03.08.12 Такты оңолмоюн иш оңолбойт
Эл канткенде бийликтин эгеси болот?
Кыргызстан эгемендикке, көз карандысыздыкка ээ болгондон берки 21 жылда капитализмдин да, социализмдин да оң жактарын алып, аларды дагы өнүктүргөн жаңы демократиялык, укуктук, унитардык, социалдык бийликке дин аралашпаган мамлекет курабыз деген максат менен аракеттенип, бирок куралбай, өткөөл мезгилден чыгалбай кыйналып келатабыз. Бул аралыкта аябай жакырданып, дүйнө кезип, кул болуп, демократия анархияга айланып, мыйзамдар сакталбай, аткарылбай, коррупцияланып, криминалдашып, жашоо-турмушубуз бүт соода-сатыкка айланып, рух дүйнөбүз да бузулду. Кийинки жылдарда гана дүйнөнүн диалектикалык объективдүү табигый-тарыхый каршылыктуу өнүгүү мыйзамы боюнча материалдык жактан бир аз жылыштар болууда. Бирок дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, бүгүн элибиздин 33,7 пайызы кедейликтин чегинен төмөнкү деңгээлде жашоодо, ал эми айыл жерлеринде мындай деңгээл 50 пайыздан да жогору турат.


Ушундай көпкө созулган оор абалдан чыгуу үчүн азыркы учурда Кыргызстанга өлкөнүн бүткүл эл массасынын өкүлдөрүнөн куралып, эң жогорку жыйын катарында иштөөчү 1000 делегаттан турган менталитеттүү, бүгүнкү бардык бийликтин үстүнөн караган Элдик улуу курултай институту зарыл болуп турат. Курултай бийлиги илгертеден тарыхый калыптанган элдик, салттуу, нукура демократиялуу башкаруучу жана аткаруучу мамлекеттик орган болгон. Ал бардык көйгөйлүү маселелерди акылдашып чечише турган, эл менен бийликтин биргелешкен жыйыны болуп милдет аткарып келген жана бүгүн да кыргыз элин улуу улут, улуу эл кылып тарбиялап өстүрүп-өркүндөтө турган негизги шарт, тирек, уюм болуп кызмат кыла алат. Бул үчүн курултайды дагы модернизациялап, трансформациялап жаңыртып, Кыргызстандын Элдик улуу курултайы деп атасак туура болгону турат.
Бул миң адамдан турган массалык орган элдин аң-сезимин, максатын, кызыкчылыгын чагылдырып камтыган жана аларды кыйшаюсуз аткарган орган болуп мыйзамдалуусу керек. Анткени мамлекеттин, коомдун аң-сезими, максаты, кызыкчылыгы да элдин аң-сезиминен, максатынан, кызыкчылыгынан куралып түзүлөт. Бул айтылгандар Конституциябыздагы "Кыргызстандын эли - мамлекеттик бийликтин бирден бир гана булагы, эгемендиктин ээси; өз бийлигин конституциялык негизде ишке ашырат; мамлекеттик бийлик элдик бийликтин үстөмдүгүнүн принциптерине негизденет" деген мыйзамдарга алып барат жана алар менен шайкешет. Аталган мыйзамдар эл - бийликтин ээси, элдик бийлик үстөмдүк кылат деген мыйзамды билдирет. Курултай элдик орган катары дал ушул мыйзамды чагылдырып камтыйт жана ага кызмат кылат. Анткени ал эл ичинен иргелип шайланган интеллектуалдуу миң адамдан турган эң жогорку массалык мамлекеттик орган жана каражат катарында элдик бийликтин үстөмдүгүн бекемдеп, аны аткаруунун реалдуу жолдорун айкындап, далилдеп көрсөтүп, эл алдына алып чыгып турат.
Мындай авторитеттүү Элдик улуу курултайдын башкаруу жолдору, методдору да Конституцияда белгиленген мыйзам аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Бийлик ээси эл өзү болгондон кийин эл кимди бийлеп, кимди башкаруусу керек деген суроо туулат. Буга эл өзүн-өзү башкарат деген жооп берилет. Курултай дал ушул эл массасынын өзүн-өзү башкаруусунун эң мыкты конституциялык, мамлекеттик массалык органы жана жолу экендигин бышыктайт.
Анын негизги принциптери төмөнкүлөр болууга тийиш: эгемендүүлүк, көз карандысыздык, эркиндик, менталитеттүүлүк, мамлекеттүүлүк, мекенчилдик, адилеттүү-лүк, салттуулук, мыйзамдуулук, ынтымактуулук, тазалануучулук ж.б..
