presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бабановдун
басмайылы бошой баштады
Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөттү отставкага айдоо аракети парламенттин акыркы сессиясында көтөрүлүп, 45 депутаттын колу коюлган документ спикер Асылбек Жээнбековго берилген. Учурда фракция лидерлери кезексиз жыйынга чогулабызбы же сентябрдын башында эле өкмөттүн тагдырын чечебизби деген суроону талкуулашууда. Ал ортодо "Ата мекен" фракциясы кезексиз жыйын өткөрүү зарылдыгын, болбосо ири алтын кендери текейден арзан сатылып кетиши ыктымалдыгын жар салышты. Бирок "республикачылар" муну четке кагып, жолбашчысын коргоп чыгышты. Төмөндө эки тараптын пикирин сунуштайбыз.

Жоомарт САПАРБАЕВ,
ЖК депутаты,
"Ата мекен"
фракциясы:
"Коррупциянын тамыры өкмөттө жайылган"

- Жеке биз эле эмес, парламенттеги бардык фракциялар Бабанов өкмөтүн отставкага кетирүү демилгесин колдоп атат десем жаңылышпайм. Экономикалык көрсөткүчтөрдөн тартып Кыргызстандын тышкы саясатындагы "жетишкендиктер", коррупциянын өнүгүшү, кадр саясатынын туура эмес нукта баратканы өкмөттүн начар иштеп, берген убадасын аткара албай атканын көрсөтүп турат. Ошон үчүн депутаттар өкмөттү отставкага кетирүү маселесин көтөрүшүүдө.
Өкмөт башчысы Кыргызстанды таптакыр уят кылып бүтүрдү. Ар кайсы өлкөгө кабыл алып коюңузчу деп чөгөлөп суранып барганы менен, тилекке каршы, ал өлкөнүн башчылары аны кабыл албай койгон фактылар бар. Бул премьер-министрдин тышкы саясатта позициясы, аброю жоктугун ырастайт. Өзүңөр көрдүңөр, Казакстанга барып 2-3 тепловозго кол коюп, футбол ойноп келди. Нурсултан Назарбаев же Карим Масимов кабыл алган жок. Россияга барганда Дмитрий Медведев жаш баланы сөккөндөй сөгүп, кулагынан чоюп жолго салды. Премьер-министр - эл башы, мамлекет башчысы болом деген киши. Ал өзүн сыртта татыктуу алып жүрүп, мамлекетин жакшы жагынан көрсөтүшү абзел.
Өмүрбек Токтогулович кадр саясатында алешемдиктерди кетирип, өзүнүн адамдарын жооптуу кызматтарга койду. Мисалы, Бабановго тиешелүү "Риом" унаа базарынын директорун Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директор орунбасарлыгына бекитти. Ошондой эле өзүнүн жеке банкында директорлор кеңешинде жүргөн жигитти Мамлекеттик мүлк министрлигинин жетекчилигине дайындады. Мындай нерселер көп.
Кыргыздын канын кайната турган дагы мындай олуттуу жагдай бар. Эмнеге биз Айдар Акаевдин убагында Адил Тойгонбаевдин жетегинде жүрсөк, Максим Бакиевдин убагында Надель, Гуревич мамлекетибиздин экономикасын калчаса, эми кайра эле айланып келип Кайсар Абылкасымов аттуу казакстандык жигитке экономикабызды толук карматып жиберебиз?
- Кайсардын мамлекеттик маанилүү маселелерди чечип атканына далил барбы?
- Бардык маселелер Кайсар аркылуу чечилип калыптыр. Муну убагы келгенде министрлер, министрдин орунбасарлары, өкмөт менен тыгыз кызматташкан бизнесмендер айтып чыгышат. Кайсар Абылкасымов деген ким? Ал Казакстандын Жамбыл облусунда ири май куючу жайлары бар ишкер. Бабанов учурунда Казакстандын жараны болуп жүргөндө чогуу иш кылышыптыр. Кайсар жакын досу экенин Бабанов дагы мойнуна алган. Жакын досу болсо үйүндө сыйлап коноктосун, бирок өкмөткө апкелип мамлекеттин акчасын колуна кармата бербесин.
- "Республикачы" Назарали Арипов Текебаев жеке таарынычтан улам тагыраагы, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын жетекчилигине өзүнүн көздөй кишиси Каныбек Масировду дайындабай койгону үчүн Бабановго каршы чыгып атканын билдирди.
- Биринчиден, кезексиз жыйын чакыруу демилгесин КСДП, "Ар-намыс", "Республика" фракциясынын өкүлдөрү колдошууда. Экинчиден, жеке таарыныч деген сөздү комментарийлештин кажети жок. Бабанов премьер-министр боло электе эле ага карата позициябыз түшүнүктүү болчу. Оппозицияда жүргөнүбүздө дагы анын коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин далилдеп келгенбиз.
- Апрель айында парламент өкмөттүн 100 күндүк отчетун жактырган. Аз убакыт өтүп-өтпөй эле өкмөттүн отставкасын талап кылган туура болбой калат го?
- Туура айтасыз. Өкмөттүн 100 күндүк отчету парламенттен колдоо тапкан. Жеке биздин фракция өкмөттүн тагдырын сентябрда карайлы деген. Арийне, бөлөк фракциянын өкүлдөрү Бабановду тез арада кызматтан албасак болбой калды дешүүдө. Эмнеге? Анткени Кумтөрдөн кийинки эң чоң алтын кени саналган кендерге 28-августта лицензия берилет экен. Көпчүлүк депутаттар лицензиялар мыйзамсыз берилип калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Өкмөттү тез арада оодаруунун негизги себеби ушул.
- Кезексиз жыйын качан өтөт?
- Аны айтыш кыйын. Өкмөттү кетирет экен десе эле табият кырсыгындай кабыл алабыз. Парламент өкмөттү дайындаган. Эгер өкмөт ишти сүйрөй албаса аны отставкага айдаганга парламенттин толук укугу бар.
- Өкмөттүн артынан парламент да тарап кетиши мүмкүнбү?
- Эл талап кылса парламент тарап кетиши мүмкүн. Андан корко турган нерсе жок. "Ата мекен" партиясы креслого тырмышып жатып албайт. Ал эми өкмөт башчысы акчанын күчү менен калып калганга аракет кылса, анда биз коалициядан чыгып кетебиз.
- Бабановду кетирмейинче "Ата мекендин" жаны тынбайт турбайбы?
- Коррупцияны жоймоюнча жаныбыз тынбайт деген туура болот. Ал эми өкмөттө коррупциянын тамыры кеңири жайылганын жамы журт жакшы билет.


