10.08.12 Бишкек бийлиги Ошко өтөбү?
Бардакка айланган Ош бажыканасы же акчанын, билектин күчүнө салгандарды тыйчулар барбы?
Өлкө экономикасын өнүктүрүүдө биринчи кезекте ишкерликке оңтойлуу шарт түзүү керек дейбиз. Акыркы эки жылда бийлик бул жаатта алгылыктуу кадамдарга барып, бизнес чөйрөсүндөгү абалды оң жолго салгандай болду. Бирок ошол эле учурда бийликтин бийик тепкичинде туруп алып ишкерлерге бут тоскон чиновниктерден уучубуз куру эмес. Алардын бири Ош облустук бажы кызматынын башчысы Раим Матраимов экенин "Трансордо" автоташуучулар жана экспедиторлор ассоциациясынын теңтөрагасы Мырзамат ЧЫНГАРАЕВ билдирди. Ал акыйкаттык издеп өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Өмүрбек Бабановго, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековго, Башпрокурор Аида Саляновага, ИИМ жетекчиси Зарылбек Рысалиевге жана УКМК төрагасы Шамил Атахановго кайрылуу жолдогонун, өзүнүн эле эмес үй-бүлөсүнүн да өмүрү коркунучта турганын зар какшап айтып отурду. Анда кеп башынан болсун.


- Мурдагы кандуу режимди кетирүүгө салым кошкон Оштогу активдүү адамдардын бири элем. Себеби паракорлук күчөп, адам укугу көз көрүнөө тебеленгенин көрүп чыдап тура албадым. Жаңы бийлик карапайым калктын илгери үмүтүн четинен актоого киришти. Мисалы, былтыр криминалга каршы аеосуз күрөш жарыяланып, натыйжада бул чөйрө тазаланып, кримавторитеттердин камалганы камалып, айрымдары сыртка качып кетүүгө аргасыз болушту. Ал эми жыл башында президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси астында коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу жараяны башталганын билебиз. Адамдардын статусуна карабастан мамлекет байлыгын каалагандай ичип-жегендер четинен камала баштаганы айныгыс факт. Мына ушундай күжүрмөн аракеттер карапайым калкка майдай жагып, бүгүнкү бийликтин аброю өсүп баратканын эч ким танбайт.
Алмазбек Шаршеновичтин Кыргызстандын экономикасын көтөрүп өнүккөн мамлекеттердин катарына кошоюн, элибизге теңчилик ыроолоюн деген аруу саясатына айрым аткаминерлер жолтоо болуп, бийликтин беделине доо кетирип атканы өкүнүчтүү. Маселен, Ош облустук бажы кызматынын жетекчиси Раим Матраимов бул тармакты менчик компаниясындай башкарып калды. Анын айынан ишкерлердин бийликке болгон көз карашы тескери жакка өзгөрүлөрү шексиз.
- Р.Матраимовдун бажыкананы каалагандай калчап, коррупциялык махинацияларды жасаганына далил барбы?
