presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Зордуктан кантип үй-бүлө жаралсын
6-августта 19 жаштагы Камираны белгисиз жигиттер ала качып кеткени тууралуу анын ата-энеси укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу кыздын ата-энесинин айтымында, Камиранын артынан ээрчип жүргөн Ысык-Көл облусунан Каныбек деген жигит болушу ыктымал. Бул алакачуунун алдын алып жакшы эле аракеттерди жасадык, бирок болбоду дейт энеси. Тилекке каршы, андан бери кыздан дайын жок болгондуктан Свердлов РИИБнин изкубарлары иликтөөгө алышкан.


Укук коргоочулардын айтымында, мындай факт Кыргызстандын бардык аймактарында катталат. Бирок көпчүлүгү кыргызчылыкка салдык дешип кыздын тебеленген укугун эсепке албай, "таш түшкөн жеринде оор" болуп отуруп калышат.
Ушул жылдын башында Бишкек шаарынын тургуну Заринаны таластык жигит алакачып кетиптир. Кыздын ата-энесинин айтымында, дүкөнгө чыккан Заринаны элдин көзүнчө машинеге жулкулдатып салып кеткен. Кыздын кулагы жырылып канжалаганына, кыйкырганына да караган эмес. Суусамырга жеткенче анын оозу-мурдун жаап, кыйкырмак түгүл ашыкча дем алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Таласка барганда тосуп турган аялдар ой-боюна койбой отургузууга аракет жасашкан. Зарина ата-энесине телефон чалууга да мүмкүндүк ала албайт. Ошол түнү кыз менен жигитке төшөк салып жаткырышат. Төшөккө жатмак түгүл көшөгөгө отурбаган кыз каршылык көрсөтсө, жигиттин достору жылаңачтап күйөө сөрөйгө салып беришет. Зордукталган кыз эми аял болбогондо кайда бармак эле дешип эртеси таластыктар Сокулуктагы кудасына жөнөп калышат.
Эки куда табышып, баары ойдогудай болгондон кийин Зарина сарайга кирип асынып өлүп калган.
Ал эми мындан эки жыл мурда нарындык жигиттер Токмок шаарынан бир кызды алакачып жөнөшөт. Мындай кордукка чыдабаган кыз машиненин ичинен жигиттер менен жулмалашып, болгон каршылыгын көрсөткөн. Анын үнүн чыгарбоого аракеттенгендер кыздын оозун катуу басып, шаардан чыкканга чейин кыймылдатпай барышкан. Алар кыздын оозун ушунчалык катуу басышкандыктан дем ала албай тумчугуп, көгөрүп эсин жоготуп койгон. Аны эсине келтирүүгө аракеттерди жасап, жаакка чапкылап, бетине суу чачышат. Бирок анын дем алганы билинбей сулк жата берген. Акыры кызды тумчуктуруп өлтүрүп алган турбайбызбы, өлүктү кайда катабыз, кимге айтабыз деп топтошкон жигиттердин айласы куруйт. Кылмышыбыз билинбей калсын деген кыязда кыймылсыз жаткан кызды ээн талаага алпарып далдоо жерге жаткырып кете беришет. Кыштын кыраан чилдесинде эсин жоготуп койгон кыз ошол жерде тоңуп өлүп калган. Эксперттердин айтымында, кыз тоңгонго чейин тирүү болгон экен. Албетте, кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, жаш кыздын өлүмүнө забын болгондор тез эле кармалып, өз жазаларын алышкан. Алар деле кызды атайын өлтүрбөгөнүн, ак тилек, жакшы ой менен тойго баратышканын айтышкан.
Ушул сыяктуу фактылар айтып отурса жыл сайын жүздөп саналат дешет укук коргоочулар. Бирок көпчүлүк учурда ата-энелер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышат да, арадан убакыт өткөндөн кийин кайра арызын алып алышат. Эмне десе, кызым отуруп калды уят го деген жоопту айтышат. Же кызымды алып алдык, эми бул биздин салт эмеспи, өз ара тыныштык дешет. Эгер алакачуу салт эмес кылмыш деген принципти ар бир ата-эне тутунса мындай кылмыштуулуктун саны азаймак.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??