presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




…боесу канды
Эки баштуу жыйын жана Алыкул Осмоновдун ырын оңдогон Бабанов

Кечээ башталган "Мекендештер" форумуна өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев жана бир катар өкмөт өкүлдөрү катышты. Форум эки күнгө уланып, кечээ четтеги диаспоралардын кызматташтыгы жана өлкөдөгү ар кыл маселелер талкууланып, бардык тармак боюнча тажрыйбалуу адистердин сунуштары айтылды. Бүгүн ал Ысык-Көлдө уланууда.
Жыйынды Роза Отунбаева ачып, ЖК төрөгасы Асылбек Жээнбеков чет жерде жүргөн таланттуу жаштарыбызды өз мекенине келип Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө, коррупция, трайбализм менен ооруп турган коомубузду терс илдеттерден арылтууга салым кошууга үндөдү.
Андан кийин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба мен ооруюн, Ата Журт" деген ыр сабын "Сен ооруба мен ооруюн, Кыргызстан" деп оңдоо киргизүү менен баштап залдагыларды бырс күлдүрдү. Андан ары өкмөт башчы өзүнүн узак баяндамасында Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө токтолуп, биздин көпчүлүк саясатчылар көралбастыктан арыла албай, өлкөнү жарга түртүп атканын айтып, форумдун коноктору менен суроо-жооп кылып, ар кандай тармактар боюнча сунуштарын укту. Чындыгында сырттан келгендер тарабынан экономикалык жана социалдык багыттагы жакшы сунуштар айтылды.
Негизинен "Замандаш" ассоциациясынын да, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду да уюштурган мындай жыйындардын мааниси терең. Учурда расмий маалымат боюнча Кыргызстандын 500 миң жараны чет элдин жарандыгын алып, алардын алды ийгиликтерге жетишип, эми өз мүмкүнчүлүгүн жок дегенде өзү туулуп өскөн айылына көрсөткүсү келет. Тарыхта Япония, Индия жана Түркия дал ушул тажрыйбаны эң ийгиликтүү пайдаланган.
Бирок бизде өтүп аткан форумга катышкандардын көбү мындай максаттагы жыйынды "Замандаш" ассоциациясы менен экс-президент Роза Отунбаеванын эки башка өткөрүп атканына таң калууда. Мисалы, Пекинден келген кыргыз ишкери Тыныбек Жукешов "биз алыс жолдон убакыт коротуп Кыргызстан үчүн деп келип аткандан кийин бир максатты көздөгөн бул жыйындар биригип эле өтсө болмок. Эгер өлкөнү өнүктүрөлү десе буга президент баш болуп бардык өкмөт мүчөлөрү катышыш керек эле. Кечээ "Замандаштардын" жыйынына Жантөрө Сатыбалдиевден башка бир да мамлекеттик чиновник келбей, миграция маселеси боюнча көтөрүлгөн эң көйгөйлүү маселелер чечилбей калды" дейт.





Биз да адамбыз
Сотторду тандагандарга сом төлөнөт

Көптөгөн талаш-тартыш менен түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши үч жумадан бери тер чачып иштеп атат. Аты айтып тургандай башка адистерди эмес, так ошол сотторду тандоо чоң жоопкерчилик, милдет. Эгер кеңеш эл күткөн таза, адилет сотторду электен дыкат өткөрүп бербесе наалаты кайра эле аларга калары турган иш. Былтыр, быйыл да кеңештин мүчөлөрүн иш убагында тамак-аш, керектүү канцелярдык буюмдар менен камсыз кылып, аларды ары-бери ташуу маселеси так чечилбей келатканы баарыбызга маалым. Ал го ал, а булардын эмгек акысы кандай бааланат жана ким төлөйт?
1-августта Сотторду тандоо кеңешинин жыйыны болуп, аталган кеңештин мүчөсү жана Жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова кеңеш мүчөлөрүнө 20 миң сомдон сыйлык берилерин кабарлады. Сот департаментинин директору Алтынбек Тажибаевдин айтымында, бул сумма Жогорку сот судьясынын өзөктүк маянасы (оклад) менен барабар. Муну уккан айрым Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү Жогорку сот судьялары 50-60 миң сомдон айлык аларын, анан кандай себептер менен кеңеш мүчөлөрү алардан аз алышарын сурашты. Буга жооп катары ЖС судьясы Айжамал Ажибраимова өзү жалпысынан 24 миң сом айлык аларын, анын ичинде төрт миң сом класстык чини жана көп жылдан берки эмгеги үчүн кошумча акча экенин түшүндүрдү. "Жогорку сотто эң көп айлык алган менмин. А калгандары 20-23 миң сомдон алышат" дейт А.Ажибраимова. Алтынбек Тажибаев Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттик кызматкер эсептелбегендиктен кошумча акча кошулбастыгын билдирди. Буга улай ал бул төлөмдөр качан, кайсы критерийлер менен кайсы убактарда төлөнөрү Өмүрбек Бабанов токтомго кол койгондо билинерин маалымдады. Белгилей кетсек Сотторду тандоо кеңешинде 24 мүчө бар. Аларды каржылоого бюджеттен 13 млн. 200 миң сом бөлүнгөн.





