presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Эрнст АКРАМОВ,
КР эл баатыры, профессор:
"Трансплантацияга биздин элдин психологиясы
даяр эмес"
Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Эрнст АКРАМОВдун колунан сакайып, өмүрүн узарткан адамдар арбын. Экс-депутат Эрнст мырзанын кабинетине киргенде дубалдарда жашоосунун тарыхый учурларын чагылдырган сүрөттөргө көзүм түштү. Арасында саясатчысы, алгачкы мугалимдери, достору, ийгилиги, атүгүл экс-президенттер менен түшкөн сүрөттөрү да бар экен.

- Сиздин кабинетиңизде экс-президенттер менен түшкөн сүрөттөрүңүз турат, кээ бир чиновниктер мындай сүрөттөрдү тагуудан чочулап турушат…
- Мен андай адамдардын психологиясын түшүнбөйм. Тарыхты кантип сызып же ыргытып салууга болсун. Дубалга алардын сүрөттөрүн илип алуу кылмыш эмес. Адам хамелеон сыяктуу сырткы терисин өзгөртпөй адам деген сапатынан тайбаш керек.
- Учурда кайсы дарт күч алып, сизди эмне тынчсыздандырууда?
- Ушул кезге чейин бул оору күчөп кетти деп статистика чогулткан эмесмин. Бирок жеке оюм боюнча учурда биринчи орунда онкологиялык оорулар күч алды. Буга адамдын күнүмдүк жеген тамак-ашы себеп. Себеби азыр экологиялык жактан таза азыктар жок. Көпчүлүк тамак-ашка ар кандай химикаттар, химиялык жасалма азыктар кошулат, бул адамдын гендик структурасын бузат. Эми муну мыйзам ченемдүү процесс десе болот. Себеби акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө калктын демографиялык өсүүсү күч алды. Мисалы, Улуу Ата мекендик согушка чейин жер шарында эки млрд. адам болсо, учурда бул көрсөткүч жети миллиарддан ашты. Ушулардын баарын багыш керек да. Түшүм бере турган жерлер тарый баштады. Алыскы аймактагы айылдарда жерлер ээн калып, шаарга келген эл көбөйдү. Ошондуктан тамак-ашты жалаң экологиялык жактан таза азык-түлүк менен жасабай, элдин курсагын тойгузуунун амалын издеп, ар кандай химикаттар кошулган азыктар пайда боло баштады. Химикат кошулган азыктар адамдын организмине киргенде сиңбей акырындап ууланта баштайт. Адамдын оорусунун өрчүшүнө тамак-аш биринчи кезекте турса, андан кийин экологиянын да таасири бар. Мисалы, биздин шаардын четиндеги таштандылардан ар кандай оорулар келип атат. Ушундай көйгөйлөр эч кимди тынчсыздандырбай, ойлондурбай атат. Акырындык менен биздин коомдо катастрофа башталды. Бул катастрофа Кыргызстанда эле эмес бүт жер шарында башталды.
- Жакында Кыргызстанда биринчи жолу адамдын органын алмаштырган операция болду, биздин адистер андан ары улап кетишине ишенесизби?
- Мен трансплантацияны 1964-жылы Кыргызстанда биринчи жолу иттердин бөйрөгүн алмаштырып эксперимент жасап, ийгиликтүү өткөн. Бул операцияны өзүмдүн кызыгуум үчүн жасагам. Биздин өлкөдө транспланталогия боюнча индустрия болушу шарт. Бирок биз буга азыр таптакыр даяр эмеспиз. Балким биз буга 50-100 жылдан кийин даяр болушубуз ыктымал. Бул жерден эң негизгиси юридикалык суроолорду чечип алышыбыз керек. Органды кайдан алабыз деген суроо турат. Мисалы, кырсыкка кабылып мээсинен жабыркап өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган адамдын жүрөгү, бөйрөгү таза дейли. А быякта жүрөк же бөйрөк табалбаган бейтап күтүп жатат. Ошентип донор табылды. А бирок ошол өлүм менен өмүрдүн ортосунда араң дем алып жаткан адамдын жакындары бөйрөгүн же жүрөгүн алып башка адамга берүүгө макулдугун береби? Дем алып аткандан кийин эч ким уруксат бербейт. Буга элдин психологиясы даяр эмес.
