presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз студенттерине чет элдиктер кам көрөбү?

"Жатаканада жашабаган студент студент эмес" деген сөз бар. Бирок азыркы убакта жатаканада жашап, чыныгы студент болгусу келгендердин тилегин таш кабышы мүмкүн. Анткени азыр союз убагындагыдай жатаканаларда ыңгайлуу шарт жок. Студенттик жатаканалардын курулушун мындай коюп, мурунку жатаканалардын башка багытта колдонулуп жатышы мамлекеттин студенттерге болгон көңүлкош мамилесинен кабар берет. Жаңы окуу жылы башталып, жатаканадан орун таппай көрүнгөн тууганынын эшигин каккылап, таманы тешилгенче батир издеген студенттер четтен чыгат. Бүгүн биз элес албаган, бирок келечек ээлери үчүн өтө маанилүү болгон студенттик жатаканалар маселесин колго алдык. Анда сөз башынан болсун.

Ойдогудай болсо
эмнеге орун жетпейт?
Алгач Бишкектеги студенттик жатаканалар тууралуу маалымат алуу максатында Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда жатаканалар ар бир окуу жайдын ички маселеси экенин айтып эч кандай маалымат бере алышкан жок. Министрликтин кайдыгер жообунан кийин борбордогу айрым ЖОЖдорго башбагып, жатаканалары тууралуу маалымат алдык. Кыргыз улуттук университетинин окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору Жеңишбек Акматовго кайрылганыбызда: "Учурда 1200гө жакын студентибиз жатканаларда жашайт. Мындан тышкары 88 жаш үй-бүлө жатаканада жатып билим алып жатышат. Айына 290 сомдон төлөшөт. Жатакананын акысын 80-100 сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Анткени өзүңүздөр билгендей баары кымбаттап жатат. 1985-91-жылдары баш-аягы он чакты жатаканада жалпысынан 5-6 миң студент жашачу. Жатаканага талап аз болгондуктан айрымдарынын имараты окуу корпусуна айланып кетти. Жатаканага студенттердин арызы боюнча кабыл алабыз. Төмөнкү курстарга жана социалдык жактан аз камсыз болгондорго кезексиз түрдө орун берилет" деди. Ал эми Бишкек гуманитардык университетинин 600 орундуу жатаканасы бар. Аталган университеттин чарба иштери боюнча проректору Канат Токтобаевдин айтымында, жыл сайын 600гө жакын студенттер жатакана үчүн арыз беришет. Канат мырза студенттер азыркы убакта жатаканага анча деле муктаж эмес деп эсептейт. "Студенттердин көбү жакындарыныкында же болбосо эки-үчтөн биригип алып батирлерде жашашат. Жатаканага кезек күткөн студенттер деле жок" дейт. Кыскасы, ЖОЖдор студенттерди толук шарты бар жатаканалар менен камсыз кыла албайт. Анткени 20 миңдин тегерегинде студенти бар окуу жайлардын 1000 орунга жетпеген гана жатаканалары бар. Кезек күткөндөн түңүлгөн студенттер айла жок, баш калкалоонун башка жолдорун издешет. Кээ бир ЖОЖдордо жатакана деген түшүнүк да жок.

