07.09.12 Эштек, кышка камың кандай?
Быйыл да жут болобу?
Өткөн кыш мезгили абдан каат болуп, күндүн суугунан, кардын калыңдыгынан, кыштын узактыгынан малдын тоюту жетишпей Кыргызстанда он миңдеген туяк кырылып калган. Кар калың жаткан жерлерде жут башталып, койлор биринин жүнүн бири жеп, карапайым элге биртоп чыгаша алып келген эле. Жыл сайын бул маалда кыштын камын көрүп, малдын башына жараша чөп жыйнап алчу карапайым калк быйыл кыш кандай болот, былтыркыдай чыгашага учурабайбызбы деп санааркап турган чагы. Кыргызстандын аймактарында быйыл тоют маселеси кандай чечилип атканы тууралуу маалымат алдык.

Самат КАДЫРОВ, Нарын облусунун тургуну:
- Былтыр биздин чөлкөмдө кыштын узактыгынан далай мал кырылып калган. Мисалы, менин короомон эле 28 баш кой кырылды. Эгер быйыл кыш былтыркыдай болсо, анда малымдын баары кырылып калат го деп чочулап турам. Себеби кыш катуу, узак болгону менен жайкысын аябай кургакчыл болду. Талаадагы чөптүн көбү күйүп кетти. Ал эми буудай, арпа деген бир карыштан кичине эле көтөрүлдү. Аларды комбайн менен чапканга болбойт. Ошондон улам малды көп кармагандар эртелеп сатып салалы деп атабыз. Тилекке каршы, мал да абдан арзандап кетти. Бир боо чөп азыр 200 сомдун тегерегинде. Былтыр бул убакта 40-50 сом болгон. Бизге окшогон карапайым калктын көйгөйү менен аткаминерлердин иши жоктой. Улам бир саясый оюндар менен митингге чыкпай, экономиканы көтөрүүгө аракет кылышса болмок. Айыл элинин карманары эле мал. Көпчүлүк үй-бүлөдө эч ким иштебейт, жалаң эле малдын көзүн карап ошону менен оокат кылышат. Былтыркыдай мал кырылып атканда гана эмне кылыш керек деп калдастабай, ушундай кырдаалды азыртадан алдын албасак экономикабыз дагы төмөндөп, эл жакырлангандан жакырлана берет.

Тургунбек СҮЙҮНБАЕВ, Кочкор районунун тургуну:
- Бизде кышкысын кар жатпагандыктан кышта каатчылыкты көп байкаган жокпуз. Мал арасында жут деле болгон жок. Албетте чөп былтыркыга караганда быйыл азыраак, бирок бизди сүйүнткөнү - арпа менен буудай жакшы чыкты. Айылда техника жок, ошол арпа-буудайды чаптыра албай кыйналып атабыз. Кышкысын малды талаага жаябыз. Мал аябай арзан. Бир боо чөп быякта 120-130 сомдун тегерегинде болуп атат.

Салижан ТЕНТИЕВ, Талас облусунун тургуну:
- Быйыл кыш былтыркыдан да катуу болот деген маалымат бар. Быйыл кургакчылык болуп, арпа-буудай, дан өсүмдүктөрү жылдагыга караганда түшүмдүүлүгү төмөн. Ал эми эспарцет, беде сыяктуу чөптөр түшүмдүүлүгүн жылдагыдай эле берди. Малдын баасы да Таласта абдан арзандап кетти. Азыр бир вагон чөп 25 миң сом, буга чейин ал 12 миң сом эле болчу. Эгер кыш катуу болсо, малга тоют жетпей, жут болуп калышы ыктымал. Анткени элдин ойдогудай тоют даярдап, чөп сатып алууга да мүмкүнчүлүгү жок.

Таалайбек ЗИКИРОВ, Ош облусунун губернаторунун орунбасары:
- Быйыл кудай кааласа түштүктө чөп, тоют маселеси жакшы деп айталам. Учурда дан эгиндери, талаачылык иштеринин 70-80%ы бүтүп калды. Былтыр кыш катуу болгондуктан тоют жылдагыдан көбүрөөк жыйналды. Тоюттун көлөмү кудайга шүгүр. Учурда бир боо чөп 130-140 сомдун тегерегинде. Былтыр жут башталганда бир боо чөп 180 сомдон 700 сомго чейин чыккан эле. Буудайдын түшүмдүүлүгү жылдагыдай эле, бирок быйыл кичине азыраак эгилип калды. Кыш узак болуп, күздүк аз себилип калган эле. Анткен менен эл жүгөрүнү быйыл көп эгишти. Учурда жүгөрүнү жыйнап аткан кез. Кудай буюрса быйыл кыштан эсен чыгалы деген аракеттерди көрүп атабыз.

Дамир САГЫНБАЕВ, Ысык-Көл облусунун тургуну:
- Быйыл Көлдө чөптүн, дандын түшүмдүүлүгү жылдагыдай эле. Бирок чөптүн баасы былтыркыга караганда үч эсеге кымбат. Арпа-буудай жакшы. Биздин өрөөнгө картошка жакшы өскөндүктөн көпчүлүк картошка айдап, сатып, ошону менен жан багышчу. Былтыр картошка көп болуп, баасы 2 сомго түшүп кеткен. Ошол 2 сомго да кардар табалбай, чиритип жибергендер да болгон эле. Быйыл картошканы азайтып, анын ордуна беде айдап салгандар көп. Эми быйыл картошка кымбат болот го деп атабыз. Ал эми жалпы тоют маселеси боюнча малдуулар жакшы эле камдап алышты.
Кыргызстандын тоолуу аймактарында мал жылдан жылга көбөйүүдө. Аларга тоют камдоодо жумушчу күчүнүн жетишпегени да чоң көйгөйдү жаратат экен. Ишке жарактуу адамдардын көпчүлүгү мигрант болгондуктан, тоют даярдоого айылдагы ата-энесине акча жөнөтүшөт. Тилекке каршы, акчага да иштечүлөр тоолуу аймактарда табылбай жатат дешет. Кыштын кандай болорун эч ким билбейт. Бирок мына жут келди деп былтыркыдай алакан жайып отуруп калбай, азыртадан алдын алыш керек. Өкмөт бизге жардам бербей койду деп ага таарынганга деле негиз жок дешет айылдыктар. Мамлекет материалдык резервге чөп, тоют жыйнап койбойт. Ошондуктан ар бир адам короосундагы малынын башына жараша аракет кылып, азыртадан тоютун камдап албаса, кыштын күнү былтыркыдай чоң чыгаша болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА