21.09.12 Жер бети толуп абийирсиз кара нерсеге
Жети жаш аалам үшкүрүп турган сыяктуу…
Белгилүү тележурналист, акын Дүйшөк Мамбетөмүров быйыл эр ортонуна келди. Чыгармачылыкта нечен жылдар канжыгада жүргөн ырларын "Жан дүйнө" азыгы кылып чыгарды. Замандашыбыздын акыркы жазган ырларынан окурмандарга тартуулайбыз.

Бир өмүр
Жанары жанган от эле,
Жан дүйнө ага дос эле.
Жайлар жаз, күзгө алмашып,
Жаш кезек өттү бош эле.

Өтөөрүн өмүр айтпады
Өкүмдүү ойлор кайтпады.
Өр тарткан максат ишке ашпай
Өкүмүн кылды жаш дагы.

Мезгилге мезгил алмашты,
Мезгилдер жашты алдашты.
Менсинген жигит улгайып,
Чачтарын бубак кар басты.

Кеткен күн кайра келбеди,
Кеткен жаш сырын бербеди.
Кейибей, ажал, унчукпай,
Келегой, эми, кел деди.
Жамгырлуу таңда
Аздектүү сезим, ар-намыс, кайрат коштогон,
Ай, жылдар, күндөр, сааттар жана мүнөт бар.
Арамдык менен жашаган жолго түкүргөн,
Ак этип соккон бактылуу канча жүрөк бар.
Күн тийген жердин күкүгү болуп күн көргөн,
Күлкүсү курсун ошондой булганч өмүрдүн.
Табият таза, Ала-Тоо таза - Адамды,
Төгүлсөң жамгыр тазалаш үчүн төгүлгүн.

Жер бети толуп абийирсиз кара нерсеге,
Жети жаш аалам үшкүрүп турган сыяктуу.
Тажаган сындуу тагдырдын жалган ойнунан,
Талпынып учпай, үлдүрөйт көлдө бир аккуу…
Бирөөгө…
Жан дүйнөм козгоп, жай алып, тынчтык бербеген
Жадыма чукул, жароокер, назик сиз кимсиз?
Жашымды, анан мүнөзүм такыр сезбеген
Жалындуу сезим бар окшойт сизде тизгинсиз.

Сезимим аяр, жүрөгүм болсо дарт чалган
Өзүмдү жүрөм өз оюм менен дарылап…
Алыстан аяп, жакындан такыр сездирбей,
Арбаган деги сиз кимсиз мени ар убак.

Баарына жеткем, балдарым менен бүлөм бар,
Байолуу курак, ошого жараш мүнөз бар…
Байкатпай байлап, арзууга жеткен мендеги
Баладай күткөн не деген сизде жүрөк бар?

Жашоонун кечип, өйдө-ылдый татаал чыйырын
Баа бергим келген өзүмчө ушул турмушка.
Баарына көнбөй балбылдап сиздей бир сезим
Барына бүгүн ишенбей турам, турмушта…
Уулума
(Уулум Талантка арнайм)
Уулум сен жолго чыктың, сапары алыс,
Белгиси эр жеткендин азаматтын.
Учурган уяң калып, атаң калып,
Мүмкүн сен кээ бир жерден адашаарсың.

Бул турмуш миң сан кырлуу, өзгөрүлмө,
Жашоонун мыйзамы көп жазылбаган.
Көрө албайт көп адамдар көз көрүнөө,
Жолдордун чуңкуру көп казылбаган.

Сен эми бойго жетип жигит болдуң,
Дайыма бир жүрбөссүң атаң менен.
Болсоң да кай сапарда, билип койгун,
Ар кимдин өз жолу бар, татаал, кенен.

Бир гана куралың бар бул жашоодо,
Түз жүргүн, адамдыктан кетпегиниң.
Дүйнөдө сен эмессиң жалгыз, жалгыз,
Артыңда элиң болсун, эстегиниң.

Жашоонун мыйзамы ушул, эзелтеден
Ата-эне коштоп жүрбөйт өмүр бою.
Ар ата урпагына кезек берген,
Алдыда шыдыр болсун баскан жолуң.
Пикетчил катындарга
Лакылдап көчөгө чыккандар,
Базардан 5 тыйын уткандар.
Жан бактың, макулмун, а бирок,
А бирок сенде эмне кутман бар?

Түрүндүң, эркекче кийиндиң,
Жүгүрдүң пикетке, сүйүндүң.
Сөгүндүң, кыйкырдың, акча алдың,
Ушу сен кутсуңбу үйүңдүн?

Жылмайып НПОмун дедиңер,
Калп эле эл камын жедиңер.
Сенде жок энелик чын сезим,
Сенде жок аялдык мээримиңер.

Энеден жаралган дүнүйө,
Эч сөз жок эненин дилине.
Эненин наамын көп булгабай,
Эй катын, киргиниң үйүңө!