03.08.12 Башыңар иштебесе чөнтөгүңөргө күч келет
Ош облустук соту жергиликтүү укук коргоочу Равшан Гапировдун жана анын уулу Фаррух Гапировдун мыйзамсыз соттолушкандыгын аныктап, Ош шаардык прокуратурасын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгын ата-баланын пайдасына токтоосуз түрдө 440 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирди. Буга дейре Ош шаардык соту дагы ушундай чечим токуган эле.

- Мага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери "Диний экстремисттик мүнөздөгү "Хизб-ут тахрир" партиясынын кызыкчылыгын такай коргоп жүрөт, атүгүл өзү дагы соо эмес, анын анык мүчөсү" деп айып тагышып 2008-жылдын 11-мартында эч кандай жүйөсүз кармап, анан суроо-сопкутсуз эле дароо камап ташташкан. Абакта 9 ай жатып көрбөгөн кордукту көрүп, тартпаган азапты тартып, кийин араң акталып чыктым. Түрмө мен үчүн чынында таптакыр орду толгус азапка айланды. Эч кандай шарты жок такай муздак жертөлөдө 9 ай жаткандыктан ден соолугумдан биротоло ажырадым. Акыркы күндөрү көзүм жакшы көрбөй калды, - деп тызылдады Оштогу "Акыйкат жана чындык" укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров.
- Мени 2010-жылдын июнь айындагы коогалаңга активдүү катышкан дешип ошол жылдын 16-июнунда кармап, дароо камап коюшту, - дейт анын уулу Фаррух Гапиров. - Адегенде Ош шаардык милициясынын имаратында бейтааныш төрт адам өлөрчө сабашты. Башы-көзүмө автоматтын кундагы менен тынбай койгулашып, таанылбас үчүн беткап кийип алып алмак-салмак ургулашты. Андан кийин аларга дагы экөө кошулду. "2010-жылдын июнундагы тоз-тополоңго активдүү катышкам. Өзбек жигиттер кыргыздарды кыруу максатында "Макаров" тапанчасын 32 огу менен сатып алганыбыз чын" дедиртип мажбурлап атып жаздырышты. Ага дейре мага кадимки электрошок жабдыгын байма-бай пайдаланышты. Атүгүл башыма противогаз дагы кийгизишип, каалашынча тумчуктуруп жансоогалатышты.
- Укук коргоочу Равшан Гапировдун камалышына Ош шаардык милициясынын кымындай күнөөсү жок, - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Сыргак Айткурманов. - Биз теологиялык экспертизанын корутундусуна гана ылайык кылмыш ишин козгогонбуз. А Фаррух Гапиров алгачкы тергөө убагында эле эч кандай токмоктоосуз күнөөсүн толук бойдон моюндаган. Ошондуктан аны атайылап мажбурлоо, уруп-согуу милиция кызматкерлери тарабынан дегеле болгон эмес.
Ал эми Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Мамат Казыбаев да Равшан Гапировдун үстүнөн кылмыш иши козголушуна теологиялык экспертизанын корутундусу негизги себеп болгондугун белгиледи.
- Теологиялык корутундунун негизинде кылмыш иши козголбодубу. Ушунун өзү тергөөчүнү жана прокурорду жолдон адаштырып отурат. Ошол себептүү ал учурда дегеле комплекстүү териштирүү жүргүзүүнүн кажети жок деп ойлогонбуз. Ушуга эле улай Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тергөөчүнү да, прокурорду да ыңгайсыз абалда калтырышты, мындайча айтканда, мыйзам жолунан адаштырышты. Ошон үчүн бизди адегенде эле жолдон адаштырган ШИИБнын опер кызматкерлерин дагы, ошондой эле аларга корутундуну жазып беришкен диний эксперттерди дагы жоопкерчиликке сөзсүз тартуу абзел, - дейт прокурор Мамат Казыбаев.
