17.08.12 Айтматов кичи мекенине
айкел түрүндө кайтып келет
Жакында Талас облусунун Кара-Буура районуна улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бийиктиги 3,5 метрлик айкели орнотулат. Жазуучунун эстелигин кичи мекенине орнотууну жергиликтүү эл көтөрүп чыккан. Бирок бул ишти баштан аяк уюштуруп, өзүнүн жеке каражатын кошуп, чоң милдетти мойнуна алган Таластын дагы бир тургуну, жеке ишкер Сыргак АСАНБЕКОВдун да эмгеги чоң. Ар бир иштин артында чоң түйшүк бар эмеспи. Улуу жазуучунун айкелин даярдоодо артта калган кыйынчылыктар тууралуу Сыргак мырза төмөнкүлөрдү айтты.

- 2010-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун эли Чыңгыз Айтматовдун айкелин орнотуу үчүн марафон өткөрүшкөн. Марафондон 300-400 миң сом каражат түшкөн, бирок бул жетпейт эле. Айтматовго татыктуу, сапаттуу айкел орнотолу, жетпеген каражатты өзүм кошом деп сөз бергем. Андан кийин скульпторлордун сынагын жарыялап, 2011-жылы май айында 18-20 эмгектин арасынан Азамат Абдрахмановдун колунан жаралган эскизди тандап алдык. Ошондон бери тынымсыз иштеп, буюрса айкел даяр болду.
- Айкел кайсы жерге коюлат?
- Райондук акимияттын алдына коебуз дешкенинен ага каршы болуп, эл көбүрөөк келген "Семетей" кинотеатрынын алдына коелу деп чечкенбиз. Учурда Кара-Буурадагы "Семетей" кинотеатрынын алдына айкелди орнотууга даярдык көрүлүп, райондун акими Анарбек Осмоналиевдин демилгеси менен топурак төгүлүп, тегерегин гүлдөтүп, четине арчалар отургузулуп, жерине брусчаткалар төшөлүп даяр болуп калды. Эми ачылыш аземин кудай буюрса, 24-августка пландаштырып атабыз.
- Эстеликтин өзүнө канча каражат жумшалды?
- Эстеликтин өзүнө 1 млн.400 миң сом кетти. Ал эми Кара-Буура районуна коюлчу жерди тегиздеп, даярдаганга үч миллион сомдой жумшалды. Жеке өзүмдөн 600-700 миңдей каражат жумшалды. Эстеликти таза колодон куябыз деп металлдын кымбаттыгына карабай сапаттуулугуна басым жасадык.
- Ар бир иштин артында чоң түйшүк бар, айкелди жасоодо кандай кыйынчылыктар болду?
- Техникалык жагынан кичине кыйынчылыктар болду окшойт. Себеби, жалгыз эле ысытуучу меш бар экен, ага кезекке тургандар көп. Башкалар менен алмак-салмак кезектешип куюп аттык. Башка өлкөлөрдө эстеликти бир эле куюп коюшат экен, а бизде улам бир бөлүгүн куюп, анан аны чогултуп атышты.
- Жазуучунун борбордук аянтта турган айкели менен силердикинин кандай айырмачылыгы бар?
- Эстеликтердин айырмачылыгына баа бергендей мен эксперт эмесмин. Бирок айырмачылыгына басым жасай турган болсок, сынак жарыялап тандаганда эле Сүйүнбай Эралиев аксакалыбыз жазуучунун 50 жашындагы курагы деп ушул үлгүсүн жактырган. Чындыгында Ч.Айтматовдун элүү менен алтымыштын ортосундагы жаш курагы чыгармачылыгындагы толуп турган мезгили экен. Ошол кезде "Жамиля", "Биринчи мугалим" сыяктуу залкар чыгармаларын жазган убагы тура.
- Силердин иш жазуучунун туугандарынын сынынан да өттүбү?
- Роза Айтматова эже менен Ильгиз байке көрүп жактырганын айтып, мыкты баа беришти. Ильгиз байке да эстеликке 20 миң сом кошуп кеткен.
- Бул иш-чаранын ачылыш аземи кандай өтөт?
