21.09.12 Путиндин сапары
Кол коюлду.
Эми аткарылышы калды

Апрель окуясынан бери Кыр-гызстан-Россия алакасы жакшы нукка бурулду. Орус бийлиги Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу долбоорун жүзөгө ашырууда өнөктөш катары кирери буга чейин айтылган. Мунун аркасында Кыргызстан энергетикалык эркиндикке жетишмек. Бирок бийлик оппоненттери бул курулай гана убада, эшектин тушоосу дагы чечилбейт, Кремль упчу эмизип жүрө берет дегендей коңгуроо кагышкан болчу. Ал эми орус президенти Владимир Путиндин расмий сапар менен келиши мындай аңыздарды жокко чыгарды.

Эки өлкөнүн президенттери алгач мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жыйын маалында энергетика тармагы, аскердик-техникалык жана финансылык, экономикалык мамилелердин тегерегинде талкуу болду. Андан соң негизги маселеге - эки тараптуу келишимдерге кол коюу аземи орун алды.
Ушул жерден кичине чегинүү жасайлы. Президент Алмазбек Атамбаев Камбар-Ата-1 ГЭСи, Датка-Кемин сыяктуу подстанциялардын курулушу Кыргызстанды энергетикалык көз карандылыктан арылтарын айтып келет. Мындай ири долбоордон Өзбекстан президенти Ислам Каримов да чочулап, суу маселесинен улам Орто Азия чөлкөмүндө согуш чыгып кетиши ыктымалдыгын айтканы белгилүү. Бирок мындай коркутуп-үркүтүүлөр кыргыз-орус мамилесине доо кетирген жок. Расмий сапардын жүрүшүндө Кыргызстан тараптан Энергетика министри Автандил Калмамбетов, Россия тараптан Александр Навок Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди куруу тууралуу келишимге кол коюшту.
Эксперттердин баамдоосунда, бул Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондогу алгачкы ири жеңиши. Маселен, саясат таануучу Марат Казакбаев агенттиктердин бирине курган маегинде кыргыз бийлиги үчүн мындай келишимге жетишүү оңойго турбаганын, орус бийлиги ГЭСтердин курулушунда 75%га ээлик кылууну көздөгөнүн эске салган. Бирок расмий Бишкек ага көнбөй, акциянын 50%ын сактап кала алды. "Буга чейинки бийликтердин учурунда Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Нарын каскаддарына ГЭСтерди куруу маселеси боюнча келишимдер түзүлүп, аталган долбоорлорду ишке киргизүүнү Россия канчалык куру сөз менен убада кылганы менен иш жүзүндө жылыш болбой келген эле. Бул долбоорлордун ишке ашпай келгенине мурунку бийликтегилердин туура эмес иш алып барып, стратегиялык өнөктөш өлкөнүн ишениминен чыкканы себеп болуп келген. Эми азыркы бийликтин тушунда 20 жылдан берки ишке ашпай келген максат орундалганы турат. Эгер инвестиция энергетикалык тармакка келе турган болсо, анда Атамбаев чоң упай топтойт. Негизи эле биздин президент бул маселелерде туура позицияны карманды" дейт саясый серепчи.





Чечилбеген түйүн
МЧС сыры качан ачылат?

Президенттин аппарат башчысы Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулаймановдун өрттөлүп өлтүрүлгөнүнө байланыштуу ачылган кылмыш иши жыйынтыктала элек. Тескерисинче, күнөөсүн мойнуна алган адамдар баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартышууда. Ошондой эле шектүүлөрдүн ата-энелери маалымат жыйынын өткөрүп, өтө мыкаачылык менен сабап кыйнап атып, балдарына күнөөнү моюндарына койгонун билдиришти.

