20.07.12 Марттык эмес маңкурттук
Жантөрө мырза неге оолукту же жогорку чин кол жоолукпу?
Бир агабыз кезинде "ойлонбой жазган токтом көп, обончулар боктон көп" деп айткан эле. Муну биз эми "генералдар боктон көп" деп жазганы калдык окшойт. Албетте бул татыктуу, кадыр-барктуу генералдарыбызга тиешелүү эмес. Дегеним, жакында Мамлекеттик жогорку чиндерди ыйгаруу жана төмөндөтүү маселелери боюнча комиссиясы президенттин 75 депутат менен бир нече кызмат адамдарына класстык чин ыйгаруу буйругунун долбоорун даярдашты. Айта кетсек, комиссиянын төрагасы оңой менен ишсиз калбаган президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев. Мындан сырткары, комиссияга Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Сатыбалдиев, ЖК депутаттары Курмантай Абдиев, Эркинбек Алымбеков, ЖК аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев жана бир катар чиновниктер кирген.


Албетте кеп комиссияга кимдер киргенинде эмес, буйрук долбоорунда кимдер мындай чиндерге татыктуу дегенинде болуп атат. "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды бекитүү жөнүндө" мыйзамы боюнча 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи чини генерал-лейтенантка, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи генерал-майор чини менен барабар. Комиссиядагы депутаттар кол ийрисине тартып кеткенби же Жантөрө Сатыбалдиев депутаттарга жагынайын дегенби, айтор долбоордо 75 депутатка, 15 чиновникке 2-3-класстагы чин ыйгаруу каралган. Алардын ичинен 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинине ЖК депутаттары Феликс Кулов менен Исмаил Исаков татыктуу деп табышыптыр. Кайсы эмгеги үчүн деп эки "генералга" таңгалып отурсак, 75 депутаттын ичинде мындай чин эмес мамлекеттин мактоо баракчасына татыктуу эмес "сары ооз балапан" жана "балык" депутаттар да бар экен. Тизмеге кирген мындай депутаттардын депутаттык кызматта отурганына эки жыл толо элек жана алар бул убакытта элди жыргатып жиберишкен жок. Анүстүнө жогорку чинди ыйгаруу - бул болочок "генерал-лейтенант" менен "генерал-майорлордун" ар бирине 1,5-2 миң сом кошумча айлык кошуу дегенди билдирет. А бул бюджет үчүн кошумча чыгым, түйшүк.
Калыстык үчүн тизмени алдыңарга жаялы. Жогорку Кеңештин жогорку чинге татыктуу делген депутаттарынын катарына Курмантай Абдиев, Өмүрбек Абдырахманов, Ширин Айтматова, Нурбек Алимбеков, Айнуру Алтыбаева, Замирбек Алымбеков, Урмат Аманбаева, Азамат Арапбаев, Назарали Арипов, Анвар Артыков, Алмазбек Баатырбеков, Нуржан Бадыкеева, Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, Абдыжапар Бекматов, Кенжебек Бокоев, Игорь Гусаров, Жылдызкан Джолдошева, Дастанбек Жумабеков, Элмира Жумалиева, Олег Домшенко, Акуналы Досалиев, Курманбек Дыйканбаев, Гүлнара Жамгырчиева, Заирбек Жоошбеков, Алла Измалкова, Элмира Иманалиева, Эркингүл Иманкожоева, Динара Исаева, Жусупали Исаев, Канатбек Исаев, Эсенгул Исаков, Ыргал Кадыралиева, Бахтияр Кадыров, Анарбек Калматов, Ирина Карамушкина, Абдимуталип Кочкорбаев, Улукбек Кочкоров, Татьяна Левина, Мурадыл Мадеминов, Туратбек Мадылбеков, Абдимуктар Маматов, Бактыгул Маматов, Нарынбек Молдобаев, Нурбек Мурашев, Надира Нарматова, Наталья Никитенко, Дамира Ниязалиева, Элмурат Обдунов, Мамат Орозбаев, Исхак Пирматов, Абдулатип Режевалиев, Кожобек Рыспаев, Максат Сабиров, Гүласал Садырбаева, Жыргалбек Саматов, Жоомарт Сапарбаев, Галина Скрипкина, Алтынбек Сулайманов, Чолпон Султанбекова, Акылбек Султанов, Азиз Суракматов, Камила Талиева, Данияр Тербишалиев, Райкан Төлөгөнов, Нурлан Төрөбеков, Кубанычбек Туманов, Токтогул Туманов, Чыныбай Турсунбеков, Талантбек Узакбаев, Улан Чолпонбаев, Тынчтык Шайназаров, Эгемберди Эрматов кирген. Булардын айрымдарын депутаттык төш белгисинен эле тааныбасаң катардагы адамдан айырмасы жок. Же булар Жантөрө Сатыбалдиев мырзага өзгөчө кызмат кылып беришкенби?
