presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Дүйнөлүк стандарттагы юрист болгусу келген
Жоомарт
Кыргыздын кыйын уул-кыздарынын көбү жакшы турмуш издеп чет өлкөлөргө кеткенин билебиз. Алардын арасында бүгүнкү каарманыбыздай патриоттор да жок эмес. Алар сырттан алган билимин, тажрыйбасын мекенине келип көрсөтүп, кызмат кылып жатса кубанбай койбойт экенсиң. Жоомарт Жолдошев да ошондой жаштардын бири. Бирок анын басып өткөн жолу элдикинен башкачараак болгондуктан башкаларга үлгү болсун деп окурмандарга тааныштырып отурабыз.

Орус тилинен абдан кыйналчумун

Мен 1982-жылы Ош шаарында туулгам. Өзгөн шаарындагы Курманжан датка орто мектебин аяктадым. 1999-жылы Америка Кошмо Штаттарына барып бир жыл билим алып келип, Кыргызстандагы Америка университетине тапшыргам. Негизги эле максатым - сапаттуу жана ар тараптуу билим алуу. Алгач физика, математика сабактарына көбүрөөк көңүл бөлүп инженер болууну каалайт элем. Америка университетинде инженер факультети болбогондуктан укук программасын тандап алдым. Башында орусча билбегендиктен абдан кыйналчумун. Бирок кийин өз кесибимди абдан жакшы көрүп калдым.Негизи дайыма билимди жана тажрыйбаны дүйнөлүк деңгээлде алууга умтулам. Студент кезде кыялданып жүрүп окууну бүткөндөн кийин АКШга кеттим. Алдыга койгон максатым - дүйнөлүк стандарттагы юрист болуу эле.

Терезе тазалап жүрүп юристтин жардамчысы болдум
Ар бир адам максатын ишке ашыруу үчүн алдына так план коюшу керек. Же планы, же максаты, же кыялы жок адам кантип ийгиликке жетишип, келечегин элестетмек эле? Кандай гана жолду тандабайын, туура жолдо баратканыма дайыма ишенем. Бөтөн жер, бөтөн эл. Ар бир баскан-турганың акча. Мык уруп берсең дагы иштеп акча табышың керек. Жүк ташуучу, сатуучу, официант болуп иштеп жүрдүм. Американын жашоосуна көнүп калгандан кийин максатыма жетүү үчүн юридикалык компанияларга резюмелерди таштай баштадым. Дароо эле жумуш берүүчүлөр "эмне кылганды билесиң?" деп сурашат.Тайманбай "Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын мыйзамын билем" деп жооп берчү элем. Бирок алар бизге Орто Азиянын мыйзамынын эмне кереги бар деп алган эмес. Демек, буларга жардам берип иштей ала турган деңгээлге жетип, анан жолугуу керек экен деп чечтим дагы, аларга бекер эле жардам берип Американын укук системасын көбүрөөк үйрөнүүнү чечтим. Андыктан аларга "терезеңерди тазалап, отургучуңарды иреттеп, бекер эле жардамдашып турам, бирок мага китептерди, иш кагаздарын алып таанышып, окууга мүмкүнчүлүк бергиле" деп сурана баштадым. Кудай жалгап Мартин деген адвокатка жолугуп, ал мага мен каалагандай мүмкүнчүлүк берди. Аз убакыттын ичинде баарын өздөштүрүп, юристтин жардамчысы болуп иштеп калдым.

