presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргызстанда акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон балдардын саны арбып барат. Дайынсыз жоголгон балдарынын азабын, күйүтүн тарткан ата-энелер атайын "Кыргызстанда дайынсыз жоголгон балдарды издөө боюнча коомдук кыймыл" түзүшүптүр. Аталган коомдун төрагасы Бакыт ЭГЕМБЕРДИЕВ мырза өзүнүн жоголгон кичинекей эки баласынын аркасынан биртоп ишти ачканы тууралуу баяндап берди.

"Кыргызстанда 48 бала, 3000ден ашык адам дайынсыз"
- Сиздин балдарыңыз качан жана кантип жоголду эле?
- Кызым Бакыт кызы Диана (6,5 жаш) жана уулум Акбар Жолдошбеков (4,5 жаш) 2010-жылдын 19-май күнү Нарын шаарынын Москва аталган чөлкөмүнөн күндүзгү саат үч менен төрттүн ортосунда эшиктин алдындагы аянтчада ойноп жүрүп дайынсыз жоголгон. Ошол учурда төрт балам бар эле. Улуу балам Айдар анда 5-класста окучу. Сарык болуп ооруп жаңы эле ооруканадан чыккандыктан кичүү балдарымды бакчага жибербей убактылуу үйдө болчу. Балдарым биз жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар аянтчасында ойношуп, саат үчтө үйгө киришкен. Тамак бышаарына аз калганда, жоголгон эки балам колдоруна нан кармап алып кичине ойноп туралы деп кайра сыртка чыккан. Бир аздан кийин улуу балам Айдар таштанды төккөнү сыртка чыкса аянтчада жоголгон эки балам, кошунанын чоңураак бир баласы жана скамейкада бир бейтааныш чоочун кыз отуруптур. Балам таштанды төккөн жакты көздөй басканда жанагы кошунанын баласы аны ээрчип алат. Таштанды төгүп кайра келе жатканда аянтчада эч ким болгон эмес. Улуу балам бөбөктөрү кошуналардыкына кирип кеткен окшойт деп ойлоп койгон. Тамак даяр болгондо келинчегим балдарды чакырайын деп сыртка чыгып аларды таппай калды. Мен анда иш сапары менен Бишкекте элем. Мага саат бештерде кабарлашты, Нарынга дароо жетип келдим.
- Алардын дайынсыз жоголгонуна кимдир бирөөлөрдөн шектенүү барбы?
- Жоголгонуна туура эки жыл төрт айдын жүзү болду. Тилекке каршы, эч кимден эч кандай кабар болгон жок. Шектүүлөрдөн үчөө десек болот. Бири жана балдар аянтчасында отурган бейтааныш кыз. Кошуналардын айтымында, ал кыз эртең мененки саат ондордо келип отурган боюнча менин балдарым жоголгон убакытка чейин бир орундан жылган эмес. Балдарым жоголгон учурда ал да жок болгон. Ал кыздын отурганын кошуналар да, келинчегим да көргөн, бирок маани беришкен эмес. Коңшу чөлкөмдөгү жашоочулардын айтымында, менин балдарым жоголордон эки ай мурун бир жаш жигит жанында кызы менен баптисттербиз деп күнүгө жергиликтүү жашоочулардын үйүнө келип тажатышкан. Эшик ачылганда жигит эле сүйлөп, жанындагы кыз үйдөгү кичине балдарга көңүл бурган. Менин балдарым жоголгондон кийин алар дагы келбей калышты. Сүрөттөп бергенине караганда, ал баланын жанындагы кыз менен биздин эшиктин алдындагы кыз бир эле адам болуп чыкты. Бирок тилекке каршы бул кыздын фотороботун тартып, ким экендигин аныктоо боюнча иш жүргүзүлгөн эмес. Экинчиси, бет маңдайкы көчөдөгү менин балдарым менен ойногон беш жашар баланын келинчегиме Диана менен Акбарды кызыл иномаркага ыйлатып салып кетпедиби деп тызылдаганы. Бирок ошол замат анын энеси бул сүйлөй берет, ишенбегиле деп сурамжылоого тоскоолдук кылып койгон. Үчүнчүсү, көзү ачыкмын деп телефон чалган көлдүк аял. Убагында ага да маани берген эмеспиз. Бирок айла жок Кыргызстандын, Казакстандын, Москванын укмуш деген көзү ачыктарына барып 10 миң доллардай акча коротуп, акыры алардын баары алдамчы экенине көзүбүз жеткенден кийин жанагы аялга шек жаралды. Анткени ал болгон окуяны көрүп тургандай сүрөттөгөн эле.