21.09.12 Жоктон бар болгон
Сингапур
Сингапурдун Кыргызстанга окшош жактары көп. Алып айтсак, калкы 5 эле миллион. Мындан 50 жыл мурда коррупция так эле биздикиндей болуп гүлдөп турган. Сингапур элинин бактысына Ли Куан Ю деген журтсүйөр бийликке келип, колунда эч нерсеси жок чабал мамлекетти "Азиянын арстанына" айландырды. Мына ушул Сингапур кереметинин сырларын, бизге өрнөк боло турган жактарын сиздер менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

Сингапур - Түштүк-Чыгыш Азия аралдарында орун алган бир эле учурда арал, шаар жана мамлекет болуп саналат. Калкынын саны 5 млн. анын 75 пайызын кытайлар түзөт. Сингапур деген аталыш санскрит тилинде "арстан шаар" дегенди билдирет. Ушундан улам Сингапурдун символу болуп оозу менен суу бүрккөн жарымы балык, жарымы арстандын сөлөкөтүн түзгөн айкел эсептелет. Сингапурдун аянты 714,3 миң чарчы км (2011), аймагына Сингапур башкы аралы жана 58 анча чоң эмес аралчалар кирет. Сингапур калк жыш отурукташкан өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунда турат.
Сингапурду гүлдөткөн Ли Куан Ю
Ли Куан Юнун өкмөтүнүн экономикалык өнүгүү стратегиясы Сингапурга тышкы инвесторлорду тартууда жана Түштүк-Чыгыш Азияны каржылык жана соода борборуна айлантуу болгон. "Биз ар бир инвесторду кучак жайып тосуп алып жаттык. Инвестордун өндүрүштү башташы үчүн болгон шартты түзүп бердик" деп жазат Ли Куан Ю. Ошентип америкалык трансулуттук корпорациялар масштабдуу жогорку технологиялык өнөр жайга инвестицияларды салышып, жыйынтыгында Сингапур өнөр жайы гүлдөгөн өлкөгө айланды. 1959-жылдары Сингапур коррупция боюнча так эле биздин кейпибизди кийип турган. "Коррупция азияттардын жашоо образы. Пара алуу кадыресе көрүнүш болгон" дейт Ли Куан Ю ошол жылдарды эскергенде. Коррупцияга каршы күрөш кагаз иштерин жөнөкөйлөтүүдөн башталган. Мисалы, бир ишкананы интернет аркылуу эле 10 мүнөттүн ичинде каттоодон өткөрүп койсо болот. Эки ача маанини берген чечкинсиз мыйзамдарды конкреттештирген. Соттордун маяналары кескин түрдө көтөрүлгөн. Сот органдарына адилеттүү жеке жактоочулар тартылган. Сингапурда сот болуп иштеген адамдын бир жылдык айлык акысы 100 миңдеген долларды түзгөн. 90-жылдары соттун бир жылдык кирешеси 1 млн. доллардан ашык болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө күрөш катуу жүргөн. Басымдуу көпчүлүгүн малайзиялыктар түзгөн полициянын курамын кытайлыктар менен алмаштырышкан. Бул процесс малайзиялыктардын каршылыгы менен коштолуп, бунттарда Ли Куан Ю өзү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштегендердин маянасы болуп көрбөгөндөй жогорулатылган. Алардын маянасы ири корпорациянын топ-менеджеринин маянасы менен барабар. Бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга каршы күрөшө турган атайын көз карандысыз орган түзүлгөн. Жадагалса Ли Куан Юнун жакын туугандарына да кылмыш иши козголгон. Жемкорлукка тиешеси бар бир катар аткаминерлер бир канча жылга түрмөгө отургузулса, айрымдары өзүн-өзү өлтүрүп кутулган. Чет өлкөнү көздөй куйругун түйүп качкандар да болгон. Алардын катарында Айлана-чөйрөнү коргоо министри Ви Тун Бун баштаган Ли Куан Юнун мурунку жакын санаалаштары да болгон. Ушундай талыкпаган күрөштүн натыйжасында Сингапур дүйнөдөгү эң аз коррупциялашкан өлкө боло алды. Ли Куан Ю ар дайым мыйзамдын үстөмдүгүн жогору койгон. Өзүнүн туугандарын баш кылып мыйзам алдында бирдей жооп берүүгө мажбурлаган. Мыйзам чыгаруу системасы англиялык колониялык башкаруудан алынган.
Бизде да ушундай болсо....
1960-1970-жылдары билим берүү тармагы толугу менен реформаланган. Баардык ЖОЖдордо жана мектептерде англис тили билим берүүдө милдеттүү тил катары киргизилген. Англис тили мамлекеттик жана расмий тил болуп саналат. Сингапурдук жаштардын чет өлкөдөгү эң алдыңкы ЖОЖдордон билим алышына эбегейсиз каражат жумшашкан.
Өкмөт жергиликтүү калкты үй менен камсыз кылууга болгон күч-аракетин жумшаган. 1960-жылы ипотекалык насыя берүү ишке кирип, анын натыйжасында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тездеген. Батирлердин 9 пайызы гана ижарага берилбесе калганы жеке менчик.