Кан төгүлгөнүн укканда алдыман жер көчүп кетти
Кыялым орундалып, мындан ары өнүгүүгө план коюп калгам. 2010-жылдардагы окуялар менин кылган эмгегимди жана алдыга койгон пландарымды толугу менен өзгөрттү. Алгач 7-апрель окуясы болду. Көңүлүм биртоп чөгүп калды. Өз элиңен, өз жериңен алыс жүргөндө өзгөчө сагынасың, мекениңе болгон мамилең таптакыр башкача болот. Кыргызстанда болуп жаткан дестабилдүүлүк, элибиздин жакырчылыгы, барган сайын билим деңгээли, маданияттуулугунун төмөндөп бараткандыгы жанды кейитпей койбойт. Кээде туруп абдан намыстанасың. 2010- жылдын июнь айларында Америкадагы инилеримдин бири чалып: "Байке уктуңузбу, Ошто да тополоң болуп жатат экен" деди. Көп деле маани бербей дагы бир митинг кылып жатышса керек деп ойлогом. Оштогу досторума чалып билсем биртоп адам өлтүрүү болуп жатат деп айтып калышты. Мен ошол убакытта дароо бул кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы үчүн чыгарылган от деп түшүнгөм. Жалпы адамзаты ар түркүн улуттан турат, Кудайдын буйругу менен ар ким ар жерде жашайт. Улуттун негизинде душман болуу туура эмес деп ишенем. Элди күүлөп бир көйгөйлүү жерин таап отко айландырган адам же адамдар тобу кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн. Алар өз максатына жеттиби-жетпедиби билбейм, бирок канча деген биздин атуулдарыбыз көз жумду. Канча деген атуулдарыбыз жесир, жетим калышты. Бул трагедия. Муну укканда жанымды коёрго жер таппай, дароо Бишкекке учуп кетүүгө билет заказ берип, кечкиге чейин документтердин бардыгын тапшырып, Кыргызстанга келе бергем. Үйгө келсем эч ким жок экен. Дароо эле Бишкек шаарынын Октябрь районунун военкоматына бардым. Ал жерде мобилизация жүрүп жаткан, ошентип өлкөбүздө тынчтык орносун деген ниетте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулдум. Жолдон 5-каналдын журналисти интервью алган эле. Ошондо гана апам, бир туугандарым, досторум телевизордон көрүшүп, Кыргызстанга келгенимди билишиптир. Ошол маалда мен үчүн Кыргызстандагы тынчтыктан башка эң маанилүү эч нерсе болгон эмес. Ал сезимдерди айтып дагы бере албайм.

Өзүмдүн юридикалык компаниямды ачканга жетиштим
Кудайга шүгүр, тополоң көпкө созулган жок. Кыргызстан экиге бөлүнүп кетеби деген дагы бир коркунуч пайда болду. Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстанга Россия, АКШ, Кытайга окшогон чоң державалардын таасири бар. Демек ар нерсени күтсө болот. Мен үчүн Кыргызстан экиге бөлүнүп чачырап кетүүсү акылга сыйбаган жыйынтык болчу. Менин чечимим Мекенимде калуу жана экиге бөлүнүп кетпешине колумдан келген аракет жасоо болчу. Ал үчүн бардыгына даяр элем. Кудай колдоп андай болбоду, тынчтык орноду, элди ары-бери түрткүлөгөн саясатчылар өз ордуларын таап алышты. Бирок мен үчүн элибиздин дүйнөлүк деңгээлде маалыматы аз болуп, кайдагы бир провокаторлордун айынан бири-бирин атканга чейин барганы абдан өкүндүрдү. Ошол маселенин үстүнөн иштөө үчүн азыркыга чейин аракет кылып келем. Эл аралык юридикалык компания ачтым. Ал жерден биздин укук боюнча адистерибизди эл аралык деңгээлге алып чыгуу максатын койгом. Кудайым буюрса башка мамлекетте филиалдарыбызды ачабыз, азырынча өкүлдөрүбүз бар. Башка жакка эшиктин алдын шыпыруу, ресторанда тамак жасоо үчүн гана барбастан биздин жарандар адис катары дагы өзүн көрсөтүшү керек деп ишенем. Ошол эле убакытта Кыргызстандын юристтери деп таң калтыруучу деңгээлге алып чыгуу. Биздин эч нерсебиз кем эмес. Болгону кыялданып, анан анын үстүнөн көп иштешибиз керек.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??