Текшере келгенде ал аял эч кандай көзү ачык эмес эле атыккан аферист болуп чыкты. Ал вариант боюнча атайын топ Бишкектен барып иштей баштаганда ал аялдын азыркы күч органдарында жогорку кызматтагы "крышасы" бар экен. Натыйжада атайын топ аны андан ары иликтегенден баш тартты. Башыбызга түшкөн мүшкүлдүн айынан милиция менен бирге иштөө башталды. Ошондон бери биз конкреттүү бир милиция бөлүмүн же милиция кызматкерин күнөөлөгөнгө болбой тургандыгын көрдүк. ИИМдин азыркы системасында жоголгон адамды издөө иши өтө туура эмес коюлган экен. Мисалы, биздин балдарды издөөнү Нарын шаардык ички иштер бөлүмү алып барыш керек экен. Бирок адам жоголуу фактысы прокуратура, чек ара кызматы, УКМК, ӨКМ жана ИИМ сыяктуу күч органдарынын биргелешип, оперативдүү иштөөсүн талап кылган өтө спецификалуу окуя болгондуктан жалгыз жергиликтүү милиция бөлүмү буга миң аракет кылса дагы тиши өтпөйт экен. Алардын материалдык-техникалык базасы жана кызматкерлердин кесипкөй деңгээли алсыздык кылат. Жыйынтыгында эптеп ишти жабуу аракетин кылышат, биз кайра жогору жактарга арызданып ачтырабыз, кайра жаптырышат, кайра ачтырабыз. Ошентип отуруп азыр биздин иштер ИИМдин башкы кылмыш иликтөө башкармалыгында турат.
Биздин оюбузча балдарды уурдап жаткандар ИИМдеги мындай кемчиликтерди жакшы түшүнгөндөр болушу мүмкүн.
- Кыргызстанда канча бала жоголгондугу тууралуу так маалымат ала алдыңызбы?
- Башыма түшкөн мүшкүлдүн айынан дайыма ММКга чыккан ушундай окуяларга тыкыр көңүл бура баштадым. Натыйжада балдардын дайынсыз жоголуусу күчөп баратканын байкадым. Менин балдарым жоголгондон он бир күндөн кийин Каракол шаарынан 4,5 жаштагы Брюслан деген бала жоголду, Ош, Жалал-Абаддан да балдар жоголуп жатты. 2011-жылдын 17-май күнү Миң-Куш шаарчасынан үч жаштагы Амиртимур жоголду, 2011-жылдын 13-июнь күнү Нарын районунун Он-Арча айылынан 1,2 жаштагы Шабдан жоголду. Натыйжада Шабдандын атасына чалып жолугууну чечтим. Сүйлөшө келсек эки учурда тең окшоштуктар бар экен. Жыйынтыгында бардык дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелерине жолугуп сүйлөшүүнү чечтик. Күчүбүздү бириктирип, балдарыбызды табууну чогуу алпаралы деп Кыргызстандагы дайынсыз жоголгон балдарды издөө боюнча ата-энелердин коомдук кыймылын түздүк. Ошондон баштап гана иш кичине ордунан козголгонсуду. Бардык жерге кайрылдык, бирок тилекке каршы бизге жардам берели деген мамлекеттик да, эл аралык уюмдар да чыкпады. Быйыл 10-апрелде Бишкектеги жаңы автобекет тараптан беш жаштагы Адинай жоголуп, үч күндөн кийин аман-эсен табылды. Качып кеткенге үлгүрүптүр. 12-апрелде Ак-Ордо жаңы конушунан үйдүн жалгыз баласы алты жаштагы Избек жоголуп, 28-апрель күнү анын киши колдуу өлтүрүлгөн денеси Кичи Чүй каналынан табылды. Биз балдардын жоголгонун укканда эле аталары менен иштей баштадык. Ошол эле апрель айында 8 жашка чейинки 6 кыз педофилдерден запкы жешти. Бирөөсүнүн сөөгү Арча-Бешик жаңы конушунан табылды. Ушулар менен алектенип жүрүп "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова айым менен таанышып, алгачкы колдоону ошол айымдан алдык. Жогорку Кенештин Мыктыбек Абдылдаев жетектеген комитетинде бул маселе каралды. Тилекке каршы, өкмөт бул маселенин чечилишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча эч бир кадам жасай элек. ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаевдин 2012-жылдын 13-августундагы расмий катына ылайык бүгүнкү күндө 48 бала дайынсыз жоголгон болуп эсептелет. Бул иштин аркасы менен биз буга тиешелүү көп башка иштерге да аралашканга туура келди. Мисалы, Кыргызстан боюнча дайынсыз жоголгон адамдардын саны үч миңдин тегерегинде. Бизди таң калтырган нерсе - ИИМ системасында жоголгон адамдар боюнча бирдиктүү электрондук маалымат базасынын жоктугу. Жыйынтыгында так маалымат жок, демек, аналитикалык жумуш жүргүзгөнгө мүмкүн эмес.