Назарали АРИПОВ,
ЖК депутаты, "Республика"
фракциясы:
"Жеке таарынычтан улам өкмөттү кетсин дешүүдө"
- Өкмөттү отставкага кетирүү демилгесинин башында "Ата мекен" фракциясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаев турат. Өмүрбек Чиркешович жеке таарынычтардан улам өкмөткө каршы чыгууда. Ал киши жакын адамдарын майлуу кызматтарга койдура албагандан улам өкмөттү кетирүүгө киришти.
- Айткандарыңызды факты менен бекемдесеңиз.
- Мисал келтирсек толтура. Бүгүнкү күндө мамлекеттик "Кыргызнефтегаз" ишканасы "Ата мекен" партиясынын "кошелогу" болуп калды. Ал эми Ө.Текебаев "Кыргызнефтегаздын" жетекчилигине Каныбек Масиров аттуу адамды отургузууну көздөөдө. Бул максаты жүзөгө ашпаган соң өкмөткө каршы иштей баштады.
К.Масиров соттун чечими менен аталган ишкананын башчылыгынан четтетилген. Ага карабастан "ата мекенчилер" аны кайрадан мунай компаниясынын президенттигине сунушташууда. Эмне, Масировдон бөлөк кадр калбай калганбы?
- Бирок өкмөттү отставкага айдоо боюнча 45 депутаттын колу топтолду го. Анда алардын бардыгы тең жеке кызыкчылыктан улам ушундай кадам жасап аткан экен да?
- 45 депутаттын баары деп айта албайм, бирок көпчүлүгүндө жеке таарыныч бар. Жакын туугандарын, көздөй кишилерин жооптуу кызматтарга дайындабай койсо эле өкмөттү кетсин дегендери уят нерсе.
- Демек, өкмөттү кетирүүгө негиз жок турбайбы?
- Учурдагы коалициялык көпчүлүктүн курамында төрт фракция, анын ичинде "Ата мекен" да бар. Апрель айында эле депутаттар өкмөттүн 100 күндүк отчетун канааттандырарлык деп баалашкан. Андан кийин эле "кетсин" дегендери туура эмес. Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кеминде тогуз ай же бир жылдын жыйынтыгына карап баа берген оң.
- Экономикалык көрсөткүч-төр өтө начар, бюджет дефицити 20 млрд. сомго жетти. Ундун баасы эки эсеге кымбаттады. Бул өкмөттүн эл ишенимин актай албай атканын көрсөтпөйбү?
- Быйыл кыш аябай оор болду. Каражаттын көпчүлүгү ошого сарпталды. Мунун айынан айыл чарбасы катуу жабыр тартты. Ал эми тамак-аш наркынын өсүшү - дүйнөлүк процесс. Алыс барбайлы, кошуна мамлекеттерде азык-түлүк баасынын өскөнү байкалды. Өкмөт баа саясатын көзөмөлгө алып, Кыргызстаныбыздын экономикасын көтөрөрүнө терең ишенем. Анүчүн кичине убакыт керек.
- Өмүрбек Текебаев Бабанов өкмөтү коррупция менен күрөшпөй, кадр саясатын калпыс жүргүзүп атканын, ошон үчүн тез арада отставкага кетирүү зарылдыгын жарыялабадыбы?
- Эгер коррупциянын тамырын түбүнөн кыркалы десек, анда аны Текебаевден башташ керек. "Кыргызнефтегаз" ААКсынын тегерегиндеги талаш эки жылдан бери тыйылбай келет. Мындан улам биз атайын комиссия түзгөнбүз, жыйынтыгын кийинки айда маалымдайбыз. Мына ошондо Текебаевдин чыныгы жүзүн көрөсүңөр…
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??