presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айлампа
"Туңгучка" демөөрчү табылбайбы?
"Туңгуч" балдар театры сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган фестивалга чакыруу алган. Жети адамдан турган топ "Манас" эпосунан үзүндү аткарып, патриоттук чыгармаларды ырдашат. Бара турган адамдын саны жетөө. Ошол жети адамга азыр жол киреге акча табылбай кыйналып жатканын театрдын жетекчиси Жамал СЕЙДАКМАТОВА билдирди. Маданиятты көтөрөбүз, төбөбүзгө чыгарып көкөлөтөбүз деп төшүн каккандардын колдоосу дал ушул учурда керек болуп турат.


Айпери жаш болсо да жез оймок экен
"Манас" аэропортунун кызматкерлери төрт мезгилде кийе турган улуттук колориттеги кийимдерге өтүштү. Мунун эмнесин айтып жатат десеңиз, бул эмгек "Версус" тобунун жетекчиси Айпери ОБОЗОВАга таандык. Бийден сырткары ал дизайнер катары да кеңири таанылганы маалым. Августтун отуз биринде өзүнүн экинчи коллекциясын өткөрөт. Бул жолу эркектердин да саймалуу кийимдерине күбө болобуз.


Байыш бешинчи кыздуу болду
4-август күнү ырчы Байыш МОМУНОВ кыздуу болду. Эсеп боюнча бешинчи кызы. Чоң энеси наристеге Медина деген ысымды ыйгарыптыр. Биринчи жолу төрөткө катышып, аялзаты тарткан тозокту тең бөлүштүм дейт ырчы. Ошентсе да аягына чейин чыдабай жалакайлыгын карматып чыга качыптыр. Азыр эне-баланын ден соолугу жакшы. Орозо айы бүтүп, бала торолсо досторун чакырып бешик той берерин кошумчалады.


Көлдөгү акыркы күндөр көңүлдүү болот
"Мен Ысык-Көлдү сүйөм!" деген аталыштагы ди-джейлердин фестивалы Көл аймагында өтөт. 24-25-август күнү Бишкек, Москва, Алматыдагы мен-мен деп манчыркаган ди-джейдин баары чогулганы турат. Эки күнгө пландалган фестивалда көңүл ачуучу программалар каралган. Он миң көрүүчүгө ылайыкталган шоу эс алуучуларды кайдыгер калтырбаса керек. Жаштар жана миграция министрлигинин колдоосу менен бул фестиваль жыл сайын өткөрүлө турган болду.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??