14.09.12 Курсу доллардай болгон мал жана жетпей аткан тоют менен буудай

Кезинде Кыргызстан СССРдин жарымын эт менен, дагы бир нече бөлүгүн жашылча, жер-жемиш менен камсыздап келген болсо, бүгүн ички рынок талабын да жарытып канааттандыра албайт. Мисалы, 6 айда Кыргызстанга чет жактан 33,5 миң тонна эт азыктары келген. Ал эми экспорт деген нөл. Жер менен иштеген дыйкандардын эмгеги да жыл сайын акталбай баратат. Себеби ички рынок сырттан келген айыл чарба товарлары менен толуп калууда. Бул кебетеси менен Кыргызстан аз жылдардан кийин помидорду да сырттан сатып алып жеп калышы мүмкүн. Адистер бул мамлекет тарабынан туура эмес жүргүзүлгөн агрардык саясатка байланыштуу экенин айтат.

Бажы союзу бизди экономикалык блокадада калтырды
Буга чейин Таластын дыйкандары күзүндө картошкаларын көбүнчө Жамбылга алпарып сатып келишкен. Бирок былтыртан бери Казакстан Бирдиктүү бажы союзуна киргендигине байланыштуу азыр бул өлкөгө Россия менен Белоруссиядан көбүрөөк картошка келе баштады. Былтыр анын айынан таластык дыйкандар картошкаларын өткөрө албай калган. Республиканын башка аймактарында картошка эккен дыйкандар да ошондой абалга кабылган. Быйыл кандай болору белгисиз. Эки жылдан бери коңшу өлкөлөрдүн Бажы союзуна кирип алышы да кыргыз дыйкандарын кыйнай баштады. Ал эми биздин бул биримдикке качан киришибиз белгисиз.
Нан кымбаттайт,
сак болгун…
Буудай күн сайын кымбаттай берери жашыруун болбой калды. Азырынча былтыркы жылдын запасынан бар. Ошолорду кошуп, бааны турукташтырууга аракеттер жасалууда. Ал түгөнгөндө буудайдын наркына сөзсүз таасир берет. Себеби жаңы буудайдын баасы кымбаттайт. Быйыл бир гана Кыргызстанда кургакчылык болбостон, негизги буудай экспорттоочу АКШ, Канадада да түшүмдүүлүк начар.
Кыргызстан бир жылда 800-850 миң тоннанын тегерегинде буудай керектейт. Андыктан аз дегенде дагы 350-400 миң тонна буудай сатып алыш керек. Быйыл Айыл чарба министрлиги эгин талааларынан 600-650 миң тоннага чейин буудай жыйнайбыз деген маалымат берген. Бирок чынында болгону 400 миң тоннадай буудай орулат. Адистер Кыргызстандан жыйналган ал буудайдын 80 пайызы жөн гана малга тоют катары эле колдонулуш керек деп айтып келишет. 2012-жылдын февралында бир тонна буудай баасы 140-160 доллар болсо, азыр 260-300 доллар болду. Ошондуктан ун кымбаттоонун үстүндө. Мындан сырткары өкмөттүн да сырттан келген унга 30 пайыздык кошумча салык киргизгени баанын өсүшүнө таасир берди.
Ал ортодо Казакстандын Айыл чарба министринин орунбасары Муслим Умирьяев Казакстан быйыл Кыргызстанга болгон буудай экспортун чектебейт, бирок баасы кымбатташы мүмкүн деп билдирди. Ал айткан сөзүнө турса ачка калбайбыз, бирок нан кымбат болорун эч ким тана албайт.
Тоют быйыл деле кээ бир жерлерде жакшы эмес
Учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым ысык райондорунда кышка карата тоют топтоо иштери толук аяктады. Быйыл жаандын мол болушунан кайрак жердеги чөп жакшы өсүп, жергиликтүү тургундар жетишерлик тоют камдоого аракеттеништи. Өткөн жылга караганда тоют мол болду деген менен, анын баасы жылдагыдан жогору. Чөп базарда азырынча алармандардын саны аз. Бирок чөптүн баасы мындан ары түшпөйт дешет соодагерлер. Былтыр ушул маалда таңгакталган чөп азыркыдан 60-70 сомго арзан болчу. Учурда таңгакталган чөп 130-135 сомдон, ал эми саман болсо 150-180 сомго чейин сатылууда. Баасы дагы жогорулашы мүмкүн, анткени көпчүлүк адамдар чөбүн үйлөрүнө басып коюп базарга алып түшпөй жатат дешет сатуучулар.
