presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мекенчил, карапайым анан үнөмчүл туркия
Албетте, азыр Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү чет өлкөдө жүрөт. Андыктан кайсы бир мамлекетке барып келгендердин мындан он-он беш жыл мурдагыдай ошол өлкөнүн таасирлери тууралуу айтып бергени жаңылык эмес. Айрыкча Түркия өлкөсү кыргыздардын күн сайын эле барып-келип жүргөн мамлекетине айланды. Бул өлкө айрыкча Кыргызстандагы билим берүү тармагына болушунча тереңдеп кирип, биздин миңдеген улан-кыздарыбызды тарбиялап жатат. Албетте, максаты түшүнүктүү. Ал тууралуу кийин кенен сөз болор. Биз түрк туугандардын Адана, Тарсус, Мерси шаарларында болуп, карапайым атуулдары менен пикир алмашып, аталган өлкөнү башка өңүттөн караганга аракет кылдык.

Түрк тилин дүйнөлүк тилге айланткан Караман паша
Чү деген эле жерден түрктөрдүн ашынган мекенчилдигин баса белгилеп кетүү керек. Чындыгында эле түрк боордоштордун эне тилге болгон сүйүүсү, мекенчилдиги кимди гана болбосун суктандырбай койбойт. Алар үчүн мамлекеттик гимн, байрак, чек ара жана эне тил деген түшүнүктөр ыйык баалуулуктардын катарына кирет. Андайды сөз менен айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Көрсө тилге, маданиятына жана туулган жерине болгон урмат-сый аларда миң жылдап калыптанган экен. Эне тилин эзелтен эле мамлекеттик тилге айландырышыптыр. Алардын тил тууралуу мыйзамы 1277-жылы кабыл алынган.
Тактап айтканда, Түркиянын Коня жана Караман аймагынын ханы Караман Мехмед уулу 1277-жылы: "Бүгүнтөн баштап мамлекеттик жыйында, көчөдө, ашканада, коомдук жайларда бир гана түрк тилинде сүйлөнсүн! Кимде-ким бул жарлыкты бузса, ага 50 балак урулсун!" деген жарлык чыгарат. Ал мыйзамдын күчү менен түрк тилин мамлекеттик тилге айландырып, калкты араб жана фарс тилдеринин таасиринен сактап калган. Демек, түрк тилинин бүгүнкүдөй дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүшүнө Караман Мехмед уулунун эмгеги зор. Ошондой мекенчил журт башчылардын акыбети кайтып, учурда түркий тилдеринде 220 миллион эл сүйлөйт. Насили түрк калктар тиягы Сибирь, Алтай, Хакасиядан тарта аягы Кавказ, Анадолу, Балкандарга чейинки кең мейкиндикти ээлеп жатат.

