presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Ылайланып бараткан чырай сынак
Кыргыздын кымча бел сулуулары көп. Арасынан сулуунун сулуусун тандаган "Мисс Кыргызстан" деген сынагыбыз бирде өчүп, кайра жанданып, иши кылып кыбырап өз күнүн көрүп келе жатат. Буга чейин "Туризм сулуусу", "Жаз сулуусу", "Интернет сулуусу" өңдүү сынактар уюштурулуп арты жакшынакай эле бүтчү. Эки жылдан бери "Interalliance KG" деген уюм мамлекеттик деңгээлдеги сынак уюштуруп келүүдө.


Эмнегедир эки жыл катары менен сулууларды сумсайткандан "Interalliance KG" уялбады. 2011-жылы чалагайым уюштурулган сынакка өзүбүз күбө болуп кайтканбыз. Өткөн жылдын сулуусу деп табылган Назира Нуржановага Лондондо өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынагына жолдомо беришкен. Бергени курусун, ооз учунан убада кылып, акыры барат-барбайт болуп жатып сынак эбак башталганда Назира кечигип катышкан. Бул тууралуу Назира Нуржанова уюштуруучулардын ишине нааразы экенин, эгер анын эки айлык эмгеги акталбаса уюштуруучуларга карата чара колдонорун белгилеген.
Кандай аракет менен жолдомо алганын ким билсин, акыры 2011-жылдын 6-ноябрында Лондондо өтө турган сынакка Назира демөөрчүсү жок аттанды. 112 мамлекет катышкан өлкөнүн ичинен Назира алдыңкы он беш орунга да илинген эмес. Бул жерде Назиранын күнөөсү жок. Тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк сынакка катышып жаткандан кийин ага жарытылуу колдоо деле көрсөтүлбөдү. "Мындай учурда биртоп адам колдогону барат экен. Уюштуруучулар эки адамга гана жолдомо беришти. Курбум экөөбүздүн барып-келген жолубузду төлөгөнү менен калган чыгымдын баарын өзүм көтөрүшүм керек. Кийе турган костюмдар, чач жасалгам бүт өз эсебимен. Менде андай каражат жок" деп айласы куруган Назира ММК аркылуу жардам сураган эле. Эч ким үндөгөн жок. Жадагалса кийе турган костюмдары даяр болбой, курбусу менен сынакка кечигип катышуусу да ошондон. Ушул жолкусу уюштуруучулар үчүн чоң сабак болуп, эмкиде мындай одоно каталыктарды кетирбеш керек.
Бирок баягы эле "Interalliance KG" былтыркы көлчүккө быйыл да түшүп отурат. Үстүбүздөгү жылдын 21-майында "Мисс Кыргызстан - 2012" сынагы өткөн. Калыстар курамын ырчы Салима Балтаева, дизайнер Бакыт Бешбаев, Олег Беда, сүрөтчү Виктор Полынский, "Дүйнө сулуусу" сынагынын Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы өкүлү Роксана Боруа бийкечтерди электен өткөрүшкөн. Жети дубандан катышкан 28 бийкечтин арасынан сулуусу деп 18 жаштагы Диана Овганова табылган эле. Баш байгеге 15 миң сом акчалай сыйлык жана ушул жылдын август айында Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу - 2012" сынагына жолдомо берилген. Ооз көптүрүлүп берилген убада дагы суу кечпей ошол эле жерде калды. Анткени Кытайдын Оргос шаарында өтө турган дүйнөлүк сынак 25 -июлда башталган. Диана Овгановадан дайын жок. Эмне үчүн биздин сулуу катышпай калганын билүү үчүн "Interalliance KG" уюмунун кеңсесине байланыштык. "Биз телефондон интервью бербейбиз. Кеңсеге келүү да мүмкүн эмес. Электрондук дарекке суроолоруңузду жөнөтүңүз, жообун жиберебиз" деп итатайы тутулуп жатып бирөөсү араң жооп берди. Биздин расмий сайттан жаңы маалыматтарды карап тургула, "Дүйнө сулуусу" боюнча бардык маалыматтар чыгат. Алдыда убакыт бар дешет кебелбей. Сынактын расмий ачылышы мындан бир жума мурда болгонунан өздөрүнүн деле кабары жок өңдөнөт. "Дүйнө сулуусу" сынагынын расмий сайтында Кыргызстандын карааны көрүнбөйт. Орто Азия боюнча Казакстандын өкүлү эле катталыптыр.
Диана Овганованын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Уюштуруучулар кебелбей жатканда жеңүүчү кыз балким өзү аракет кылып чуркап жүргөндүр. Айталы дегенибиз, колдон келбегенден кийин асмандагы айды убада кылуунун эмне кереги бар эле? Ар бир катышуучу ушул сынакка жок дегенде 40-50 миң сом каражат жумшап катышат. Кыргызстандын атынан дүйнөлүк сынакка жолдомо берилгени го жакшы, бирок ал куру кыял кыр ашпагандан кийин сулуулардын демин суутпай эле акчалай сыйлык менен кутулса деле болмок.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




"Дүйнө сулуусу" сынагына даярдык күч
Дүйнө сулууларынын башын бириктирген чоң сынак быйыл 62-жолу уюштурулууда. Оргос шаарында 25-июлда салтанаттуу ачылышы болгон менен жер шарындагы сулуулар 19-июль күнү эле Кытайга чогулушкан.
Сулуулар сынагын көрүү үчүн жылда 200 дөн ашуун өлкөдөн коноктор келет. Жалпы катыша турган кыздардын саны - 122. Көрүүчүлөргө кыздар жакшы көрүнсүн деп бир нече чоң экрандар орнотулган. Сахнанын салмагы эле 700 тонна. Шарт боюнча катышуучунун бою 172 см кем эмес, жашы 17 жетип 24төн ашпаш керек. Бул талап 1950-жылдан бери күчүн жоготпой келе жатат. 122 катышуучунун арасынан 17си чет тилди билбегени үчүн сынактан четтетилиши мүмкүн. Тил жагынан рекорд койгон кыз Парагвайдын өкүлү, ал төрт тилде эркин сүйлөйт. Дания менен Казакстандын сулууларынын жашы 25те болгондуктан, алар да сынакта калар-калбасы арсар болуп турат. Эгер сынактын талабы боюнча баарын иргеп отурса, анда 122 талапкердин арасынан 72си гана толук талаптарга жооп берет экен.
2011-жылдын 6-ноябрында Лондондо өткөн конкурстун жеңүүчүсү, венесуэлалык Ивиана Саркос быйыл кадырлуу конок катары чакырылды. 22 жаштагы Ивиананын ордун кайсы сулуу басары 18-августта маалым болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??