14.09.12 Өткөндөн "өрнөк"
Жаңы кожоюн эскиче шыпыра баштады
Парламенттеги расмий ант берүүдөн кийин премьер Жантөрө Сатыбалдиев кезектеги кадрдык жүрүштөрдү жасоого киришти. Тилекке каршы, мында да коалицияга кирген үч фракциянын (КСДП, "Ата мекен", "Ар-намыс") кызыкчылыктары негизги ролду ойноп, майлуу-сүттүү кызматтарга профессионалдар эмес көздөй кишилер дайындала баштады. Мурдагы өкмөт башчылары креслого отурар замат өз адамдарын айланасына үйүшчү, эмкиси дагы ошол жолойго түштү.


Жантөрө Жолдошевич ЖоКеде сүйлөгөн сөзүндө үч айга чейин кадрдык ат жүрүштөр болбостугун, жыл жаңыргандан кийин министр, агенттик жетекчилеринен отчет алып, анан гана ишти жөндөй албагандарын кызматтан алаарын айткан. Бирок анысын заматта унутту. "Чү" дегенде эле "Республика" партиясынын өкүлү, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевди "айдап", ордуна башкы коммунистчи Исхак Масалиевди отургузду. Мунун себебин түшүндүргөн жок. Ал эми коомчулукта Абдалиевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрдүү кептер айтылууда. Маселен, анын эмки жылга карата 9,5 млрд. сом өлчөмүндөгү салыкты кайсы критерийдин негизинде алдын ала жыйнап алганы көпчүлүккө түшүнүксүз. Эгер бул мыйзам бузууга жатса, анда Кабыл мырзаны жөн эле босогодон ары узатып койбой мыйзам чегинде жазалоо зарыл эмес беле?
2010-жылдын майында контрреволюция жасоо аракетин эске албаганда, бөлөк фигураларга салыштырмалуу Исхак Абсаматовичтин репутациясы таза. Бирок ал салык тармагын ийне-жибине чейин түшүнөбү же жокпу? Көйгөйдүн баары ушунда. Башкы коммунистчинин өмүр таржымалын карап отуруп анын 1993-1994-жылдары Ош облусунда салык инспекторлугун аркалаганын билдик. Болгон-толгон "тажрыйбасы" ошол. Анда ал кантип өлкөнүн башсалыкчысына айланып калды? Эми бу системаны бир калыпка сала алабы? Же өкмөт башчысы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров сунуштаган талапкерлерди эле өткөрө береби?

Кулов чапкан жол менен
"Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки" сымал Кеңешбек Дүйшөбаев аз убакыт оппозиция жээгине өтө калды эле, маңзаттарын көзөмөлдөө кызматынын төрагалыгынан кантип шыпырылып түшкөнүн аңдабай калды. Анын ордун кечээ эле тууган-туушканыңарды кызматка койбогула деп заркакшап аткан президенттин канкудасы Алымбай Султанов ээледи. Жантөрө мырза "А.Атамбаев маңзаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси кылып Алымбай Султановду дайындоого каршы болгон. Мен Алымбай Султановду тажрыйбалуу жетекчи катары билем. Ушунун баарын эске алуу менен А.Султановду баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси кылып дайындадым. Бул менин чечимим" деп актанды. Арийне, буга карапайым калк эгерим ишенбейт.
Учурунда Феликс Шаршенбаевич Кулов да КурСалиевичтин иниси Жаныш Бакиевди байдын эрке кызындай мактап атып "үч тамганын" төрага орунбасарлыгына отургузган. Ашынган кошоматчылыктын аягы кейиштүү болгонун көргөнбүз. Ошон үчүн башбакан президентке кошомат кылбаса деле болмок.

Максимдин оң колу кетсе, сол колу бар
Кыргыз элинин байлыгын мите курттай соруп, тумандуу Альбионго сызган экс-ханзаада Максим Бакиевдин оң колу Учкунбек Ташбаев "Республиканын" атынан геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин "тууруна" конгон. Кечээ ал дагы жылуу креслосун Ишимбай Чунуевге бошотуп берди.
Кызмат менен кош айтышуу кезеги Мамлекеттик каттоо кызматына отурганына бир ай толуп-толо элек Айгүл Рыскуловага да жетти. "Ар-намыс" фракциясы бул мекеменин жетекчилигине Мирбек Бөрүбашовду сунуштамакчы. Мирбек мырзанын кесиби юрист. Кезинде "Чакан ГЭС" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Бакиевдердин үй-бүлөсү үчүн жакшы эле кызмат кылганын билебиз.
Талантбек СЫДЫКОВ