- Мен биякта өзүм алган милдетимди аткарып, татыктуу эстелик турса экен деген максат менен башынан аягына чейин скульпторлор менен чогуу иштеп жүрдүм. Ал эми Таластагы ачылыш аземи жергиликтүү жетекчилердин мойнунда. Чындыгында мамлекеттен бир тыйын албай, айкелге жардам берген ар бир инсандын каражатынан тургузулду. Кудай буюрса бул эстелик кылымдан кылымга кала турган сапаттуу эстелик болот деп ойлойм.
- Эгер жашыруун болбосо скульпторго канча каражат төлөп бердиңер?
- Башка өнүккөн өлкөлөрдө таза колодон куюлган 3,5 метрлик эстеликтерди жасоо үчүн скульпторго 5-10 млн.сом төлөнөт экен. Ал эми биздин скульпторлор аз эле акча алып, патриоттук дух менен биздин чыгаан жазуучунун образын жасап беришти. Кудай буюрса бул айкелди орнотуп мойнубуздагы жоопкерчиликтүү милдетти аткарсак, элибизге дагы да болсо кызмат кылууга даярбыз.
Азамат АБДРАХМАНОВ, скульптор:
- Буга чейин Чолпон-Ата шаарынын Рух ордосундагы Айтматовдун, Ататүрк, Исакеев, Раззаков сыяктуу үлкөн инсандардын айкелин жасаганга катышкам. Бул ишти баштаганда өнөктөшүм Жолдош Бусурманкулов бар болчу, ал ден соолугуна байланыштуу аягына чыга алган жок. Жазуучунун образын жаратууда анын жаш курагы, ар кандай көрүнүштө турган сүрөттөрүн тандадык. Албетте чыгармачыл инсан болгондуктан кыялданып, ой-жүгүртүп, ааламды терең карап турган образын кармаш керек болчу. Анткени бул улуу инсандын образын берүү абдан маанилүү.
Р. S. Жазуучунун кичи мекенине жердештери колдон келген каражатка айкелин орноткону чоң иш. Бирок Ч.Айтматовдун көз жумганына төрт жылдан ашуун убакыт өтсө да анын Ата-Бейиттеги мүрзөсүнө эстелик тургузула электиги өкүнүчтүү.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку




Кыргыз кара күч жагынан утпаса акыл жагынан утат

Лондон олимпиадасынан жолубуз болбой отурганыбыз менен спорттун башка түрлөрүнөн жеңишке жетишип келаткан өспүрүмдөр бар экенин укканда жүрөк жылыйт. Учурда өзүлөрүнүн акылынын зиректиги, таланты менен эртеңки келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш муундардан уучубуз куру эмес. Ошондой жаштардын арасында көптөгөн өлкө ичиндеги жана бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Арзыбек Съездбеков (11 жаш), өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону Алмаз Съездбеков (9 жаш) жана шахмат боюнча спорттун чебердигине талапкер Руслан Съездбеков (7 жаш) бар. Көз тийбесин, бул бир туугандар жаш болсо да жетишкен ийгиликтери менен алдыдан дагы көптү үмүттөндүрөт.
Бир туугандардын улуусу Арзыбек Съездбеков 18 жолу шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн республикалык турнирге катышып бир нече жолу жеңүүчү болгон. Ортончусу Алмаз Съездбеков 2011-жылы ноябрь айында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн мектеп окуучулары арасындагы Азиянын чемпионатында 7 жашка чейинки куракта командалык эсепте 3-орунду ээлеген. Алмаз шахмат оюнунан тышкары спорттун каратэ түрү менен 6 жашынан баштап машыгат экен. Бүгүнкү күндө каратэ боюнча сары курдун ( 8-дан) ээси. Клубдар арасында өткөрүлгөн мелдештердин көп жолку жеңүүчүсү. Бишкек шаарынын №5 улуттук гимназиясында 2-класста окуйт.
