presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Атамбаев Жапаровго сөөмөй кезеди
Президент Алмазбек Атамбаев шаршембинин кечинде Коомдук каналга курган маегинде элдин бүйүрүн кызыткан маселелердин башын ачты. Ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясый абалга кеңири токтолуп, бюджет дефицити толук жабыларын, парламент таркатылбасын, коррупцияга каршы күрөш улантыларын билдирди. Ошондой эле парламенттеги оппозициячыл "Ата журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровго байланышкан кылмыш иши саясый буйрутма эместигин баса белгиледи. "Жапаров муну Кыргызстандагы эң ири алтын кени боюнча көтөргөн маселесине байланыштырууда. Ал эми чындыгында алтын кенине байланышкан маселе 2009-жылы эле чечилген. Ошол жылы келишимге кол коюлуп, ал парламентте ратификацияланган. Бул келишимдин аныктыгын Конституциялык сот да ырастаган. Андыктан келишимди өзгөртүү кыйын. Садыр Жапаров 2008-2010-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин башчысы болгон, а эмне үчүн ошондо унчукпай отурду? Ошол жылдары коррупциянын гүлдөшү туу чокусуна жеткен. Депутаттын түрмөдө отурушу нонсенс деп атышат, жок, ошол уурулардын депутат болуп шайланышы нонсенс. Ооба, парламенттеги көпчүлүк депутаттар таза иштеп атат, бирок алардын арасын тазалаш керек. Бүт бийлик бутактарын тазалоо керек. Мени коркута алышпайт, ууру түрмөдө отурушу керек" деп ташка тамга баскандай айтты. Атамбаевдин албууттанганына караганда дагы далай депутат, министр, аткаминерлер эркиндиги менен кош айтышат го…


Үсөн аке үкаларын бириктире албай убара
Кадимки Үсөн аке Сыдыков 18-сентябрь күнү "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров , "ата журтчу" Акматбек Келдибеков баштаган үкалары, уулу Бакыт Сыдыковду үйүнө чайга чакырды. Дасторкон үстүндө саясаттан кеп козгошуп, "Бүтүн Кыргызстан", "Жаңы Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" жана "Ата журт" партиясын бириктирип, күчтүү оппозициялык блок түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн узун кулактар шыбырашууда. Үсөн акенин мындай демилгеси көпчүлүгүнө майдай жакканы менен "Улуттар биримдигинин" лидери, Ош мэри Мелисбек Мырзакматов сунуштан баш тартыптыр. Мелисбек Жоошбаевич "кочкорлордун" башы бир казанда кайнабастыгын, жаңы оппозициялык блок жаратуудан майнап чыкпастыгын түшүнүп аткандай…


Азике коррупционерлерди атады. А өзүчү?
Өткөн эки революциянын "бульдозеру" Азимбек Бекназаровдун Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлигин коюшу коомчулуктун кескин сынына кабылды. Көпчүлүгү анын бул орунга ат салышуусуна моралдык укугу жок дешүүдө. Маселен, сот системасын көзөмөлдөө боюнча кеңештин мүчөсү Рита Карасартова А.Бекназаров ириде саясатчы болгондуктан судьялыкка талапкерлигин койбошу керектигин "Азаттык" радиосу аркылуу обого жаңыртты. "Конституциялык палатага келсе, ал сөзсүз түрдө анын төрагасы болууга тырышат. Ал - саясатчы. Чынын айтканда, саясат менен ойноп атып тажадык. Бизде экономикага экономисттер, юриспруденцияга юристтер келсе жакшы болот эле. Экинчиден, ал убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Мурунку Конституциялык сотту жокко чыгарган ошолор. Муну көп эле юристтер мыйзамсыз деп эсептейт" дейт ал. Бирок кеп жебеген Азике Аскар Акаев доорунан бери келаткан коррупциялык схемалардын бетин ачкан "Унчукпай коюуга акым жок" аталыштагы баяндамасын жарыялады. Анда ал өзүнөн башкасынын баарын ашынган коррупционер атап салыптыр. Элдин, мамлекеттин байлыгын ашаган "азаматтардын" ысымын ачык жазганына баракелде. Арийне, анын апрель окуясынан кийин банк кутучуларынан табылган миллиондорду кантип бөлүштүргөнү боюнча телефондук сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып, экс-аткаминерлерди калкалаганы үчүн жүз миңдеген доллар салынган конверттерди алганы маалымат каражаттарында далай айтылды. Жарыктык киши өз баяндамасында мына ушундай сөздөргө да токтолуп, агын ак, карасын кара деп койсо туура болмок экен. Же бардыгы "капкара", жалгыз Азимбек Анаркулович "ак каргабы"?


