presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Маектешим Нурлан Төрөбеков парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын өкүлү. Кезинде Ооган согушуна катышып кан кечкендиктен өлүм менен өмүрдүн, тынчтыктын баркын жандүйнөсү менен сезет. Кебибиз дал ушул нуктан башталды.

"Метис" кыргыз,
туугандарын кулагынан
сүйрөбөгөн, Чокморовду идеал туткан Нурлан Төрөбеков

- Аты жаман согуштан кудай сактасын. Ооган согушуна катышып кан кечип келген адам катары согуштун катаалдыгын жакшы билем. Карапайым жаран болобу, мамлекетти башкарган президент болобу, эгер согуштун кандай экенин сезгенде бөлүнүүчүлүктөн, уруш-талаштан оолактап, өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коет эле.
Бизде ар кыл өңүттөгү нааразычылык акциялары өтүп турат. Албетте муну демократиялык коомдун бир көрүнүшү катары баалайбыз. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан деген мамлекетибиз жалгыз экенин, аны көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин түшүнсөк дейм. Саясатчылар жеке амбициясын жыйыштырып, элди бөлгөндүн ордуна ынтымакка үндөсө утуш алмакпыз.
- Депутаттыкка аттанганы-ңыздын башкы себеби балким ушудур?
- Саясатка кокусунан аралашканым жок. 1990-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши түзүлгөн. 1996-жылдан тартып аталган уюмду жетектеп келатам. Насип буюруп 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ар-намыс" партиясынын атынан мандат тагындым. Жеке эле Ооган ардагерлери эмес Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине арналган мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү үчүн атайын жумушчу топ түздүрдүм. Сентябрда мыйзам долбоору парламенттин талкуусуна коюлат. Ал кабыл алынса, анда согуш ардагерлери жана алардын жакындары үчүн мамлекет тарабынан жеңилдиктерди берүү маселеси чечилмек.
Эми сурооңузга өтөйүн. Жалгыз дарак бак болбойт дейт элибизде. Анын сыңарындай, жалгыз менин колумдан көп нерсе келбейт. Кыргызстаныбыздын биримдигин сакташ үчүн жалпы коомчулук салымын кошушу керек. Анүчүн ири алдыда мансап, бийлик үчүн күрөшкөндү токтотуп, пайдалуу иштерди жасаганыбыз оң. Ошондуктан мен үчүн депутаттык мандат - бийлик же мансап эмес, бул мага элим үчүн, менин союздаштарым, келечек муун үчүн кызмат кылганга ачылган мүмкүнчүлүк жана элимдин мага арткан жоопкерчилиги.
- Кантип?
- Өзүмдүн тажрыйбамды айтайын. Биздин кеңеш коомдук уюм болгондуктан мамлекеттен жардам албайбыз. 17 жылдан бери ардагерлер кеңешин жалгыз өзүбүз асырап келатабыз. Ооган согушунун ардагерлерине жана үй-бүлөсүнө жардам берип турабыз. Ошондой эле мектеп окуучуларына, борбор калаадагы үч жогорку окуу жайдын эң мыкты студенттерине стипендия төлөө каралган.
- Каражатты кайдан табасыздар?
- Макаланы окугандар Төрө-беков мактанып атыптыр дебесин. Чакан бизнесимден түшкөн каражаттын 90%ын ардагерлер кеңешине жумшайм, калган 10%ы үй-бүлөмдү бакканга кенен жетет. Жыйган байлыгыңдын элге пайдасы тийбесе, андай байлыктын кимге кереги бар?
Бизде байлыгы башынан ашкан миллионерлер арбын. Миллиондогон доллары жетпей аткансып кээлери мамлекеттин мүлкүнө кол салышат. Арам жол менен байлык чогулткандын ордуна тапканынын жок дегенде кичинекей бөлүгүн элге жумшашса соопко калышмак. Бул жашоого жылаңач келгенбиз, кайра жылаңач кетерибизди унутпайлычы.
"Атам менен сый мамиледемин"
- Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул болот дейт элибизде. Өзүңүздү булардын кайсынысына кошосуз?
