presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Түрктөрдөн
эмнебиз кем?
Бир айдан ашык убакыт Түркиянын Стамбул шаарында болуп, кесиптик практикадан өтүп келдим. Ал жактан мекендештерибиздин айрым көйгөйлөрү менен жакындан тааныштым. Ошондой эле Стамбулдун Бишкекке өрнөк боло турган жагдайларын, артыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн сиздер менен бөлүшүүнү эп көрдүм. Максатым - түрктөрдү мактоо эмес, жөн гана алардан үйрөнө турган көп нерсе бар экенин гана белгилөө. Болбосо Кыргызстанда түрктөр десе эле эсибизге Гүнеш Йылмаз келип, алардын да жакшы жактары бар экенин унутуп калат экенбиз. Анда кеп башынан болсун.

Кыргыздын эле балдары неге түркчө сүйлөшөт?
Түркияга мурунураак барган мекендештерибиз ирденип, алды миллионер атыгышса, арты чакан фирманын жетекчиси болуптур. Аталган ишкерлердин демилгеси менен түзүлгөн "Кыргызстан достук жана маданият" коомуна башбактык. Бул коом 2009-жылдын май айында Стамбулдагы кыргыздар тарабынан түзүлүп, алгылыктуу иштерди жасап, Түркиядагы кыргызстандыктардын башын бириктирип келет. Ал жактагы кыргыз ишкерлери көбүнесе өлкөлөр арасына жүк жеткирүү (КАРГО), турфирмалар менен иш алып барышат экен. "Кыргызстан достук жана маданият коому" чоң кеңсе ачып алышыптыр. Ичинде жалаң кыргыздын кол өнөрчүлөрү тарабынан жасалган буюм-тайымдар коюлган. Бөлмөдө илинген улуттук баалуулуктарды көрүп алардын мекенине болгон чексиз сүйүүсүн байкоого болот. Бирок маек үстүндө алардын балдары түркчө сүйлөгөнү ойго салбай койгон жок. Бала бакчада, мектепте түркчө таалим-тарбия алгандыктанбы, айтор, кыргызча араңдан зорго сүйлөшөт экен. Расмий түрдө Түркияда жети жарым миң мекендешибиз бар делгени менен коомдун эсеби боюнча алардын саны 12 миңге жетиши мүмкүн. Алардын үч миңи Стамбулда жашайт жана сегиз жүзү студенттер. "Кыргызстан достук жана маданият коомунун" төрагасы Айбек Сарыгуловдун ынандырышынча, аталган коомдун эч кандай саясый кызыкчылыгы жок. Аты эле айтып тургандай, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту чыңдап, маданий иш-чараларды ишке ашырышат экен.
Билеттин кымбаттыгынан эки жыл келе албай...
Стамбулда, Анкарада билим алып жаткан кыргызстандык улан-кыздар менен пикир алышканыбызда билим берүү жаатында анчалык деле олуттуу маселе жок экендигин бир ооздон айтышты. Тескерисинче Түркияда билим берүүнүн деңгээли жогору, коррупция деген түшүнүк жок экен. Ал жактан Европа өлкөлөрүнө чыгуу да абдан ыңгайлуу. Атайын сынактан өткөн студенттер 100 пайыз акысыз билим алышат экен. Студенттердин 5-6 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйү болгон учак билетинин кымбаттыгы студенттердин жүрөгүнө көк таштай эле тийиптир. Өзүн Ася Ларсен деп тааныштырган Стамбул университетинин магистранты бир ай мурун билетти 1000 долларга алганын айтат. "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы монополисттик кылып жатат. Билеттер өтө эле кымбаттап кетти. Мурун 650-700 долларга алчубуз. Билет ала албай эки жылдан бери Кыргызстанга бара албагандар да бар. Түркиядагы студенттердин жалгыз маселесин өкмөт чечип берсе жакшы эле болмок" дейт Ася айым.
Эске салсак, 30-июнда башбакан Өмүрбек Бабанов "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Хамди Топчу менен жолугушуу учурунда студенттер үчүн билет бааларын арзандатуу жөнүндө сөз болгону айтылган эле. Ошол сөз дагы эле сөз боюнча калып келатканын билет баалары айтып турат.

Консулдуктун кереги барбы?
Стамбулдагы кыргызстандыктардын, айрыкча студенттердин дагы бир арманы консулдук экен. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун эч кандай пайда-батасы жок экендигин, кызматкерлердин орой мамилесин консулдукка иши түшкөндөр айтып беришти. Бишкекте билим алып жаткан Билал Кая аттуу студент консулдукту желкемдин чуңкуру көрсүн дейт. "Биз виза боюнча маселе болуп калганда барып калабыз. Алар дайыма бизге орой мамиле кылышат. Студенттерге жардамчы бололу деген деле ниеттери жок" дейт Билал. Ушул эле пикирге Ася Ларсен дагы кошулат. Консулдукка болгон дооматтардын чын-төгүнүн билүү максатында аталган мекемеге башбакканыбызда консулдун катчысы Башкы консулдун эмгек өргүүсүнө чыкканын айтып, орунбасары кызматка жаңы келгенин, маалымат бере албастыгын айтып бизди жолго салды. Журналисттер кайра-кайра барып тажатышканбы, айтор, катчынын бизге кылган мамилесине эч ыраазы болгон жокпуз.

