presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Шыпаагер
Жыл өткөн сайын экологиянын бузулушу менен бирге ар кандай дарттар да күч алууда. Кыргызстанда буга чейин бруцеллез оорусу менен айылда мал арасында жүргөндөр ооруса, азыр өмүрү малга жолобогон шаардыктар да оорушууда. Буга эмне себеп? Бишкек шаарындагы инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит АЛИЕВден бруцеллез дартына чалдыккандар тууралуу маалымат алдык.

Бруцеллездон кантип сактанса болот?

- Негизи бул дартка чалдыккандар жергиликтүү ооруканаларда дарыланышат. Өз убагында жакшы дарыланбай, өнөкөт бруцеллезго кабылганда невропатологдор дарылайт. Кыргызстанда ветеринардык кызмат быйыл жылкылардан бруцеллезду текшерген. Бээнин сүтү саалып, дарылыкка берилип аткан мезгилде сегиз малдан бруцеллез ылаңы чыккан. Ылаңдаган малдын сүтүн ичкен адам сөзсүз бул дартка чалдыгат. Андыктан кандай гана сүт азыктары, эт болсо да ветеринардык уруксаты таза деген гана жерден азыктануу сунушталат.
Бруцеллез деген эмне?
Бруцеллез жаныбарлардын жана адамдын нерв жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Бруцеллезду бруцелла бактериялары козгойт. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине суукка абдан туруктуу келет.
Бул дарт адамга кандай жол менен жугат?
Оорулуу мал бала салганда, туут учурунда бруцеллез деп аталган оорунун козгогучтары бөлүнүп чыгат. Бул учурда мал турган жер жугуштуу болот. Козгогучу жерде, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Бруцеллез менен кой, эчки, бодо малдар (уй, топоз), бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт. Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башкалар менен сыртка бөлүнүп чыгып жер-сууну булгайт. Бруцеллез менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт.
Адамга дарттын козгогучу негизинен булганган же чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган тамак-ашты (сыр, май, быштак жана башка), чала бышырылган этти жегенде, ылаңдуу малды бакканда, аларды туудурганда, колдун терисиндеги майда жараат, кесиктер аркылуу, ошондой эле булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Бруцеллез мал чарбасында иштегендерде (койчу, уйчу, саанчы, зоотехник, ветеринариялык кызматкерлер), малдан алынган азыктарды чыгаруучу жана тери, жүн иштетүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчуларда көп кездешет. Тилекке каршы акыркы кезде шаарда да бруцеллез менен ооругандар көбөйө баштады. Мунун себеби, көчөдө сатылган сүт азыктары, ветеринардык уруксаты жок эттен жана башка ушул сыяктуу тамак-аштардан жугуп атканы белгилүү.
Оорунун белгилери кандай?
Бруцеллездун белгилери өтө көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. Оорунун алгачкы белгиси ал жуккандан 2-3 жума өткөндөн кийин (инкубациялык мезгил) билинет. Адам алы кетип, чыйрыгып, эти ысыйт, башы ооруп, кара тер басат. Оору кээде капысынан катуу башталат, баш катуу ооруп, дене табы 39-40°ка жетет, тер басып уйкусу качат, чыйрыгып, алы кетет, булчуңдары, муундары кыймылдатпай катуу ооруйт. Кан тамырлар, нерв системасы жана сөөктөр, муундар жабыркап, кээде психиканын бузулушу байкалат. Бруцеллез оорусу үч айга, айрым учурда 1-2 жылга чейин созулат. Оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе оорулуунун ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, майып болуп калат. Кош бойлуу аялдардын боюнан түшүп калышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу зарыл. Ооруну үй шартында дарылоого болбойт, ооруканада гана дарылайт.
Бруцеллезду кантип алдын алса болот?
Бруцеллездун алдын алуу үчүн ылаңдуу малды өз убагында таап, аны соо малдан бөлүү же союп жок кылуу керек. Терисин эки ай туздап, жүнүн бромдуу метилге чылоо сунуш кылынат. Бруцеллёз чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек. Мал чарбасында, жаныбар сырьёлорун иштетүүчү өнөр жай ишканаларында (эт, сүт комбинаты, жүн, тери иштетүүчү ишкана жана башка) иштегендерди жыл сайын медициналык атайын кароодон өткөзүп, аларды алдын ала ооруга каршы эмдеп туруу шарт. Атайын кийимдер (резина өтүк, резина колкап, комбинезон, атайын халат), жеке гигиеналык каражаттар (сүлгү, самын, кол жуугучтар, жугушсуздандыруучу химиялык заттар жана башка) менен камсыздандыруу, жеке жана коомдук гигиеналык эрежелерди туура сактоо, иштен кийин жана тамактануунун алдында өзгөчө колду самындап таза жууп туруу керек. Мындай жерде өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар иштөөгө болбойт.
Андан тышкары көчөдө сатылган сүт азыктарын, көзөмөлгө алынбаган тамак- аштарды сатып албоо керек. Бардык азыктарды термикалык тазалоодон өткөрүү шарт. Шаарда көчө кыдырып саткан сүт азыктарын ветеринардык кызмат көзөмөлгө алыш керек. Алар колго алып, иштеп атабыз дегени менен көчө бойлоп, базарларда желим бөтөлкөлөргө сүт азыктарын сатып отургандарды көрүп эле атабыз. Эмнегедир эч кандай текшерүү, канааттандырарлык жыйынтык деле байкалбайт.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??