Ошентип Ош облустук соту Ош шаардык сотунун үстүбүздөгү жылдын 15-мартындагы чечимин толук бойдон күчүндө калтырды. Ага ылайык оштук укук коргоочу Равшан Гапировго жана анын уулу Фаррух Гапировго Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, ошондой эле түштүк башкалаасынын прокуратурасы 440 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирилди. Бул туурасында Ош шаардык жана Ош облустук соту да Каржы министрлигин милдеттендирген атайын кат (аткаруу баракчасын) да жөнөтүштү.
Бирок акыркы сааттарда оштук укук коргоочу Равшан Гапиров уулу Фаррух экөө тең Жогорку сотко даттанышкандыгын "Жаңы Агым" гезитине кабарлады. Оштук укук коргоочу шаардык жана облустук соттордун бул сапар калыстык кылгандыгын баса белгилеп, бирок моралдык чыгымды ашкере аз чектегендигин жашырган жок. Ошондуктан Равшан Гапиров өзүнө Ош шаардык прокуратурасынан 5 миллион сом, ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 4 миллион сом, а уулу Фаррух Гапировдун пайдасына Ош шаардык милициясынан 10 миллион сом, Ош шаардык прокуратурасынан 10 миллион сом өндүрүп берүүнү Жогорку соттон талап кылып турган чагы.
Ошол эле учурда Ош шаардык прокуратурасы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы да Жогорку сотко кайрылып, ата-баланын дооматы жүйөсүз экендигин айтып турган кербези.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары





Көл эгер Европада
болсо эмне болмок?
Кыргызстанда республикалык же эл аралык маданий, саясый, экономикалык кандай иш-чара болбосун Ысык-Көлдө өткөрүүгө ашыгабыз. Айрыкча чет өлкөдөн меймандар, жогорку даражадагы чиновниктер, атактуу инсандар келсе көлүбүздү көрсөтүп, Орто Азиянын бермети деп мактанмай да адатка айланган. Ооба, Ысык-Көл кыргыз элине Жараткан ыроологон ыйык белек экени талашсыз. Ал жеке эле орто азиялыктар эле эмес, Азия, Европа эли суктанган көл экенин да тана албайбыз. Муну ар бирибиз жылыга миң кайталап, көлдү мактап, жай мезгилинде мүмкүнчүлүккө жараша жээгинде эс алып да келебиз. Бирок илгертен ата-бабаларыбыз ыйык тутуп, суусуна жүздөрүн гана чайып, таза сактап келген Ысык-Көл жылдан жылга булганып, акырындап өлүп баратканын кыргызстандыктар билсек да байкамаксанга салып келебиз.
Эске салсак, 2009-жылы 10-июнда Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү пайдаланылган сууну тазалоочу курулуштары жок эс алуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ошол кезде көл жээгиндеги 176 пансионаттын 120сынын суу тазалоочу курулуштары жок экени маалым болгон эле. Азыр анын канчасында тазалоочу курулуш бар экенин эч ким так айта албайт. Мисалы, быйыл сезондун ачылышын опур-топур белгилегенибиз менен бул боюнча маалымат ачыкка чыккан жок. Белгилүү окумуштуу, профессор Эмил Шүкүров үч жыл мурун совет доорунда курулган тазалоочу курулуштардын акыбалы өтө начар экенин, а жаңы курулуп аткан курулуштар таптакыр талапка жооп бербесин айткан. Мисал катары ал Чолпон-Ата зонасындагы эң ири тазалоочу система эс алуучулардан чыккан калдыктарды суу менен жер үстүнө чыгарып, алар кайра эле жер астындагы суулар менен көлгө кирип атканын баса белгилеген. Буга улай эле көп жылдардан бери көлдүн булганышы боюнча коңгуроо кагып келген эколог Ысык-Көлдүн жээгиндеги көлдү табигый тазалоочу саздар, чычырканак токойлору жылдан жылга азайып баратканына кабатырланган эле. Ошондой эле эс алуучу жайлардан, чакан ишканалардан, скутер, катерлерден (моторлуу кайыктар) жана ошондой эле жеңил автоунаалардан ар жылы сууга ондогон, жүздөгөн жылдар бою жоюлбай турган химиялык заттар, нефти уулары кошулуп атканын да айткан. Андан бери үч жыл өттү. Көлдө баягы эле көрүнүш. Тескерисинче, быйыл айрым пансионаттар пирстерге мончо, сауналарды куруп "жаңылык" киргизишиптир. Эс алуучулар саатына 500-1500 сом төлөп коюп мончодо кирин ойда эзип туруп, сууга секирип ырахат алып атышканын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Мына сага, биосфералык зона, тазалык.
