14.09.12 Сулуу, наздуу бийкечтер кечеси же
Раиса Атамбаеванын көйнөгү канча миң доллар?
Үч жылдан бери 9-сентябрда стилист-дизайнер Замира Молдошева "Сулуулук жаратуучулар күнү" фестивалын өткөрүп келет. Дүйнө жүзүндө аталган майрам 1942-жылдан бери белгиленип келүүдө. Биз сулуулук тартуулай тургандардын катарына жаңыдан кошулсак дагы алгачкы ийгиликтер көңүл кубантарлык. Жыл сайын такшалып келе жаткан майрам быйыл былтыркыдан өзгөчө шаңдуу өттү.


Уюштуруу иштерине кылдат көңүл бурулуп, чоң каражат сарпталганы дароо байкалат. Жылдыздар басып өтө турган кызыл килем башында 20 метр болсо быйыл 460 метрге узарыптыр. Ошого жараша байге фонду да отуз миң сомго көбөйүп, жалпысынан 180 миң сомду түздү. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын Малахит залында өткөн фестивалды күткөндөр арбын болду. Башталарына эки саат убакыт калса да эл жык-жыйма чогулуп, келе турган конокторду жарданып күтүп турушту. Саат жетиде ырчы, актерлор биринин артынан бири лимузинден түшө баштады. Арасында Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков сүйлөшкөн кызы Мээримди колтуктай келсе, Урмат жубайы Неля менен ээрчишип келди. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, балерина Асел Айдарова, опера ырчысы Марат Ибраев, дизайнерлерден Дилбар Ашимбаева, Бурул Мамбетова, Татьяна Воротникова келген коноктордун катарын толукташты.
Кечеде баары үчүн кызыктуу жагдай жаратканы өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева менен Өмүрбек Бабановдун жубайы келгени болду окшойт. Журналисттердин суроосуна Раиса Атамбаева: "Биз майрам күтүүдөбүз. Азыр биздин дизайнерлер жакшы ийгиликти жаратып жатышат. Тиккен кийимдерин кийгенден уялбайсың" деген кыскача оюн билдирди. Белгилеп кое турган нерсе, Раиса Атамбаева жана Рита Бабанова улуттук колорит менен заманбап форманы айкалыштырган мыкты көйнөктөрдү кийип, ашыкча жасалгасы жок, бирок сымбаттуу айымдар экендигин байкадык. Аял болгон соң "көйнөктү канча миң долларга алды экен?" деп да ойлодук.
Баарын зарыктырып күттүргөн сынак залдын ичинде башталды. Жети дизайнердин ат салышуусу, фантазиясы, даярдыгы бириникинен бири өтүп мыкты. Калыстар тобу тандоодо бир аз кыйналышты өңдөнөт. Бул жерден да уюштуруучулар жакшы куулук жасашыптыр. Тигилген көйнөк кимдики экени айтылбай, калыстар тобу бааларын бере берет. Акырында гана жеңүүчүнүн атын атап, отургандардын оозун ачырышты. Бул бир чети сынак калыс өтүүсүнүн алдын алган эң жакшы идея экени айтпаса деле белгилүү. Шарт боюнча жети команданын ар бири төрт кишиден турмак. Бир нече айлап даярдашкан элүүдөн ашык эмгек элге тартууланды.
Жыйынтыгында алгач номинацияларга ээ болгондордун тизмесин уга алдык. Алар жылдын мыкты стилисти Ирина Коломицына, жылдын мыкты дизайнерлери Наргиза Карыбаева жана Анна Те.
Францияда өтө турган мода жумалыгына жолдомо менен 100 миң сомго "Элвира" тобу ээ болду. Дизайнер Элвира Султангазиеванын төрт адамдан турган чакан тобунун эмгегинин акыбети ашыгы менен кайтты десек болчудай. Жеңүүчүлөр бир жума Францияда саякаттап, сулуулук салондоруна башбагып, айтор, ойдогудай эс алып кайтышаары маалым болду.
Бул сынакка Замира Молдошева кыш айларынан бери тынымсыз даярданып келген. Сынак эки турдан өттү. Биринчисинде он үч дизайнердин арасынан жетөөнү ылгап алып, экинчисинде жетинин бири тандалды. Дизайнерлер кийими мындай турсун чач жасалгасынан баштап тырмагынын учуна чейин кылдат иштеп чыккандары дароо байкалат. Фестивалдын жыйынтыгында келген конокторго сөз берилип, ар бири уюштуруу иштерине ыраазычылыгын билдирип, ушундай "сулуу майрамдар" көп болуп турса баарыбызга пайдалуу экенин баса белгилеп өтүштү.
Жеңүүчү тууралуу сөз кыла турган болсок, Элвира Султангазиева сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Кесиби дизайнер-модельер. Эмгек жолун алгач 2002-жылы "Изи" деген моделдик агенттиктен баштаган. Алматы шаарында өткөн "Күз-кыш" деген сынакта биринчиликти багындырып келген. Баарынан да кызыгы, "Евразия жылдызында" биринчиликти жеңип келген Гүлжигит Калыковдун костюмдарынын автору. Ырчы жигиттин кийген кийими алты мамлекетте тең талантынан ашыра макталбаса кем калган эмес. Андыктан Элвира Султангазиеваны өлкөдөгү көзгө басар дизайнер деп айтсак аша чаппаган болобуз. Учурда дизайнерликтен сырткары чакан тигүү цехин да иштетет.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, сүрөттөр Владимир ПИРОГОВдуку





Эркектин үшкүрүгү
Акылсыз аялга байлык эле керекпи?