Иса мырза, биз качан карточка колдонобуз?
Стамбулдун калкы 15 миллионго жакын. Ошого карабай коомдук транспорту системага салынган. Албетте чоң шаардын тыгындары да чоң болот. Коомдук транспорт үчүн болгон төлөмдүн бардыгы карточка түрүндө жүргүзүлөт. Башкача айтканда, автоматташтырылып, системага салынган. Биздегидей болуп автобустун айдоочусуна 10 сом берип 2 сом үмтөтмөй жок. Карточкаларга кадимки эле бирдик жүктөгөндөй акча жүктөлөт. Бул система айдоочулар үчүн да, жүргүнчүлөр үчүн да абдан ыңгайлуу. Жүргүнчүлөр транспорттун ичиндеги тыгылышта чөнтөгүн сыйпалап акча издеп отурбай автоматка картты басып коюшат. Ошол эле учурда айдоочу "акчаңарды төлөбөйсүңөрбү" деп кыйкырбайт, алаксыбайт дагы. Аталган карточкалар маршрутка, автобус, трамвай, кеме үчүн да жарамдуу. Бишкекте деле ушул системаны киргизип койсо эмне үчүн болбосун? Мындан сырткары, социалдык жактан абалы начарларга атайын жеңилдиктер каралат экен. Айрыкча студенттерге абдан жакшы жеңилдиктер бар. Мисалы, стипендия менен окугандар коомдук транспорттун бардык түрүн акысыз колдоно алышат. Транспорттун ичинде кайсы аялдамага жеткениңди бир аялдама мурун айтып турат. Бул да болсо көздөгөн жериңе адашпай жетип алууга чоң өбөлгө. Коомдук транспортто бир жаман жери - жаштар карыларга оңой менен орун бошотушпайт. Анткени орун бошотуу дискриминация катары саналат. Башкасына орун бошотуу - ал адамдын жашы жогору экенин көрсөтүү жана алсыз катары кароого барабар.

Бирөө мышыгыңды "пыш" десе полицияга айт!
Кыргызстанда билим алып жаткан түрк боордоштор силердин милицияңар бизден акча алды, араң качып чыктык дешсе анчейин этибар албай калп эле обу жоктонбогулачы дечү элем. Көрсө, түрк полициялары чынында эле биздеги "Менин милициям мени коргойт" деген ураандын алдында иштешет экен. Стамбулдун калкы көп болгону менен полициялардын саны аздай туюлду. Кыскасы, биздегидей "үйүр-үйүрү" менен жүргөн шапкечендерди жолуктуруу чанда кездешет. Полициялар өзгөчө туристтерге илбериңки мамиле кылышат экен. Бир нерсе сурасаң дароо жардам беришип, жол көрсөтүүгө ашыгып турушат. Жандуу мисал катары өзүмдү айтсам, 37 күн жүрүп бир да жолу полициялар менен маселе болгон жок. Ал эми Бишкекте болсо чет өлкөлүк жарандар милиция көргөндө кирерге тешик таппай калышат эмеспи. Айрыкча биздеги түрктөр кыргызчаны же орусчаны акценти жок үйрөнүп алышып "оштукмун" деп айтып оңой кутулууга аракет кылышат экен көрсө.

Ататүрктүн саясаты уланууда
Ататүрктөн мурас катары калган тил саясатынын күчтүүлүгүнөнбү, Түркияда түрк тили абдан жогорку деңгээлде өнүккөн. Көрнөк-жарнактардын дээрлик бардыгы түрк тилинде эле бадырайып жазылып турат. Түркчөдөн кийин гана башка тилдерде. Төгөрөктүн төрт бурчунан эс алуучулар келген Стамбул шаарында түрк тили өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүп келет. Эгер бизге ошончо санда турист келе турган болсо эне тилибиз эчак жоголмок экен. Ар бир элге өз тилинде мамиле жасайбыз деп отуруп ушул күнгө келбедикпи. Түркияда 20 миллионго жакын күрд жашайт. Бирок күрд тилинин өнүгүшүнө эч качан жол берилбейт. Билим берүү 100 пайыз түрк тилинде. Албетте алар деле билим берүүдө англис тилине артыкчылык беришет. Бизде болсо орус тилине расмий статусун берип, өзбектер да тилибизге статус сурайбыз деп ызы-чуунун аягы тыйылбай келет. Жөнөкөй эле бир мисал. Кадимки эле жол эрежелеринин бири болгон "Стоп" деген белгини "Токто" деп түркчө килейтип жазып коюшкан. Кырсыкка кабылбайын деген ар бир жаран токто эмне экенин үйрөнөт да айла жок.

Стамбулга бара тургандардын эсине
"Жапонсуңбу?" деген суроого жиниңизди келтирбей эле "жок, мен кыргызмын" деп күлүп туруп жооп берип коюңуз. Анткени алар кыргыздарды кытай, жапон, корейлер менен алмаштырып алышат. Эң жакшысы, футболкаңызга "Мен жапон эмесмин, кыргызмын" деп жаздырып алыңыз. Ушул суроодон тажагандар так ушинтип жазып алышыптыр. Дагы бир дайыма берилчү суроо: "Жылкы этин жеген силерсиңерби?" дешет. Ага удаа эле мусулмансыңарбы деги, мусулмандар жылкы этин жешпейт да деп таңыркашат. Анда сиз бир кыргыз айткандай, "биз ушундай оригиналдуу калкпыз" деп коюңуз.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ,
Бишкек-Стамбул-Бишкек,
сүрөттөр автордуку





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??