20.07.12 Кырсык
Күнүнө эки-үч өлүк чыккан Бишкектеги көлмөлөрдө эс алуунун кереги барбы?
Быйыл аба ырайынын ысыктыгына байланыштуу сууга түшкөнү барып мерт болгон адамдар көп болуп жатканы айтылууда. Жакынкы күндөрдө эле Ош шаарында 8 адам чөгүп кетсе, Бишкек шаарында 15 жаран жабыркап, алардын алтоо каза болгон. Ал эми төмөндөгү кырсыкка кокусунан өзүбүз күбө болуп калдык. Бул окуя Бишкек шаарынын Каражыгач багында жайгашкан "Пионер" көлмөсүндө 22-июлда саат 16лар чамасында болду.


Атайын сакчылыкта турган куткаруучулар бала чөгүп атканда бат эле жетип келишкен. Бирок алар антип-минтип көлгө түшкөнчө чөгүп бараткан жигит көрүнбөй калды. Көп убакыт өткөндөй болгон жок. 3-4 мүнөттө ал чөккөн жерге барган куткаруучулар эмнегедир суу түбүнө кайра-кайра кирип куру кол чыгып атышты. Албетте ажал деген ажал, андан кутулууга болбойт, бирок жээктегилерди куткаруучулардын маалкаткан аракети аябай кыжырлантып, жанына жардамга барган жигиттер да болду.
Жарым сааттан ашык убакыт өткөндө гана чөккөн баланы суу алдынан ӨКМнын куткаруучулары эмес жардам бергени барган жөн эле бир жигит таап сыртка алып чыкты. Ал ошол эле чөккөн жеринде экен. Буту-колуна суу түбүндө өскөн чөп-чар оролуп калганына караганда, чамасы аны ушул жагдай кырсыкка туш кылган. (Мындан улам биз сөз кылып аткан "Комсомол", "Пионер" көлдөрү жакын арада тазаланган эмес, андыктан түшкөнгө болбойт десек болот.) Баланы алып чыккан учурда кеч болуп калган эле. Албетте мындан кийин деле куткаруучулар эс-учу жок жаткан жаш жигитти жээкке алып чыгып алгачкы медициналык жардам көрсөттү. Бирок болбоду…
Бул көлдө күнүнө эки же үч адам сууга чөгүп, алардын куткарылгандары аз, күн сайын өлүк чыгат десе болчудай дейт ал жерде тургандар. Былтыр бир эле сезондо, тактап айтканда, үч ай аралыгында 200 киши чөгүп өлгөн деген расмий маалыматты эске алсак, анда жогоруда айтылган сөз чын. Чындап эле куткаруучуларыбыздын кебетеси тиги болсо, көлмө тазаланбаса, анда бул эс алуу жайы тууралуу олуттуу маселе көтөрүш керек. Албетте муну шаардыктар же шаардын коноктору билбейт. Чынында күнүгө эки-үчтөн сөөк чыккан жерге барып эс алуунун да кереги жок.
Ошол эле учурда эл арасында куткаруучулар эгер чөккөн адамдын каза болгонуна көзү жетсе сөөктү алып чыкпай суу түбүнө калтырып коюшат деген сөздөр айтылат. Себеби убагында куткарылбаган кишинин жакындары анын өлгөнүнө көзү жеткенден кийин эптеп өз тууганынын сөөгүн табууну ойлоп, аны издегендерди өз акчасына жалдай баштайт дешет. Ал эми суучулдар сууга ар бир киргенине белгилүү бир сумма коет экен. Албетте колунан кармап албагандан кийин биз бул айып менен кимдир бирөөлөрдү күнөөлөй албайбыз. Бирок өз ишине көңүлкош мамиле кылган куткаруучулар бир адамдын эле өлүмүнө себеп болбой, ошол кырсыктаган адамдын жакындарын да кошо сыздатып-боздотуп атканын сезишсе… Мисалы, биз күбө болгон кайгылуу окуянын каарманы Дайырбек уулу Бактияр болгону 1994-жылкы экен. Сүзгөндү мыкты билген көлдүк жигит эле, быйыл жогорку окуу жайга өткөн дейт билгендер. Бирок ажалга айла жок тура… Андыктан ар бир жаран өзү да кырсыктан сактанууну унутпаса.




















Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