Кылтылдама
Суу башында Сулайман, кышында тезек сурайт Кудайдан

Суу башында Сулайманбыз деп мактанганыбыз менен учурда Токтогул суу сактагычында суу азайып, электр энергиясын экспорттоо төмөндөп, электр линияларындагы авариялар көбөйүүдө. Ошого карабай Кемин подстанциясынын пайдубалына капсула салган ажо Алмазбек Атамбаев энергетика Кыргызстан экономикасынын негизги таянычы болорун билдирди. Оозуңузга май, ылайым ошондой эле болсун, бирок таянычыбыз таканчык бере албай, ак жайдын ортосунда элди жүдөтпөдүбү.
Муну энергетиктер айткан оңдоо иштеринен улам деп атсак, Энергетика министрлигиндеги коллегиядан соң күзгө-кышка болгон даярдык ара жолдо калганы белгилүү болду. ТЭЦ директору Юрий Фрик ишкана кышка даяр эмес, ТЭЦке көмүр алуу боюнча алигиче тендер өткөрүлө элек десе, соттон жаңы акталган Аман Тентиев көмүрдү бир эле булактан алууну саймедирейт. Министр Аскарбек Шадиев болсо бардык бөлүштүрүүчү компанияларда даярдык өтө начар деп шалдайды. Министрдин орунбасары Автандил Калмамбетовдун айтымында, министрликтин мындай акыбалы менен быйыл кыштан чыгуу оңойго турбайт. Ушундай билдирүүлөрү менен энергетика лөктөрү карапайым калкка быйыл отун, көмүр, тезекти кабелтең камдагыла дегендей эле болду. Бул коллегияда мөөнөттүү электр өчүрүүлөр менен бирге эле 2013-жылы электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу маселеси да көтөрүлдү. Министрликтин Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаменти болсо калкка жана өндүрүштүк объектилерге тарифти жогорулатууну көздөп атканын айтат. Андыктан энергетикалык коопсуздукка караганда электрсиз калуу менен тарифтин жогорулашы быйыл сөзсүз болчудай. Деги Кыргызстан кайда баратабыз? Энергетиктер соттон акталып, эми минтип кыйратып салышкансып "мактанып" отурушканы кандай? Жаздан берки өчүрүүлөр убагында эмне иш кылынган анда?
Акаев, Бакиев убагында деле далай ишкананын пайдубалына капсула салынып, алардын бири да кыйратып аягына чыккан эмес. Анан эскини жандандыра албай атып, курулай оптимизм менен жаңыны баштоонун кажети бар беле.





Студентти күздө сана
Башы жакшы, аягы кандай болор экен?

Шаршембидеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ЖОЖдорго тапшырууда негизги жана предметтик тест боюнча өтмө балл 80-90 баллга чейин төмөндөтүлбөй тургандыгын билдирди. Буга улай ал бюджеттик вакансиялар приоритеттүү адистиктер жана жогорку деңгээлдеги конкурс өткөн окуу жайлар арасында бөлүштүрүлөрүн кошумчалады.
Министрге ишенсек, 2011-жылга салыштырмалуу быйыл келишимдик (контракт) негизде күндүзгү бөлүмгө кабыл алуу 13,5 миң орунга кыскарыптыр. "Мындан сырткары, ЖОЖдорго сырттан окуу формасына лицензия берүү токтотулду. Жалпысынан 2012-2013-окуу жылына гранттык негизде 5 миң 705 орун, күндүзгү келишимдик формага 28 миң 682, дистанциялык окууга 2 миң 260 орун бөлүндү. Үч турдун жана жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен 3 миң 997 абитуриент бюджеттик бөлүмгө өттү. Бул жалпы пландын 81 пайызын түзөт. А кимде ким үч турдан тең өтпөй калса колледж, лицейлерден окуса болот. Бул студенттер санын оптимизациялоо жана жогорку билим сапатын жогорулатуу үчүн жасалып атат" дейт министри. Ошентсе да ИИМ академиясында, Аскердик институтутта, Кыргыз агрардык университетинде өтмө баллдар буга чейин төмөндөтүлгөн болчу. Кыкасы, быйыл студенттер бир кыйла эле азайганы турат. Бирок ошону менен эле билим берүү сапаты жакшыраар бекен?
Даярдагандар
Мелис СОВЕТ уулу, Зайырбек АЖЫМАТОВ




