кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0914_1.htm on line 80

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0914_1.htm on line 80

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0914_1.htm on line 80
п»ї
Отуз миң доллар ортомчуну да ала жыгылды

Кечээ жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматы Жогорку Соттун бөлүм башчысы Улукбек Сүйөркуловду пара алганга шектүү деп укурукка илди. УКМКнын айтымында, Сүйөркулов пара алды деп айыпталууда. Ал СИЗОдо отурган Социалдык өнүктүрүү министрлигинин департамент башчысы Гүлнара Дербишева менен бала асырап алуу боюнча чет элдик компаниянын ортосунда ортомчулук кылып, 30 миң доллар алган.
Аталган кызмат 31-августта Гүлнара Дербишеваны 7 миң доллар пара менен кармаган эле. Анда Дербишева Социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары болуп турган учурда чет өлкөгө бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан 30 миң доллар пара алгандыгы айтылган. Андыктан Башкы прокуратура бул факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 313-беренеси жана 313-берененин 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ошол отуз миң доллар ортомчу боло коем деген У. Сүйөркуловду да ала жыгылды.
Башкы прокуратура У.Сүйөркуловго "пара талап кылуу", "пара алуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Дербишева да, Сүйөркулов да УКМК СИЗОсунда отурушат.






Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0914_1.htm on line 125

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0914_1.htm on line 125

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0914_1.htm on line 125


а ­е¦Є.НҐй«