20.07.12 Жаш өмүр соолубасын
Максаттын максаты ишке ашаар
Редакцияга башбаккан Максат Садалиевдин жакындары элден каражат сурап келгенин жашырышпады. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, эки көзү сокур болуп калуу коркунучунда турган жаш жигитке жардам берчүлөр болоор деген ниетте биз да Максаттын көйгөйүн чагылдырууну туура көрдүк.
Мындан он бир жыл мурун 14 жашында Максаттын көзүнө мык кирип кеткен экен. "Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу" дегендей, ата-энесине акча таап жардам берем деген Максат Кара-Балта шаарында бирөөлөрдүн мончосун салып атып сол көзүнөн жаракат алган. Ошол кезде көзү катуу жабыркап, операция болгон. Бирок операция деле Максаттын көзүнүн мыкты көрүп кетишине жардам берген эмес. Операциядан кийин көзү 7 пайыз гана көрүүгө араң жараган. "Кырсык каш кабактын ортосунда" дегендей, бир көзү араң көрүп жүргөн Максат 18ге чыкканда экинчи соо көзүнөн жаракат алат. Туулган күнүнүн эртеси иниси экөө отун жарып атып жыгачтын сыныгы оң көзүн жарып кеткен. Көздүн ичиндеги түстүү схемасы жарылып, көздү кармап турган силикон да жабыркап органдары ичине кирип кетиптир. Экинчи көзү жабыркаганда аны да дароо операцияга алып барышкан. Операция деле биртоп каражаттын башын жуткан. Айылдагы мал-мүлкүн, үй-жайынан бери сатып он миңден ашуун доллар чогулткан ата-энеси Максат сокур болуп калбасын деген кыязда бардык аракетин жумшашкан. Бул учурда Максаттын достору да колунан келген жардамын беришкен.
Экинчи операцияны Кыргызстандан жасай албайбыз деп дарыгерлер Москвага жолдомо беришкен. Бирок Москвадан операция жасалганда эле муну дагы бир жолу операция жасаш керектигин айтышкан.
Учурда Максаттын эки көзү тең жакшы көрбөй кыйналып аткан кези. Кыргызстандагы белгилүү көз доктур А.Исманкуловго барышса биз деле операция жасай алабыз, бирок эч кандай кепилдик бербейбиз, андыктан Москвага барып жасатканыңар эле оң деген кеңешин айткан.
А.Исманкуловго операция жасатыш үчүн 60 миң сом сарпталат экен. Ал эми Москва шаарындагы клиника операцияга алты миң доллар чыгымдаларын кулак кагыш кылышты. Эгер жакын арада Максаттын көзүнө операция жасатпаса, анда сокур болуп калуу коркунучу бар.
Азыр Максаттын эки көзү тең жакшы көрбөйт. Көз айнек тагынса болгону 3 пайыз гана кошумча көрө алат экен. Телефондун номурун 1-2 см аралыкта араң дегенде көрөт. Өз алдынча тааныш жерлерге баса алганы менен бирөөнүн жардамысыз жүрө албайт. Адистердин айтымында, Максат кайгырууга, оор жүк көтөрүүгө болбойт. Үч килограммдан ашык көтөрсө көзүнө күч келет. Келечекке көп жакшылыктарды максат койгон Максат жигиттин ой-тилеги ишке ашаар бекен дейт туугандары.
Рамазан айында кайрымдуулук кылып 25 жаштагы Максаттын тагдырына кайдыгер карабай жардам сурашат. Эгер ага жардам бергиси келгендер болсо 0552-87-87-38 телефонуна чалса болот.




Маңдайга жазса айла жок…
Кичинекей Умардын өмүрүн узартууга жардам берели
ММК булактарынан, сыналгы, үналгыдан ден соолугу солгундап, жашоосу аз калды деп жардам сураган инсандардын саны арбыды. Гезитке жарыя кылып көйгөйүбүздү айтсак боорукер адамдар кол сунаар деп Данияр деген жигит бир жаштагы уулунун тагдырын айтып келиптир. Биз да кайрымдуулук иретинде кичинекей Умарга жардам болобу дегендей жарыя кылып атабыз.
