presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жашоо образын өзгөртпөйлүбү
Жүрөк дартынан көбүнчө жаштар каза болууда
Аймактык адистердин баса белгилешинче, акыркы жылдарда жүрөк дартына чалдыккандардын саны Кыргызстандын түштүк аймактарында айрыкча арбып, жалпы республикалык көрсөткүчтүн 50-60 пайызын түзүүдө. Бул опурталдуу илдетке көбүнесе жаштардын кабылып жаткандыгы медицина коомчулугун өзгөчө кабатыр кылып турган чагы.

Дарыгерлердин айтымында, өлкөбүздө жүрөк дартына чалдыккандардын санын так эсептөө кыйын. Ошентсе да адистердин азыркы эсебинде сакайгыс илдетке кабылгандардын он жети миңдейи жыл сайын каза болушууда.
- Өзгөчө инфаркт оорусу мурда жалаң картайган кишилерде кездешсе, азыр дарт улам жашарып баратат. Мурда бул илдет 40-50 жаштагыларда көбүрөөк байкалса, соңку жылдарда 20-25 жашында ушул дарт менен сыркоологондор көп кездешүүдө. Айтор, жанагы мээсине кан куюлгандардын басымдуулугу жаштар. Бизди кейишке салганы, мындайлардын саны улам өсүп баратат, - дейт Ош облустар аралык оорукананын кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов.
Өлкөбүздөгү каржы жана экономика каатчылыгы калктын калың катмарын кыя өткөн жок. Дал ушунун өзү күтүүсүз социалдык көйгөйлөрдү жаратып, жергебизде жүрөк дартынын ого бетер тамырлашына орчундуу себеп болууда.
- Аз кыймылдап, анан майлуу жана туздуу оокат-аштарды ашкере жегенге ыктадык. Ал эми аракты болсо мурдагыдан да өкүртө ичип калдык. Холестеринге бай азык-заттарды (сары май, каймак, казы-карта, чучук, куйрук май) өтө көп колдонуп жатабыз. Мындан тышкары, чылым, насыбай чегүүнү мода көрүп, кадимкидей адатка айландырдык. Мунун айынан артериалдык кан басым тез-тез көтөрүлүп турат. Адам андан ары кант диабетине бат чалдыгат. Буга улай нерв системалары бошоңдоп, адам тез чаалыгат. Ошентип бизде ооруну алдын алуу жана андан сактануу деген таптакыр жок. Маселен, жаштар семире түшсө таптакыр кыжаалат болушпайт, тескерисинче мактанышат. Албетте алар ар бир ашыкча салмак ден соолукка, өзгөчө жүрөк кан тамыр системасына биринчи душман экендигин дегеле билишпейт. Андыктан мындай шартта спорт менен такай машыгып, жашоо образын чукул арада өзгөртүү абзел, - деп кабатырланды Сабыр Байматов.
Анын пикиринче, илгеркидей калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу өнөктүгүнүн таптакыр жолго коюлбагандыгы жүрөк дартынын жайылышын ого бетер ыкчамдатууда. Ошентсе да жүрөк дартына кабылгандар дарегине айтылган сынды дароо четке кагып, жарандарынын бекем саламатчылыгына жеткилең көңүл бурбагандыгы үчүн өкмөттү айыптап жатышат.
- Мына, үчүнчү жылга аяк басты, жүрөгүм ооруп тынбай мукуратты. Акыбалым барган сайын оорлошуп атат. Акыры Ошко келип доктурга жаттым эле, саламатчылыгым кыйла жакшыра түштү. Анткени дарыгерлер абдан жакшы карап, такай маанай көтөргөн мамиле жасашты. Чынында бул жердегилер жумушуна бышып бүтүшүптүр. Диагнозумду буйдалбастан туура жана убагында коюшту, - деп кепке кошулду Өзгөн районунун тургуну Мавлян Апсатаров.