Түрктөр өз тамыры Орто Азиядан башталарын билет
Түрк эли ашынган мекенчил экенин ар бир жерден байкоого болот. Биздегидей өкмөттүк мекмелерде эле эмес дээрлик ар бир жеке үйдө, дүкөндөрдө, кафелерде, мечиттеринде, айтор ажатканадан башка жерлердин баарында мамлекеттик туу желбиреп турат. Ырчы, чоорчусунун, акындарынын ырларында Түркияны даңктаган бийик пафос дүңгүрөйт. Меймандос, сылык-сыпаа, бирок жыйындарда сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик кызматкерлери баш болуп Түркияда түрк тили гана сүйлөнүш керек экенин жана бул өлкөнүн кожоюну түрктөр экенин кайра-кайра кулакка куят. Айрыкча акындары толуп-ташкан эмоция менен "ойгон калкым, ойгон, ойгон түрк дүйнөсү, түрктүн душманына өлүм" деген маанайда күпүлдөшөт. Алардын жанында биздин улутчул деп күнөөлөнүп жүргөн депутатыбыз Камчыбек Ташиев, тили буруу гезиттер "кокуй, кыргыз тилин коргоп атат, мамлекеттик тилди билбегендерге айып салыш керек деди, бул - фашист" деп чыккан дагы бир депутат Урмат Аманбаева улутчулдуктун "у" тамгасына да татыбай калат. Ал эми калган кыргыздар алардын жанында өз улутуна, тилине, мамлекетине ушунчалык кайдыгер, ушунчалык аңкоо.
Биз чыныгы улутчулдукту түрктөрдөн үйрөнүшүбүз керек экен. Албетте, жакшы жагын гана. Дегеним ар бир улут өз мекенин, мамлекетин, эне тилин, туусун, улутун сүйүш керек, бирок ал сүйүү эч кимге зыян алып келбей тургандай болууга тийиш. Азыр XXI кылым. Өнө турган, өсө турган эл уруулук, улуттук деңгээлден көтөрүлүп адамзат баалуулуктарын ойлоно турган кез. Албетте, учурда Түркия үч деңиз курчап турган, Азиядан Европага созулуп жаткан империяга айланган улуу мамлекет экени чын. Андыктан улуу мамлекет улуттук идеологиясын да куру эмоцияга алдырбай улуудай жүргүзгөнү жакшы.
Ошентсе да мен бул фестивалда бир чети атайын, бир чети Түркиянын акындарына шыктанып көбүнчө мекенчилдик темасындагы ырларымды окуп, экинчиден, тарыхый чындыктарды бетке кармап "Мен кыргызмын" деген ырымдын акырын "Мен кыргызмын, түрк дүйнөгө атамын!" деп басым жасап бүтүрүп аттым. Аны моюнга алышты. Кашайып биз ашып кетсе эки жүз жылдык эле тарыхыбызды окуп караңгы болуп калган экенбиз. Дагы деле караңгы боюнчабыз. Элдин-селдир билгенибиз Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн архивдеринде кыргыз элинин тарыхы төрт миң жыл экени жазылып жүрөт дешет. Биз окуган эки жүз жыл анын алдында бир ширеңкенин талы күйгөнчө эле убакыт эмеспи. Бул төрт миң жыл аралыгында улуу кыргыз каганаты талкаланып, аны түзгөн элдин "Бири кетип каңгайга, бири кетип Алтайга, бири кетип эренге, бири кетип тереңге" анан кеткендер кайсы бир эл менен аралашып, миңдеген жылдар аралыгында өзгөрүп, өз алдынча улут болуп чыга келгени тарыхый факты тура. Кашайып биз ага деле кайдыгербиз. Мени кубандырганы түрктөр чындап эле ата-бабасы Орто Азиядан келгенин, Орто Азияда чыныгы түрктөр калганын, ал эми өздөрү европалашып, гректешип, арабдашып кеткенин моюнга алгандары болду. Бул маалыматты чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү эле эмес базарда отурган карапайым түрктөр да билишери - Кыргызстандан экенимди айтканымда "биздин тамырыбыз силер" деп турганы мени чындап толкундантты.
Биз катышкан акындардын Эл аралык фестивалы алардын төрт жүз жыл мурун өткөн, бизче айтканда төкмө акыны Каражаогландын урматына өттү. Каражаогландын сүйүү, жашоо философия темасындагы ырлары эл ичинде ырдалып, анын өмүрү легендага айланып кеткен дешти. Чыгармаларын түшүнгөнүмө караганда ал биздин Жеңижок, Токтогул, Калык, Барпы сыяктуу акындарыбыздай болуптур. Ал тууралуу ырлар окулду, ырдалды, күүлөр чертилди. Кызыгы, сырттан келген кээ бир түркологдордун айтуусу боюнча бул инсан жок да, бар да болуп калышы мүмкүн экен. Алардын айтканына караганда, түрктөр өздөрүнүн маданиятын байытып, келечек муунду улуттук нукта тарбиялоо үчүн мындай иш-чараларды керек болсо жок жерден жаратып, маданиятын өнүктүрүп-өстүрүүгө жанталашат дешет. Ал эми биз кашайып бар нерсени баалабайбыз. Биздин эл аралык деңгээлде салтанат кыла турган залкарларыбыз четтен чыгат.

Адамдын жаманын элдин жаманына алмаштырбаш керек
Түркиядан келген ар бир түркмүн дегендерди тууганым деп кабыл ала берген болбойт. Мен кээ бир учурларда "тамырыбыз Орто-Азиядан, чын эле силер биздин атабызсыңар" деген маанайда сөз жүрүп аткан кезде тамаша-чынын аралаштырып, "анан эмнеге бул жактан түпкү ата-журтуна барган айрым түрк туугандар кээде кыздарыбызды сабай коюп, кыргыз кыздарын экинчи-үчүнчү аялдыкка алып, айтор тууган эместей мамиле кылып коюшат" дегендей суроо бердим. Түрк акындарынын бири бул тема боюнча Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы виза алынып салынганы туура эмес болгонун, ал жакка да, биз жакка да бул эки өлкөнүн жаман адаттары кошо агып кирип кетерин, айрыкча Түркиядан түркмүн деген башка элдин өкүлдөрү Кыргызстанга келип кээде атайын эле түрк дүйнөсүн бири-бирине карама-каршы кое турган иштерди жасап коерун айтты. Албетте, менин суроом одоно болсо да бул дипломатиялык жогорку деңгээлдеги жооп. Мүмкүн чын эле ошондой. Бирок ар бир элдин жаманы да, жакшысы да болору айныгыс чындык. Негизинен түрк дүйнөсү биздин өлкөгө көзү түз экенин, кыргыздарга урмат-сый менен мамиле жасарын өз көзүм менен көргөнүмдү айтпай кетпесем болбойт. Бул эки өлкөнүн мамлекеттик жетекчилери жолугуп аткандагы кооз сөздөр эмес, карапайым эл өкүлдөрүнүн арасындагы кадимки туугандык, чыгармачылык жолугушуу.