- Умар бир жашка чыкты. Уулдарымдын үчүнчүсү. Келинчегим кош бойлуу кезинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жакшы эле жүргөн. Бир күнү курсактагы балаңдын жүрөгүндө шум бар экен деп айтып бир сыйра дарыланган. Бирок Умар жарык дүйнөгө келгенде эле доктурлар анын жүрөгүндө тешик бар экенин кабарлашты. Кичинекей, өтө алсыз болуп төрөлдү. Аны операция жасатыш керек экен, чет мамлекетке жолдомо алып атабыз. Бирок баягы эле кендирди кескен каражат чоң көйгөй жаратууда.
- Мындай операциялардын көпчүлүгүн Кыргызстандан эле жасаса болот деп атышат го…
- Ооба, бул жактан деле операция жасаса болот экен. Бирок операция жасатуу үчүн кезекте тургандар абдан көп болгондуктан уулум жаңы төрөлгөндөн бери эле мына болот, ана болот деп атышат. Убакыт өтүп атат. Бияктан операция жасатуу биз үчүн деле ыңгайлуу болмок, бирок күтүп отуруп акыры чет өлкөдөн жасатуу эртерээк экенин түшүндүк. Анүстүнө Умар күн ысыганда деми кыстыгат, тиши чыкканда же кичине эти ысып ооруп калса эле жүрөгүнө таасир берет. Ал кичине эле сыркоолоп калса жүрөгүнүн тушу шишип, дем алалбай күйүгүп калат. Баладай болуп деле ыйлабайт, алы кетип, шалдырап жатып калат. Азыр бирге чыгып калды, эмдигиче эмгектей албайт, алсыз. Мурдагы балдарым бирге чыкканда эле басып калган. Бул жакта операция орто эсеп менен 3-4 миң долларды чапчыйт экен. Орусиянын Тюмень шаарында да мындай операцияны профессионалдык деңгээлде жакшы жасашат экен, ошол жакка алып барсакпы деп аракеттенип атканбыз. Жакында бир кайрымдуулук фонду чет өлкөгө операцияга жибергенге жардам беребиз деп атышат. Негизи бул операция эки этапта өтөт деп айтышкан.
- Чет өлкөдө операцияга канча каражат жумшалат экен?
- Операцияга, дары-дармектерине кайрымдуулук фонду төлөп беребиз дешти. Бирок ал жакка барып келиш үчүн учакка, жашаганга, мейманканага каражат керек. Орто эсеп менен чыгым 3-4 миң доллар болот экен. Учурда аялым үч баланы багып үйдө иштебей отурат. Өзүм болсо жүк ташуучу болуп иштейм. Үйүбүз жок, батирге айына 3500 сом төлөп жашайбыз. Күнүмдүк тапкан акчам жашообуздан ашпайт. Көп бир тууган болсок да "бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт" дегендей, ар кимдин өз түйшүгү, өз көйгөйү бар. Алар деле колунан келген жардамын берип келишет. Жети эркек, бир кыз бир тууганым бар эле, кырсык айттырбай келет экен, өзүбүз минтип уулумдун өмүрүн сактап калалы деп каражат издеп чуркап жүрсөк, жакында жалгыз эжебиз Мистеханды унаа коюп кетип көз жумду. Артында үч баласы жетим калды.










Ал да үй-бүлөсү менен батирде жашачу. Аны койгон орус улутундагы дудук киши экен. Эжемди коюп алганда дароо эле ооруканага алып барыптыр. Бирок чала жан болуп барган экен. Башы катуу жабыркагандыктан операцияга киргизип, ошол бойдон чыкпай калды. Эми бул кырсык да, ал киши деле коюп кетейин дебесе керек.
Чындыгында уулума жардам бергиле деп жардам сурагандан уялып, бир чети тажадык. Кээси туура түшүнөт, кээси туура эмес түшүнүп, бизди жөн эле соо балабызды бетибизге кармап акча сурап жүрөт дегендей ойлошот. Эгер өзүбүздүн каражатыбыз болсо элге кайрылып жардам сурабай эле операция кылып алмакпыз. Түшүнүп жардам бергендер да бар. Аларга ыраазыбыз.
Адистердин айтымында, Умарга операция азыр жасалыш керек. Улам кечиккен сайын ошончолук оорлой берет экен. Мүмкүнчүлүгү болгон элден улуу Рамазан айында кайрымдуулук кылып уулумдун операциясына жардам берүүсүн суранат элем.
Умарга жардам бергиси келгендер 0554-11-44-64 телефонуна байланышса болот.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА