presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сапар кайрык
Жомокту чыныгы турмушка
айланткан Кытай

Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгону кытай товарлары өлкөбүзгө тынымсыз кирип, кайра Орто Азия эле эмес Батыш өлкөлөрүнө чейин реэкспорттолуп келатат. Азыр дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун Кытай өндүргөн кийим, техника, мөмө-жемиш, тамак-аш продукцияларын кезиктирүүгө болот. Буга чейин бул өлкө тууралуу ар кандай карама-каршы пикирлерди угуп келсек, бу жолу калкынын саны 1 млрд. 340 миллиондон ашык Кытай өлкөсүн өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Кыскасы, бир барып Кытай менен ооруп калдым.

Жарым чөл СУАР бүгүн жаркыраган келечек
Кыргызстандан барган ММК өкүлдөрү алгач Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) жетекчилери менен Үрүмчү шаарында жолуктук. СУАР партиялык комитетинин мүчөсү, СУАР элдик өкмөтүнүн төрага орунбасары Куреш Махсут Кыргызстан СУАР менен соода, товар жүгүртүүдө Казакстандан кийинки орунда турарын баса белгиледи. Куреш Махсуттун айтымында, өткөн жылы Кыргызстан-СУАР ортосунда 3 млрд. 800 млн. доллар көлөмүндө товар жүгүртүлгөн. Буга улай ал Кытай борбордук бийлигинин колдоосунда СУАР ИДПсынын көлөмү 2011-жылы 600 млрд. юандан (1 юань 7-8 сом) ашык болуп, 12 пайызга өскөнүн кошумчалады. Акыркы жылдары СУАРда курулуш тармагы тез өнүгүп, капиталдык курулуштарга акча салуу 33 пайызга өсүптүр. Автономиялуу райондун территориясында эле 16 аэропорт иштеп, Үрүмчүдөн СУАРдын башка административдик район, облустарына самолет менен баруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Жогорку ылдамдыктагы автожолдордун жалпы узундугу 400 миң чакырымдан ашкан. Ал эми темир жолдор Синьцзяндын ири шаарларына толук жеткен жана 2020-жылга чейин темир жолду ар бир уездге чейин жеткирүү планы да бар экен. СУАРда азыр I категориядагы 17 көзөмөл өткөрмө пункту (КПП) болсо, анын экөө жемиштүү иштеп жаткан Кыргызстан-СУАР ортосундагы КППлар. СУАРда учурда даректүү колдоо программасы иштеп 19 провинциядан, ири шаарлардан аталган райондун өнүгүүсүнө ири каражаттар бөлүнүптүр. "Борбордук бийликтин, башка провинциялардын материалдык жардамынын аркасында райондун билим берүү, саламаттык сактоо, курулуш тармактары кыйла өнүктү. Синьцзянда 47 улуттун өкүлдөрү жашаса, анын ичинен 13 улут - уйгур, казак, кыргыз, тажик, монгол сыяктуу өзөктүк улуттар. Ар башка улуттар ынтымактуу жашап Синьцзяндын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, өлкө биримдиги үчүн иштеп атышат" дейт Куреш Махсут. Бул айтылгандарды биз СУАРдын ар бир шаар, округдарынан иш жүзүндө көрүп жаттык.

Эски шаар деп эч ким айтпайт
"Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей, Үрүмчү аэропортунан шаарга бет алганда көчө шамчырактары жаркырап зымырайган жол шаардын өнүккөнүн айтып турду. Көрсө, Үрүмчү шаарынын ИДПсы 200 млрд. юанга жетип, СУАР ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт экен. Кытай боюнча эң ири металлургиялык комбинат да ушул шаарда жайгашыптыр. Завод өзүнүн өндүрүш кубаттуулугун кеңейтип, бир нече жылдан кийин жылына 10 млн. тонна темир өндүрүүгө жетишет экен. Ошондой эле Үрүмчүдө эң ири нефть иштетүүчү база бар. Анын жылына 10 млн. тонна нефть иштетип, 1 млн. тонна химиялык продукция чыгарарына эки жыл эле калыптыр. Быйыл немистердин "Фольксваген" компаниясы Үрүмчүгө заводун куруп, кийинки жылы машинесин чыгара баштайт экен. Мындан сырткары шаарда Кытай ири ишканаларынын филиалдары бар. Автоматташтыруу, маалыматташтыруу деңгээли башка провинциялардыкынан кем калбайт. Индустрия шаардагы бардык тармакты камтыган. СУАРда 6 миң орто жана ири ишкана болсо анын 3 миңге жакыны Үрүмчүдө. Шаардыктардын жашоо деңгээли жогору, бирок албетте Пекин, шанхайлыктардыкына жетпейт. Медалдын эки бети бар дегендей, ишканалардын, ТЭЦтердин көптүгүнөн улам СУАРдын айрым аймактарында аба булгангандыктан жер бетин боз туман каптап турат. Муну жана дыйкан талааларын шамалдан коргоону эске алып Кытай мамлекети бак-дарактын түрүн, айрыкча күмүш теректерди колдон келишинче өстүрүп салышыптыр. Атургай Үрүмчү, Пекинде кабаттуу үйлөрдүн үстүндөгү бакчаларды көрүп оозубуз ачылды.