Башкы күнөөкөрлөрдүн бири саналган Марат Турдукуловдун апасы Зарылкан Мадиеванын уулу сурактын алдында кыйноого тушукканын айтты. "Ким гана болбосун ушундай кыйноолордон кийин баарына кол коюп берет. Менин баламды да аябай кыйнашыптыр. Таң аткыча сабап, протоколго кол койдуртуп алышкан. Анын бетинде тагы жок эле, кийин пайда болуп калган. Бул кыйноолор болгонун көрсөтүп турат" деп З.Мадиева баса белгиледи.
Дагы бир айыпталуучу Бакыт Байжановдун апасы Райкан Байжанова уулун коркутуп-үркүтүп атып керектүү документтерге кол койдуруп алышканын мындайча ырастады: "Биздин балдарыбызды М.Садыркуловду өлтүрдү деп ачык эле күнөөлөп жатышат. Алардын күнөөлөрү далилдене элек, соттун чечими чыга элек. Эмне үчүн аларды эрте эле күнөөлүү кылып жатышат? Биздин балдарды кыйнап атышканда оперлер "эгер документтерге кол койбосоңор, үй-бүлөңөргө кол салабыз" деп ачык эле айтышыптыр. Укук коргоо органдары жарандардын укугун коргомок турсун, тескерисинче, ушинтип күнөөлөп кыйнап жатышат. Кыргызстан адам укугун сыйлабаган өлкө болуп калды".
Көрүнүп тургандай, айыпталуучулар алгачкы көрсөтмөсүн тана башташты. Демек, тергөө процесси дагы далайга созулат. Ошон үчүн Садыркулов окуясына жакынкы мезгилде чекит коюлушу күмөн.




Камалганы жакшы, бирок кутулуп кетет го
Депутаттын
"мародерлукка" шектүү баласы,
прокурорлорго асылган Жапаров
Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору, "ата мекенчи" депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков апрель окуясында Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого катышкан деген шектин негизинде кылтакка илинген болчу. Башпрокуратура жума башында өткөргөн маалымат жыйынында кичи Мадылбековго тагылган айыптарга кенен токтолсо, Биринчи май райондук соту аны 18-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.


