presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алтынай БАЙБЕКОВА:
"Испан кайнене менен тил
табышуу оңойго турган жок"
Алтынай БАЙБЕКОВА он жылдан бери Испаниянын Мадрид шаарында жашап келет. Кыргыз кызы, испандыктардын келини болгон Алтынайдын кыргыз жерине кусалыгы канчалык экенин сөз менен жеткирүү кыйын. Өз мекенине келүүгө кандай мүмкүнчүлүк түзүлсө аны колдон чыгарбай учуп келет. Абасынан кере дем алып, суусуна жүз чайып кетүү ал үчүн чоң бакыт.

- Алтынай, кайдан жүрүп испан жигитине туш келип жүрөсүң?
- Кыргыз улуттук университетинин англис тил бөлүмүн бүтүргөм. Люис Санчо 2000-жылы НПОнун программасы менен Кыргызстанга келген. Ал волонтер, мен котормочу элем. Эки ай чогуу иштештик, ал кайра Испанияга кетти. Интернет аркылуу байланышып турчубуз, сезимдерин билдире баштаганда алгач өзүм чочуладым. Бирок баарын таразалап көрүп Люис менен кыз-жигит болгонго макулдугумду бергем. Люис менен акыркы курста окуп жүргөндө тааныштым да, окуумду бүтөрдө бул жакка кел, мен сага үйлөнөм деп кулагыма кумдай куя берди. Акыры макулдугумду берип чет жакка учуп кеттим.
- Ата-эне испандык күйөө баланы кандай кабыл алышты?
- Өзүм Чүйдүн кызы болом. Алардын жүрөгү сезгенби, айтор, кичинемден бери жакшы чет элдик жигитке караганда жаман кыргызга күйөөгө тийгениң артык деп көп айтышчу. Айткандарынын баары тескери чыгып Испанияга кетем десем кимге жаксын? Люис менин колумду сурап жатат десем апам улуту башка жигитке эмес жердин алыс жагына кетип жатканыма чочулады. Анүстүнө төрт кыз, бир эркек болчубуз. Иним каза болуп калган. Таянган тоом кыздарым деп жүрүшсө мен минтип чет жакка кетип калбадымбы.
- Кудалардын тил табышканы деле оңойго турбаса керек?
- 2001-жылы Испанияга кеттим, ошол эле жылы атамдын көзү өттү. Ал кезде Люис экөөбүз кыз-жигит болчубуз. Атамдын каза болгонун укканда мени менен кошо келди. Келип самоор кайнатып, кой союшуп жүрсө туугандарым таңгалып ооздорун ачкан. Алардын түшүнүгүндө европалык жигит кыргыздарга бой көтөргөн мамиле жасайт деп күткөн окшойт. Люис болсо башка кыргыз күйөө балдардан айырмаланбай кызмат кылып жүрдү. Ошондо баары батасын берип бактылуу бол дешкен. Кийин апамды Испанияга алып келип жолдошумдун ата-энеси менен тааныштырыш керек болду. Апамдын ошондон кыйналганын, эки жуманын ичинде кадимкидей жүдөп, арыктап кеткенин эстесем зээним кейийт. Баарыбир биздин менталитет испандыктарга туура келбейт экен. Алардын түшүнүгүндө кыздын ата-энеси менен тааныштың, болду алар сенин бир тууганың болуп эсептелет. Өз үйүңдө жүргөндөй оокат кылып жүрүшүң керек. Бизде болсо тескерисинче кудагый деп сый-урмат көрсөтүп турасың да. Кайненем менен апам таанышкандан кийин үйгө алып келдик. Кайненем өз салтына салып апамдын колуна үйдү тазалаш деп тряпка карматкан экен. Апам ошол жерден жинденип чалкасынан кетиптир. Биз үйдө жок болчубуз, келсек экөө тултуйуп эки бөлмөдө отурат. Ортого түшүп жатып жарым күндө араң элдештиргем. Араң жүргөн жаны тоюма эптеп катышып, эртеси Кыргызстанга дароо кетти.
- Салттарынан кандай өзгөчөлүк байкадыңыз?
- Өзгөчөлүктөрдөн мурда окшоштуктарды баса белгилесе болот го дейм. Кыргыздарда конок күтүлбөй опур-топур болуп келе берет эмеспи. Испанияда да дал ошондой экен. Ушул адатты Германиядан же Италиядан карматсаң алар кадимкидей жаман көрүп, тартипсиздиктин бир белгиси катары карашат. Анан да ашканада тамактары үндөшүп кетет. Алар деле биз сыяктуу камыр тамактарга басым жасашат. Быжы, чакчак деген тамактардын аталышы башкача болгону менен даамы аябай окшош.
