17.08.12 Аргымак алдында калат го
Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов түркиялык ишкер Хункар Адалиден аргымакты белекке эмес 20 миң долларга сатып алганын айтып актанган эле. "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган кечээги отурумунда эки тараптуу түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү таркатылды. Ага ылайык, Өмүрбек Токтогулович күлүктү 11-майда сатып алыптыр. Ошол эле маалда УКМКнын чек ара аскерлигинин расмий маалыматында Хункар Адали акыркы жолу Стамбул-Бишкек аба каттамы менен 22-апрелде Кыргызстандын чек арасын кесип өткөнү кабарланат. Дал ушул жерден кызык суроо туулат: Адали 11-майда Кыргызстандын аймагында болбосо, анда келишимге кантип кол койду? Буга жооп табуу үчүн "Ата мекен" фракциясы келишимде көрсөтүлгөн колдун аныктыгын далилдөө тапшырмасын тийиштүү органдарга жүктөдү. БӨТтүн жасалма документ жасаганы аныкталып калса накта мыш болот го. Андыктан премьердин тегерегиндегилер кожоюнун жөн эле күүлөй бербей абалдын чатактыгын ачык айткандары эп.


Өкмөттү аласалдыруунун артында кимдер турат?
Өмүрбек Бабанов жетектеген өкмөттү отставкага айдоо аракети ушу тапта күчүндө. Атайын штабдар түзүлүп, ал жактан акча суудай агылып жатат. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол койгон депутаттардын ар бирине 100 миң доллардан таркатылып атканы да шардана болду. Ал турсун, айтылуу энергобарон Алексей Ширшов , "Азияуниверсалбанкынын" (АУБ) экс-төрагасы Михаил Надель жана экс-ханзаада Максим Бакиев, Алексей Елисеев спонсорлукту катуу аткарып атканын эгемен гезиттердин бири ачыктады. Мындай кеп-сөздөр тегин жерден жаралбаса керек. Андыктан Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар чындап эле мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын ойлосо акылына келер. А эгер акылына келбесе Кыргызстаныбызды сүлүк курттай соруп, заматта миллионерге айланган эргулдар эл өкүлдөрү аркылуу азыркы өкмөттү ээрден оодарып түшүп, эски заманды кайрадан орнотуп албайт дегенге ким кепил боло алат?

Каныбек кантип жөн турсун
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кызматтан кетирчүлөрдүн башкы идеологу "ар намысчы" депутат Каныбек Иманалиевдин таскагы катуу чыга баштады. Ал Бабановдун кызматта турганынан экономикалык, нравалык, моралдык зыяндарды манжалап санап атайын кайрылуу да жасап жиберди. Өзүнүн эле үнү жетишсиз экенин туйдубу, отставка ишине башка коомдук уюмдарды да чегерүү максатында "Апрель байрагы", "Айкөл Ала-Тоо" дегендерге чыгып бирге аракет кылбайлыбы деген экен, тигилер моюн толгоп коюшуптур.

Жумгалга базарлык
Депутаттар иштөө керек экенин эстешип эс алуудан кайта башташты. КСДПчы депутат Дамира Ниязалиева эс алып бүткөндөн кийин эл-журттун абалын сурап коеюн деп Жумгалга барган экен, араң турган эл жетпеген акчасын, оңолбогон жолун, салынбаган мектебин жамырата айтып депутатка суроолорду жаадырышыптыр. Айылдын карапайым эли депутаттар, силер эмнеге өкмөткө асылып атасыңар дешкен экен, Дамира айым мен да бир чечимге келүү үчүн ушу боюнча элимдин оюн билгени келдим деп жооп кайтарыптыр.
Айылга барганда базарлык ала барууну эстен чыгарбаган депутат айым айрым бүтпөгөн имараттарды бүтүрүп алгыла деп 20-50 миң сомдон таратып келди.

