presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ала-Букада кырдаал тынч эле
Бирок сабалган прокурор менен судья ооруканада жатышат
26-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун акимчилигинин алдына 250-300 чакты киши чогулуп, райондук соттун төрагасын, судьясын, райпрокуратура жетекчилигин жумуштан токтоосуз түрдө бошотууну жана раймилиция башчысынын орунбасарына абдан катаал чара көрүүнү талап кылышты. Алар менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов, Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов, Чек ара кызматынын колбашчысынын орунбасары Акылбек Арстанбеков, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Жумагүл Эгембердиева, ошондой эле район жетекчилиги жолугушту.
Акция убагында Ала-Бука районунун жашоочулары аз күн мурда бул аймакта кыргыз улутундагыларды бир нече өзбек улутундагылар аеосуз сабап ташташкандыгын, аларды милиция жана сот органдары жең ичинен сүйлөшүп эркиндикке кое беришкендигин баса белгилешти. Ошон үчүн аталган райондун Достук айылынын тургундары ызасына чыдабастан Ала-Бука райпрокурорунун жардамчысы Шергазы Кожомбердиевди, райондук соттун судьясы Абибилла Жарымбетовду сабап салышкан. Экөө тең ур-токмок маалында мээси чайкалган деген диагноз менен ушул тапта райондук ооруканада жатышат. Ал эми бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Баса, Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов Ала-Бука элинин суроо-талабын толук бойдон өлкө башчысына жеткирерин өз мойнуна алып, бул маселеге кыска мөөнөттө чекит коюларын убада кылды.
Ал эми аты-жөнүн атоодон айбыккан Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында, ала-букалыктар 25-сентябрда аталган чатактуу ишти караган Ала-Бука райондук сотунун судьясы Абибилла Жарымбетовду иш бөлмөсүнөн ой-боюна карабастан сүйрөп чыгышкан.
- Алар адегенде райсоттун имаратында жарым саатча Абибилла Жарымбетов менен маселени катуу талашып-тартышты. Андан соң гана агрессивдүү тарап аны жол бою сабап, РИИБге сүйрөп алып келишти, - дейт Ала-Бука РИИБнин кызматкери.
РИИБнин өкүлүнүн айтымында, Ала-Бука райондук сотунун судьясы Абибилла Жарымбетовдун ала-букалык эки өзбек тектүү тургунду ээнбаштык кылгандыгы үчүн үй камагына чыгарган чечимин Жалал-Абад облустук соту да күчүндө калтырган. А жабырлануучулар - кыргыз тарап муну өтө жумшак жана эң акыйкатсыз чечим деп эсептешип даттанышканына карабастан, Жалал-Абад облустук соту Жарымбетовдун чечимин күчүндө калтырган.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ала-Букага коомдук коопсуздукту күчөтүү максатында бир нече күн мурда кошумча күч жөнөтүлгөндүгүн, бирок соңку кезде кырдаал турукташып калгандыктан аларды кайра кечээ чакыртып алышкандыгын, учурда быякта акыбал жайында экендигин "Жаңы Агым" гезитине маалымдады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Жалал-Абад облусу





Оп, майда
Ошто оору өтө көп
Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан турган комиссия түштүк борбордогу саламаттык сактоо системасын текшерүүнү башташты. Себеби бул аймакта жыл өткөн сайын аталган тармактын абалы начарлап барат. Ош шаарында балдардын өлүмү башка аймактарга салыштырмалуу көп экен. Алсак, жаңы төрөлгөн миң ымыркайга республикалык көрсөткүч боюнча балдардын өлүмү 21,1ди түзсө, Ош шаарында 54,7ни түзөт. Ушундай эле көрсөткүч туберкулез жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарда бар. Жарандардын жашоо узактыгы Ош шаарында республикалык көрсөткүчтөн 3 жылга төмөн жана узактыгы 66,8 жашты түзөт. Паразитардык дартка чалдыккандар жалпы инфекциялык оорулар менен ооругандардын 53%ын түзөт. Гепатит вирусу менен ооругандар 15%, туберкулез менен ооругандар 5%. Былтыркы жылга салыштырмалуу паразитардык оору менен ооругандардын көрсөткүчү 250дөн 541,8ге, гепатит вирусу менен ооругандардын саны 72,4төн 146,6га, туберкулез 38,2ден 55,2ге чейин, бруцеллез 10,2ден 26га чейин өсүптүр.
Опера ырчылары япондорго ыраазы
Бишкек шаарындагы Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театры отуз жылдан бери музыкалык аппаратын алмаштыра албай кыйналып жүргөн экен. Жакында Япония элчилиги 35 миң долларлык музыкалык жабдык берип ырчыларды кубандырды. Эскилиги жеткен музыкалык жабдыктар менен үнүнүн болушунча кыйкырып ырдаган ырчылар япон элчилигине ыраазы. Жапон достор 1996-жылы да симфоникалык оркестрге атайын музыкалык комплект белекке беришиптир.