Ал эми бир туугандардын эң кичүүсү Руслан Съездбеков 2011-жылы июль айында Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык турнирде 10 жашка чейинки балдар арасында 1-орунду ээлеген. Ошондой эле жаш жагынан кыргыз шахмат тарыхында алгачкы болуп 2012-жылдын январь айында Бишкек шаарында болуп өткөн жалаң шахмат оюну боюнча спорттун чебердигине талапкерлер жана спорттун чеберлери катышкан чоңдор арасындагы "Биринчи лига" турниринде тогуз мүмкүнчүлүктөн 5,5 упай топтоп спорттун чебердигине талапкер наамын алган. Ал 2012-жылдын 24-июнунан 1-июлуна чейинки мөөнөттө Шри-Ланка мамлекетинин борбору Коломбо шаарында өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатынын катышуучусу. 2012-жылдын 19-26-июль айында Калмыкиянын Элиста шаарында болуп өткөн эл аралык шахмат күнүнө арналган жеткинчектер арасында болуп өткөн турнирдин жеңүүчүсү болгон. (9 мүмкүнчүлүктөн 8,5 упай топтон 1-орунду багындырган)
Азыркы күндө Алмаз менен Руслан 2012-жылдын 7-ноябрынан 19-ноябрына чейин Словения мамлекетинин Марибор шаарында өтө турган шахмат боюнча дүйнөнүн өспүрүмдөр арасында биринчилигине даярданып жаткан учуру. Шахматты 4-5 жашынан баштап өздөштүрүшүп, алгылыктуу ийгиликтердин коштоосунда ойноп жана машыгып келе жатышкан Алмаз менен Русландын аталган чемпионатта байгелүү орунга жетишип кыргыз элинин атын чыгарууга ынанымдуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Съездбек ТАШТАКЕЕВ, балдардын атасы:
"Балдарым шахмат ойной баштагандан бери окууну жакшы окуй башташты"
- Балдарды шахматка кантип кызыктырып калдың?
- Студент кезде өзүм да шахмат ойночумун. Кийин жумуштар менен жүрүп унутуп деле калгам. Балдарым 4-5 жашка чыгып калганда апасы балдарың сен жумушка кеткенде тентектик кылып атышат, мени уга турган түрлөрү жок, өзүң бир жолун таап тарбияла, кийин жаман тарбия берипсиң деп мени күнөөлөбө деп калды. Анан ушу шахматты сунуш кылып, ага эптеп кызыктырдым. Эркек балдар согуш оюнун жакшы көрөт эмеспи. Келгиле, согуш оюнун ойнойбуз, булар менин жоокерлерим, тигилер сенин жоокерлериң, тиги фигура сен мультфильмден көрүп жүргөн Бэтмен, булар пешка, тиги Манас баатыр деген сыяктуу жолдор менен алардын аң-сезимине ылайыктап түшүндүрүп отурдум. Башында кызыкпай жүрүштү. Анан бир күнү байкасам эле үчөө кызыл чеке болуп шахмат ойной баштаптыр. Бир саат, эки саат ойношту. Анан андан ары өздөрү эле кызыгып кетишти.
- Балдарың шахмат эле ойнобой комуз чертип, спорт менен да машыгат экен. Бул албетте ар бир атанын каалоосу. Бирок ага да тыйын керек дегендей. Байлыкты туура пайдаланып балдарга инфестиция кылып аткан экенсиң да?
- Сурооңду түшүндүм. Каяктагы байлык? Келинчегим экөөбүз алты баланы тарбиялап өстүрүүдөбүз. Мен аз эле айлык акы менен бюджеттик мекемеде иштейм. Келинчегим декреттик өргүүдө, эмчектеги баласы менен балдарды карап убактылуу иштебейт. Менимче, балдарды оң жолго салууга каалоо, анан эмгек керек. Жок дегенде бирден өнөр үйрөтүп алсак балдар аны үйрөнүп жатып чыдамкайлыкка, чечкиндүүлүккө, адам менен туура мамиле кылууга тарбияланат. Акылы өрчүйт. Мисалы менин балдарым шахмат ойной баштагандан бери окууну жакшы окуй башташты. Өздөрүнө болгон ишеним күчөп, мектепти алтын медаль менен бүтөбүз деп жүрүшөт.
- Жакында чет өлкөгө барып турнирге катышып келгени жатыпсыңар. Ага көп каражат кетсе керек?
- Албетте. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, бул биздин эң башкы маселебиз. Марибор шаарында өтө турган турнирге барып катышып келүүгө жардам бергиле деп колунан келген инсандарга кат менен кайрылдым. Жооп болгон жок. Чемпионатка барып катышып келүүгө балдардын кызыгуусу абдан чоң. Антсе да буюрганы болор. Менин балдарымдын каалоосун эмес, кыргыз элинин намысын ойлогондор да чыгар.


Зайырбек АЖЫМАТОВ