presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Турса
Ушу сөздүн кандай жазылышын билбей койдум. Турса, трусий, турсий, турси же трусик, кандай айтса деле түшүнүктүү боло берет, айтор, шымдын ичинен кийген кыска ыштандын окуясын жазайын дегем. Аны мага Зарина деген келин айтып берип атат:

- Арыраак жашаган бир келиндин күйөөсү үйүндө жатып эле өлүп калды. Ыраса боорубуз ооруду. Өзү да иймийгенден иймийген, бөлбүрөгөн неме эле, ого бетер болбой калды шөлбүрөп. Эшигинин алдынан күндө өтөбүз, себеби жолубуз ушундай. Качан да болсо эшигинин алдындагы тартылган зымда бир эркек турсий илинип турчу. Аның эмнең деп сурагандарга, эри бар экен деп ойлошсун, ар ким эле жыртактап келе бербей үркүшсүн дептир. Аны укканда ии, бечара, анан эмне кылсын деп боор ооруп койдук. Ошол күйөөсүнөн калган жалгыз турсийди күндө ар башка кылып, аласын ары каратып же бери каратып, же оодарып алмаштырып жайып коет. Адегенде боорубуз ооруп жүрчү, кийин күлүп калчу болдук. Себеби күйөөсүнүн өлгөнүнө о биртоп болуп калган.
Анан эле бир күнү турсий алмашылып калыптыр. Бир турсийди карап көзүбүз көнүп калган эле да. Бирөөсү жаңы сатып келип койсо керек десе, кээси ка-ап, акча коротпой бизден эле сураса болмок экен, берип коет элек деп тамашага чалышты, болгондо да эркектер айтып атты. Бирок ошол турсий кашайып эле тааныш болуп туруп алды. Себеби мындай турсийлерди чанда гана кишилер кийишчү, акыркы маркадагы турсий эле.
Үйгө жетип келип эле шкафты ачып күйөөмүн "парашюттарын" карадым. Дал ошол Суриянын үйүндөгү илинип турган турсийи жок болуп чыкты. Адегенде шамал учуруп кеткендир деп ойлодум. Кайра жууйм деп сыртка унутуп коюп ит тиштеп Суриянын үйүнө апарып таштагандыр дедим. Балким кийип кеткендир деп өзүмдү жубаттым. Шымын шыпырып карап көрөйүн десем эрим иштен жакында келбейт. Үй куруп атам деп кайсы бир алыскы айылдарга кеткен. Же азыркыдай сотка жок, чала коюп дароо эле кайсынысын кийип кеттиң эле деп сурай коюуга.
Эртеси ишемби, жекшемби болгондуктан ишке барбай үйдө эс алып калдым. Кайдан эс алам, тигинин кирлерин, өзүмүн, эки баламын, анан шейшептерди, иши кылса суй жыгылдым.
Эртең менен ишке баратып Суриянын турсасы турабы деп карасам, кудай сакта, күйөөмкүндөй кыпкызыл турсий жайылып калыптыр. Бул эмне эле менин күйөөмкүндөй турса сатып алып атат деп ойлоор менен мээме бир нерсе тык эте түштү да, үйдү көздөй чуркадым. Шашып-бушуп кечеги "парашюттарды" карасам дагы ошол кызыл турсасы жок чыкты. Кайра лакылдап Суриянын үйүнө бардым да, Сурия деп кыйкырсам өлөсөл ити кыңкылдаганда 1-класста окуган баласы чыкты.
- Апаңы чакырчы, - дедим.
- Апам жок эде.
- Каякка кетти?
- Стройкага иштеп атат, ошоякка кетти.
- Эмне, кир жуугуч болуп иштеп атабы?
- Йо, аш бышыргыч болуп.
- Качан келет?
- Эки-үч күндө бир келип кетишет.
- Кетишет? Кимдер менен?
Баласы унчукпай жер карады. Мен дагы тактап сурадым. Билбейм дегенден башка эч нерсе айтпай койду. Анан алдай баштадым.
- Мен сага сонун бирдеке сатып берем.
- Име?
- Эмне кааласаң ошону, көрдүңбү? - деп капчыгымдагы акчаларды көрсөттүм.
- Чынбы?
- Чын.
- Битта ака менен келет.
- Ол акаң каякта жашайт?
- Билбейм.
- Мурда ушул айылдан көрдүң беле?
- Көргөм, бирок үйүнү билбедим.
- Баса, апаң кайсы айылда иштеп атты эле?
- Оногу, - деп колу менен жаңы түшүп аткан Ак-Чий курулушун көрсөттү. Себеби менин күйөөм алыска кеткен, демек ал эмес, жөндөн жөн эле балакайга бир буюм карыз болуп калдым. Бир сомдуктан бешти сундум, мегой, азырынча бир нерсе алып жеп тур, мен дагы келем деп ишке чуркап кеттим.
Арадан үч күн өткөндөн кийин карасам баягы биринчи илинген турсий кайра илинип калыптыр. Ишемби күнү жөн эле карап коеюнчу деп зерикпей басып келсем боз турсий турат. Дагы эле баягы көрүнүш, үйгө бармай, шкафты ачмай, ордунда жок чыгып кайра Сурияга келмей.
- Келиң, - деди баласы мени көрүп.
Апасын сурасам, түндө кеч келишип, саар менен кетишкен деди. Балага ошол үйдү көрсөтчү, жүр деп ээрчитип алып жөнөдүм. Жетели деп калганда баласына 10 сом берип артка жөнөтүп ийдим.
Менин күйөөм коюп аткан паксаны жаземдебей тааныдым. Пакса коюштан эч кимди алдына өткөрбөйт. Күн катуу ысып аткан, түштөнөр маал болуп калган. Коргону жок дубалы бүткөн үйгө кирип баратсам, "сизге ким керек?" деди бир бала.
- Толубай аке керек эле.
- Эмне кылат элеңиз? - деп менден шексинип карап калды.
- Пакса койдурам дедим эле…
- А-а, анда кичине күтө туруң, аялы экөө душка түшүп атат, - дейт.
Калтырак басып кетти. Менин күйөөм аялы менен душка түшүп атканы эмнеси, шашпа, сени элеби, эми менден өлдүң деп ичимден өрттөнүп аттым. Алар жайкы кап менен тегерете тосулуп, үстүнө суу толтурулуп коюлган эски бочка орнотулган душта түшүп атышты. Деги бир ордумда чыдап тура алсамчы. Чуркап барайын дейм, жанагы уста баладан уялам. Ал кирип кетери менен шыпылдап душту көздөй жөнөдүм. Мен жеткиче эле Сурия халат кийип, чачына сүлгүнү домпойтуп оронуп чыга калды, эрим болсо ичинде калды. Мени көргөн Сурия таңгалып карап туруп калды да, "келиңиз" деди ыйбагып.
- Келиңиз дейсиңби, мына келдим, и дагы мине дегиң бар, башка дагы сөзүң барбы, менин эрим менен жыргашып атасыңбы, же мени сокур көрбөйт, дүлөй укпайт дейсиңби? - дедим эки бөйрөгүмү таянып. Ал көзүн алайткан бойдон мени карап калды.
- Өлүмүш болгуң келип атабы э? - дедим да жакын келип башындагы сүлгүсүн жулуп ыргыттым. "А-ай" деп ооруган чачын кармап калды эле келиштирип туруп башка салдым. Анан өзүмү кармай албай калдым. Жыга салып тепкилеп эле жатып калдым. Ал чаңырып ыйлады. Паксанын ичинен жанагы уста бала "эй эже, эмне болуп атасыз?" деп чуркап келди. Душтун ичинен "Сурия эле Суриялап" кыйкырып аткан "эрим" жылаңач эле чуркап келди да мени күч менен түртүп жиберди. Жыгылып барып кайра шарт тура калып жанагы жылаңач киши менен тиктешкен бойдон нес болуп катып калдым. Ал:
- Сенсиңби? - деген бойдон далдырап туруп калды да, жердеги Суриянын сүлгүсүн ала коюп турсий кийилчү жерин ороп калды.
- Апей, сиз белеңиз? - деп далдырап оозуму ачкан бойдон шалак этип жерге кулап түштүм.