Эми 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинине татыктууларды караңыз. Алар өкмөт аппаратынын жетекчиси Төрөгул Беков, өкмөттүн ЖКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошева, өкмөт аппаратынын кызматкерлери Курбанбай Искендеров, Муса Жаманбаев, Анаралы Сыдыков, Билим берүү жана илим министри Канатбек Садыков, өкмөт аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев, Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев, Дене тарбия жана спорт мамагенттигинин статс-секретары Нуржан Бардинова, Маммүлк фондусунун директорунун орунбасары Алмазбек Примов, Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов жана анын орунбасары Валерий Ситчихин, Чүй облусунун губернаторунун орунбасары Султанбек Маматкеримов экен.
Тизмеден улам аталган комиссия буларды кайсы критерий менен "генералдыкка" сунуштап атканы түшүнүксүз. Айрым Ак үй билермандары бул кадам Жантөрө Сатыбалдиевдин депутаттар менин былыгымды чукуп чыгышпасын деген сактануусу дешсе, дагы бирөөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин аларды депутаттыктан жылуу-жумшак узатууга болгон аракети дешет. Курманбек Бакиев да бир кезде азыркы ажого Даңк медалын берип премьерликтен "жылуу" узатты эле. Азыркы ажо да ошол ыкманы колдоноюн дегенби?.. Өз чөнтөгүнөн акча чыкса Жантөрө мырзанын ушундай "щедрый" болгонун көрөт элек. Эми президент деле ойлонуп, буга "балп" эткизе кол кое салбас. Күтө туралычы эмнеси болсо да.




Тойдум сендей бийликке
Кыргыз бийлиги бечел үчүн өзбек бийлиги өжөр
Акыркы кездерде кыргыз-өзбек чек арасындагы өзбек чек арачыларынын "оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат" кылып чырды баштап коюп айыпты кыргыз тарапка оодара салып атканы кимди болбосун ойлондурбай койбойт.


Буга чейин мындай чатактар көп эле болду. Бирок негедир кыргыз өкмөтү, президент, парламент өзбек тарапка адекваттуу жооп кайтара да, кыргыз чек арачыларынын, карапайым элдин таламын талаша да албады. Жөнөкөй турмушта деле бир адамдын тоогу кошунасынын тамаркасына кирип кетип, аны тиги жыга чаап өлтүрүп койсо тоок ээси өлбөгөн жерде калат. А бизде кырчындай жигиттерди, карапайым кыргызстандыктарды өзбек чек арачылары атып өлтүрүп, кааласа барымтага кармап кетип атат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп атат демиш болгон чек ара кызматы акыры барып эле ашыналардыкы туура экен деп чыга берет. Деги бизде кыргызды сурап ала турган бийлик барбы? Же биздин жарандар бийлик үчүн тоокчо баркы жокпу?..
2010-жылдан берки эле өзбек чек арачыларынын өкүмзордугун эстейли. 2010-жылы өзбек чек арачылары Баткендин Кыштут, Дара айыл өкмөттөрүнө тиешелүү жерге үч чакырымдай ичкери кирип тосуп алышты. Ушул эле жылы өзбек тарап сүйлөшөбүз деп алдап, чек ара кызматкерлери - полковник Зиядилла Бегматов менен подполковник Исатилла Анарбаевди чек араны мыйзамсыз бузуп өттү шылтоосу менен барымтага алышкан. 2010-жылы январь айында өзбек тарап Нурбек Орункулов деген жоокерибизди жарадар кылып машинеге салып кетишкен. 2011-жылы Таян айылынын тургундары түшкөн жеңил машинеге өзбек чек арачылары эч себепсиз эле ок атып атышат. Албетте, бул фактылар кыргыз-өзбек чек арасындагы саналуу гана көрүнүштөр. Өкүнүчтүүсү, кандай чатак болбосун кыргыз тарап күнөөлүү болуп, бийлик да буга макул боло берет. Кулак укса курсак кайнайт болуп, мындай чечкинсиздикти, алсыздыкты көргөндө чек арага жакын жашаган жергиликтүү калктын да кыжыры кайнары турган иш.