Кылмыштуулуктун көрсөткү-чү өтө төмөн. Кылмыш жоопкерчилиги өтө катаал жана өлүм жазасы колдонулат. Улуттар аралык ынтымакка жик салгандар өлүм жазасына тартылат. Атүгүл бул тууралуу интернетте талкуу жүргүзгөндөр да кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жазалардын айрым түрлөрү камчы менен жазаланат. Мисалга, жинди суудан сеп этип рулга отургандарды камчы менен сабашат. Мыкаачылык менен адам өлтүрүү жана баңгизат менен шугулдангандар дарга асылат. 1991-жылдан баштап 2004-жылга чейин баш-аягы болуп 400 кылмышкер өлүм жазасына тартылган. Бул дүйнөдөгү өлүм жазасы боюнча эң чоң көрсөткүч.
Сингапурда кургактык тартыш болгондуктан алар жасалма аралдарды куруп, ага көк тиреген имараттарды тургузуп келишет. Жадагалса футболдук талаасы суунун үстүндө. Кайыр сураган адамдарды жана үй-жайсыздарды табуу өтө кыйын. Сингапурду жапжашыл шаар деп айтса болот, анткени курулуш курууда канча бак кыйылса ошончо бак отургузуш керек деген мыйзам катуу иштейт. Көчөдөн милицияларды көрүү мүмкүн эмес, анткени ар бир жер видео көзөмөлгө алынган.
Сингапурдун эч кандай табигый ресурстары жок. Дээрлик бардыгын сырттан импорттошот. Ошого карабай азыр дүйнөнүн эң бай мамлекеттеринин катарына кошулду. Кантип десеңиз, биринчиден, Сингапурда дүйнөдөгү эң ири деңиз порттору жайгашкан. Күн сайын миңдеген кемелер кезек менен дүйнөнүн чар тарабына жүк ташып турушат. Экинчиден, Сингапур дүйнөлүк банктардын мекени. Эң ири банктардын башкы кеңселери ушул жакта жайгашкан. Үчүнчүдөн, туризм болуп көрбөгөндөй өнүккөн.
Сингапурду көпчүлүк тартиби катуу, ар нерсеге тыюу салынган өлкө катары билишет. Мисалы коомдук жайларда тамеки чеккендерге 1000 доллар (1 Сингапур доллары=37 сом) айып пул салынат. Метродо тамак ичип-жегендер 500 доллар айып төлөшөт. Мындан тышкары коомдук жайда сагыз чайноо, таштанды таштоо, сөгүнүү сыяктуу жаман адаттарга ушул сыяктуу эле айыптар салынат.
Бардыгы Сингапур тууралуу
Сингапур парламенттик республика болуп саналат. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган министрлер кабинетинин колунда. Президент болсо көбүнчө өкүлдүн ролун ойнойт. Бирок айрым бир талаштуу маселелерге вето кое алат. Сингапурда 1965-жылдан бери "Элдик кыймыл" партиясы доминант болуп келет.
Дүйнөдөгү эң чоң көз салуу чимириги (колесо обозрения) ушул өлкөдө жайгашкан. Анын узундугу 165 метрди түзөт.
Сингапурдагы курулуштар толугу менен фэн-шуй окуусу боюнча салынган. Мисалы, бийик имараттарды төрт бурчтук кылып салышпайт. Анткени фэн-шуй боюнча бурчтар жамандык алып келет, ошондуктан курулуштар жумуру формада.
Сингапур экватордо жайгашкандыктан абдан ысык жана нымдуу. Бирок көчөдөн башка жердин баарында кондиционер орнотулгандыктан күндүн ысыктыгы анча сезилбейт. Ушул тапта көчөлөргө да желдеткич орнотуп салышкан.
Дүйнөдө тыгын жок жападан-жалгыз өлкө деп айтса болот. Биринчиден, көчөлөрүндө жолчырак бөлүп турган тик төрт кошкондор жок. Бардык көчөлөр бири-бири менен ийкемдүү кошулган. Мунун баары фэн-шуй эрежеси боюнча. Экинчиден, мамлекет жарандардын ар бири эле машина сатып алуусуна жол бербейт. Анткени машина сатып алган адам машинанын баасынын 140 пайызын мамлекетке салык катары төлөшү керек. Анысы аз келгенсип айдоочунун күбөлүгүн кызылдай акчага сатып алууга туура келет. Маселен, бизде 20 миң доллар турган машина ал жакта 100 миң долларды жөн эле чапчыйт. Сингапурдун эң негизги коомдук транспорту бул такси. Такси ал жактын айлыгы менен анча деле кымбат эмес.
Көк тиреген имараттын чатырында дүйнөдөгү эң бийик, узундугу 150 метр болгон ачык перспективасы менен бассейн жайгашкан.
Сингапурда табигый шарттагы зоопарк бар. Ал эми "Букит-Тима" коругу 70 гектар жердеги тропикалык токой жана 20 гектарда Джуронг канаттуулар паркы бар. Ал жактан кинодон да көрө элек тиришумдуктуу жаныбарларды көрүүгө болот.
Ли Куан Юга Маргарет Тэтчер да суктанат
Атактуу саясатчы айым Маргарет Тэтчер Ли Куан Юнун мекени тууралуу: "Бир учурларда Сингапур бизден үйрөнчү эле, эми биз Сингапурдан үйрөнүп жатабыз" деп айтканы бар. Ошондой эле Тэтчер Ли Куан Юга карата "Ал замандын олуттуу маселелерине карата өзүнүн так жана ачык көз караштарын билдирет. Ошол эле учурда чечүү жолдорун да так айтат. Бирок бир да жолу жаңылган жок" деп өз баасын берген.
Ли Куан Юга көп берилчү коррупцияга каршы кантип күрөштүңүз деген суроого: "Эң жакын үч досуңузду түрмөгө отургузуңуз. Ошондо эмне үчүн экенин алар да жакшы билет, өзүңүз да" деп жооп берген.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