03.08.12 Темир тор оп тарта баштаганда
Эркиндик көздөн уча баштадыбы?
"Ата журтчу" депутат Нурлан Сулаймановго карата кылмыш иши козголорун алгачкылардан болуп жазган элек. Биздин тарткан төлгө ташыбыз төп келди. Башпрокуратура эл өкүлүнө кылмыш иши ачылганын ырастады.


Расмий маалыматка ылайык, Сулайманов Транспорт министрлигин жетектеген мезгилинде (Н.Сулайманов 2005-2010-жылдары аталган мекемени жетектеген - Т.С.) финансылык мыйзам бузууларга барыптыр. Жыйынтыгында ага Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 304-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде айып тагылып отурат. Башпрокуратуранын кабарлашынча, Нурлан Чолпонбаевич министр кезинде "ДорМашКомплект" компаниясына оңтойлуу шарт түзүп, натыйжада өлкө казынасы 249 млн. 675 миң сомдук зыянга учураган экен.
Башпрокурордун 1-орунбасары Нурлан Жээналиевдин айтымында, Н.Сулайманов өтө оор берене боюнча айыпталып аткандыктан, аны жоопкерчиликке тартуу үчүн парламенттин уруксаты талап кылынбайт. Ошондой эле ал депутатты кармоо планда жоктугун кошумчалады. Андан мурдараак ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов Сулайманов суракка келбей качып жүргөнүн, учурда чет өлкөлөрдүн биринде жашырынып жатканын билдирген эле.
Эми кылмыш ишинин өзөгүнө өтөлү. Нурлан мырза жергиликтүү каналдардын бирине курган маегинде өзүнө карата козголгон кылмыш ишинин таржымалын баяндаган. Ал түрк компаниясы Ош-Бишкек жолунун курулушуна катышып, бирок одоно кемчиликтерди кетиргендиктен иштен четтетилгенин, алардын техникалары Транспорт жана коммуникация министрлигине алынганын айтат. Жыйынтыгында түрк компаниясы сотко кайрылып, арийне, сот министрликтин пайдасына чечим чыгарыптыр. Ошону менен маселе пас-пас болгон экен. "Кезинде Кыргызстандын сот инстанциялары бул иш боюнча биздин пайдабызга чечим чыгарган, эми бийлик алмашканга байланыштуу түрк компаниясы бизге каршы арызданууда" дейт Н.Сулайманов.
Талаш жараткан жагдай ушул жерде. Эмне үчүн түрк компаниясы апрель окуясынан бери эки жыл унчукпай шүк отурат да, быйыл араң "ойгонуп", укук коргоо органдарына арыз жазат? Айрым маалыматтарга караганда, Н.Сулаймановго алгач Ош-Бишкек жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш иши ачылмак имиш. Муну тереңирээк казса президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин былыгы чукулат эмеспи... Себеби ака-үкалар канжолдун курулушунда "табакташ" болуп капчыгын кампайтканы эче жылдан бери эл оозунда айтылып жүрөт. Анда кийинки кезек Ж.Сатыбалдиевге келеби?
Албетте Н.Сулаймановдун күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Миллиондорду "жегени" чын болсо жегенин кусуп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок бир "но" бар. Ушу тапта "ата журтчу" эрен Санкт-Петербург шаарында бөгүп жатканынан кабардарбыз. Ошон үчүн анын жакын арада мекенине кайтып келиши арсар. Андыктан укук коргоо органдары адегенде кайсы бир чиновник, депутат, министрдин коррупцияга катыштыгы бардыгын тигини качырып ийбей кармап мойнуна койгонду үйрөнсө болот эле. Болбосо түштөн кийин алаканды шак коюп "издемиш" эткени элдин кыжырына тийгенден башка эч нерсе бербейт.