Адам бир мүнөз, беттегенин бербеген, айтканынан кайтпаган, айрым жерде кырс болгону өзүнө жакшыбы деп ойлоп коем. Мүнөзүмдүн жумшактыгы, ишенчээктигим, ашкере боорукерлигим өзүмдүн башыма тийген муш болуп отурат. Бала кезимде эле ушундай болчумун. Бала бакчадан балдар оюнчугумду сураса колумдагыны кармата берип анын ойноп жатканын кызыгып карап отура берчүмүн. Өзүм ошол оюнчук менен канчалык ойногум келбесин каалоомду күч менен тыйар элем. Кийин боорукерлигим ошол бойдон калды. Ого бетер күчөдү десем да болот. Үйлөндүм, балалуу болдум. Туугандарым башында эле менин жумшак мүнөзүмдү жүдөөлүк катары карашып, киши катарына деле кошчу эмес. Туугандар арасындагы жамандык-жакшылыктарды акыркылардан болуп угуп калсам барып, укпасам калып калчумун. Уюштурууга, бир туугандардын башын бириктиргенге улуу эжем маш эле. Мен эмес менден тыңыраагы деп анын айтканын кылып, айдаган жагына басышчу.
***
Өзүмдүн кыялыма жараша тилинен чаң чыккан тың, жылтыраган жашоону жакшы көргөн аялга жолуктум. Иштеген ишим, алган айлыгым үй-бүлөмдү бакканга кенен жетет. Ошого жараша жубайым да эркелеп түрдүү жасалга, кийим сатып алганды жакшы көрөт. Көңүлүн кыйбасымды билип тилимди да таап алган. Бир жакпаган жери, айтканы аткарылбай калса жубайлык милдеттеринен дароо четтей түшөт. Тамак жасаганды мындай кой, өз курсагын тойгузуп жатып алмай жаман адаты бар. Анан айлыгым колума тийгенде алдап-соолап, эркелетип жатып көк бетин жандырам. Жаңы үйлөнгөндө эсимде, курбусу тагынып жүргөндөй алтын шакек алып бербейсиң деп үйдү үч көтөрүп ызы-чуу салган. Ошондо ичим бир муздап андан кийин жылыган жок. Балким оңолуп кетээр дегем. Адамдын эч чоң катасы ушул курулай үмүттө экен. Апамдын көзү тирүү кезинде "балам а-ай, өзүңдүн мүнөзүң алдагы, тапкан катыныңдын кейпи тиги. Сенин түбүңө тирүүлөй жетет го" деп кейигени улам эсиме түшөт.
Эмнеге аялдар эркектин акчасын гана эсептейт? Акча таап келсе кабак-кашы ачык тосуп алат, акчасы жок болсо буркуйуп эки күн сүйлөбөйт. Күйөөсүнүн кызматынан кыйналып жүргөнүн көрсө да көрмөксөн болуп үйдө бул жок, тиги жок деп кулак-мээни жеп наалышат. Мени туугандарымдын көзүнчө көтөрүп, жаманымды жашыра турган аялым капчыгымды келемиштей кемиргени кемирген. Аял кишинин акылы алтын, анан кымбат кийимден ашат болду бекен? Орусча айтканда "шантаж" аркылуу каалаганына жеткени күйбөгөн жериңди күл кылат. Муну алып бербесең мен мындай кылам дегенин кантейин. Бир-эки жолу каалаганын ала албай коркутуп төркүнүнө кетип калганын ойлосом күлкүм келет. Эркек кишиге жөлөк болуп, аны колдон-буттан ала турган аял өтө аз окшойт. Мен муну менен аялзатынын көбүн акылсыз дегенден алысмын. Аялым, балдарым деп кара жанын карч уруп жүргөн эркектин баркына баары эле жете бербейт тура. Мен кээде өзүмдү аялымдын капчыгы, киреше таба турган булагы катары сезип кетем. Капчыгың толуп, көңүлүн ачып турсаң сенин көзүңдү карайт. Акчаң жок болсо кабагына кар жааганы жааган…
Балким бир аз орой, мүнөзүм кырс болсо аялым менден сестенип өзүнүн ордун билээр беле? Эмнеси болсо да адам керектүү учурда март болуп, айрым учурда "жок" деп кесе сүйлөгөндү да билиш керек экен.

Майрамбек, Бишкек шаары