- Кайненеңиз менен мамиле кандай?
- (Күлүп) Биздикинен башкача. Үйлөнөргө аз калганда эки ай алардыкында жашадым. Башында эрте туруп тамак жасашайын десем кызылдай эле урушуп үй оокатына кол тийгиздирчү эмес. Кызы катары мамиле кылчу. Үйлөнгөндөн кийин күйөөм мага көп көңүл буруп калса кызганып, мамилеси өзгөрө баштады. Мен кыргыз ашканасына басым жасасам балама капкаяктагы тамактарды жасап берип жатасың, ден соолугун бузасың дегенге чейин барды. Унчукпай макул деп испан ашканасын өздөштүрүү үчүн атайын үч ай окудум. Анда да жактырбай, сен курска барып кайдагы кыздар менен таанышып тамак жасагандын ордуна убакытты өлтүрүп жүрөсүң дейт. Кайнене испан болобу, кыргыз болобу келин унчукпай көтөрүмдүү болсо баарын жеңет экен. Башында жактырбай, катуу сүйлөгөнүнө бир жыл чыдадым. Жолдошума ыракмат, экөөбүздүн ортобузда чайналганына карабай тил табышканга жардам берди. Кайненем менен азыр досмун. Жолдошум экөөбүз тең жумушта болгондуктан кечинде тамагыбызды белендеп турат. Убагында урушуп көңүлүмдү оорутканын уулун менден кызганып, башка жашоо баштаганына көнө албай жүргөн го деп түшүндүм.
- Төркүнгө канча убакта бир келесиз?
- Бир жылда бир жолу келем. Мурда билет арзан болчу. Азыр 700-800 еврону чапчыйт. Испанияда болсо орточо айлык акы 600-1000 еврого чейин. Анүстүнө виза менен көйгөйлөр көп чыккандыктан жалгыз келе албайм. Люис дайым коштоп келет. Экөөбүздүн жол киребизди чогултуш үчүн эки ай тынымы жок иштеш керек. Апам бат-баттан келип турсаң боло деп келген сайын айтат. Телефондон эки жумада бир чалышканы менен ага деле алымсынбайт да. Ошентсе да азырынча аларга бир жылда үч жума гана убакыт бөлө алам. Буюрса, келечекте жолдошум экөөбүз Кыргызстанга көчүп келели деген оюбуз бар.
- Ал жакта деле иш табуу кыйынга турса керек?
- Испаниядан тажап кеттик. Азыр Европа өлкөлөрүндө Испанияда, Португалияда, Греция, Ирландияда катуу кризис болуп жатат. Абал Кыргызстандагыдан да оор. Элдин 30%ы жумушу жок отурат. Мен үч тил билгеним үчүн күйөөмө караганда тез жумуш таба алам. Азыр Люис Кыргызстанга келели деп күндө айтып жатат. Эгер ага ылайыктуу жумуш табылса мен ойлонбой эле өз мекениме келе берем. Учурда ал жакта курулуш компаниясында башкы координатор болуп иштейм.
- Аялзаты үчүн эне болуу бакыт эмеспи. Качан балалуу болсок дейсиз?
- Ал жакта жашооңдун баары пландалуу. 2014-жылыбы же эмки жылыбы ойлонуштуруп туруп төрөйм го. Кризистен, үйгө отуруп калгандан да корком. Испаниянын мыйзамы боюнча төрөттөн кийинки эс алуу мөөнөтү төрт айга эле берилет. Бирок жумушта төрөр-төрөгүчө тогуз айга чейин иштейсиң. Төрт айдан кийин жумушка чыкпасаң ордуңду жоготосуң. Эгер мен төрөп калсам төрт айлык баланы ким карайт? Кайненемдер качан неберелүү кыласыңар деп башында көп сурачу. Үч жылдан кийин дедик, аныбыз беш жылга созулду, өздөрү деле үмүтүн үздүбү, азыр көп сурабай калышты. Өзүм да кичинекей балдарды жакшы көрөм. Менден кичүү сиңдилерим бүт турмуш куруп, алды үчтөн балалуу болгон. Балким Кыргызстанда болгондо мен да жок дегенде эки баланын энеси болуп калат белем.
- Жолдошуңдун фамилиясын алуу деген да маселе курч коюлганбы?
- Кайненем да, жолдошум да мага өз динин таңуулашкан жок. Фамилия тууралуу да тема козгогон жокпуз. Негизи алардын салты боюнча биз балалуу болсок балам менин да, анын да фамилиясын бирдей алып жүрөт.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??