Талантбек СЫДЫКОВ




Элди ким коргойт?
Далайды сыздаткан Diamond rewards
Гезитибиздин өткөн сандарында Ошту курутуп келип, бишкектиктерди сызга отургузуп кеткен Diamond rewards финансы пирамидасы тууралуу жазганбыз. Бир чети ушундай компанияларга алданып калгандарга чала болуптур дегиң да келет. Бирок алдангандар акыл-эстүү, жогорку билимдүү адистер, кызыл дипломдон бирди эмес эки-үчтү колтуктагандар экенин көргөндө аталган финансы пирамидасындагылар оңой алдар көсөлөр эмес экенин баамдайсың. Тырмактын учундай сапфир ташы менен башты айланткан Diamond rewards деги качан, кайда пайда болгон? Мунун түзүүчүсү ким? Кыргызстанга ким алып келген бул ажыдаарды? Ушундай суроолор азыр акчасын алдатып, оозунан нанын жулдургандай болуп тургандардын мээсин жеп аткан кези.

Интернетти барактасам бул компанияны мактап-жактагандар да, ашата сөгүп алдамчылар дегендер да көп экен. Алардын арасынан өзүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырган замандашыбыз 2011-жылы 1500 даана сапфир өңдөнгөн кристалл менен Кыргызстандын төрт жараны кармалганын жазган. Аларды суракка ала келгенде Diamond rewards KG ЖЧКсы 2010-жылы 2009-жылдан бери интернет ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Diamond rewards эл аралык компаниясы тарабынан түзүлгөнү аныкталган. Компаниянын президенти австралиялык Девид Райт. Анын негизги иши баалуу асыл таштарды интернет аркылуу сатуу. Diamondrewards.net сайтында болсо сапфир таштары 300 доллардан сатылып, кардар интернеттеги ачкычын активдештириш үчүн кошумча 40 доллар төлөшү керектиги айтылат. Андан соң ал дагы эки кардар таап, алар дагы эки кардардан тартып отуруп товар айлантуу жүрөт. 340 долларга сапфир алган адамдын эки адамы башкаларды тарта баштаганда анын электрондук эсебине 600 доллар түшөт. Алар дагы башкаларды көндүрүп отуруп, тиешелүү сандагы адам компанияга киргенде 600 доллар алган адам бриллианттык тепкичти аяктап, 10 миң доллар жана бриллиант ташына ээ болот. Эгер бриллиант алгысы келбесе анын ордуна 2100 доллар колуна карматылат. Ушундай маалыматтарды жазып келип ИИМ өкүлү кармалган төрт адамдын 1500 даана сапфири эч кандай баалуу таш эмес экенин, таштардын этикеткасындагылар жасалма экенин ортого салган. Тобо кылдым. Анткени өткөн жылы мени бирөөлөр бул компаниянын жыйынына чакырып, анда ушул айтылгандарды өз кулагым менен угуп, колума "сапфир" ташын кармап көргөн элем.
Көрсө, Дэвид Райттын алмаз клубу бир нече жыл илгери эле ачылып, анын түбү алдамчылык экени тастыкталган экен. Анын азыркы Diamond rewards компаниясы электрондук төлөмдөр системасын колдонгону менен эч жерде банктык эсеби жок. Кайсы бир маалыматтарда компания Гонконгдун оффшордук зонасында катталган делсе, дагы бир жерде Британиянын Виргин аралдарында катталган деген маалыматтар бар. Эске салсак, Дэвиддин буга чейинки дагы бир алдамчылыгы Diamond Cash Club деп аталып, ага кирүү акысы 200 доллар болгон. Анысы 2007-жылы болгон акчасы, катышуучулары менен күм-жам болуптур. Азыркы фирмасы деле ошондой схема менен иштейт, болгон айырмасы азыр 300 доллар төлөшүң керек.
Эки жылдан бери эч ким жүзүн көрө элек Дэвидге Россия, Казакстан, Азербайжандын миңдеген адамдары алданып, Diamond rewards компаниясын сотко беришкен. Бирок негедир эч бир орган эч кимди сот жообуна тарткан эмес. Казакстандыктардын айтымында, учурда Алматыдагы негизги каарман Азербайжан жараны Мубариз Закиров. Ал Гонконгдо катталган компаниянын президенти катары эсептелет. Баурдастар Гонконгго кайрылып мындай компания эч жерде катталбаганын билишкен. Ошол эле мезгилде интернет сайттарда Дэвид Райттын "бактылуу" оюнчулар менен Гонконгдо жолугуп аткан сүрөттөрүн көрүүгө болот. Албетте, сүрөткө ишенсе да, ишенбесе да болот. Анткени бизге кайрылган Жаңыл Бегалиева айткандай, элди алдап аткан "лидерлер" элди ишендириш үчүн Барак Обама менен, кааласа Австралия президенти менен деле "сүрөткө түшүп" коюшат. Казакстандагы Diamond rewards-Алматы коомдук соода уюму деле элди ар кандай сүрөт, эсептер менен алдап жүз миңге жакын адамды сызга отургузган. Австралияга электрондук эсеп менен баурдастардан миллиондогон долларлар которулуп, өздөрүн лидер катары тааныткандар аз убакытта эле байып алышкан. Карапайым казактар тиешелүү органдарга бул боюнча кайрылышканы менен жыйынтык чыккан эмес. Учурда Кыргызстанда да миңдеген адамдар кытайдын он сомдук ташына алданып отурушат.
Башында айткандай, буга алдангандар өздөрү күнөөлүү. Бирок ушундайларга көзөмөл кылып, элди коргоочу мамлекет, бийлик деген болуш керек да. Болбогон бечараны баса калган УКМК, ИИМ, Эсептөө палатасы, Салык инспекциясы, Улуттук банк, Финансы рыногун көзөмөлдөөчү кызмат кайда карап жүрөт? Дегеле бул компаниянын баалуу таштарды сатууга укугу, лицензиясы барбы? Элди алдагандардын эмдигиче ээн-эркин жүргөнүнө караганда же бул органдардын да Diamond rewards компаниясында "долялары" барбы? Эмне дейсиңер, ыя?