Төрт тилде ой бөлүшкөн Тяньшаньнет
Тяньшаньнет - Синьцзянь маалымат интернет борборунда болуп, Кытай экономикалык жактан эле эмес, маалымат алмашуу жагынан да кыйла алдыга озгонун байкадык. СУАРдын пресс-канцеляриясына тиешелүү Тяньшаньнет (www.tianshannet.com) маалымат борбору 2001-жылы иштеп баштап учурда кытай, уйгур, орус, англис жана казак тилдериндеги интернет баракчаларын өзүнө камтыйт экен. Дүйнөнүн СУАРдагы терезеси жана Синьцзяндын дүйнөгө болгон көпүрөсү аталган бул борбордо кадимки эле кытайлык казак, уйгур, орус туугандар эмгектенип, улуттук каада-салттарын, Россия, Казакстан, Кыргызстандагы, дүйнө өлкөлөрүндөгү маалыматтарды кытай элине жеткизип турушат. Буга удаа эле сырттан келген туристтерге Кытай, Синьзянь тууралуу кызыктуу маалыматтарды жайып беришет. Бул интернет булагында орус тилдүү туристтердин сүймөнчүктүү журналына айланган "Контимост", казак тилинде чыга турган "Кошуна" журналын да окууга болот экен. Интернет булакта ар тараптуу, кызыктуу рубрикалар көп болгондуктан күнүнө 10 млн. адам Тяньшаньнет сайтына кирип турат. Интернет борборунун кызматкерлери иштегенине жараша айына 3-5 миң юань маяна алышат. Бизди кызыктырганы борбордун китеп текчесинде турган "Манас-баатыр Манастын эрдигин даңктаган кыргыз элинин эпосу" деген журнал болду. Дүйнө элин таңдандырып турган Кытай мамлекетинде мындай журналды көрүү биз үчүн чоң сыймык болду.

Кытайлар кулча иштеп, байча жейт
Иш сапардын жүрүшүндө кытайлык кесиптештер бизди Бэй Цзюань шаарчасынын чет жагындагы 2 миң гектар жерди ээлеген жүзүм талаасына алып чыгышты. Көрсө Синьцзянь автономиялуу району Кытайдагы эң ири жүзүм өндүрүүчү район болуп эсептелет тура. Бул округдагы жүзүмдүн түшүмдүүлүгү жана канттуулугу өтө жогору болот экен. Айрыкча 2006-жылы АКШдан алынып келип өстүрүлгөн сөөгү жок сары жүзүмдү жана сентябрда быша турган кызыл жүзүмдү өстүрүү, экспорттоо жакшы жолго коюлуптур. Жүзүм өндүрүүчүлөрдүн айтымында, жайкысын өтө ысык болуп, жаан-чачын аз болгонуна карабай жүзүмдү чачыратып сугаруу менен өстүрүшөт. Жүзүм мөмөлөрү барсайып биздикинен чоң болгондуктан химикат, жер семирткич колдонулар-колдонулбасын сурадык эле жүзүмчүлөр химикат дегенди жолотушпасын билдиришти. Бэй Цзюань шаарчасынын мөмө-жемишти реализациялоо компаниясынын директору Чжао мырза да жүзүмгө натуралдык, органикалык жер семирткичтер гана колдонорун айтып отурду. "Химиялык жер семирткич колдонгондо жүзүмдүн даамы анча болбой, сатуу да кыйын болуп калат. Бул жерде ар бир үй-бүлө бир гектардан жүзүм талаасын иштетет" дейт Чжао. Баарынан жакшы жагы дыйкандар өндүргөн продукциясын кайда алпарып сатабыз баш оорусу менен оорубайт экен. Анткени сатуу, экспорттоо жагын өкмөт бир нукка салып коюптур. Кызыгы, кайсы дыйкан, айыл же район кайсы өсүмдүктүн түшүмүн жакшы алса ага мамлекет акчалай сыйлык берет. Мунун баарын угуп отуруп Кыргызстандагы көз көрүнөө өлүп кеткен жүзүм талааларын эстеп ичиң ачышпай койбойт экен.

Кытай мурабы компьютер менен суу бөлүштүрөт
Бизде айдоо аянттар сугарылбай, сугат системасы кыйрап, миңдеген гектар жерлерибиз кайрак жерге айланганы чын. А Кытай мамлекети, айрыкча жарым чөлдүү аймакта жайгашкан СУАР сугаруу системасын да мыкты өздөштүрүп, автоматташтырып алыптыр. Жер астынан насос аркылуу суу чыгарылып, ал жерге сууну бөлүштүрүүчү пункттар курулган. Мындай пункттарда суунун басымын, кимге канча суу кетип атканын эсептөөчү аппараттар жана сууну ачып- жаап кое турган башкаруу системасы орнотулган. Мунун баары компьютерлештирилгендиктен, эки эле киши жүз гектардан ашык жерге бир орундан суу бөлүштүрүп, суунун акчасын мамлекетке төгүп турат. Суу калыс, так, өз убагында бөлүштүрүлгөндүктөн фермерлерде суу талашуу көйгөйү деле жок экен. Фермер болгону колдонгон бир куб метр суу үчүн 20 фын (кытай тыйыны) төлөйт. Сом менен эсептесек 60 тыйын. Айдоо аянттарында ным аз болгондуктан жылына он жолу сугарылат экен. Мындай сугаруу системасы беш жыл мурун киргизилип, анын натыйжасында жумушчу күч азайып, түшүмдүүлүк бир кыйла жогорулаптыр. Кокус бул системанын бир жери бузулса саналуу мүнөттөрдө тиешелүү адистер келип оңдоп берип кетет дейт кытай заманбап мурабы Лю Юи Чинь.
Кыскасы Кытайда өнүгүү, биз сабак алчу кызыктуу нерселер өтө көп экен. Азырынча алгачкыларын гана айттык. Кызыктар дагы алдыда.

Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??