Көрсө, эрим эмей эле кайнагам экен. Абысынымын көзү өткөнүнө сегиз жыл болсо да үйлөнбөй жүргөн. Жер жарылса түшүп кетейин десем жер да жарылбай койду. Өзүмү коерго жер таппай жандалбастап аттым. Жанагы уста, Сурия, кайнагам, мен, төртөөбүз арбашкан бойдон катып турабыз. Алар эмне болуп кеткенине түшүнбөй калышты. Бир турсийдин айынан шерменде болдум. Кайнагам тескери бурулуп кайра душка кирип кетти, ал келиним мени кызганып атат деп ойлоп калды болуш керек. Уста бала да ары көздөй келген жагына жөнөдү. Сурия дагы эле чүрүшкөн бойдон эки колу менен денесин бекем кучактап турат.
- Э… Сурия, кечирип кой, ит болдум. Сенин күйөөң менен жүрөт дешкенинен издеп келген элем. Акеме айтып түшүндүрүп кой, мени кечир, алтыным. Сенин го астыңа түшөм, эми акеми канттим? Бетим күйүп калды, өлдүм. Бактылуу болгула, менин тилегим силерге жакшылык, - дедим де бетими табактай кылып салаңдатып ордуман туруп келген жолума түштүм.
Үйгө үшкүрүп онтоп атып келсем күйөөм келип калыптыр. Кайда жүрөсүң дейт. Мен турсий жөнүндө айтып бердим.
- А, ал турсалар меники, акем бүтүнүрөөк, кийгенге жарай турган турсийиң болсо берчи, Сурияга барып атам дегенинен жаңыларын бергем, - дейт кебелбей.
Мен дагы ары жагын айтып бердим. Ал:
- Дени-кардың сообу? - деди. Мен:
- Билбейм, - дедим.
- Дөөпай, - деди да, паксадан алып келген акчаларын ыргытып берип уктаганы кирип кетти.
Мен жакшы кошуна курдашымы чакырып алып баарын айтып берип ыйладым, ал күлдү. Анан күлкүсүн тыйып мостоюп отуруп калды да:
- Ай, күйөөң апкелген акчаны алып Бишкекке кетип кал да соода кыл, - деп акыл айтты.
Аны кетирип ийип мен кийимими иреттеп салыштырып, күйөөмө ыраса сонун кат жаздым, эки баламы кошо табыштап мага берген акчасынын жарымын алып түн ката жөө-жалаңдап вокзалга келдим. Бишкекке бир киши болсо эле кетебиз деп турган таксиге түштүм да борборду көздөй зымырап жөнөдүм. Дароо эле Ала-Арча базарына барып түшүп, соодага аралашып кеттим.
Үйүмү, машинеми соодадан таптым. Күйөөмү чакырып алгам. Эки балам тең үйлөндү. Сурия менен кайнагам үч балалуу болушкан. Мен бир да жолу айылга кайтып барган жокмун. Экөөнүн жүзүн эле эмес, жакындарымын да жүзүн карай албайм. Турсийдин окуясын мен бир эле кошуна келинге айткам, ал да бирөөгө айтыптыр, ошол аркылуу бүт айылга жайылып кеткен. Суриянын "турсий жайган үй" деген аты калып, мени "турсийге таарынган Заринадай болбочу" деген атка кондурушкан. Өзүм гана кээде күйөөмө айтып калбасам, ал бечарам эстебейт деле.
Адегенде мени кектеп таарынып жүргөн, качан гана ишим жүрүшүп андан алган акчаны үч эселеп кайра өзүнө салып ийгенимден кийин таарынычы жазылып менин артыман келди. Шаарда деле паксачылык кылып иштейт. Буга паксаны чабалекейдин үйүндөй кылып тегиз койгонду жанагы кайнагам, Суриянын күйөөсү үйрөткөн. Кайнагамын аты Тогузбай болгондуктан Толик деп коюшчу. Мен Толубай керек эле деп барганда баягы уста бала Толик акенин аты ушундай го деп ойлоптур болчу.
Зарина күлбөй мостоюп туруп айтып бүттү. Менин күлкүм келди эле бирок тыйдым. Ал мени менен коштошуп Баткен базарын көздөй кетти, мен сегизинчи троллейбуска чыгып орундукка тескери карап отуруп алып боорум эзилгиче күлүп кете бердим.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??