presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көкүрөктөр бош эмес
17-21-сентябрда Казакстандын Астанасында жатып алып штанга көтөрүү боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Бизден болгону 10 спортчу катышып, баары тең мойнуна медаль тагынып келишти. Командалык эсепте 3 күмүш, 2 коло жана 5 алтын бар. Алымбек уулу Азамат (өспүрүмдөр, 59 кг), Акжолтой Раматов (суб-өспүрүмдөр, 66 кг), Раматов Марат (Masters 1, 74 кг), Елена Конева (Masters 2, 59 кг) жана Ольга Саматова (Masters 2, 84 кг) Азия чемпиону деген наамга татыктуу болушту.

62 жаштагы футболчу
Баткенде облус губернатору ой, көнүп калыпмын да, өкмөттүн толук ыйгарымдуу өкүлү Ж.Разаковдун Кубогу үчүн футбол боюнча турнир өттү. Эки күн бою Кызыл-Кыянын стадионунда кыйкырык-сүрөөн жаңырып турду. Жыйынтыгында талаа ээлери, Кызыл-Кыя шаарынын топ тепкичтери чемпион болушса, күмүштү Баткен районунун спортчулары алып кетти. Үчүнчү орун үчүн болгон кичи финалды Караван айылынын жигиттери утуп, коло тагынышты. Адаттагыдай эле баарына баалуу белектер, диплом, сыйлыктар берилди. Кызыгы башкада болду. 62 жаштагы кызыл-кыялык Тавакел Кошбеков аксакал жаштардан кем калышпай топтун артынан чуркап, командасын чемпион кылганга жетишти.

Кыздар кор болушпады
"Футбол жана мен кордукка каршыбыз" акциясынын алкагында "Абдыш-Атанын" аялдар командасы менен "Замандаштын" жигиттеринин ортосунда достук беттеш болуп өттү. Оюндун 20-мүнөтүндө эле эркектер 3:0 эсебинде талкалай башташты. Тыныгуудан соң бирөө-жарым анчалык кордобогула дедиби же кыздар оюндан кийин үйүбүзгө эле кетебиз деп коюштубу, айтор, бат эле эсеп теңеле түштү. Эмне себептен эркектер кыздарды ута албаганын эч ким түшүнө албай калышты. Анткени жыйынтык 4:4 деп турганы аябай шек туудурду да. Кыздар утулбай калгандарына аябай кубанышса, эркектер кыздардын кубанып жатышкандарына бир нерседен үмүт эткендей кубанып алышыптыр.

Ольга апчем оодара койбосун
Бразилиядан жакшы кабар келди. Былтыр кол күрөштүрүү боюнча дүйнө чемпиону болгон мекендешибиз Ольга Ярославцева кайрадан ааламда эң кыйын экенин далилдей алды. Ал оң кол менен күрөшүү боюнча жарышта финалда Швециянын сулуусун жеңип чемпион аталса, сол кол менен болгону 6-орунду ээледи. Мурункуда сол кол менен вице-чемпион аталды эле, бул ирет бир медалга эле шүгүр деди.

Эрбол, болсоң эр бол!
11 жаштагы "Абдыш-Ата" футбол клубунун оюнчусу Эрбол Атабаев "Барселонанын" футбол академиясында окуусун баштады. Мекендешибиз 2 жыл ал жакта окуган соң, кайрадан экзамен тапшырып конкурстан өтөт. Өтүп калчу болсо Месси братаны менен бир катарда каталондуктардын намысын коргой баштайт. Кудай буюруп "Барсада" ойноп калса, бир эле ата-энесин эмес, Кант шаарын бага турган спонсор болуп чыга келет го. Анткени ал клубдун оюнчуларынын айлыгы 8 цифра менен эсептелери сыр эмес. Эрбол, мүмкүнчүлүктү кетирбе, сага ийгилик каалайбыз!

Өлкө чемпиондору өзгөрө баштады
"Комбинирленген пирамида" боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Ага кийдин атасын тааныткан 42 спортчу катышты. Аты дүйнөгө таанылып калган менмин деген спортчулар турса да финалга жаш таланттар Ызатбек Ратбеков менен Дастан Лепшаков чыгышты. Ызакебиз Дастанды - 7:4 эсебинде утуп, өлкө чемпиону деп табылды. Маңдайына колону эле жазып койгонбу, айтор, Бишкекте өткөн дүйнө биринчилигинде да колону уткан Канат Сыдыков бул жолу да үчүнчү орундан бийик секире албады.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??