанда да бул дары менен эмделген 50 миң кой кырылып калганын айтып өттү.
Самат Алиевдин берген маалыматына караганда, Сузактагы эпизоотиялык кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Акыркы маалыматтар боюнча 18-сентябрдан бери 11 фермердин 1912 баш кою чечек оорусуна каршы алдын ала эмдөөдөн кийин чыгымга учураган. Ушу тапта аталган фактылар боюнча төрт кылмыш иши козголгон. Учурда район аймагына посттор коюлуп, койдун этин сатууга тыюу салынган. Азыркы тапта өлгөн койлорду өрттөп, атайын казылган чуңкурларга көмүү иштери жасалууда. Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгында чыгым болгон малга сайылган вакцинанын заводдун шартында жасалбагандыгы тастыкталды. Текшерүү жол-жоболору улантылып жатат.





Кыргызчылык кылбасаңар боло
Эл аралык норманы
эч ким буза албайт

24- сентябрда Аламү-дүн районунун Степное айылынын жанында Кыргыз эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын (Кыргыз АСМАП) айрым айдоочулары тарабынан митинг болгон. Айдоочулардын айтымында, митингди "Азатика" ЖЧКсынын башчысы Аскар Шамыралиев уюштурган. Бул жөнүндө Жол жүктөрүн ташуу эл аралык системасынын (ЖЖТЭС) мамилелер маселеси боюнча башчысы Муратбек Азимбакиев Швейцариянын Женева шаарынан төмөнкүдөй кабар жөнөткөн.
- Кыргыз эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясына Эл аралык автомобиль транспорту союзу (ЭАТС) эл аралык жүк ташуу системасында иштеп, ЖЖТЭС китепчелерин таратуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген. Негизи мындай мүмкүнчүлүк өз ара ишенимдин жана эл аралык нормаларды да, улуттук бажы мыйзамдарын да так сактаганда гана берилет. Тилекке каршы, Кыргыз эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын айрым мүчөлөрү китепчелерди таратууну жеке ишмердүүлүгүнө айлантышып, одоно тартип бузушкан. Мындай жоопкерчиликсиз аракеттер эл аралык жүк ташуу системасына коркунуч жаратып, кыргызстандык автожүк ташуучуларды ЖЖТЭСтен чыгарууга алып келген.
Учурда Кыргыз АСМАПка 1975-жылдагы ЖЖТЭС конвенциясынын негизинде келишим түзгөн башка тараптардын доосу 1,5 млн. евро болуп отурат. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн ЭАТС ар кандай варианттарды караштырып аткан. Бирок Кыргыз АСМАП жетекчилиги ассоциациясынын айрым мүчөлөрүнүн жетегине кирип жоопкерчилик балансын бузду. Кыргыз АСМАПты кайра мурдагы ишине кайтаруу мүмкүнчүлүгү жок калганда ЭАТС өзөктүк келишимдик мамилени кайра карап чыгып, ЖЖТЭСтин жаңыртылган системасын Кыргызстанда өнүктүрүү шарттарын түзүүнү чечкен. Алтургай бул кырдаалдын олуттуулугу ЭАТСтын башкы катчысы Мартин Марми мырзанын 19-20-сентябрда Кыргызстанга келүүсүнө түрттү. ЭАТС Кыргыз республикасынын мамлекеттик органдары, эл аралык жүк ташуу системасынын өнүгүшүнө кайдыгер эместердин бардыгы менен болгон өнөктөштүк мамилени жогору баалайт. Муну кыргыз эли туура түшүнөт деп ойлойм.

Бетти даярдагандар Зайыр АЖЫМАТОВ,
Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??