Кыргыз дин тутса да ашмалтайын чыгарып алат тура
Түрк дүйнөсү канча кылымдар мурда ислам динин кабыл алганын баарыбыз билебиз. Анан калса араб дүйнөсү менен жакын жайгашкан. Бирок мен алты күн Стамбул, Адана, Тарсус, Мерсини аралап жүрүп бир дагы сакалчан, көйнөкчөн кишини көргөн жокмун. Бир дагы. Көрсө биздеги сүннөт кийим кийип, саксайтып сакал койгон даватчылар улуттук сезимин жоготуп, арабдардын, персилердин таасирине алдангандар экен. Эгер чындап эле сакал коюп, узун этек кийиш керек болсо бизден бир нече кылым мурун ислам динин кабыл алган, анын ийне-жибине чейин түшүнгөн түрктөр туташ самсаалата сакал коюп мечиттен чыкпай калмак.
Алты күн түрк акыны Кемал бей менен бир бөлмөдө чогуу турдук. Мен кокус жамаат намаз окуса бөлүнүп калып уят болбоюн деп жайнамазымды алып алдым эле, тиги ана намаз окуйт экен десем жок, мына намаз окуйт экен десем жок. Башкалары деле ошондой экен. Бирок башка күнү намаз менен иши жок жүрүп эле жума күнү чычайып мечитке жөнөп калышкандарын байкадым. Кашайып ислам республикасы болгон Ирандан, Ирактан келген акын жигиттердин деле беш маал намаз окуганын көргөн жокмун. Ырас бардык жерде намазкана бар экенин көрдүк. Бирок эмнегедир намаз окуганга шашкан эл жок.
Мен анын себебин сурасам, биз динди жүрөгүбүздө тутабыз деди. Дагы бири ааламда Аллах, жерде Ата Түрк бар экенин гана билебиз, калганын билбейбиз. Аллах да, Ата Түрк да жүрөгүбүздө дейт. Ту-уй ата… анда тиги "Манас деп ураан чакырбагыла, кыргыз эли улуу эл, аны сүйөм дей бербегиле, анда Аллага шерик кошкон болуп каласыңар, тозокко түшөсүңөр" деп коркутуп аткан молдоке сөрөйлөр бизди жөн эле алдап жүргөн турбайбы. Бу кыргыз дин тутса да аны түшүнүп-түшүнбөй эле сокур кайталоо менен баркын кетирип алат тура.

Кыргыз менен казактын Түркияда жашашы кыйын экен
Түркия үч деңизге курчалып агыл-төгүл берекенин үстүндө туруп экономикасы өнүгүп аткан өлкө. Бирок биздегидей ашыкча агыл-төгүл жок. Турмуш түрктөрдү үнөмчүлдүккө, карпайымдыкка тарбиялаган. Аларды эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Көрбөгөнү калган эмес. Эчендеген согуштарды, жокчулукту, манчыркаткан байлыкты көргөн эл. Андыктан учурда жөнөкөй машина минип, жөнөкөй кийим кийип жүргөндү уят көрүшпөйт. Биздегидей чөнтөгүнө кичине ашыкча тыйын түшсө обу жок болуп кетишпейт. Ал жагы жакшы, бирок казак менен кыргызга качан болсо кара курсак кайгы эмеспи. Азырынча биз бул деңгээлден көтөрүлө албай атабыз да. Андыктан экөөбүзгө жакпаганы биздегидей той-топур болсо сырттан келгендерди казы-карта, чучук, козунун этине тойгузбаганы болду. Чылкылдаган май чайнай албай, оорулуу кишидей жалаң эле диеталык тамак жеп ачыгып кеттик. Базары биздикинен кымбат. Бир стакан чай 1 лир, биздин баа менен 30 сом. Нандын баасы 2 -2, 5 лир. Биздин акча менен 60-70 сом. Эгер жалгыз киши кыргыз- казакча бир жолу жакшы түштөнсө ал 25-30 лирди түзөт. Бул биздин акча менен 700-850 сомду түзөт. Бизге кымбат. Кийимдери гана бир аз арзан окшойт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, Бишкек-Тарсус,
сүрөттөр Түркиянын карапайым турмушунан тартылды



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??