Айтмакчы, Оштогу облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткандардын айтымында, аталган бейтапкананын медициналык жабдыктары таптакыр эскирген жана кечеңдетпестен чукул арада жаңылоого муктаж. Борбордук бийлик элдин убалын ойлосо ушулар туурасында эмитен кам көрүүсү кажет.
Деген менен медицина илимдеринин доктору, профессор Шайырбек Сулаймановдун баамында, адамдардын ден соолугу көбүнчө өздөрүнө көз каранды.
- Адам саламатчылыгынын элүү пайызы анын жашоо образына тыгыз байланышкан, - деп эсептейт профессор Шайырбек Сулайманов. - Калган жыйырма пайызы укум-тукумга, дагы жыйырма пайызы айлана-чөйрөгө көз каранды. Болгону он пайызы гана медицинага байланыштуу. Бизди ашкере кабатырлантканы, жыл өткөн сайын тубаса жүрөк оорулар көбүрөөк катталып жатат. Аларды адегенде Ошто дарылап, анан башкалаабызга аттандырып жатабыз. Тилекке каршы, биз жөнөткөндөрдүн жыйырма пайызы гана Бишкекке барып көрүнүшөт экен. Калгандары көңүлкоштукка салып барбай жатышат.
Профессор Шайырбек Сулайманов дал ошо башкалаага жетпей калгандардын тагдырына абдан кабатырланды. Анткени ошолордун бардыгы абдан жакыр турмушта жашашат экен. Ошондуктан Бишкектеги жүрөк хирургиясы институтунун Оштогу облустар аралык ооруканасынын алкагында бөлүмүн ачуу зарылчылыгы бышып жетилгендиги байма-бай айтылып келет. Мындай шарт жаралган күндө жеңил жана оор операциялар жеринде жасалып, жүрөк дартынан каза тапкандардын саны кыйла кыскарып, атүгүл аягы биротоло тыйылмак.
- Биздин институт өлкөнүн башкалаасында жайланышкандыктан түштүк аймактарынын булуң-бурчтарынан оорулуулар келе албай жатышат. Анткени жол алыс, каражат жок. Болочокто Ошто институттун филиалын ачууга үлгүрсөк, анда сыркоолорго өтө чоң жеңилдик болмок. Мына, Казакстанда жана Өзбекстанда облустардын борборлорунда кардиохирургиялык борборлор туруктуу иштешүүдө, анын убайын карапайым калк эле көрүп жатпайбы, - деген республикалык жүрөк хирургиясы институтунун директорунун орунбасары, белгилүү адис Калдарбек Абдыраманов филиал ишке кирсе түштүк түмөн түйшүктөн арыларын, бирок демилгени чет өлкөлүк уюмдардын каржылык көмөгүсүз жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигин билдирди.
Соңку сааттарда маалым болгондой, Оштогу облустар аралык ооруканасынын алкагында Бишкектеги жүрөк хирургиясы институтунун бөлүмүн ачуу демилгеси кыргыз бийлиги тарабынан колдоо таап отурат. Ал эми жүрөк кан тамыр ооруларын иликтеп-аныктоочу медициналык жабдык кеминде 3 миллион доллар турат экен. Такыр айла куруганда 1 млн. 200 же 1 млн. 500 миң долларга деле Европадан ушундай жабдык сатып алса болчудай. Бирок чет өлкөлүк инвесторлордун көмөгүсүз өкмөттүн буга кудурети жетчүдөй эмес.




Баарыбир Казакстандын көзүн карайбыз

- Жанболот мырза, акыркы кезде түштүк жергесинде бир чыпта ун 400-500 сомго, ал эми жапкан нан 2-4 сомго дейре кымбаттады. Мунун орчундуу жүйөсү эмнеде?
- Биринчиден, соңку тапта Казакстанда баа күтүүсүздөн көтөрүлбөдүбү. Анткени быйыл эрте жазда Орусияда жана Казакстанда күн катуу ысып, баарда эгилген эгин-тегиндер бүт бүлгүнгө учурап, өнбөй калды. Ошонун кесепетинен мурун бир тонна буудай 160-170 доллардын тегерегинде сатылып жатса, учурда наркы Казакстанда 320-325 долларды чапчыды. Ошентип дээрлик эки эсе өстү. Мындан тышкары шылуундар жол кире акысына дагы 50 доллар кошуп жатышат.
