presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Кадыржан сүттөн акмын дейт го
Кадимки качып жүргөн сепаратист Кадыржан Батыров кайсы бир жерде жатып алып Кыргызстандын депутаттарына, өзгөчө "палач" Мелис Мырзакматовго жана башка "кыргыз фашисттерине" "салам" жолдоптур. Көрсө, 2010-жылдын 5- жана 15-майдагы Оштогу, Жалал-Абаддагы жыйындарда К.Батыровдун, И.Абдурасуловдун, К.Абдуллаеванын сүйлөгөн сөздөрүн ООО "Московский центр экспертизы и оценки" дегенден лингвистикалык экспертизадан өткөртүптүр. Өзбекче сүйлөнгөн сөздөрдү орустар кантип экспертиза кылган десеңиз, аларды Өзбекстандын чет тилдер боюнча окутуучулар жана котормочулар ассоциациясы өзбекчеден орусчага которуп бериптир. Андан кийин тиги Москвадагы борбор аты аталган үчөөнүн сүйлөгөн сөздөрүндө улуттар аралык кайраштыруу жок, сөздүн баары мыкты деп жыйынтык чыгарып бериптир. Ушундан кийин котормого, дегеле экспертизанын объективдүү болгонуна ким ишенет? Биз ишенбеген менен Батыров мынакей, биз ак экенбиз деп дүйнө жүзүнө таратып жиберери да турган иш. Алардан башка өзбекче билгендер жокпу, биз деле көз карандысыз экспертизадан өткөзүп көрбөйлүбү?


Чын чычалайт
дечү беле?
Токсонго чукул чиновник декларацияны туура эмес толтурганын Башпрокуратура расмий билдирди. Ага ылайык өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөгул Беков, финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков, башкы архитектор Каныбек Нарбаев, Талас губернатору Койсун Курманалиева сыяктуу үлкөндөр байлыгын жашыргандардын көч башында турат. Койсун айым дароо үн катып, көзөмөлдөөчү органдын билдирүүсү чындыкка коошпостугун айтса, Юруслан мырза жалган маалымат таратканы үчүн Башпрокуратураны сотко берерин эшиттик.

28 депутат түккө жарабады
Өлкө казынасынан 1 млн. 400 миң доллар "ап" этти деген шек менен УКМК тергөө абагында жаткан "ата журтчу" депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Түлеевди үй камагына чыгаруу үчүн 28 депутат кол коюп бериптир. Ошого карабастан сот акенин позициясынан тайбаганы мактоого аларлык. Кесиптешин коргогон 28 депутаттын тизмесин эмки жумада тизмектейбиз.

Кол жетпеген кызыл көйнөк
Вице-спикер Бакыт Төрөбаев катары менен үч уулду болуп, төртүнчүсү кыз болот го деген илгери үмүттө төрөтканага барбайбы. Барса эле жубайы балканактай уул төрөп салыптыр. Сыртынан билдирбегени менен ичинен сызган жаш ата ак халатчандарга сүйүнчү карматпастан чыгып келе бериптир. Башкалар уулга зар болуп жүрсө Бакыт мырзанын капаланганы неси? Бакыт байбача, эч камсанабаңыз, кийин келиндериңиз жалаң кыз төрөп сизди кубанычка бөлөчү мезгил алыс эмес.

Бакиев агынан жарыларына эл ишенеби?
Президенттин администрация башчысы, маркум Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, эксперт Сергей Слепченконун өлүмүнүн башкы уюштуруучусу экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев болгону эчен жолу айтылып, сот отурумдарында ачыкка чыгууда. Бирок ал мындай айыптоону четке кагарын, жакынкы аралыкта бул маселе боюнча агынан жарыларын жакын кишилерине шыбыраптыр. Жаныштын актанганына эл ишенеби десең. И-и баса, Ж.Бакиев ушу тапта Минскидеги акасы Курманбекке ирегелеш жашап атканын эскерте кетели.

Кеңешбек деген ким эле?
Ички иштер министрлигин реформалоо далай чиновниктин башын шылычудай. Маселен, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин ээрден жылмышары айдан ачык болуп калды. Бошогон орунга экс-чекист Кеңешбек Дүйшөбаев буту бутуна тийбей чуркап аткан имиш. А Зарылбек мырза ИИМ алдындагы бөлүмдөрдүн бирине которулат дешет. Мелис Турганбаев, Бакыт Алымбеков сындуу профессионал "менттер" турганда Дүйшөбаевге окшогон чаласабат чекисттердин ИИМди жетектеши бул тармакты биротоло талкалабайбы?

Сыныктан башкасы жугуштуу
Ушу кезге чейин "Ата мекен", "Ата журт", "Ар-намыс" фракциясынын мүчөлөрү козголуп, жолбашчысына нааразычылыгын ачык айтып чыгышкан эле. "Козголоңчу" депутаттардын саны дагы арбычудай. Себеби мындан эки күн мурда айрым социал-демократчы, "республикачы", "ар-намысчылар" Ысык-Көлдүн жээгинде жашыруун жолугуп, лидерлерине купулу толбой атканын, андыктан парламенттин ичинде көз карандысыз альянс түзүү керектигин талкуулашты дешет. КСДП лидери Чыныбай Турсунбековдун жана "Республиканын" "атаманы" Алтынбек Сулаймановдун партиялаштарын теске салганга кудурети жетер бекен?