Муну да көрөлүчү
МАИ го жоюлат, Жол-кайгуул кызматы кандай иштейт?

Кечээ Бишкекте өткөн "Мекендештер" форумунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жол кыймылы коопсуздук башкармалыгы 31-августка чейин (МАИ) жоюларын айтты.
Өкмөт башчынын айтымында, Бишкек - Ысык-Көл жолундагы маичилердин алынышы жакшы натыйжасын бериптир. Өмүрбек Бабановдун маалымдашынча, Жол кыймылы коопсуздугу боюнча башкы башкармалык жоюлуп, Жол-кайгуул кызматы түзүлөт. Аталган кызматтын жол коопсуздугун күзөтүүчүлөрүнө заманбап жабдыгы менен атайын унаалар берилмекчи. Кыргыз өкмөтү муну жыл аягына чейин ишке ашырып, Бишкек шаарына атайын видеокамераларды орнотуп жолдогу кызыл таякчандарды жоюну көздөөдө.
Эске салсак, өкмөт буга чейин Финансы полициясын жоюп Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын түзгөн. Азырынча мунун ийгилиги байкала элек. Анан Жол-кайгуул кызматынын негизги милдети, структурасы, иштөө тартиби да негедир элге түшүндүрүлө элек. Анын үстүнө какайган маичини каратып туруп жол эрежесин бузган биздин "шумахер" айдоочуларыбыз кандайча кармалып, жазаланары да бүдөмүк. Башкасын жойбосоңуз да урматтуу Өмүрбек мырза, МАИдеги бюрократияны, айдоочуларды ар кандай жол менен басмырлоону жоюңузчу. Ошондо айдоочулардын нерви ордуна келип, жол эрежесин бузуу да өзүнөн өзү азаят эле.