Бөлүнүү

Ушу жумада "Замандаш" ассоциациясы өткөрүп жаткан кыргызстандыктардын бүткүлдүйнөлүк биринчи конгресси жана экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өтүп жаткан "Мекендештер" форуму ачылып, кандайча өтүп жатканын телеканалдардан көрүп жатабыз. Бул эки иш-чараны КР президенти жана өкмөтү колдоп келгени буга чейин кабарланып келген. Өтсө өтө берсин дечи, бирок менин айтайын дегеним эмне?
Экөө тең чет өлкөлөрдө жашап, окуп, иштеп аткан кыргызстандыктардын башын кошуп, өлкөнүн азыркы абалын талкуулап, канткенде Кыргызстанга жардам бере алабыз деген маселенин тегерегинде өтүп жатканында. Бирок жасаган иши окшош, алдыда көздөгөн максаты бирдей мындай эки жыйынды эмне үчүн бирге өткөрүшпөйт? Кыргызстанда жашагандар уруу-урууга, партияларга бөлүнгөнүбүз жетишпей аткансып эми чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерди да бөлө баштадыкпы? Дегеле айырмасы бир күндөн гана болгон эки жыйынга эки башка келген чет элдик мекендештер өздөрү кандай ойдо калышты болду экен? Ынтымак жок экени көрүнүп турган жокпу?
Биригели, биз да дүйнөнүн башка элдериндей болуп кайда жашасак да Кыргызстаныбыздын ирденип кетишине интеллектуалдык, материалдык жардам берели деген ниеттин өзү жакшы жышаан. Бирок муну ушинтип бөлүп-жарып өткөрүүнүн өзү андан күткөн үмүт-тилектерди актайбы? Бир эле максаттуу иш-чаранын өзү эки бөлүнүп, бир эле маалда өтүп атканын көргөн чет элдик боордоштор баягы эски саздан чыга элек турбайбызбы деп кол шилтеп кетишпес бекен?
Кыязы, кимдир бирөөлөрдүн өзүн башкалардан жогору койгон дымагы ушу эки ишти бириктирүүгө жол бербеди окшойт. Болбосо "Замандаш" ассоциациясы он жылдан бери жайында четтеги кыргыз диаспораларынын жыйынын куруп, быяктагы бийликтин көңүлүн аларга буруп, миң сан мигранттардын көйгөйүн чечип келатканын журналисттер жакшы билебиз. Убакыт өткөн соң алардын акыры олуттуу бир түзүмгө биригээри турган иш эле.
Байкаган адамга бул эки жыйынды өлкөнүн пайдасы үчүн эмей эле бири-бирине эрегишип өткөрүп жаткандай таасир калат экен. Кыргызстандын аз элинен сыртка кетип, билими, таланты, тапканы менен дүйнө алдыңкыларына теңелип келаткан көп болсо беш миңдей мыктыларыбыз бардыр. Бирок ошолордун акыл чөйчөгүн, тажрыйбасын бир жерде топтоого неге азыркы бийлик кызыкдар болбоду экен? Чындап келсе эки жыйынды бириктирип койсо колунан келет эле го. Же бул жерде да сасык саясат ойноп кеттиби? Кыргызстандан башка өлкөлөрдүн бардыгы чет элде жүргөн мыктыларына өздөрү кол сунуп, алардын акылын, акчасын да өлкө өнүгүүсүнө салып келатат. Биздин бийлик чет өлкөдөн кайыр сурабай, өз атуулдарын өгөйсүнтпөй, тескерисинче алардын мүмкүнчүлүгүн колдонгонду качан үйрөнөт?

Аскер САКЫБАЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??