Акыры камалат
Мындан үч күн мурда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда болгон жаңжал (бул окуя боюнча макаланы 3-беттен окуйсуздар) атайылап уюштурулганы туурасында аңыз тарады. Күбүр-шыбырларга караганда, мунун артында мына-мына камалат делген, артында калдырак-шалдырагы бар "Республиканын" бир берени турат дешет. Анын неге минтип чагым салып, элди дүрбөлөңгө түшүргүсү келгени белгисиз. Же өзүнө карата ачылган кылмыш ишинен улам бийликке ушундайча сес көрсөтүүнү көздөгөнбү? Бирок анын мындай аракетинен майнап чыкпайт. Эмки айда укук коргоо органдары анын колуна кишен салып темир торго отургузарынан кабардарбыз.


Сатыбалдиев Сатыбалдиевди "кидайт" эттиби?
Мурдагы Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев акасы Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башчылыкка сүрөөнгө алгандардын көч башында болгону маалым. Премьер болсом эле сенин кадрларыңды кызматка коем дегендей убаданы дүңүнөн берген Жантөрө Жолдошевич эми анысын унутуп, тигини томсортконун кулагыбыз чалды. Элмурза мырза, ага анчалык капа болбоңуз, "эшеги суудан өткөн" соң "кидайт" этмейлер саясатта көп кездешерин билесиз. Эң башкысы, чырайлуу ырчыларды чырайына чыгара сыйлап, бирок башка күн түшкөндө берген белектерин доолагандан кудай өзү сактасын.


Мэрликке талпынгандар: Суваналиев, Сариев. Дагы ким?
25-ноябрга белгиленген Бишкек шаардык кеңешине партия аттуулардын бардыгы кызуу даярдык көрүүдө. Бул жерде негизги күрөш - калаа башчылыгына жүрөрү айтпасак деле түшүнүктүү. Ал эми Бишкек мэрлигине генерал Өмүрбек Суваналиев , Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев , шаардык кеңештеги "Ата мекен" фракциясынын лидери Камалдин Токтосартов талпынган кези. Ошондой эле учурдагы мэр Иса Өмүркулов да жылуу ордун сактап калуу үчүн бардык күчүн жумшары белгилүү.


"Кыялдын" Москвадагы кылыгы
Өткөн жумада биздин өлкөнүн Россияда маданий күндөрү өттү. Маданий күндөр жалаң ырдап-бийлөө менен өтүшү керекпи же маданиятка тиешелүү башка иш-чаралар болуш керек беле, бул жөнүндө сөз өзүнчө. Биз ошол иштин алкагында болгон бир окуя жөнүндө айткыбыз келет. 21-сентябрь күнү Москванын киноактерлор үйүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмө болду. Ага Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов, орунбасары Кудайберген Базарбаев, "маданий" чиновник Рыскул Боронбаев ж.б. тиешелүү адамдар, журналисттер да бардык. Орус тараптан орунбасар министр жетектеген азыноолак адам гана болду.
Дардайган дубалдын бетине анда-санда саймаларды, кийиз буюмдарды, анан картина сыяктуу жасалган кыздардын 18 окшош сүрөтүн илип коюшуптур. Жерде кенедей боз үй, айнектердин ичинде кийиз оюнчуктарды коюмуш этиптир. Бу көргөзмөнү уюштурган "Кыял" мамлекеттик ишканасы экен. Жетекчиси Султанбек Макашов.
Бу ишкананын ушунчалык көзгө комсоо, көрүнүшү эстетикалык рахат тартуулабаган "көл өнөрчүлүгүн" ким тандады экен? Анан калса стендде илинген буюмдар тууралуу бир ооз түшүндүрмө жок, же аны уюштургандардын бирөө көрүп жаткандарга оозеки түшүндүрбөдү. Жунусов менен Базарбаев өздөрүн кандай сезди билбейбиз, бирок биздин бетибиз жакшы эле чымырады.
Биз Султанбек Макашовду сыйлайбыз. Бирок ушундай көргөзмөдө улут намысын көкөлөтпөй эле жерге чапкан мындай халтурасы үчүн мындан ары кантип сыйлайбыз? Султанбек мырза, мындан ары жаштарга орун бошотсоңуз кантет? Болбосо эртеси Калуга облусуна жайгашкан "Этномирдеги" кыргыздын чыныгы кол өнөрчүлүгүн көрдүк го. Булар жөнүндө чоң сөз алдыда.


Көмүскөдөгү "серый кардинал"...
Кубанычбек Жумалиев деген акаевчи бар. Ким кимдин тушунда иштесе ...евчи деп калбадыкпы. Кубанычбек мырза Акаевдин тушунда кандай премьер, министр болуп иштегенин элдин баары билет. Жоон орто да эмес, орто эле болчу. Мамлекеттик иште, саясатта анча болбогон менен Кубанычбек Мырзабековичтин өнөрү кадр таптоо жагынан күчтүү чыккан экен. Билгендер ушу тапта бийликте отургандардын көпчүлүгүнө анын түз же кыйыр таасири азыр да катуу дешет. Мунусу өткөндө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди сүрөгөндө абдан көрүнгөнүн айтышууда. Кубанычбек мырза азыр илим тармагына кетип калган, бизнес болсо күргүштөп жүрүп атат. Адамга дагы эмне керек?
"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??