presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кудай деле сактанганды сактайт
Көлмөлөрдү тазалабаган мэрия,
өмүр-өлүм менен күнүгө алпурушкан куткаруучулар

Гезитибиздин өткөн санында "Күнүнө эки-үч өлүк чыккан Бишкектеги көлмөлөр кандуу сууга айланды, ага баргандын кереги барбы?" деген фоторепортаж жарыяланган. Анда 22-июлда биз өзүбүз күбө болгон Бишкек шаарынын Каражыгач багында жайгашкан Пионер көлмөсүндө болгон адам өлүмү боюнча баяндалып, көлгө чөккөн жигитти куткаруучулар куткара албай, жарым сааттай убакыт өтүп кеткенден кийин анын сөөгүн кокусунан ошол жерге келе калган чет элдик жаран таап чыкканы айтылды эле. Ушул боюнча аталган окуяга катышкан куткаруучулардын өз оозунан уксак.

Рустам ЖЫЛКЫБАЕВ, куткаруу тобунун командири:
"Жабырлануучуну убагында куткарып кала албаганыбыз үчүн өкүнөбүз"
- Пионер көлмөсүндө 22-июль күнү болгон окуя тууралуу эмне дейсиз?
- Ошол күнү биздин бөлүк күзөттө эле. Саат 12де өз ордубузда болуп көлгө эс алууга келгендерге көлдүн аркы жээгинен берки жээгине сүзүп өткөнгө болбойт, жээктен он метр узабагыла деп эскертип турдук. Биз бул эскертүүнү дайыма ар бир адамга айтып чыгабыз. Ал күнү саат үч жарымдан өтүп калган мезгилде биздин суучулдардын бири Самат байке ары көздөй сүзүп бараткан эки жигитке барып, ары-бери сүзүп өтпөгүлө деп айтып келген. Албетте, укпаган адамды биз эч нерсе кыла албайбыз. Айтканыбызды аткарбагандарды көлдөн сүйрөп чыкканга акыбыз жок. Тиги эки жигит биринчисинде аркы жээкке сүзүп өтүшүп, кайра берки жээкти көздөй сүзүп келатканын көрүп турганбыз. Байкасам эки баланын бири балыр бар жакка келип калганда жай сүзө баштады. Мен балдарга тиги жигит чөккөнү жатат чуркагыла дедим. Биз турган жер менен ал жигит чөккөн жердин аралыгы да биртоп эле. Балдар шаймандарын алып чуркап жөнөдү. Биз жаңы чуркай баштаганда тиги бала чөгүп, суу үстүнөн көрүнбөй калды. Негизи адам чөккөндө бир чөгүп, кайра-кайра чыгып жанталашат. Биз чуркап баратып тиги бала дагы бир суу үстүнө чыгат, аракет кылат деп карап бараттык. Бирок негедир андай болбоду. Самат байке жетери менен суу түбүнө кирди. Мен балдар менен чуркап келип акваланг менен кире баштадым. Биринчи киришимде кашайып аквалангдан суу кирип кетти. Аны чече салып кайра кийип катамаранга арканды байлап издей баштадым. Бул аралыкта тегерегимде аны издеген кишилер көбөйүп кетти. Алардын ичинде соосу бар, масы бар дегендей… Бирок таппай аттык. Аңгыча аркы жээктен бир чет элдик жаран сүзүп келди. Ал жаңы зеландиялык экен. Мен аквалангды Самат байкеге жаңы эле кийгизейин деп атканда тиги чет элдик жигит катамаранды түртүп келатып суу түбүнө кирип баланы алып чыкты. Чамасы катамаранды түртүп келатып бутуна урунду окшойт. Албетте, ал жабырлануучуну убагында куткарып кала албаганыбыз үчүн өкүнөбүз. Бирок биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшадык.
- Ал жердин тереңдиги канча эле?
- Үч метрдей чыгат. Түбүн балыр каптап калыптыр.
- Сиз канча жылдан бери иштейсиз?
- 2006-жылдан бери. Негизинен Комсомол, Пионер көлдөрүндө төрт суучул иштейт.
- Өзүңүздүн жумушка өзүңүз ыраазы болгон учурлар болобу?
- Жигит үчүн кимдир бирөөнү куткарып калгандан өткөн сыймык жок. Албетте бул жумушта жүрүп командам менен чогуу бир нече адамдарга жакшылык кылдык. Жолубуз болбой калган кездер да бар. Бирок ошол көптөгөн жакшы иштерибизди бир эле ийгиликсиз ишибиз жууп кетип атканы өкүндүрөт. Мисалы, биз буга чейин ушул эле сезондо кыркка жакын адамды куткардык. Алар тууралуу эч бир ММКда айтылбайт. Ал эми жолубуз болбой калган кездерде жабышкандар көп. Кырсык деген кырсык экен да. Элге кайрыларым бир гана сөз - сак болгулачы.