Айылдыктар кино көрүшөт
Ушу күндөрү Бишкекте "Бир дүйнө Кыргызстан - 2012" эл аралык даректүү тасмалардын фестивалы өтүүдө. Адам укуктарына арналган бул фестивалга 32 режиссердун тасмасы катышып жатат. Алардын жарымы Кыргызстандан болсо, жарымы алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен. Даректүү тасмалар 2-октябрдан баштап Кыргызстандын ар кайсы аймактарында көрсөтүлөт. Эске салсак, аталган фестивалдын ачылышына экс-президент Роза Отунбаева жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен баштаган меймандар катышкан.

Уркашка эстелик тургузулду
Кечээ залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин "Ала-Арчадагы" көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Анын ачылышына маркумдун жакын туугандары, өкмөт мүчөлөрү катышты. Эстеликти ачып жатып Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов: "Уркаш Мамбеталиев азыркы манасчылар менен Саякбай, Сагымбайлардын ортосундагы алтын көпүрө болгон. Эгер кимде ким кыргыздын тарыхын билгиси келсе, анда Манасты окусун" деген ою менен бөлүштү. Эске салсак, залкар манасчы 2011-жылдын 18-июнунда 77 жаш курагында дүйнө салган эле.


Мындан ары көчөлөрдөн диск издебегиле
Дисктерди көрүнгөн жерге сатууга тыюу салган токтомго башбакан Жантөрө Сатыбалдиев 26-сентябрь күнү кол койду. Мындай токтом пираттык дисктерди азайтуу максатында кабыл алынган. Мындан кийин көчөлөрдө, базарларда, жер алдындагы өтмөктөрдө диск сатууга тыюу салынат. Ал эми диск сатуучулар Сатыбалдиевдин токтомун угуп алышып чалкасынан кетип жатышат.Токтом боюнча дисктер атайын лицензия алынган жерлерде гана сатылышы керек. Сатуучулар болсо дароо каршы чыгып жатышат. Алардын айтымында, көчөдөгү дисктердин баасы 40-50 сом, ал эми лицензиясы бар дисктер 800 сомду чапчыйт.


Көзү ачыктар менен Турсунбайдын согушу
Депутат Турсунбай Бакир уулу КТРКда көрсөтүлүп жаткан "Аалам сырлары" реалити-шоусун жабууну талап кылып чыкты. Анын айтымында, көзү ачык бүбү-бакшылардын көбөйүшү акыр заманга алып барат. Ага интернет колдонуучулары аталган программаны жаптырууну суранып арыз менен кайрылышкан. Ал эми "Аалам сырларынын" режиссеру Асыл Апасова Кыргызстан динден тышкаркы мамлекет экенин, аны жабууга эч кандай негиз жоктугун айтат.


Кыргыздар да "Оскар" сыйлыгын алышат
Ушул жылдын 27-октябрында "Манас" кинотеатрында кыргыз "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу"Кыргызфильмдин" башдеректири Таалайбек Кулмендеев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымына караганда, кыргыз "оскары" "Ак илбирс" деп аталып, атайын 12 номинацияда тапшырылат. Мындан сырткары "Кыргызкинематографиясынын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн" деген да сыйлык тапшырылат. Конкурска 2011-жылы тартылган ата мекендик тасмалар катыша алышат. Бул иш-чараны кыргызстандык 8 белгилүү кинорежиссер уюштуруп жатышат. Конкурска катышууну каалагандар октябрга чейин арыздарын калтырышса болот.


Айтматовдун белгисиз романы табылды
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мурда жарык көрбөгөн романынын кол жазмасы табылды. Жазуучунун кызы, парламент депутаты Ширин Айтматованын айтымында, кол жазманы анын апасы таап алган. Роман 1941-жылы башталган Чоң Чүй каналынын курулушу жөнүндө баяндайт. Романда курулуштун катышуучусу, башкы каармандын сүйүүсү, анын турмуш баалуулуктары тууралуу ой жүгүртүүсү, каналды казуу учурундагы археологиялык табылгалар сүрөттөлгөнүн айтат жазуучунун кызы Ширин айым. Депутаттын айтымында, буюрса бул китеп да кыргыз окурмандарынын колуна тиет. "Бирок ага чейин чыгарманы оңдоп-түздөп, жоголгон барактарын да толуктоо керек" дейт Ш.Айтматова. Ушунча убакыт залкар жазуучунун китеби өз кабинетинде белгисиз бойдон жатканы да кызык.


"Жаңы Агым" - пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??