- Мен теңтөрагалык кылган "Трансордо" автоташуучулар жана экспедиторлор ассоциациясы кошуна өлкөлөрдөн жүк ташуу вазыйпасын аркалайт. Бизге окшоп сырттан жүк тарткан ишкерлер арбын. Ал эми Раим Матраимов таза иштеген бизнесмендерге кысым көрсөтүп, өзү каалагандай саясат жүргүзүп келет. Ал алты жылдан бери облустук бажы кызматын башкарып, жүк ташуу тармагын 90% монополияга айландырып алды. Өзүнүн үй-бүлөсүнө, жакындарына караштуу фирмаларды калкалап, капчыгын толтуруп атат. Раим мырзанын адамдары бизге биртоп татаалдыктарды жаратып, ар түрдүү жолдор менен жүрүп жаткан ишибизди муунтуп жок кылууга далалат жасап келишет. Биздин Эркечтамдан өтүүчү жүктөрдүн ар бирин эринбей текшерүүгө алышат. Мыйзамдын чегинде өздөрүнүн кызматын так аткарып, жүктөрдү кылдат текшерүүгө алып атышат дейин десең, өздөрүнө тиешелүү жүгү бар автоунааларды көзирмемчелик убакытта өткөрүп жиберишет. Айрымдарынын документтерин да текшеришпейт. Документтери жок жүктөрдү да чек арадан өткөрүп жиберишип, артынан гана документтерин даярдап жөнөтүп жиберген учурлар кездешет. Бул дагы эч нерсе эмес. Матраимовдун өзүнө караштуу фирмаларынын жүктөрү менен биздин жүктөрдүн чек арадан өтүү баасы эки-үч эсеге айырмаланып турат. Жакында эле Тажикстандан далилдүү фактыларды алып келдим. Көрсө, бажы кызматкерлери өздөрүнүн 30 миң тонналык автоунааларына 15-16 миң доллардан төлөтсө, биздин 30 миң тонналык автоунааларыбыз үчүн Ооганстанга 60 миң доллар, Тажикстанга 30-35 миң доллар алып жүрүшүптүр. Демек, Р.Матраимов карапайым элге билинбеген өзүнүн схемасын түзүп, бажы тармагын менчигине басып алган деп айтсам жаңылышпайм.
Бажы жетекчисинин өзүмбилем саясатына алгачкылардан болуп каршы чыктым. Карапайым айдоочулардын, жүк ташуучулардын таламын талашып, алардын укугу тебеленбесин деп Матраимовго эчен жолу кирип бетине айткам. Ошондон тартып мени куугунтуктай баштады.
- Кантип?
- Матраимовдун Зафар Айдаров аттуу жоон билек жигити бар. Ал аркылуу өзүнө каршы пикир айткан адамдарды коркутуп-үркүтүп, керек болсо өлөрчө сабаткандан да кайра тартпайт. Айдаров мени да коркутууга аракет жасаган. Бир жолу сиз тажиктер менен арзан иштешип жатыптырсыз, биз дагы ал жактан оокат кылалы деп барып атабыз деп сөзүн баштады. Мен эч кандай арзан иштешпей эле эл катарында иштешип жатканымды айтсам, мен керек болсо Алманбеттин (Алманбет Анапияев - Н.К.) ыкмасын колдоном деп коркутуп баштады. Сен Алманбеттин тырмагына да тең келбейсиң деген жоопту узаттым эле, ошол эле күнү чек арадан менин төрт автоунаамды жүгү менен тартып алышты. Адегенде Шарабидин Марифов деген жигит тоскоолдук жаратып, аны менен телефондон кайым айтышуулар болду. Эки сааттан кийин баягы билеги жоон Айдаров келип чоң чырдын башы башталып кетти. Оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүшүп, катуу коркутууга киришти. "Айдоочулар" коомунун жетекчиси Надыр Токторов келип мени менен сүйлөшүүгө аракет жасаса ага кол көтөрүшүп, денесине жаракат келтиришти.
- Андан ары эмне болду?
- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын буйругу чыккан. Ага ылайык 1-июлдан тарта чек арадан өткөн жүктүн тоннасына 200 доллардан депозиттик баа коюу керек болгон. Ошондо 30 тонна жүк өтсө, ага 6000 доллар депозит коюлат. Анда дагы бажычыларга тиешелүү жүктөргө депозиттик баа коюлбай, биздин жүктөргө бул депозит ыңгайсыз шарт түзүп келди. Анан колума тийген далилдүү факты менен Матраимовго кирдим. Ал транзиттик бөлүмдүн жетекчисин чакырды эле, ал жигит бир жолу ушундай болуп калыптыр, кечирип коюңуз деп билмексенге салды. Мен болсо бир эле жолу ушундай болбогонун, керек болсо мындай фактыдан жүздү алып келеримди айтып жана башка биртоп фактыларды келтирип, эми сени текшертет окшоймун десем, ал сиз эмне, мага согуш жарыялайын деп жатасызбы? Айтып коеюн, огуңуз түгөнүп калат деп мени кайра коркутууга өттү. Анан бир күнү үйүмө кайтып келатып биздин көчөдө төрт көздүү күмүш түстөгү номуру жок "Мерседес" унаасы токтоп турганын баамдадым. Анын жанында кара кепка, кара футболка, кара шым кийип алышкан алибеттүү үч жигит турушуптур. Алдымды тороп токтотушуп, братан, сизде сөз бар эле деп калышты. Ошентип ар нерсени сүйлөшүп атып ал жигиттер кетишти. Бул үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда болгон окуя.