Эл шайлаган дагы башка жогорку бийлик органдарынын Элдик улуу курултайдан айырмасы - алардын азчылыгында. Алсак, президент жогорку бийликтин бир өкүлүн, Жогорку Кеңеш 120 өкүлүн түзөт. Бул эки элдик өкүл органдарынын кабыл алган чечимдери жалпы элдик 1000 өкүлдөн турган органдын кабыл алган чечимдерине "азчылык-көпчүлүк" мыйзам ченемдүүлүк боюнча тең болгону - объективдүү реалдуулук. Белгилүү бир деңгээлдерде шармдуулукка, харизмалуулукка, гениалдуулукка ээ болбогон бир кишинин, 120 кишинин, 1000 кишинин тигил же бул маселе боюнча ой жүгүртүүлөрүндө, акыл-корутундуларында айырмачылыктар болору шексиз. Ал эми булардын ичинен 1000 кишинин ойлому аздыр-көптүр артыкчылыкка ээ болбой койбойт. Президенттин, парламенттин азчылыкты түзүшөөрүнүн дагы бир фактысы - аларды шайлоодо колдонулган партиялык системалар жана башка маселелер, шарттар айрым шайлоо объекттеринин шайлоого катышпай калуусуна алып келүүдө. Ошондон улам ал объекттер президентке мамилесиз, парламентке өкүлсүз болуп калышууда.
Ошондуктан Элдик улуу курултайды артыкчылыктуу эң жогорку эл бийлиги катарында Конституцияга киргизүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Элдик улуу курултайы деп аталган мамлекеттик орган эң жогорку бийлик бутагы болуп бекип, бирок башка бийлик бутактары менен бирге башкарууга кирбеши, аралашпашы керек. Себеби аралашканда ал "булганып", таза болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан Элдик улуу курултай үч бийликтин иштерин көзөмөлдөп, кеңеш берип, сындап, түзөлүүгө мөөнөт куюп, отчетторун угуп, чечим кабыл алып, алардын тагдырын чечип турганы эң туура болот. Элдик Улуу Курултай ар жылы өлкөнүн өнүгүүсүнүн жылдык жыйынтыгы чыкканда чакырылып, бийлик органдарынын отчетторун угуп, алар боюнча чечимдерди жабык добуш менен кабыл алып турса. Ошондо эки жыл катары менен "канааттандырарлык эмес" деген чечимге ээ болгон органдардын жетекчилери иштерин мөөнөтүнө карабай токтотушса. Анткени миң интеллектуалдуу өкүлдүн чечими бүткүл элдин чечимине татыйт.
Элдик улуу курултайдын зарылдыгы 2010-жыл кабыл алган Конституциябыздан да келип чыгууда. Башмыйзам боюнча парламенттик республика болгонубуз менен иш жүзүндө президенттик-парламенттик республикадай эле бийликтин үч бутагы тең бирдей жарышып иштеп жатышат. Анүстүнө Башмыйзамда президент менен парламенттин эл алдындагы жогорку жоопкерчиликтери да көрсөтүлбөгөн. Президенттин да, Жогорку Кеңештин да эл алдына чыгып отчет берүүлөрү жөнүндө эч айтылбаган. Ошондуктан бул жогорку эки бийлик Элдик улуу курултай аркылуу элге жыл сайын отчет берип турса эң туура болгону турат. Буларга өкмөт, Жогорку сот, Башкы прокуратура да кошулуп отчет берип турушса.
Эң жогорку жаңы массалык бийлик институту катары Элдик улуу курултайды тез арада Конституция аркылуу жана атайын мыйзам аркылуу кабыл алып, ишке киргизүү учурдун талабы болуп турат. Бир гана кооптондуруучу нерсе: бул бийлик орногондон кийин балким төмөнкүдөй терс жагдай келип чыгышы мүмкүн. Курултайды да жетектөөчү орган түзүлүп, анын төрагасы болот да, ошол төрага Кыргызстандагы эң улук башкаруучуга айланып, жеке адамга сыйынуу оорусу пайда болбосун?! Ушуга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттө алмашып туруучу бир нече теңтөрагалар шайланып турмай болгону оң. Мына ошондо гана Элдик улуу курултай "улуттук кайра жаралуу" идеясын жетекчиликке алып, өзүнүн алдына өлкөдөгү бардык улут өкүлдөрүн бириктирген, ынтымактуу, күчтүү улутту, күчтүү элди жараткан элдик улуу туу болуп милдет аткарып калмакчы жана эң жогорку таза эл бийлиги өкүм сүрмөкчү.