20.07.12 Ат жалында маек

Быйыл Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндери 16 миң 700 гектарга аз айдалып, андан ойдогудай эмес түшүм жыйналып жаткан чагы. Андыктан кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү бийлик азыртан алдын алып кыштын камын эмитен жебесе, аймакты азык-түлүк тартыштыгы каптап, баалар кескин түрдө жогорулап кетиши күтүлүүдө. Бул туурасында Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ гезитибизге курган маегинде коңгуроо какты.

"Быйыл түшүм дээрлик аз,
андыктан кышта жут болот"
- Төлөгөн мырза, мынчалык тынчсызданганыңыздын жөнү канчалык?
- Расмий маалыматтарга таянсак, Ош облусунун райондорунда дан эгиндерин себүү 2010-жылга салыштырмалуу 26,6 гектарга азая түшкөн. Ал эми былтыр аймак 101,8 тонна ун даярдап калктын керектөөсүнүн 88 пайызын гана камсыз этсе, быйыл дан тартыштыгынан улам 13 миң 400 тонна унду Казакстандан дүйнөлүк баада сатып алганга мажбур болобуз. Анткени Ош облусу быйыл 50 миң 500 гектар аянтка кылкандуу дан эккен. Андан 123 миң 200 тонна жыйналышы күтүлөт, мындайча айтканда, ар гектарынан орточо 24,4 центнерден түшүм алынат. Ошондо 82 миң 600 тонна ун даярдалып, калктын 71 пайызы гана ун менен камсыздалат. Ошентип бул Ош облусуна дагы 32 миң 600 тонна ун жетпейт дегенди туюндурат. Анүстүнө Ош облусунун райондорунда мынча гектар кылкандуу дан эгин эгилди деген расмий маалыматтарга ишенүү дегеле кыйын. Анын жарымы жалган, жарымы чын.
- Муну эмнеге таянып айтып жатасыз?
- Ош облустук райондор аралык үрөнчүлүк инспекциясы 2012-жылга карата кылкандуу жаздык 18 миң гектар аянтка эгилет, ага жеткидей 2,3 тонна үрөн бар, же Ош облусу 86 пайыз жаздык үрөн менен камсыздалган. Болгону 500 тонна гана үрөн жетпейт деп маалымат берген. Ал эми Ош облустук статистика комитетинин маалымдашынча, 26 миң гектарга жаздык кылкандуу дан эгилген, болжолдонгондон тышкары 8 миң 600 гектарга көп эгилген. Ыя айланайын, 18 миң гектар жерге үрөн жетпей жатат дешип, анан 26 миң гектарга кантип жаздык эгилет? Бул жөн эле каратып туруп элди алдагандык! Ушундай башаламан, бири-бирин алдаган жалган расмий маалыматтардан улам унга болгон баанын бир килосу билинбеген менен 1-2 сомго эми эле бышыкчылык маалында көтөрүлө баштады.
- Демек, бул кышта жут болот дегенди туюндурбайбы?
- Албетте. Мен билгенден Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда кудум ушундай акыбал. Демек, бул бүтүндөй өлкө боюнча ун кышы бою таңкыс болот дегенди туюндурат.
- Ушуну билип туруп неге убагында үн каткан жоксуздар?
- Массалык маалымат каражаттары аркылуу сайрап эле жатпадыкпы. Эч кимиси кулак түрбөй койду. Кыргыз Республикасынын "Азык-түлүк коопсуздугу" жөнүндөгү мыйзамынын, дегеле азык-түлүк концепциясынын жоктугу жана кыргыз өкмөтүнүн азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү токтому, өкмөттүн күздүк жана жаздык айдап-себүү жөнүндөгү токтомдорунун жер-жерлерде таптакыр аткарылбагандыгы, техникалардын, шаймандардын жетишсиздиги да буга олуттуу себеп болду да калды.
- Төлөгөн мырза, унду башка шериктеш өлкөлөрдөн азырынча карызга алып турсак балким маселе оңунан чечилип калар?
- Ким берет? КМШ өлкөлөрүндө да өткөн жылга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндеринин аянты дээрлик кыскарып кетти. Тактап айтканда, Украинада быйыл түшүм былтыркыга салыштырмалуу 2 эсеге аз жыйналды. Эми Казакстан өндүргөн кылкандуу дан эгиндерин дүйнөлүк баа менен баарыбызга сунуш этиши толук ыктымал. Аны төлөө бизге абдан кымбатка түшөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, сүрөттөр автордуку




ОШ ШААРЫНЫН МУРУНКУ МЭРИ СУЛАЙМАН ТООСУНУН ЧЕТИН КИМГЕ САТКАН?

Мына, экинчи жумага аяк басты. Оштогу райондор аралык экономикалык соту Ош шаардык прокуратурасынын Кыргызстандын түштүк борборунун жетекчилигинин үстүнөн даттанган доо арызын кароону улантууда.