Мына, 17-июлдагы каргашалуу окуяда да Көк-Таш айылынын жашоочусу Кубаныч Адилов жарадар болуп, чек арачы Абдрасул уулу Кадырбек окко учту. Өзбек тарап дароо эл аралык маалымат булактарына "кыргыз чек арачылары тараптан бандиттик куралдуу кол салуу болду" деген маалымат таратты. Кыргыз чек арачыларынын ок атууну өзбек чек арачылары биринчи баштаган деп бизге чырылдаганы эле болбосо, өкмөт, президент тараптан азырынча кыйраткан сөз чыга элек. Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орунбасары Айгүл Рыскулова болсо жаракат алгандарга, каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам болот деп жаны калбайт. Ооба, материалдык жардам, Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов айткан мамлекеттик сыйлык да турган иш. Ал качпайт. Облус, район жетекчилери, айыл өкмөтү берген 65 миң сом менен Абдрасул уулу Кадырбек тирилип кетпейт. А өзбек тарапты ким тартипке чакырып, ким аларга кыргыз жарандары жөн салды аткылай бергидей бута же мал эмес экенин жеткирип, сес көрсөтөт? Ким карапайым элдин укугун коргоп, өзбек бийлиги менен теңата сүйлөшөт? Кийинки ок чыгарууларды ким токтотот? Же өзбек тарап талаш жерлерди ушинтип элди аткылап атып өзүнө каратып ала береби?
Жыйырма эки жылдан бери биз көз карандысыз, өз алдынча мамлекетпиз деп келебиз. А көз карандысыздык биринчи кезекте такталган, корголгон чек ара менен түшүндүрүлөт. Коопсуздук боюнча эксперт Токтогул Какчекеев айткандай, өзбектер чек арасын жыйырма жыл илгери эле тикенек зым менен тосуп, чек аралык аймактарды миналап салган. Ал аймактарда жыйырма жыл ичинде канча кыргыз жараны азап жеп, канчалаган кыргызстандыктар окко учту. Жылмаңдаган эки экс-президент тең буга жооп кылып чек араны бекемдей алган жок. Үчүнчү, анан төртүнчү президент келди. Дагы деле кыргыз тарап окко учуп, чек арабыз аңырдай ачылып турат. Анан кайсы арыбызга эгемендүүлүк майрамын майрамдайбыз, урматтуу депутаттар, президент, өкмөт башчы?!
Баса белгилей кетүүчү жагдай, окуя болгон жердеги Көк-Таш айылы менен Булак-Башы айылдарын бириктирчү жолду оңдоо алдында кыргыз тарап өзбек тарап менен макулдашкан экен. Макулдашуудан соң "Казакмыс" компаниясы жергиликтүү элдин жардамы менен жолду оңдоого киришкен эле. Көп өтпөй кучунашы кармаган өзбек чек арачылары чатак салып, иштеп аткандарды кеткиле деп кууй баштаган. Эл талапка макул болбогондо өзбек чек арачылары ай-буйга келбей элди аткылап киришкен. Жергиликтүү элдин айтымында, окуя болгон жер Кыргызстанга тиешелүү. Анан кайра эле эмне үчүн кыргызстандыктар күнөөлүү болушу керек? Учурда Кыргызстан-Өзбекстан элин катташтырып турган 7 өткөрмө бекетинин бирөө гана - "Достук-Автодорожный" өткөрмө бекети иштейт. 17-июлдагы окуядан соң ал дагы жабылып, 22-июлда кайра ачылды.
Биздин аткаминерлер баары жайында, эки өлкө эли тоскоолдуксуз чек арадан өтө баштады дешкени менен өзбек чек арачылары карапайым элден акча саап, ар кандай кысымдарды көрсөтүп атышканын жергиликтүү жашоочулар кабарлашты. Мунун өзү кайра эле кыргыз бийлигинин мажирөөлүгүн, чечкинсиздигин көрсөтүп турбайбы. Бийлик минтип унучкпай отура берсе, Кыргызстан курт жеген жалбырактай кемтилип кете берери анык. Андай эгемендүүлүктүн азыр элге тыйынча кереги жок.

Бетти даярдаган
Мелис СОВЕТ уулу