Мелис НАЗАРБЕКОВ, ӨКМнын Бишкек шаары боюнча Сактоо кызматынын башчысынын орунбасары:
"Жумушубуз ийгиликтүү аяктаса ал күн биздин
үй-бүлө үчүн да кубанычтуу күн"
- Мелис мырза, айлыгыңар канча?
- Орточо айлык акыбыз төрт миң сомдон ашыгырак.
- Бул айлыкка жан багуу кыйын. Көрсөткөн кызматыңарга төлөнөбү?
- Жок, биздин кызмат бекер. Албетте айлыгыбыз аз. Биз аскердик структура болгондуктан тамак-ашыбыз айлыгыбыз менен алты жарым, жетиге барат. Биз куткаруудан сырткары алгачкы медициналык кызмат да көрсөтүп турабыз.
- Кызматкерлердин социалдык ал-абалы кандай?
- Чындыгында өтө начар. Бизде иштеген жигиттердин 80 пайызы батирде турушат.
- Негизи сиздерде балдардын даярдыгы кандай болот? Суучулдар атайын даярдыктан өткөнбү?
- Ленин районунда суучулдар борбору бар. Ал жерден окуп, атайын даярдыктан өтүп сертификат алып чыгышат. Анан гана бизге жумушка алынат.
- Быйыл жайында Комсомол, Пионер көлдөрүндө канча кырсык болду?
- Быйыл сууга түшүү башталгандан бери Комсомол, Пионер көлдөрүндө жети адам чөктү. Негизинен адамдар мас болуп же белгиленген чектен ары сүзөм деп атып балырга оролуп калышат. Биз эс алуучуларды ошол балырга барбагыла деп тилибиз тешилет.
- Ал жети адамды тең куткара албай калдыңарбы?
- Жок, бул адамдардын бирөөсү суунун тайыз жеринде жуунуп атып эле жүрөгү кармап каза болду. Кээ бирөөлөрдүн чөккөнүн эч ким билбей калган. Биз ар бир адамды бирден карап отура албайбыз да. Тактап айтканда, толтура киши сууга түшөт, анын канчасы суудан чыгып, канчасы чыкпай калып атканын эч ким билбей калат эмеспи. Биз баргандарга бири-бириңерди жакшы карагыла деп айтабыз. Кээде чогуу барган балдар 15-20 мүнөт өткөндөн кийин биздин түкүнчө деген досубуз тиги жерде сууга түшүп атып көрүнбөй калды, карап берип коесуңарбы деп келет. Негизи эл өзү бири-бирине жана жеке коопсуздугуна кайдыгер болбосо жакшы болот эле.
- Суучулдардын жабдыктары жетишеби? Дегеним, киши чөккөн жерге тез арада жетип бара турган моторлуу кайык болсо дурус болмок экен…
- Чынында жетишпейт. Буга каражат бөлүндү деген сөз болуп атат. Биздин шаймандардын баары эскирип, колдонгонго жарабай калган. Рустам жогоруда аквалангга суу кирди деп айтып өтпөдүбү, албетте, ал эскирген. Мындан сырткары дайым эле Бишкек көлдөрүндөгү балырлар тууралуу айтып келатабыз. Биз адамдар түшө турган аймакты 1 метр 75 см тереңдиктен бери белги менен тосуп коюшубуз керек. Мэрия бул маселени эмки жылы чечебиз деп турат буюрса. Кечээ жакында ушул маселе боюнча жыйын болуп, жогорудагы көйгөйлөр кайра-кайра айтылды. Бүгүн ошол Комсомол, Пионерге окшогон көлдөрдүн жээгинен куткаруучуларга бир бөлмө жасап бергиле деген тапшырма болду. Эми бизди тапканга да оңой. Кечке чейин көлдүн жээгинде ары-бери басып жүрүп иштеген куткаруучулар эми бир жерде чогуу болушат. Мындан сырткары биз буга чейин саат 12ден баштап иштесек, эми саат 9да эле көлдүн жээгинде болобуз. Ушул кезге чейин биз кечке көлдүн жээгинде ачык асман алдында иштечүбүз.
- Жалпы Бишкек боюнча сиздерге көбүнчө кайсы иштер менен кайрылат?
- Көлдөрдөн сырткары бардык кырсыктардын үстүндө жүрөбүз. Бизге люкка түшүп кеткендер, эшигин ача албай калгандар, жол кырсыгына кабылгандар, айтор, өмүрү коркунучка кабылган бардык жарандар кайрылат. Мындан сырткары ИИМ менен иштешип сууга чөккөн же дагы башка жолдор менен ар кайсы жерге жашырылып коюлган өлүктөрдү алып чыгабыз. Мындай жумуш биздин моралдык, психологиялык даярдыгыбызды талап кылат. Кээ бир жаш адистер канды көргөндө чыдай албай жумуштан кетип калган учурлары болот. Жылдын ар кандай мезгилинде тоолордо көчкүдө калган, адашкан адамдарды издеп жумалап командировкада болобуз.


Негизинен Бишкек шаарынын тегерегиндеги көлдөрдөгү адам өлүмү биринчиден, жарандардын өзүнүн коопсуздукту сактабай атканын улам болуп атса, экинчиден, көлдөрдү балыр басып кеткенинен улам болуп атканы түшүнүктүү болду. Сууну тазалап туруу Бишкек шаардык мэриясынын милдети экен. Биз материал даярдалып атканда тиешелүү адамдарды издеп таба албай калдык. Бул маселе боюнча жок дегенде Каражыгач багындагы Комсомол, Пионер көлүнүн жетекчиси өз үнүн билдирет деп ойлойбуз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??