Эгер трансплантация индустриясын курсак, анда мисалы авария болду дейли, ошол кезде милиция, сотмедэксперт, транспорт, операция жасай турган адистер бардыгы даяр болушу керек. Ушундай кырдаалда адам жаны чыга электе аны тез арада клиникага жеткириш керек болот. Адистер сутканын бардык учурунда даяр болушу шарт. Атүгүл органдарды трансплантациялоо Москвада башталганда абдан ызы-чуу болгон. Жүрөктү трансплантациялоо борборунун жетекчиси Шумаковду канча жолу соттошкон. Акыры Шумаковго коюлган ушундай ызы-чуудан кийин ал өлүп калган. Буга Россия да даяр эмес. Бизде бөйрөктү алмаштыруу техникалык жактан таптакыр оор эмес. Мен керек болсо азыр деле алмаштыра алам. Ага өзгөчөлөнгөн медициналык жабдык деле шылтоо болбойт. Эң негизгиси, иммуно-биологиялык дал келүүнү изилдеген биологиялык лаборатория иштеш керек. Макул, донор бар дейли, бирок адамдын органдары бири-бирине дал келиши шарт. Бишкекте органдарды алмаштыруу боюнча кардиохирургия институту иштейт. Бирок жыйырма жылдан бери бир да жолу органдарды алмаштыруу процесси болгон эмес. Бул аралыкта чет өлкөдөн кандай гана адистер келген жок. Атайын кадрдык курам түзүп, адистерди даярдаса деле болмок да.
- Кыргызстандагы медициналык билим деңгээлинин сапаты сизди канааттандырабы?
- Институтта окуп диплом алышат. Бирок ал толук кандуу врач эмес. Чыныгы дарыгер болуш үчүн бул адистикте жок дегенде отуз жыл күндүр-түндүр, майрам, эс алуу эмне экенин билбей тынымсыз эмгектениши керек. Анткени медицина илими абдан татаал, чексиз, так эмес өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Математикадай экини экиге көбөйтсө төрт эмес, медицинада булар таптакыр тескерисинче чыгып калышы ыктымал. Экини экиге көбөйтсө беш же нөл болуп калышы мүмкүн. Анткени адамдын организми ар кандай кабыл алып, ар кандай реакция кылат.
- Эс алуу эмне экенин билбей, күндүр-түндүр ооруканада жашап иштегениңизге канча болду?
- Өмүр бою эс алуу эмне экенин билбей иштеп келатам. Андан бери 52 жыл өтүптүр. Бизге ар кандай оорулар келет. 52 жылдан бери эс алууга чыгып, жекшемби же майрам күндөрү жумушта болбой калган учур болгон эмес. Өзүмдүн ишимен канааттануу алам, ийгилигине кубанам. Мен жумуштан эс алам. Ушул оорукананын бир бөлмөсүндө жашап, үйүмө анда-санда барып карап турам.
- Сиз улуу дарыгерсиз, ошол эле учурда депутат да болдуңуз, эми кайра саясатка барайын деген ой жокпу?
- Саясатка кирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби депутаттык орундун баасы 500 миң доллар турат экен.
- А Бакиевдин учурунда депутаттыкка кантип өтүп калдыңыз эле?