5-июль күнү Каратай айылынын ортосунда бир досумдун комогуна кайрылып суусундук ичип отурган элем. Анан эле братан, кандайсыз деп эле баягы үч жигит пайда боло калды. Учурашкандан кийин алардын ким экендигин, менден эмне каалап жаткандарын сурадым. Эшикке чыгып сүйлөшөлү дешти. Макул болуп машинемдин артына келдик. Ал жерден дагы арыраак барып сүйлөшөлү дешти. Каршы болгонума карабай атасындай болгон мени беш метрдей жерге сүйрөп барышты. Досумду жардамга чакырдым эле, ал дүкөнүнөн чуркап чыкты. Ошондо үчөөнүн бирөө Ислам деген өзбек жигит экен, мен кылмыш иликтөө бөлүмүнөнмүн, досуңуздун үстүнөн иш бар деп калды. Учурдан пайдаланып эки жигиттин колунан бошонуп, машинемдеги травматикалык куралыма жетүүгө аракет кылдым. Бирок мени машинеге жеткирбей кармап алып ташбоордук, жырткычтык менен сабап, чөнтөгүмөн уюлдук телефонумду алып кетишти. Эсим ооп жыгылып калган экенмин. Эсиме келсем эл үйүлүп, бети-колумду жууп атышыптыр. Түз эле шаардык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө келип түштүм.
- Бул иш боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогонбу?
- Шаардык кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Сүйүн, Ислам, Кубаныч, Бакыт аттуу балдар кармалды. Азырынча тергөө иштери аягына чыга элек. Эмне себептен мындай кадамга баргандарын ачык айтпай жатышат. Ал эми булардын артында Р.Матраимов турарын сезип атам. Анткени андан бөлөк шек санай турган адамым жок. Башка эч ким менен душмандашкан жан эмесмин.
- Президентке, премьер-министрге, спикерге, күч органдарынын жетекчилерине кайрылуу жасаптырсыз. Алардан жооп болбосо не кыласыз?
- Азырынча алар кандайдыр бир чечкиндүү чара көрөт деген ишеним бар. Бул бийлик акыйкаттык, тазалык үчүн, жарандардын укуктары тебеленип калбашы үчүн күрөшө алаарына ишенем. Ошон үчүн эски бийлик кулаган, революция болгон. Болгону Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатын түштүктө Матраимовго окшогон жетекчилер булгап коюшууда. Президентке да жолугууга аракет жасап келем. Кудай буйруп кабыл алып калса Ош бажы системасындагы бир катар чындыктардын бетин ачып берем.
Учурда жеке эле менин эмес, үй-бүлөмдүн, туугандарымдын өмүрү коркунучта. Менин айтып кетерим, эгер менин үй-бүлөмө жана жакындарыма коркунуч туулуп калчу болсо, анын артында сөзсүз түрдө Раим Матраимов, Нышан Ажымаматов, Зафар Айдаров, Шарабидин Марифов турарын расмий айтып кетем. Андыктан тийиштүү органдар олуттуу көңүл буруп, мени жана жакындарымды, үй-бүлөмдү сактап калышын суранар элем.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
P.S. Редакция экинчи тараптын да пикирин угууга даяр.