Экинчиден, мурда бизнесмендер унду Казакстандан Кыргызстанга эч кандай ортомчусуз жана тоскоолдуксуз эле түз ташышчу. Ошон үчүн арзан эле. Кыргыз өкмөтү үч ай мурда мамлекеттик жыйым (госпошлина) кийирип таштабадыбы. Ошонун айынан кыргыз ишкерлери өз өлкөсүнө таптакыр ун ташыбай калышты. Анткени өзүн-өзү таптакыр актабайт экен. Эми жалаң гана алып сатарлар, эбин тапкан кызыл кулактар Кыргызстанга унду байма-бай ташып жатышат. Буга улай ушул тапта элет жериндеги элдин жеке кампаларында сактаган азык-түлүктөрү да дээрлик түгөнүп бүттү.
Үчүнчүдөн, Кыргызстанда буудайды кайра иштетип унга айландыруу дээрлик кымбатка түшүп жатпайбы. Анан орто жолдо шылуундар да үстүнө тыйын кошуп ийип жатышпайбы. Дегеним, кыргыз буудайында илээшчектик абдан начар, көппөй мукуратат. Ошон үчүн нан жапкандар, ашканаларда камыр оокат жасагандар дээрлик Казакстандын гана унун пайдаланышат. Биздики андайга дегеле жарабайт.
Ошентсе да элет жеринде айласыздан кыргыз буудайын тегирменге тартып, дале ун кылып эле жеп жатышат бечаралар. Ошол себептүү айыл-кыштактарда биринчи сорт ундун килосу дале 18-20 сом, ал эми экинчи сорттун килосу 16-18 сом бойдон эле мурдагыдай наркта сатылып жатат.
- Азыркы оош-кыйыш кырдаалдан ортомчулар жана кызыл кулактар пайдаланып жатышкандай. Аларды алчаңдатпай тыйганга эркиңиздер жетчүдөйбү?
- Балээниби? Жакшылап кара-саңар, кемчиликтерди кадам сайын кезиктирүүгө болот. Жанагы сатармандардын көбүнүн патенти жок. Санитардык китепче деген түштөрүнө деле кирбесе керек. Сертификат дегенди таптакыр билишпейт. Таразалары кадимкидей каратып туруп алдашат. Көрүнүктүү жерлерге ундун наркын атайылап жазышпайт.
Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамына таянып жеке ун өндүрүүчү "Мариям", "Салтанат", "Тулпар" ишканаларынын кулагына күн сайын кумдай куюп жатабыз. Эгер алар унга бааны атайылап көтөрүшсө, же даяр продукцияларын бекем катып коюп, өндүрүштүн көлөмүн чындап азайтып жиберип, бул аркылуу өлкөдө таңкыстыкка өбөлгө жаратышса, андайларга карата сөзсүз мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт.
- Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясы "Быйыл аймакта буудай жетиштүү эгилген жок. Демек, алдыдагы кышта жут болот. Ун абдан кымбаттайт" деп улам-улам коңгуроо кагып жатпайбы. Сиз буга кошуласызбы?
- Биздин колубуздагы маалыматка караганда Алай, Кара-Кулжа райондорунан башкасында түшүм кудайга шүгүр эле. Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев улам-улам массалык маалымат каражаттарына маек куруп эскерткендей, келерки кышта ун тартыш болбойт. Каатчылык дегеле күтүлбөйт.
Бирок өкмөт кечеңдетпестен жетиштүү өлчөмдөгү буудайды Казакстандан кымбаттай электе сатып алып, анан убагында ташып, матрезервге азыртан сактап койсо, албетте мындан биз гана утабыз. Ошондой эле алдыдагы кризистен дагы оңой кутулабыз.
Бетти даярдаган
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
сүрөт автордуку






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??