Быйыл да тоют айрым жаратылышы катаал жерлерде жакшы болбой калды. Мисалы, Кара-Кулжа, Ноокат жана Алай райондорунун күнгөй беттеринде жергиликтүү тургундар чөптүн наркына карабай кышка камылга көрүп жатышат. Нарын облусунда 2688 гектар аянтка көп жылдык, 3167 гектарга бир жылдык чөптүн түрү айдалган. Былтыркыга караганда 38 миң 819 тонна тоют көп жыйналды. Айрыкча тоют топтоо Жумгал, Ак-Талаа, Нарын райондорунда жакшы болгону менен жаз, жай айлардын кургакчыл болушунан улам айрым аймактарда түшүмдүүлүк 2-3-центнерге төмөн болгон.
Жалал-Абад облусунда 654 миң 708 тонна тоют камдалса, облустагы малдын кыштан чыгышына жетчүдөй. Бүгүнкү күндө анын 378 миң тоннасы гана камдалып бүттү. Таңгакталган чөптүн баасы азыркы тапта 150 сомдун тегерегинде. Учурда Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда чөп жыйноо аяктаган. Ал эми Таласта учурда көп жылдык чөптүн экинчи чабыгын жыйноо аяктап калды. Адистердин байкоосунда, жеке менчик сектордогу малга даярдалган тоют өткөн жылдагыдан арбын болот.
Малдын баасы доллардай эле бирде жогорулап, бирде түшүп туру
Кыргызстандын аймактарында малдын баасы ар кандай деңгээлде. Мисалы, Алайдын Кара-Мык айылынын тургуну соодагерлер ал жерден 15 миңге алып кеткен кунаажынын Ош шаарына келип 30 миңге сатып атканын айтат. Эрте жазда республиканын түндүк облустарында тубар койдун баасы 6,5 миң, бээлер 47,5 миң жана саан уйлардын баасы 52,5 миң сом эле. Учурда Таласта уй баасы 45-55 миң сом болсо, Ысык-Көлдө 30-35 миң сомдон. Нарында саан уй 35 миң сомдон сатылса, Чүйдө 46-50 миң сомго чейин бааланат дешет. Тубар койлор болсо Чүйдө 6,5 миң, Таласта 6 миң, Ысык-Көлдө 5 миң экен.
Ал эми түштүк облустарында малдын баасы жазгы жут учурунда мурдагысынан биртоп эле арзандап, кыштан чыккандан кийин кайра көтөрүлдү эле. Мисалы, Алайда семиз бээ 75-85 миңге чейин чыккан. Ал эми орто семиздиктеги койлор 7-8 миң сом болсо, эчки-улактар 2500 сомдон 4000 сомго жеткен. Ошто уй 35тен 60 миңдин тегерегинде сатылып аткан. Бирок күтүрөгөн күздө кайра малга болгон баа бир аз түшө баштады. Себеби жергиликтүү элдин айтуусу боюнча эл бир чети кыштын узак болушунан коркуп турса, бир жагынан жугуштуу дарттан чочуп турат.
Сырттан келген этти көп жесең импотент болосуң
Кытай менен АКШдан бат чоңойтуучу каражаттар менен багылган малдын эттери келет. Гормон менен багылган торпок 1 жылдын ичинде эле чоң уйдун этин бере тургандай салмакка жетет. Мындай эт адамдын ден соолугуна зыян экени айтпаса да түшүнүктүү. Мындай малдын этин жеген адам бара-бара тукумсуздук, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Ошондой эле АКШ, Орусия жана Кытай улуу державалары мамлекеттик резервдеги тамак-аш продуктуларын сактоо мөөнөтү бүтүп баратканда бизге окшогон экономикасы чабал өлкөлөргө экспорттоп жиберери белгилүү. Четтен келген эттин баасы арзан болгондуктан шаарыбыздагы кафе-ресторандар алышат. Мындай эттердин биздин өзүбүздүн эттерден айырмасы - алар тоңдурулган сулп эт түрүндө болот. Бирок тез чоңойтуучу каражаттар менен багылгандыктан даамы супсак.