03.08.12 Манас ата аяны же Ташчайнардын өнөрү
качан бааланат?
Нурлан АЛИШЕРОВ (Ташчайнар) жакында коомчулуктун көңүл борборун өзүнө буруп дагы бир рекорд жаратты. Ал бардыгы 32 тонна болгон 21 машинени тиши менен 31 метрге чейин сүйрөдү. Шакирти Саламат НАСАЕВ (Арстан) 15 машинени мойну менен 17 метрге чейин жылдырды.

- Манас ата түшүмө кирип 40 чоро түз деген аян берди деп айткан экенсиң…
- 2011-жылы май айында Манас ата менен Бакай ата түшүмө кирип, уулум, жолуң ачык, ушул ишти кылышың керек деп бата беришкен эле. Антпесе мен деле көпчүлүк сыяктуу көр оокат менен алышып жүргөм. Түшүмдө Манас атам кыргыз бул Манастын урпагы, аны унуткарбай ушул өнөр менен 40 чорого жеткиресиң деп айткан. Кудай буюрса Кыргызстандын ар бир дубанынан алтыдан эр-азамат балбандарды чогултуп даярдасакпы деген ниетибиз бар. Буга чейин Ысык-Көл облусунан Азамат (Бөрү) деген балбан жигит бар болчу. Тилекке каршы, ал жигитибиз кетип калды. Андан кийин Чоро деген балбаныбыз Талас дубанынан, Саламат (Арстан) Ат-Башыдан келип кошулду.
- Гиннес китебине жазылам деген аракетиң ишке ашчудайбы?
- Гиннестеги ар бир жылы чыгарылган рекордсмендерди окуп көрдүк. Ал жерде кызды столго отургузуп алып он метр жерге тиши менен көтөрүп барган адамды уникалдуу рекорд деп абдан кооздоп жазыптыр. Ушуга чейин Гиннес китебине билдирүү жазалы деп аракет кылып, бирок ага демөөрчү табылбай аткан. Ага баш-аягы эки миң доллардай каражат кетет экен. Жакында "Ала-Тоо" аянтында койгон рекордубузду "Замандаш" ассоциациясынын жетекчиси Эмил Өмүракунов өткөрүп берди. Ал өзү чакырып, Гиннеске билдирүүңөрдү бергиле деп биз сураган сумманы колубузга карматты. Кудай буюрса, ушул айдын ичинде билдирүү жасайлы деп турабыз.
- Айтмакчы, интернет сайттарында М.Конгантиевди сабаган таластык балдардын арасында Ташчайнар да бар экен деп сүрөтүң жүрдү эле. Бул чын эле сенин сүрөтүңбү же?..
- Бул мени жаманатты кылгысы келген кара пиар деп ойлойм. Ал жердеги М.Конгантиевдин артындагы сүрөт меники экени чын. Бирок мен ал жерден М.Конгантиевди уруп-сабаганым тууралуу эч кандай далил жок. Тескерисинче, М.Конгантиевди сабагандан кийин көпчүлүк аны асабыз деп атканда биз ага каршы турдук. Эгер ал өлүп калса Бакиев суудан кургак чыгып бүт күнөөнү М.Конгантиевге шылтап коет деп бүт элге кайрылуу жасап кыйкырып аттык. Биз генералды өлтүрбөй алып калдык десек болот. Бул маалыматты төгүнгө чыгара тургандар болсо келишсин, же ушул басылмадан экс-министр Молдомуса Конгантиев окуса өзү деле айтып берет деп ойлойм. Тилекке каршы, бардык жакшы нерседен жамандык издегендер да болот экен.
- Эки жылдан бери Ташчайнар деген ат Кыргызстанды жакшы эле дүңгүрөтүп келатат, бийлик көңүл буруп атабы?
- 2011-жылы алгач Талас облусунун администрациясынын алдында ушул өнөрүмдү элге тартуулап чыкканда казак туугандар көрүп Жамбул облусунан үч бөлмөлүү квартира менен 100 миң доллар беребиз, бизге иште дегенде, мен КЫРГЫЗмын, кыргыздын туусун көтөрөм, менде намыс бар десем, алардын бирөө "Көкө, сен кыргызсың, билемин гой, кыргыздар бирин-бири көралмайды, өсмөйсүң гой" дебедиби. Ошол сөз ушунчалык катуу тийип, жүрөгүмө так калтыргандай болду. Мен намыстанып бизде да көп эр-азаматтар бар дедим. Андан кийин Кытайга чакырышты, ал жактан да баш тарттым. Азыр интернетте 120 мамлекетте менин рекордум илинип турат. Кечээки акыркы рекорд боюнча "Мир" телеканалынан көрсөтүлгөндөн кийин Москвадан боордоштор телефон чалышты. Үйүм жок, каражаттан кыйналганыма карабай Кыргызстандан кетпей өжөрлөнүп өз элимде жүргөнүм, азыркы кыйналганым бул Кудайдын берген сынагы деп ойлойм. Манас атабыз менен Бакай атабыз түшүмдөн аян берип атса, мен башка өлкөгө алардын башын аттап кеткендей болуп калам. Өз элимди чанып башка жакка кеткенден, Кудайдан да корком. Биринчиден, өкмөткө кайрылып, экинчиден, элге кайрылып көрөм. Эгер элимден да, өкмөттөн да эч кандай жардам болбосо Кудай алдында акмын, анда башка өлкөгө кете берейин деп чечкем.
- Олимпиада оюндары өтүп атат, балким силер спортко аралашып көрсөңөр Кыргызстан ийгиликке жетмек беле?
- Ушунчалык күчтүү экенсиңер штанга көтөрүп же күрөшкө чыгып олимпиадага катышпайсыңарбы деп айтышат. Атайын спорт комитетине кайрылсам, алар силердики эч кандай спортко кирбейт дегенинен кетип калдым. Башканы билбейм, мен үчүн машыгып, өзүмдү формада кармап туруу - бул жакшы тамактануу жана уктоо. Адам уктаганда ар бир клетка ачылып, организм эс алат. Мен спортсмендердей болуп атайын машыкпайм. Ал эми спортсмендер жөнүндө айтсам, алар физикалык жактан өтө көп күч жумшап жиберишет. Машыгуудан канааттануу алгандары менен организмди чарчатышат. Алардыкы жасалма болсо, меники нукура деп ойлойм.
Саламат НАСАЕВ (Арстан), Ташчайнардын шакирти:
- Чынын айтсам, буга чейин ушунча жүк көтөрүп, сүйрөй алам, катуу казанды мыйрыйтып бүктөйм деп таптакыр ойлогон эмесмин. Нурлан байке менен таанышкандан тарта бардык ыкманы үйрөнө баштадым. Албетте өзүнчө күч, ыкма талап кылынат. Келгениме бир айдан ашып калды, ушунча убакыттын ичинде адам баласы күчү менен көп нерсе жасай аларын туйдум. Антпесе мен көпчүлүк айылдык жигиттердей эле күчүмдү сезбей жүрө бермекмин. Чынын айтсам, "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарада адегенде менде толкундоо болду. Бирок Нурлан байке ушуну сүйрөй аласың деди, мен сүйрөп кеттим. Эми жакшылыктан үмүт үзбөй, биздин өнөр да Кыргызстан үчүн керек болоор, элибиздин атын алыска даңазалайбыз деген тилек менен жашап келебиз.