Капырай, студенттерди ойлогондор да бар тура
Бишкекте социалдык жатакана деген түшүнүк бар. Аны көбүнчө араб, түрк же башка улуттагы ишкерлер кайрымдуулук катары курушат экен. Мисалы, "Даткайым" аттуу жатаканада жалаң кыздар жашайт. Өзүн Назира деп тааныштырган студент кыз өткөн жылы аталган жатаканада жашаганын айтат. Ал айына 800 гана сом төлөп жашаган. "Үч маал ысык тамак беришет, үтүктөн баштап кир жууган машинеге чейин бардык керектүү буюмдар бар. Кечки сегизден кийин эч жакка чыгарбайт" дейт студент. Биз аталган жатаканага барганыбызда ичине кирүүгө болбой тургандыгын айтышты. Биз барган учурда жатаканадан хиджаб кийген кыргыз кыздары кирип-чыгып жатышты. Ал эми "Даткайым" кыздар жатаканасынын жетекчиси Салтанат Бекмырзаева "биздин жатакана коомдук фонд тарабынан түзүлгөн. Азыркы учурда 90 кыз жашайт. Анын 40 оруну Ислам институтунун кыздарына берилген. Бизди эч кандай чет элдиктер каржылабайт. Кыргыздын эле жеке ишкерлери, коомдук уюмдары колкабыш кылып турушат. Биз жатаканага өтө муктаж болгондорду гана алабыз. Полго болсо да жатат элек деп көп кыздар жалдырап келишет. Баарына жардам бергенге аракет кылабыз. Эч кандай диний окууларды өтпөйбүз. Болгону билим алууга толук шарт түзүп беребиз" дейт. Борбордогу "Биринчи кадам" аттуу кайрымдуулук мекемеси да окуучуларга камкордук көрүп келет. Аталган имаратка башбакканыбызда жетекчилери жок болуп чыкты. "Жатаканада жашаган балдар айына эки жарым миң сомдон төлөйт. Азыр бул жакта мектеп окуучулары жашап жатат. Мурда студенттер жашачу. Күнүнө үч маал ысык тамак берилет. Жардамга муктаждар акысыз жашаса болот" дейт жатакана балдары.
Дегеле жатакана маселеси борбордогу эки түрк жогорку окуу жайларында гана дурус чечилген. Ал эми акыркы кезде жатакана курганды мындай кой, колдо барын ремонттоп өз орду менен пайдалануу жагы да ойдогудай эмес.

Үй эмес үңкүр
да жок
Өткөн жумадагы эс алуу күндөрүмдү студент досторума батир табууга жардам берүү менен өткөрдүм. Алгачкы кадамыбыз интернет аркылуу жарыялар боюнча издөө болду. Кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча иштеген бир канча сайтка кирип, ал жактагы жарыялардагы телефондорго чалып баштадык. Биз чалган дээрлик бардык телефондор кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер болуп чыкты. Бит карагансып гезиттердеги жарыяларга да көз чаптырдык. Ал жакта "ортомчусу жок батирлер ижарага берилет" деп жазылганы менен алардын деле аягы агенттиктерге барып такалып жатты. Агенттиктерге чалсаң акысыз бир дагы маалымат бербейт экен. Айла жок бир агенттикке 700 сом төлөп алардын кызматынан пайдаланууга туура келди. Акчасын төлөгөндөн кийин бизге ыңгайлуу делген райондон 5 даректи жана алардын кожоюндарынын номурлары жазылган кагазды колубузга карматты. Ошентип ар бир номурга чалып чыктык. Бирине чалсак эчак эле ижарага берилип кетиптир. Экинчиси студенттерди албайт экен. Үй-бүлөлүүлөрдү гана алабыз деди. Үчүнчүсү жергиликтүүлөрдү кабыл албайт, бир гана чет өлкөлүктөргө берилет экен. Төртүнчүсү алдын ала 3 айдын ижара акысын төлөйсүңөр деп жарга такады. Бешинчи номур батирге тиешеси жок каяктагы бирөөнүн номуру болуп чыкты. Кыскасы эки күн батирден жолубуз болгон жок. Агенттикке кайра-кайра чалып атып башка бир номур алдык. Аталган дарек боюнча барсак эки бөлмөлүү батирди 400 доллар деп тырышып туруп алды. Чөнтөгү жука студент досторум батирден айла жок баш тартышты. Кыскасы, алар дагы деле батир таба албай көрүнгөндүн эшигин каккылап жүрүшөт. Жатаканада жашайлы десе орун жок, батирге чыгалы десе аларга ылайыктуусу табылбайт. Агенттиктерге ишенген досторум жатаарга түнөк тапсак болду деп батир издөөнү кызуу улантып жатышат.