Эсил кайран СССР кезинде, тактап айтканда, 1948-жылы Ысык-Көл мамлекеттик корук деген статус алган. Кийин сугат, айдоо аянттарынын тартыштыгынан улам Көл жээктеп эл отурукташып коруктук режим жоюлуп кеткен. Бара-бара эс алуучу жайлар көбөйүп, бир кезде көлдөн тоону карай туурасы эки чакырымга жеткен чычырканак токойлору оомийин болгон. Учурда ал жерлер жайдакталып ордуна түркүн түстүү эс алуучу жайлар курулса, басымдуу жерлери жайытка айланган. Жергиликтүү эл малын каалагандай жайып жүрөт. Адистердин айтымында, бир эс алуучуга караганда бир уй көлдү кырк эсе көп булгайт экен. Анткени уй бир эле сууга киргенде адамга караганда кырк эсе көп бактерияларды таштайт. Муну жергиликтүү эл билбейби же билип туруп жасашабы, айтор, ар бир айыл тушунда кой, уй-жылкыларды көл жээгине жайып жүрүшкөнүн көрүүгө болот. Тыюу салган мамлекеттик бир орган же чиновник байкалбайт. Бишкектен Бостериге чейин эс алуучу жайларды жарнамалаган жарнактар жайнайт. А эмне үчүн ошол жарнактардын жанына эле көлгө келтирип жаткан зыяндар, аны кантип алдын алуу чаралары жазылган такталарды орнотууга болбосун? Менимче буга туристтик сезондон түшкөн миллиондордун бир азы гана жумшалмак жана жыйынтыгы да жакшы болмок. Коомдук, улуттук аталган КТРК, ЭлТР, НТС телеканалдарында негедир Ысык-Көлдү сактоо, анын булганып атканы тууралуу телеберүү жок. Тескерисинче, кайсы пансионат катыра төлөсө ошону мактап жатып калмай. Мына биздин Ысык-Көлдү ыйык тутканыбыз.
Көл жэээгиндеги айылдарда болсо тазалоочу курулуштун өзү турмак ал тууралуу түшүнүк жок. Натыйжада жылына жүздөгөн тонна аммоний туздары көлгө кошулуп, анын экологиясын бузуп келет. Муну жоюш үчүн ар бир айылга толук кандуу иштеген тазалоочу курулуштарды куруп, биотуалеттерди иштетүү керек. Муну депутат Турсунбай Бакир уулу көптөн бери эле какшап келатат, маани берген жан жок. Дагы бир кооптуу жагдай бул Кажы-Сай айылындагы химиялык кайра иштетүү калдыгы (хвостохранилище). Кокус жер көчкү жүрүп кетсе ансыз да араң турган уу калдыктар көлгө кошулушу толук мүмкүн. Мамлекет болсо аны бекемдөөгө каражат жок деп ийин куушурат. Мындан 30 жыл илгери жээктерде 15 миңдей жапайы канаттуулар кыштаса, көлдүн булганышынан, чабак балыктарынын азайышынан улам азыр ал үч эсеге азайган. Азыр ак куу, фламингону чанда гана көрүүгө болот. Экологдор, санитардык кызматтар көлдү сактоо колго алынбаса кийинки он жылда Ысык-Көл экологиялык катастрофага учурарын какшап эле келатышат. Ысык-Көлдүн ар жылы ага куюлуп аткан ыплас суулар менен өз алдынча күрөшүүгө канча ал-кубаты калды? Дагы канча муун кечиримдүү көлдүн сулуулугуна суктана алат деген суроонун үстүндө ойлонушубуз керек.