- Өтө оор суроо экен (көпкө ойлонду). Ата-энем бала чагымда эле ажырашып кетишкен. Атамдын түбү Жалал-Абаддан, апам Чүйдүн кызы. Ал эми мен таякелеримдин колунда өсүп, орусча тарбияланып калдым. Ошон үчүн менде жердешчиликке, жээк-жаатка бөлүнүү жок. Өзүмдү "метис" кыргыз эсептейм. Атам экөөбүздүн ортобузда сый мамиле бар.
Атадан артык уул болоюн деген оюм жок. Менин кандай адам экениме эл баасын берсин. Аздыр-көптүр элиме ак кызмат кылып, артыман жаман сөз калтырбасам болду.
Апам өмүр бою комбинатта жөнөкөй жумушчу катары эмгектенген. Үч сменде иштегендиктен үйдө дээрлик болчу эмес. Биздин бүгүнкү даражага жетишибизге апамдын эмгеги чоң.
- Балдарыңызга татыктуу тарбия бере алдым деп ойлойсузбу?
- Жашоодо ар бир ата-эне баласына татыктуу тарбия берип, жакшы адам кылып чоңойтууга аракет кылат. Менин үч кыз, эки уулум бар. Улуусу 22ге чыгат. Өзүм жоокерлерче тарбияланып калгандыктан балдарымды үзүлүп-түшүп эркелетпейм. Аларды энеси тарбиялап, бардык көйгөйлөрүн чечет. А мен үйдүн кожоюну катары финансы маселесине жоопкермин.
"Бактылуулук - татыктуу жашоодо"
- Депутаттардын көпчүлүгү туугандарын, дос-тамырларын майлуу-сүттүү кызматтарга дайындатат экен. Сиз деле четте калбасаңыз керек?
- Үйдө үч уулдун улуусумун. Инилерим мен депутат болгонго чейин эле карапайым жумушта иштешчү, азыр дагы ошол жумушун аркалашат. Кичүүсү унаа оңдоочу жайда мастер, улуусу элден тери чогултуп сатып оокат кылат. Алардын маңдайына жазган тагдыры ошо болсо кантип аны өзгөртмөкчүмүн? Инилерим өз жашоосун өздөрү тандашкан, менин кийлигишкенге акым жок. Колдорунан жетелеп кызматтан кызматка өстүргүдөй жаш балдар эмес. Жер шарындагы адамдардын баары тең чиновник болуп кетсе калган ишти ким кылат?
Көпчүлүгү бактылуулукту мансаптан, байлыктан табабыз деп ойлошот. А мен ага кошулбайт элем. Мейли сен жер тытмалаган дыйкан бол, мейли сен министр, депутат бол, эң башкысы, жакшы жыйынтык чыгарып, ата-эне, биртууган, уул-кыздарыңды эл астында уятка калтырбай татыктуу жашап өткөнгө не жетсин. Менин жашоодогу принцибим ушундай.
"Депутат эмес сүрөткер болсом дечү элем…"
- Кыргыздын белгилүү инсандарынын ичинен Сүймөнкүл Чокморовду идеал тутам. Ал тартылган тасмаларды кайталап көргөндөн тажабайм. Чокморовдой өз кесибин сүйгөн киши чанда кездешсе керек. Андан кыргыздын нукура табиятын, нукура жытын сезесиң. Анын кыл калеминен жаралган картиналар да жандүйнөмө жакын.
- Сүрөтчүлүккө кызыгасыз го?
- Аябай кызыгам. Жакшылап аракет кылганымда балким менден мыкты художник чыкмак. Кээде аскасы асман тиреген тоолорду, жаратылыш сулуулугун тартып калам. Мен үчүн мындан өткөн ырахат жок.
- Кандай жанрдагы чыгармаларды окуйсуз: мистика, лирика же детективби?
- Жумуштун көптүгүнөн китеп окуганга убактым аз. Жакында эле "Президент жана бомж" фильмин атайын барып көрдүм. Тасмадагы каармандар мага өзгөчө таасир калтырды. Акырында президенттин үй-бүлөсүнөн ажырап коколой жалгыз калганы философиялык мааниге ээ. Мамлекет башкарам деген адамда ошондой сапат болушу керек. Ал үй-бүлөсүнөн дагы өлкө кызыкчылыгын жогору коюшу абзел. Саясатчыларыбыз аталган фильмден үлгү алса кана…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??