Күн санап кымбаттаган батирлер
Бишкекте батирлердин ижара баалары ар кандай экенин шаар ичин аралап жүрүп өз көзүбүз менен күбө болдук. Алар шартына, жайгашкан жерине жана сезонго жараша өзгөрүп турат. Маселен, жаңы конуштарда же шаар ичинде курулган бир бөлмө үйлөр (болжол менен аянты 2 чарчы метр) орточо эсеп менен алганда 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин барат. Көбүнчөсү электр энергиясына болгон чыгымды өзүнчө төлөтөт. Бир сөз менен айтканда, мындай батирлерге эптеп эле баш калкалоого болот. Шарт деген такыр жок. Полу цемент, үстүнө линолеум төшөп коюшкан. Көп учурда мындай үйлөрдү кантала деген кан соргучтар мекендейт. Мындай бөлмөлөрдөн сыркоолобой кыштан чыгуу мүмкүн эмес. Чөнтөгү жука студенттер ушундай үйлөрдө жашап жатканына өзүбүз күбө болдук. Атын айтуудан баш тарткан студенттер гезитке пикир айтуудан баш тартышты. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн ижара акысын билүү үчүн кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктердин биринин жетекчиси Мирайым Солобаевага кайрылдык. Кызмат көрсөтүүнүн баасы 500 сом, алар кардарларга бир айга чейин жардам бере алышат. "Эми үйлөрдүн ижара акысы сезонго, жайгашкан жерине жана шарттарына жараша өзгөрөт. Мисалы, 5000 сомдук үйлөр чанда кездешет. Негизи сезон убагында бир бөлмөлүү үйлөр 8000 сомдон башталып, 20 миңге чейин жетет. Эки бөлмөлүү үйлөр 10 миң сомдон башталып, 28 миңге чейин барат. Ал эми үч бөлмөлүү үйлөр 14 миңден башталып 40 миңге чейин кете берет" дейт Мирайым Солобаева.
Бишкекте кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктерден көп нерсе жок. Жаш журналист Адила Доолбекова агенттиктердин эмне иш кыларын түшүнбөй турганын айтат. "Бир кичинекей бөлмө, эки компьютер жана бир телефон менен агенттик ачып алышат. Кызматкерлер бериле турган квартира тууралуу жакшы деле маалымат бере алышпайт. Кыскасы, агенттиктерден түңүлдүм" дейт.

Жатакана деген
чоң бизнес
Бишкектеги айрым ЖОЖдордун жетекчилери студенттик жатаканаларды кошумча акча табуунун булагына айлантып алышкан. Ректорат комендант менен биргеликте студенттик жатаканаларга студент деген статусу жокторду деле үй-бүлөсү менен жаткырышат. Алардыкы башка тариф менен эсептелинет. Мындай фактылар Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, искусство институту жана башка бир нече ЖОЖдорго тийиштүү экенин бир катар студенттер айтышты. Алар окуу жайдан чыгарып салат деп өздөрүн тааныштыруудан баш тартышты. Маселен, өткөн жылы искусство институтундагы жатакана бизнесинин бетин ача коем деп бир студент окуудан айдалган.
Бул материалды даярдап жатып студенттик жатакана маселеси Бишкекте өтө курч маселе экенине дагы бир ирет ынандык. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн студенттерге толук шарт түзүп бериш керек. Эгер студент сабакта отуруп "бүгүн кимдикинде жатам?" деп ойлонуп отурса анын акылына эч нерсе кирбейт. Болбосо жыл өткөн сайын батирлердин акысы асмандап барат. Квартирага акча төлөйм деп студенттер ар кандай оор жумуштарда жанталашып иштеп жатышат. Андыктан мамлекет ЖОЖдордун жетекчилиги менен биргеликте бул маселени чечпече билим деңгээли төмөндөбөсө эзели көтөрүлбөйт.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ. сүрөттөр автордуку




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??