Агам үчүн өлүп берем…
"Республика" фракциясынын экс-лидери Канатбек Исаевдин Өмүрбек Бабанов менен келише албай, акырында фракция башчылыгынан жылмышканынын себебин тактадык. Көрсө, Канатбек Кедейканович агасы Талантбек Исаевди Ички иштер министрлигине коюп бер дегендей премьерди жарга такаптыр. Ал эми учурдагы ИИМ жетекчиси Зарылбек Рысалиев КСДПнын атынан сунушталгандыктан Бабанов партиялашынын сунушун аткара алмак эмес. Эки "кочкордун" катуу челишкенинин "жемишинен" бири фракция лидерлигинен кол жууп, экинчиси башбакандык менен кош айтышуу алдында турат.

Жапаров өкмөттүн келечегине ишенбейби?
Ар дайым "гениалдуу" сунуштары менен элдин көңүлүн бурган финансы министри Акылбек Жапаров иштеп аткан пенсионерлердин пенсиясын алгач 50%га, андан соң таптакыр кыскартуу сунушун айтып коомчулуктун оозун ачырган. Мындан улам өкмөт аппарат башчысынын орунбасары Айгүл Рыскулова туура эмес кылдың, өкмөттүн аброюн түшүрүп атасың десе, Акылбек Үсөнбекович бул өкмөттүн күнү бүттү, менин сунушум туура, анымдан кайтпайм дегендей жооп узатыптыр.

Байсалов балалыгын калтырар
Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Эдил Байсалов каратып туруп калпты соктурду. Ал "Ата мекен" фракциясынын кечээги жыйынында бул орунга президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен дайындалганын билдирди. Иликтеп көрсөк, Атамбаев эмей эле экс-президент Роза Отунбаева иниси Өмүрбек Бабановдун кулагын ушалап атып көздөй кадрын министрликтин башына "кондуруптур".

Тра-ля-ля,
тра-ля-ля, трайбализм
Бизге борбордогу Свердлов райадминистрациясы трайбализм дартын жуктуруп алып ооруй баштады деген маалымат жетти. Тактап айтканда, аталган акимиятка аппарат жетекчиси Нурлан Мамбеталиев деген эргул келгенден баштап эле бул мекемедеги колу жеткен жерлерге өзүнүн жердештерин, туугандарын, классташтарын жумушка алуу менен алек экен. Администрациянын ардагерлерине басым жасап аларды алмаштырып атканы аз келгенсип жаңы түзүлгөн муниципалдык аймактык башкармалыкка чейин киришип, анын башчыларын чыркыратып алмаштырып, өз кишилерин дайындап жатат дейт билгендер. Мисалы №19, №20, №21 МАБтарга эптеп өз жакындарын алып келүүгө ар кандай айла таап, ийгиликке жетишип келатат дейт бизге жеткен маалыматта.

Дыйканбаевдин жаш башы
Ак үйдөгү "Республика" фракциясында бапылдап сүйлөп жолбашчысы Бабановду аялындай коргогон бир эргул бар, Курманбек Дыйканбаев деген. Кечээ бу жигит өкмөттүн отставкасын талап кылуу токтобосо "республикачылар" президентти жана парламентти отставкага кетирүү табалын коерун жарыялап, энесин коркуткандай коркутту. Баракелде Дыйканбаев, мындай билдирүүдөн чочуп кеткидей бийлик аке бешиктен бели чыга элек бала эмес да…

"Шыпыр" шыпыртып жүрөт
Башбакан Өмүрбек Бабанов Англияга жасаган сапарында эрке талтаң экс-ханзаада Максим Бакиев менен жашыруун жолугушканы туурасында кеп кетти. Мунун аныгын бир кудайдан бөлөк тирүү жан билбеши аштан бышык. Ошентсе да "Шыпыр" каймана аттагы саясатчынын мындай кепти таратып жүрүшү "жел жүрбөсө…" макалын эске салат экен.

…сакталуу ошол бойдон менде жүрөт
Окурмандардын эсинде болсо, кезинде айрым депутаттар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун абакта жаткан Роза Рыкунова менен мамилеси бар экенин айтып чыгышкан. Муну кезинде көпчүлүк жалган жалаа катары карашса, ЖАМКнын экс-кызматкерлери чындык экенин айтышкан. Кечээ "Ата мекен" партиясынын депутаты Туратбек Мадылбеко в экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн ачыкка чыгарды. Генерал Шейшенбек Байзаков бул боюнча эми эмне дээр экен?
"Жаңы Агым" - пресс