17.08.12 KYRGYZSPORT
Тынч жүрбөстөр жарышы
Кара тизмеде жүргөн жашы жете элек "тентек" балдардын арасында спартакиада жыйынтыкталды. Ага Бишкектин төрт району катышып, кичи футболдон Ленин, жеңил атлетикадан Биринчи май, сууда сүзүүдөн Свердлов райондорунун шоктору кыйын болуп чыкты.

Мирлан еврей болобу?
Буга чейин Москванын "Локомотивинде" ойноп келген Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Израилде кароодо жүрөт. "Дордойдун" оюнчусу еврейлерге жагып калса ошолордун клубунда өнөр көрсөтмөкчү.

Кармап уруп тепкендер
Тажикстанда кармаш уруш боюнча эл аралык турнир өтүп, биздикилер куру келбеди. Амангелди улуу Адылбек (42 кг, 14-15 жаш), Нурболот Жекшенов (70 кг, жаштар арасында) жана Субанбек Божоев (63 кг, жаштар арасында) вице-чемпион болушса, Искендер уулу Бекзат ( 65 кг, 14-15 жаш), Фарида Пупова жана Альбина Мамбетова коло медаль тагынышты. Ал эми Курманбек улуу Урманбек чемпион болуп кайтты.

Көрсөткүчтөр жаман эмес
Кыргызстанда ФИФАнын өспүрүмдөр арасындагы эл аралык "Достук кубогу - 2012" футбол турнири жыйынтыкталды. Аталган турнирдин жеңүүчүсү болуп Тажикстандын командасы табылды. Алар чечүүчү беттеште биздикилерди жеңип кетишти. Белгилей кетчү жагдай, аталган турнирге Кыргызстандан эки команда катышты. Бири Жалал-Абад, Ош жана Баткен дубандарынын башын бириктирсе, экинчиси, Бишкек менен Канттын атынан чыгышты. Ошентип биринчиликти Тажикстан, кийинки эки орунду Кыргызстан, 4-орунду Түркмөнстан, 5-орунду Орусия жана акыркы орунду Казакстан алды.

Кыргызстандыктар Европа лигасында
Казакстандын "Ак-Төбө" футболдук клубу Европа лигасында 2012-2013 сезонунан кол жууду. "Ак-Төбө" жооптук беттеште бельгиялык "Генку" командасына утулду. Бельгия менен болгон биринчи беттеште казактар 2:1 эсебинде утулган. Ал эми экинчи беттеште казактардын эсебин кыргызстандык Эмил Кенжесариев ("Абдыш-Ата") 31 мүнөттө ачты. Эмилдин голуна жооп кылып бельгиялык Надсон 5 мүнөттөн кийин эсепти теңегенге жетишти. Казактар 76-мүнөттө "Абдыш-Атадан" чыккан Антон Землянухинди чабуулга коюшту эле, кызыл карточка алып гол сокконго үлгүрбөй калды. Оюн соңунда бельгиялыктар дагы бир гол киргизгенге жетишти. Казактар кыргызстандыктардын аркасы менен ийгиликке умтулду эле, бельгиялыктар оңой эмес жоо экенин көрсөтүштү.

"Ардагер" - чемпион!
"Ардагер" волейбол командасы Таш-Көмүрдө өткөн ардагерлер арасындагы республикалык турнирде жеңүүчү аталды. Мөрөй үчүн эки топко бөлүнгөн 14 команда ат салышты. Таймаштын финалдык беттеши кызуу жүрдү. "Ардагер" командасы менен "Өзгөн" командасы беттешип, акыры ардагерлер жеңип чыкты. Ардагерлердин кийинки турнири Бусурманкул Оторбаевдин жаркын элесине арналып Таласта өтөөрү болжолдонууда.