Эске сала кетчү жагдай: 2007-жылдын 17-июлунда Ош шаарынын ошогездеги мэри Жумадыл Исаков айтылуу Сулайман тоонун түбүндөгү Араван аялдамасында жайланышкан кичи базарды жер тилкесин кошуп жеке менчикке энчилеп ийген. Тилекке каршы, чакан базардын жетекчилиги аны максаттуу пайдаланганга жараган жок. Ал эми Ош шаар мэриясы аталган тараптан өз ара түзүлгөн келишимдин так аткарылышын талап кылган эмес.
- Ош шаар мэриясынын 2001-жылдын 28-декабрындагы №623 токтомуна ылайык, жеке ишкер Таласбек Курбановго чакан соода-сатык күркөсүн орнотууга Сулайман тоонун түбүндөгү Араван аялдамасынан 200 квадрат мерт аянт гана ажыратылган. Бирок Ош шаарынын ошогездеги мэри Жумадыл Исаков 2007-жылдын 17-июлунда №1351 токтому менен аталган жер тилкесин 404 квадрат метрге дейре кеңейтүүгө уруксат берип таштаган. Андан ары мунун бардыгы Таласбек Курбановго 80 миң 800 сомго гана текейден арзан сатылып, заматта анын энчисине айланган. Таласбек Курбанов жөн жатмак беле, чакан базарды жер тилкесин кошуп 2012-жылдын 1-январында Адылбек Мырзаматовго 3 952 500 сомго пулдап жиберген, - деп чырылдады соттук териштирүү маалында Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Элиза Тажибаева.
- Ош шаардык прокуратурасы муну эми гана билип аткансып ушул кезге дейре шаар мэриясын бир дагы ирет эскертип койбогондугу терең өкүндүрөт, - дейт Ош шаардык мэриясынын өкүлү Урмат Каримов. - Мына, баарыңыздар азыр көрүп турасыздар, ЮНЕСКОНун баалуу мурастар тизмесине кирген Сулайман тоонун тегерегинде эмнелер гана курулган жок. Ушулардын бирине да туруктуу көзөмөл жок! Ошон үчүн Сулайман тоону Маданият жана туризм министрлигинин карамагынан бүтүндөй Ош шаарынын энчисине өткөрүп берүү маселеси эмдигиче чечиле элек. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы дагы буга дыкат кайрылып, объектини бүтүндөй Сулайман тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин энчисине өткөрүп берүү демилгесин колдогон. Тилекке каршы, бул саамалык дале ошол бойдон ордунан жылбай турат. Ошого карабастан дүйнөлүк маанидеги ыйык тоонун айлана-чөйрөсүн Ош шаардык мэриясы азыркыга дейре акыр-чикирден тазалап, анын пакизалыгына такай көз салып келатат.
Гүлнара УЛЬФАНОВА, Сулайман тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызыкчылыгын коргоочу: - Биз канчалык талашып-тартышкан күндө деле кичи базардын курулушу бүткөнү калды. Сот жараяны жүрүп жаткан чакта деле мыйзамга ылайык сот тарабынан убактылуу токтотулган жок. Жанындагы кафе жана башка соода түйүндөрү кадимкидей эле күпүлдөп иштеп жатат. Бул аркылуу Сулайман тоонун көркү, анын ЮНЕСКОго кирген чактагы келбети таптакыр бузулуп атканы менен эч кимдин чатагы жок. Эгер акыбал ушул тейде дагы улантылса, дүйнөлүк абройлуу уюм Сулайман тоону дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесинен чийип ташташы кеп эмес.
- Туугандар, эмне эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып ишти мынчалык ырбатып жатасыздар, таптакыр түшүнбөдүм, - дейт сөздү жыра тарткан жеке ишкер Адылбек Мырзаматовдун жактоочусу Таалайбек Нарынбаев. - Биз мыйзам чегинде гана жаңы объектилерди тикелеп жатабыз. Андан көрө башка мыйзамсыз жайларды эсептеп, анчалык кыйын экенсиңер, ошолорду тартипке салып албайсыңарбы! Биздин кичи базар аркылуу далай кишилер жан багып, кудай кааласа жумушсуздардын көбүнүн маселеси дароо жеринде чечилет.
Анткени менен жергиликтүү серепчилер Сулайман тоонун жергиликтүү бийликке энчиленишине таптакыр каршы экендиктерин ачыктап, коңгуроо кагып жатышат.
- Канткен күндө да Сулайман тоо - өзгөчө маанидеги объект. Ошондуктан ал кыргыз өкмөтүнүн гана карамагында туруктуу турушу кажет. Демек, ал аркылуу Маданият жана туризм министрлигинин энчисинде, Сулайман тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин карамагында болушу кажет. Кокус ал Ош шаар мэриясына энчиленсе, анда бечаранын күнү бүттү. Анда Сулайман тоого көрүнгөн мекеме, уюм кожоюндук кылат. Көрүнгөн киши чоң болуп чочоңдойт, курутат. Акыры Сулайман тоону биротоло талкалап, кыйратып тынышат, - деп коңгуроо какты көз карандысыз серепчи Эркин Абдразаков.
Айтмакчы, Оштогу райондор аралык экономикалык соту Ош шаардык прокуратурасынын Кыргызстандын түштүк борборунун жетекчилигин үстүнөн даттанган доо арызын кароону 6-августта улантат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары, сүрөттөр автордуку