- Алардын ичинен канча бала табылыптыр, жоголгондор кайда жүрүптүр?
- Бул иштин аркасы менен уурдалып кетип бирок аман табылган балдардын ата-энелери менен да баарлашып, изилдеп көрдүк. Мындай окуя дайынсыз жоголгон балдардын санынан 10 эсеге көптүк кылат экен. Жаштары ар кандай, бир жаштан 12 жашка чейинкилер. Бирок милицияда бала табылгандан кийин иликтөө иштери токтотулуп, анын себептерин, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана башка иштерге кандай байланыштыгы бар экендиги боюнча анализ жүргүзүлбөйт. Жүргүзөлү деген күндө да милицияда азыр мындай шарт жокко эсе. Кээ бир ата-энелер балдарымды уурдагандарды таап бергиле десе милиция тараптан коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Натыйжада ИИМде мындай окуялар каттоого алынган эмес.
Бул иштин аркасы менен Казакстанда кулчулукта жүрүп Кыргызстанга аман кайтып келгендер менен да жолуктук. Азыр казактарда кыргыз кул кармаган абдан мода экен. 2006-жылы нарындык 5-класстын окуучусун Таласка алдап алып кетишип Жамбулга кулчулукка сатып жиберишкен. Беш жылдан кийин 11-класс курагында 2011-жылдын август айында качып келген. Башынан өткөргөн окуяларын угуп отурсак жүрөк чыдагыс. Бул мезгилде ал Кыргызстанда дайынсыз жоголгондордун катарында экен. Азыркы учурда бир да документи жок. Ушундайга кабылгандарга жардам берели десек милицияга баргандан таптакыр баш тартышты. Аларды сатууда кыргыз кул кармаган казактардын биздин милициянын арасында "крышалары" бар дешет. Дагы алардын айтуусу боюнча азыркы учурда коңшу Казакстанда жүздөгөн кыргыздар кулчулукта жүрүшөт. Арасында карысы да, жашы да бар. Бул маселе боюнча биздин аткаминерлер иш кылмак турсун ойлонгусу да келбейт.
- Сиздин оюңузча балдарды эмне максат менен уурдайт?
- Биздин болжол боюнча төрт вариант бар. Биринчиси, бул органдарга сатылуусу. Мисалы, бир баланы органга сатса азыркы "черный" рыноктун баасы боюнча эки бөйрөгү 20 миң доллардан 40 миң доллар, жүрөгү 40 миң доллар. Демек, бир бала 80 миң долларга сатылат. Жеке иликтөөлөрүбүзгө таянсак Кыргызстанда көптөн бери органдарды алмаштыруу практикаланып келет. Атайын жабдуулар коюлган, жашыруун врачтар иштейт жана сөзсүз жогору жакта бекем "крышасы" бар. Экинчиси, бул коңшу мамлекеттерге, кайырчылыкка же кулчулукка сатылып кетүүсү. Бишкектеги жакшы точкадагы кайыр сураган балдар күнүгө эки миң сомго чейин табышы мүмкүн экен. Демек, он кайырчы бала болсо күнүнө эч кыйналбай 20 миң сомго чейин таап турса болот. Үчүнчүсү, баласы жоктор багып алам деп уурдап кетти деген гумандуу вариант. Анткени Кыргызстанда бала асырап алуу өтө кыйын экен. Балдар үйүнөн алынган балдардын ден соолугунда, психологиясында көп проблемалар болушу мүмкүн. Төртүнчүсү, бул жаңы вариант. Чет элдиктерге асырап алууга сатып жибериши. 2004-жылдан бери Кыргызстандан 236 бала чет өлкөлүктөргө берилген. Азыр даяр турганы 304 бала. Бул чоң бизнеске айланганы Социалдык өнүктүрүү министринин, жардамчысынын, кызматкеринин чоң пара менен кармалышы. 304 баланын маалымат базасы өтө жашыруун делип эч кимге көрсөтпөгөндүгүнүн артында чоң кылмыштар катылып тургандай.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??