21.09.12 Оңой табылган миллиондор оңдурбайт

2012-жылдын 7-сентябрында Кадамжай РИИБине Кызыл-Кыя "Экоисламик Банк" ачык акционердик коомунун башчысы А.Узаков телефон чалып, аманат кассасынын (сберкасса) башчысы Бозулан Примов темир сейфте сакталган 2 млн. 54238 сом 60 тыйын, 62650 рубль жана 14945 АКШ доллар суммаcындагы акчалары менен жумуш ордунда жок болуп, кайда жүргөнү дайынсыз экенин билдирген. Бул билдирүү боюнча Кадамжай РИИБнин башчысынын орунбасарлары, милициянын майору А.Имамназар уулу, милициянын майору К.Эшбаев жана бөлүмдүн тергөө оперативдик тобу "Экоисламик Банк" ААКнын мекемесине барып иликтөө жүргүзгөн.
Бул банкта №040-11-58 сандуу аманат кассасында башчы болуп иштеген Кадамжай шаарчасынын тургуну, 18 жаштагы Бозулан Примов 7-сентябрда жумуш ордунда түшкү саат бирлерге чейин туруп, кассада күзөттө турган Канатбек Зайлапов менен бирге кассанын сырткы эшиктерин жаап, түшкү тамактанууга экөө эки тарапка кетишкен.
Күзөт агенттигинин кызматкери К.Зайлапов түшкү тамактан кийин саат экилер чамасында келсе кассанын сырткы эшиги жабык болуп, ички темир тору ачык эле. Кассанын башчысы Б.Примов түшкү тамактануудан кийин жумушуна кайтып келбегендиктен шектүү көрүнгөн сейфти ачпай, дароо эле банктын башчысы А.Узаковго телефон чалып, иштин чоо-жайын түшүндүрөт. Окуя болгон жерге жетип келишкен А.Узаков менен биргеликте банктын кызматкерлери сейфти ачышса 2 млн. 54238 сом 60 тыйын, 62650 рубль жана 14945 АКШ доллары жок болуп чыгат. Бирок кассанын эшиктеринде жана акча сакталуучу темир сейфте бузулган белгилер аныкталган эмес. Бул кассага жооптуу болуп иштеген Б.Примовдун уюлдук телефондору өчүрүлүп, анын кайда жүргөнү белгисиз болуп калат. Айласы кеткен банк кызматкерлери тартип сакчыларына кабарлап, таламандын тал түшүндө эле жыйырмага чыгалек Бозулан Примовдун сейфтен чоң суммадагы акчаны жымырып кеткенин айтышат.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кассадан уурдалган миллиондордун сары изине изкубарлар иликтөө салышты.
Оңой олжого ээ болуп, марыйбыз деген шектүү кылмышкердин бири Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургуну Исак Салаев тез эле тартип сакчыларынын колуна түштү да, кассадан уурдалган акчаларга ортоктош болгон шериктерин айтып берди. Алар ошол эле айылдын тургуну Алтынбек Абдыкадыров жана Каныбек Закиров эле. Экөө Бишкек шаарына качып келип уурдалган акчасын чекесинен кемитип, жашырынып жаткан жеринен КР ИИМинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан 917800 сом акча чыккан. Ал эми И.Салаевдин үйүнөн 6200 доллар жана 42000 сом акча алынды.
Ал эми кылмышкерлерди "крышовать" этип сейфти ачып берген Бозулан Примов азыркыга чейин кайда экени белгисиз, тартип сакчыларынын издөөсүндө.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА