10.08.12 KYRGYZSPORT
Азияда үчүнчү
14 адамдан турган Кыргызстандын кармаш-уруш боюнча курама командасы Тажикстандын Ходжентинде өткөн континент биринчилигинде жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээлешти. Мындай жыйынтыкка төмөндөгү спортчулар өз салымдарын кошту: жалгыз алтын медаль Курманбек уулу Алманбетке буйруп, азамат жигитибиз Азия чемпиону аталды. Күмүш медалдарды Амангелди уулу Адылбек, Субан Божоев жана Натан уулу Адылжан тагынышты. Ал эми Искендер уулу Бекзат, Улукбек Жураев, Фарида Пупова жана Альбина Мамбетова жубатуучу беттешти жеңип, коло медаль тагынышты.

Москва көз жашка ишенбейт
Россия Федерациясынын борборунда кикбокстун "W5 Fighter" сериясы боюнча бешинчи эл аралык турнир болот. Ага катышуу үчүн биздин өлкөдөн 14 дасыккан мушкер аттанып атыр. 24-август күнү Москва шаарына биздикилерден бөлөк Белоруссия, Украина жана Россиянын башка аймактарынын чоң муштумдары жетип барышат. Алдын ала алынган маалыматка ылайык 1/8 финалда 70 килограммдык салмак категориясында окемдердин ишенгени Владимир Шулякага биздин Бектур Мангиев чыгат. Рейтингдик беттеште 60 кг салмакта Азамат Жанузаков украиналык Александр Тэнди жанчыйт, буюрса.

Кий кармаган кыйын жигит
Кыргызстанда аты "К" тамгасынан башталган кыйын кий чеберлери көп. Алар көбүнчө пирамиданын түрлөрүнөн дүйнөлүк мелдештерге катышып келишет. Ал эми Сэм байкенин туугандары ойногон бильярддын снукер түрү бизде эми гана өнүгө баштады. Анча тааныш болбосо да биздикилер снукер атканды үйрөнүп алышты. Ошол аты "К"дан башталган кыйын бильярдчылардын бири, снукер боюнча кыргыздар арасындагы эң кыйын спортчусу Кубанычбек Сагындыков Минск шаарынын мэринин Кубогуна катышканы жөнөп кетти. Буга чейин Кукебиз Россиянын Кубогу үчүн болгон турнирде снукер боюнча коло медаль утуп алган.