- Бир жолу мага телефон чалышып, сиз партиялык тизмеде төртүнчү турат экенсиз деп айтканда түшүнбөй калдым. Кайсы партиялык тизме, балким мени башка бирөө менен алмаштырып алсаңар керек, мен "Моя страна" партиясында болчумун, бирок ал өткөн жок дедим. Дагы бир күнү политбюродон телефон чалышып, документтериңизди алып келиңиз, депутаттыкка өттүңүз деди. Бир күнү Медет Садыркулов баарыбызды чогултту. Ошол жерден мен мандаттан баш тартам деп арыз жазып атсам, Зайнидин Курманов сиз эмне кылып атасыз, оорукананы оңдоп, алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк болот деди. Кантип десем, ушинтип деп жазган арызымды М.Садыркулов тытып салды. Бирок андан көрө эл дарылап, тынч иштегеним жакшы эле деп көпкө кыжалат болуп жүрдүм. Анткен менен депутат болуп жүргөндө бир жарым млн. доллар бөлдүрүп, Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө үч кабаттуу оорукана курдурдум. Азыр бул курулуштун бүткөнүнө бир жарым жыл болуп калды, ичинде медициналык жабдыктар жок, каражат жетишсиз болгондуктан ишке киришпей турат. Оорукананы өзүм үчүн эмес эл үчүн, бейтаптар үчүн жасап атам. Чүй облусундагы бейтаптардын баары ушул жерге келишет.
- Сиздин жеке жашооңуз, үй-бүлөңүз көпчүлүктү кызыктырат…
- Атам айдоочу болуп иштеп, апам үч баласын багып карапайым эл катары жашачубуз. Мектепти аяктагандан кийин медицина институтунда окудум. Убакыт учкан куш экен. Көпчүлүк мени эмне үчүн азыркыга чейин үйлөнбөйт деп айтышат. Бирок ар бир адамдын жашоосу, тагдыры ар кандай курулат экен. Мисалы, мен институтту аяктап диплом алганда алгач маянам 60 рубль болчу. Ошол кезде азыркы опера балет театрынын арт жагында бир бөлмөлүү үйдө алты киши жашачубуз. Ушундай кичинекей үйгө 60 рубль маянам менен, анан дагы аялымды киргизип жашамак белем. Убакыт күтүп турбайт экен, өтүп атты. Андан кийин аспирантурага тапшырып маянаны көбүрөөк алам деп ойлодум. Ошол кезде аспирантураны аяктагандан кийин маянам 70 рублга көбөйдү. Бирок кармалып отуруп кайра эле 60 рубль колума тийчү. Үйүм жок болсо, маянам аз болсо, бирөөнүн кызын ушундай жакыр жашоого алып келмек белем деп ойлодум. Мен ошондой кырдаалда бирөөнүн кызын алууга моралдык укугум жок болчу. Кийинчерээк төрт бөлмөлүү квартира алдык. Андан кийин атам тез эле көз жумуп калды, кийинчерээк апаман айрылдым.
Андан кийин эжем оорулуу болуп калды. Эжем 25 жыл бою биринчи топтогу майып болду. Аны 25 жыл бою жалгыз бактым. Эгер мен ошол кезде үйлөнүп алсам, ал ашып кетсе он күн, бир ай же бир жыл чыдамак да мени же эжеңди танда деп айтмак. Эжеңди майыптар үйүнө бер демек. 25 жыл оңой убакыт эмес. Ошол учурда эжемдин күйөөсү, кызы да баш тартып карабай коюшту. Эжем мындан он жыл мурун каза болду.
- Ошол учурда сиздин артыңыздан чуркаган айымдар болсо керек?
- Ооба, сулуу, илимдүү, интеллигенттүү айымдар болду. Арасында абдан билимдүү үй-бүлөнүн да кызы болду. Абдан бай аялга деле үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк болду. Анын ата-энеси да кадыр-барктуу адамдардан эле. Эгер мен ал аялга үйлөнсөм карьерам да көтөрүлмөк. Бирок жандүйнөңдө эч нерсе жок болуп байлыгына кызыгып үйлөнүп алсаң, кийин баары сыртка чыкмак. Анүчүн сезим болуш керек. Байлык, бийлик үчүн үйлөнүүгө болбойт.
Адам баласы өмүр бою байлыкка, бийликке умтулуп, жакшы жашоого ашыгып кайгырат, стресс болот, кейийт. Анын акыры бир тыйынга татыбаган нерсеге айланарын кээде өлүкканага барып сөөктү союп атканды көрүп көп ойлоном.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??