Башпрокуратуранын тергөө тобунун башчысы Рустам Абдрасуловдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин (КЖК) эки беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. "КЖКнын 303-беренеси ("коррупция"), 166-беренеси ("алдамчылык") менен 2010-жылдагы Бакиевдердин мүлкүнө башкалардын ээлик кылуусу боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелип жаткан. Ошол иштин негизинде Мадылбеков Элдар Туратбекович шектүү катары кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат" дейт ал.
Көзөмөлдөөчү орган келтирген аргументке таянсак, Э.Мадылбеков борбордогу Киев көчөсүндө жайгашкан №74 имаратты мыйзамсыз документ жасоо жолу менен менчиктештирип алыптыр. Ал эми бул имарат мурда мамлекет карамагында болсо, кийинчерээк экс-президенттин уулу Максим Бакиев өзүнө "энчилеп" алган экен. Апрель окуясынан кийин имарат Элдар мырзанын карамагына өтүптүр. Андан соң биз сөз кылып аткан имаратты оппозициячыл "Ата журт" фракциясынын төбөлү Садыр Жапаров сатып алганын Башпрокуратура кошумчалады. Мындан улам, ага карата кылмыш иши ачылып, аны кол тийбестик укугунан ажыратуу өтүнүчү парламентке жолдонду.
Окуянын кыскача мазмуну ушундай. Садыр Нургожоевич имарат Максим Бакиевге таандык экенин билбептирмин десе, Башпрокуратура муну четке кагып, эл өкүлү имарат экс-ханзааданын менчигинде болгонун мурдатан билгенин баса белгилөөдө.
Кезекте ким?
Өмүрбек Бабановду башбакандыктан оодаруу процессинде компроматтар "согушу" катуу жүргүзүлгөнүн билебиз. Ошондо "Республика" партиясы абакта жаткан Абдулло Юсуповдун оозу менен "Ата мекендин" төрт депутатына мародер жарлыгын такканы маалым. Мындай айыптоолорду иликтөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссияга бир жуманын ичинде жыйынтык чыгаруу тапшырмасы коюлган. Арийне, аталган комиссия ишин жыйынтыктай элек.
Ал ортодо Э.Мадылбековдун камалышы бул кеп-сөздөр тегин жерден жаралбаганын айгинелеп койгонсуду. Башпрокуратура бул иш мурдатан эле иликтенип келатканын бетке кармоодо. Бул окуяларга байланыштуу бир кызык нерсе уктук (мунун аныктыгына кепилдик бериш кыйын, ошентсе да, өңүтү келип турганда баяндабасак болбос - Н.К.). Жеке булагыбыздан алынган маалыматка ылайык, "Ата мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Атамбаев эгер "ата мекенчилердин" Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого катыштыгы бардыгы далилденсе, статусуна карабастан мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын жашырган эмес дешет. Кызыгы, Өмүке партиялаштарынын күнөөсү болсо колдобой турганын убадалаптыр. Ошол эле учурда бир шарт койгон экен. А киши экс-премьер Өмүрбек Бабанов, "республикачы" депутат Исхак Пирматовдун коррупциялык иштерин документ жүзүндө тастыктап берерин, ал эми Башпрокуратура аларга кылмыш ишин козгошу керектигин талап кылганы айтылат.
Окуя мындан ары ушул нукта өнүксө, анда жакынкы аралыкта "ата мекенчи" Райкан Төлөгөнов жана уулу Муса, Туратбек Мадылбеков темир торго отурушу ыктымал. Ага удаа эле Өмүрбек Токтогулович менен Исхак Айтбаевич да укук коргоо органдарынын чеңгелине түшүшү толук мүмкүн. Бирок бир нерсени унутпашыбыз абзел. Жанатан бери тизмектегендей, "мародерлук", коррупциялык "иштермандыгынын" артынан "Ата журт", "Республика", "Ата мекен" фракцияларынын өкүлдөрү четинен камалып жана дагы бир нечесинин башын кара булут чулгап турат. А эмнеге жемсөөлүктү ооздуктоо желаргысы ошол эле президенттин Социал-демократтар партиясынын бараандуу мүчөлөрүнө тийбеши керек? Же алар "суудан таза, сүттөн акпы"? Ишениш кыйын. Себеби, социал-демократчы депутат Дамира Ниязалиева 2010-жылы аз убакыт Саламаттык сактоо министрлигин жетектей калганда гемодиализ аппаратын кымбат баада сатып алганы чоң чуу жаратканы эсте. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун кезинде мамлекет менчигиндеги объектилерди текейден арзан баада сатып алганы айтыла берип ашмалтайы чыкты. Неге ушуларды жакшылап иликтеп, юридикалык баа бергенге болбосун? Эгер Атамбаевдин айланасындагы айрым лөктөргө да кылмыш иши ачылса, анда коррупцияга каршы күрөш чындап жүрүп атканына эл ынанмак...
Саясатчыларга ишенсең сайга аркандап кетишет
"Мага карата козголгон кылмыш иши Кумтөр боюнча олуттуу маселени көтөрүп чыгуума каршы Башпрокуратура тарабынан жасалган аракет. Мен Кумтөр боюнча дагы бир олуттуу маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыкканы жатканымды эл билет. Буга байланыштуу Башпрокуратура аны көтөрүп чыкпасын деп оозумду басууга аракет жасоодо. Мунун артында жеке эле Аида Салянова эмес, чоң-чоң күчтөр турат" дейт Садыр Жапаров маалымат жыйынында.
Уулунун маселесинен улам Туратбек Мадылбеков парламенттеги коррупция менен күрөшүү комитетинин төрагалыгынан кетти. Ал мындай кадамын төмөндөгүчө түшүндүрдү: "Уулум Элдар Мадылбековго олуттуу кинелер коюлду. Бирок мен уулумдун күнөөсүз экендигине ишенем жана бардык шектенүүлөр негизсиз деп эсептейм. Ошентсе да саясатчы жана өлкөнүн мыйзам жаратуучу жогорку бийлик өкүлү катары мен объективдүүлүктү сакташым керек. Мен комитеттин төрагасы болуп туруп, иликтөөнүн жүрүшүнө таасир тийгизип жүрбөсүн деген шектенүүлөрдөн алыс болуу үчүн кызматымды тапшырдым".

Бетти даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