Суваналиев саамал менен тост көтөрүп…
Кыргызстанда мергенчиликти сүйгөн эки саясатчы бар. Бири Өмүрбек Суваналиев, экинчиси Бегалы Наргозуев. Өгүнү экөө адатынча Нарын тарапка барып аң уулап келишиптир. Ошондо Өмүрбек мырзанын туулган күнү болуп, аны угуп калган нарындык мергенчилер кой союшуп, тиги экөөнү кымызга шыкап, генералдын урматына саамал кымыз менен тост көтөрүшүптүр. Сыйга маш нарындыктар сеп этмесинен көтөрүп келишсе көкбет "Каттани" элүү жаштан ашкандан кийин арак ичпестигин айтып баш тартыптыр. Андан ары мергенчиликтин сазайын беришкен окшойт. Эми анысын айта коюшмак беле?
Буга чейин Бегалы мырза Канатбек Исаев "Республика" фракциясынын лидерлигинен түшкөндө ал тууралуу көп сырды "балп" эттирип гезиттердин бирине айтып салган. Ага ачууланган Канатбек Кедейканович 30га жакын жоон билек жигитин дайындап Бегалы мырзаны какыс-кукус кылып коймокко катуу киришкен экен. Аны угуп калган Наргозуев иниси Алтынбек Сулаймановдон 30 жигит, Суваналиев досунан атайын курал алып, тигилер каптап келсе сазайын берип, атүгүл Исаевдин өзүн тумшукка урганга даярданып жаткан имиш. Бу генералдын үйрөтпөгөнү жок да.

Көлдүн бышып турган кезинде…
Эсептөө палатасы деген элдин баарынын акчасын эсептеген, өзүн эч ким текшере алгыс мекеме бар. Анын жетекчиси Сабырбек Молдокулов жер замандан бери эле министрликтерден түшпөй келаткан сабырдуу азамат. Өткөн жума күнү Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы "Голубая бухта" пансионатында Эсептөө палатасынын жетекчиси жамааты менен эс алып кайтты. Ачуудан ай-да ичишип, Түп райондук маданият үйүнүн кызматкерлерин маңдайларына тизип ырдатышып, ысуулап баратышканда ысык мончого түшүп, андан түз эле көлгө секиришип… айтор, каалагандай чардашты. Атаңгөрү, жетекчинин баары эле Сабырбек мырзадай болсочу деп биз калдык.

Отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс
"Ата мекен" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев жөнүндө акыркы кезде эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Токмок жеди, өз кишисин кызматка кое албай атат дешти. Дегендер дей беришсин, бирок Өмүкө аларга жообун берип коюп өкмөттү кетирүүнүн үстүндө күжүлдөп иштөөдө.
Бирок акыркы кезде бир жагдай көзгө урунбай койбойт экен. Социалдык өнүктүрүү министри, "ата мекенчи" Равшан Сабиров 20 миң долларга шектелип СИЗОго жатып, андан сегиз депутаттын жардамы менен эптеп үй камагына чыкса, дагы бир "ата мекенчи" министр коррупциячыларга сурак берип жатып жүрөгү кармап жыгылганы айтылып, жазыла баштады. Ушундан улам эмне үчүн башка партиялардын министрлери тынч отурат да, жалаң "ата мекенчилердин" үстүндө гана коррупция кылычын ойнотуп атат ыя Өмүкө, деп сурагың келет экен. Же бардыгы тияк менен сүйлөшүлгөн план боюнча баратабы?

Бабанов коррупцияны элден тапты
Башын мыкчып отуруп катуу ойлонгон белем, акыры коррупция кайда жатканын өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өзү таап чыкты. Көрсө, коррупция элде жатыптыр. Себеби Бабанов бир айдан бери жөнөкөй жарандар бир миллион сомдон ашык мүлк сатып алса, андай акчаны кайдан тапканын мыйзам алдында жооп беришсин деген мыйзам долбоордун үстүндө катуу иштеп жатат. Бабановдун оюнча бардык адамдар ушу шартты аткарса коррупция тыйылат имиш. Ушуга ким ишенет? Алчусун небак алып, жечүсүн жеп, жей албай калганын дүйнөнүн ар кайсы жерине катып коюп отурушкан өзүңүз баштаган аткаминерлер элге үлгү көрсөтпөйбү адегенде ыя, Өмүрбек мырза? Болбосо акыркы көрсөткөн декларацияңыз боюнча сизде анча-мынча тыйын-тыпыр эле болбосо үстүңүздө үйүңүз, астыңызда машине жок экенин элдин баары билет. Үй сатып алып, анан аны кантип сатып алганыңызды көрсөтсөңүз, ошондо да эл сизге ишенээрин кудай билет.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??