21.09.12 Бузулган үйгө бучуктан бийлик
Революцияны фанаттар жасап, шумпайлар үзүрүн көрөт...
Бакиевдерге тиешелүү үй-мүлктөрдү тоноого "атамекенчи" депутаттардын катыштыгы бар экендиги коомчулукту бир дүрбөтүп алып дымып калгандай болду эле, эми кайра элдин көңүл борборунда турат. Албетте Бакиевдердин мүлкүн тоногонго биринчи орунда Бакиевдердин өздөрү күнөөлүү. Элдин маңдай теринен жаралган мүлк эмес беле. Бирок ал мүлктөр эмне үчүн мамлекеттин казынасына кайтпай калды деген суроо ушул күнгө чейин берилип келет.

Кыргыз "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дечү эле. Буга чейин деле Бакиевдердин миллиондорун "бөлүшкөндөрдүн" катарында адегенде жок болуп, андан кийин тизмеде бар болуп калыптырмын деп мезгилдүү басылмаларда күйпөлөктөп кыйкырып жүргөн Туратбек мырза эми минтип карачечекей уулу камакка алынганда да уулуна чаң жугузбай, анын сүттөн ак экендигин "Азаттыкка" билдирген экен. Биздин чиновниктердин баары эле тойгончо жеп алып, анысы кокус шардана болуп калса "саясый буюртма болуп атат" деп өпкөлөп калууну адатка айлантып алышты. Бул жолу да Туратбек мырза уулуна тагылып жаткан айыпты буюртма катары кабыл алып жатканын билдик. Бирок биз түшүнбөй калдык, ким тарабынан саясый буюртма, бийликтенби? Анда өзү бийликте отурбайбы? Азыркы эркек чиновниктерге караганда тарыхыбызда таамай изи бар Курманжан датка энебиз акыйкат жана жигиттерче кадамдарды жасай алчу тура. Азыркылар болсо канатына калкалап гана турушат. Күнөөсү бар болсо өз уулун да дарга асууга даяр жетекчилерге качан ээ болор экенбиз?
Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштүн авангардында турган Аида Салянова башкарган Башкы прокуратура бул ишти аягына чейин тергеп, күнөөлүүлөрдүн баарын аныктап чыгат деп ишенебиз. Анда эле коррупцияга каршы күрөштө бул окуя эң ири иштерден болуп калары турган сөз.
Бул иштин аягына чыгуу биринчи орунда чыныгы Апрель баатырлары үчүн керек. Себеби революцияны аянтта жүрүп ким ишке ашырган, ал эми үйлөрдү тоноп ким революцияны жаманатты кылганын эл билиш керек.
"Мекен шейиттери" уюмунун башчысы Осунбек Жамансариев 24.kg агенттигине берген интервьюсунда "Биз Элдар Мадылбековдун камакка алынганы тууралуу маалыматты укканда абдан таң калдык. Бул окуядан кийин укук коргоо органдары анын уулунун күнөөлүү же күнөөлүү эместигин далилдегенине карабай, Туратбек Мадылбековдун тез аранын ичинде коррупцияга каршы комитеттин төрагалыгынын ыйгарым укуктарынан бошотулуусун талап кылабыз" деп талап кылган. "Мадылбеков Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жетекчилигинде калса, анда иликтөөлөргө тоскоол болуп укук коргоо органдарына басым жасап коюшу мүмкүн. Эгер баласынын күнөөсү далилденсе, анда ал депутаттыгын да өткөрүп берүүсү керек" деген. "Эгер Башкы прокуратура анын уулунун күнөөлүү экендигин далилдесе, анда Туратбек Мадылбеков мандатын да тапшырышы керек. Биз муну талап кылабыз" деп да баса белгилеген Осунбек Жамансариев.
"Апрель байрагы" коомдук уюмунун төрагасынын орунбасары Эмил Кыштобаев "Бул ишке эч ким кийлигишпеши керек. Чинге жана кызматка карабай бул ишти аягына чейин таза жана адилеттүү чыгарыш керек. Күч органдарынын ишине тоскоолдук кылышса, чоң акцияларга катышабыз, - деп пресс-конференцияда билдирген. - Биз Бакиевдердин мүлкүн менчиктештирип алган адамдарга каршыбыз. Алар революциянын аркасынан акча жасап жүрүшөт, алтындарды уурдап жатышат. Революцияга кара так калтырбаш керек. Революциянын артынан шылуундар жеп кетип жатышат. Ошондуктан 7-апрелдеги мародерлук боюнча айыпталып жаткан "Ата мекен" фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов тез арада депутаттык мандаттарын тапшырсын" деген да талабын айткан.
"Каркыра" элдик кыймылынын төрагасы Абдраим Касымов Мадылбековдун баласын үй камагына чыгаруу боюнча Жогорку Кеңештин 10 чактыдай депутаттары кол топтоп жаткандыгын маалымдады. "Азыр бир тоок урдаган адам түрмөгө отуруп жатат. Ал эми 2 млн. доллар акча пара алган деп шектелип жаткан депутаттын баласы кармалып жатат. Бул боюнча депутаттар үй камагына чыгарыш үчүн кол топтоодо. Андай болсо парламентти таратып, люстрация аркылуу кайра шайлаш керек" деп кошумчалады А.Касымов.
Талантбек СЫДЫКОВ